– Досум, чынында март экенсиң!
– Жок, мен апрелмин.
* * *
– Досум, тизилгенде канчанчы катарда турасың?
– Эң узун бойлуу кыздан мурда турам.
* * *
– Досум, чечимди өзүң чыгар.
– Кайра сен түшүрөсүңбү?
* * *
– Досум, аны тааныбай турам, аты барбы?
– Жок, көк эшеги бар.
* * *
– Досум, адамдын ашказаны бош калса көп оору пайда болот экен.
– Тамак жаса деп эле айтчы.
* * *
– Досум, сен Ширинди жакшы көрөсүңбү?
– Жок, мага ачуу жагат.
* * *
– Досум, бүгүн иш-чара, майрамды сен алып барасыңбы?
– Жок, мен Аселди эле алып барам.
* * *
– Досум, конокту кир десең!
– Тап-таза экен, неге кир дейм.
* * *
– Досум, ал ошондой, анын мурдун балта кеспейт.
– Бычак менен кесип көрбөдүңөрбү?
* * *
– Досум, анын баласы биринчи майда төрөлгөн.
– Кийинкилери чоң-чоң эле төрөлдүбү?
* * *
– Досум, анын тили буудай кууруйт.
– Оозу казанбы анда?
* * *
– Досум, мен арстанды көрсөтөм, а сен чычканды көрсөт.
– Ушул жердеби, уят эмеспи?
* * *
– Досум, ал сөздүн гүлүн терет.
– Чөптөрүн ким терет?
* * *
– Досум, анын бети жок.
– Эч болбосо мурду барбы?
* * *
– Досум, Эмирдин чачынан иши көп.
– Чачын кырып салсак иш бүтөбү?
* * *
– Досум, этияттап сүйлө, дубалдын да кулагы бар.
– Сага көрсөттүбү?
* * *
– Досум, сага бир нерсе айтайынчы.
– Айта бер, кулагым сенде.
– Неге менде, кулагың өзүңдө эле турат ко.
* * *
– Досум, сен ага таарынба, ал ошондой көк бет.
– Жок, көк эмес экен, бети сары эле экен.
* * *
– Ал ошондой сараң, кышта кар сурасаң да бербейт.
– Сен карды эмне кылайын дедиң эле?
* * *
– Түүй... ата... аны эстей албай жатам, бирок тилимдин учунда турат.
– Неге эстейсиң, тилиңди эле чыгар мен өзүм көрүп алам.
* * *
– Досум, мен ичпейм.
– Сага куйганым жок.
* * *
– Досум, эмне “блатнойсуңбу?”
– Сенчелик эмес.
* * *
– Досум, уктай албай жатам, уйкум качып кетти.
– Тутуп келейинби?
* * *
– Ата, мен сенин эле балаңмын ээ?..
– Албетте, балам! Эмне болду?
– Бирөө мени: “Иттин баласы” деп айтты го...
* * *
– Ата, мен сизди жакшы көрөм.
– Кызым, акчам калбады, азыр апаң жакшы көрүп кетти...
* * *
– Апа, билесизби? Атам сизден сулуу!..
– Кызым, мобул акчаны алып койчу.
– Сиз эле сулуусуз ээ, апа !
* * *
– Апа, атамда эмнеге бир дагы чачы жок?
– Атаң өтө акылдуу да, ошон үчүн чачы жок.
– Аа, анда сизде такыр эле акыл жок экен да...
– Эмнеге?
– Чачыңыз толтура го...
* * *
– Чоң эне, чоң эне.
– Садага кетейин, эмне дейсиң.
– Кел, цирк ойнойбуз.
– Ал кыйын да, мен картайдым.
– Кыйын эмес. Сиз мамалак караган киши болосуз, а мен мамалак болом.
– Мен эмне кылам азыр?
– Мамалак ары-бери чуркайт, сиз ага момпосуй ыргытасыз...
* * *
– Исхак, менин тилимди алсаң!
– Өзүмдүн тилимди не кылайын?