Абыдкерим Муратов: Төкмөлүк өнөрдүн төрөсү ким болгон?

  • 05.05.2023
  • 3136

Айтыш – акындык өнөрдү сыноонун эң эле ийкемдүү жолу, бул жанрда ырчылардын башка ырчыны түшүнө билүүсү, кабыл алуусу, ага ылайык жооп табуусу, жагдайга карап каршылашы таштаган «жемге» түшүп бербеши, тигил маңдайындагы атаандашы ыргыткан «тузакка» алдырбашы, угуп отурган элдин маанайын, сүрөөнүн өзүнө каратып алышы чоң мааниге ээ.

Демек, айтышка түшкөн киши бул жөн гана сөз гүлүн терген ырчы эмес, ошол эле кезде ал каршылашын да, элди да аңдай билген кыраакы психолог жана социолог. Айтыш – эки же андан көп таланттын бирин бири улап ыр менен жооп бериши. Ал мазмун-маңызына карап алым-сабак айтышы, кордоо айтышы, табышмактуу айтыш түрүндө болот. Айтыш өнөрүнүн айланасындагы изилдөө ишмердүүлүгү, айтыштын тексттин интерпретациялоо жумуштары анын теориялык, тарыхый, тематикалык, көркөмдүк жактарын талдоо менен бирге жанрдын көрүнүктүү өкүлдөрү кимдер болгонун белгилөө, айтыштар кандай кырдаал-жагдайда, шартта аткарылгандыгын эске алуу жумуштарын ичине камтышы керек.
«Акындардын бир-бирин сынаган жер, көпчүлүк эл катышкан аш менен тойлор жана башка жайлар боло турган. Ал эми айтыштын чыгышына түрдүү себептер болушу мүмкүн. Кээде акындар өздөрүнүн күчүн сыноо, жеңишке жетишүү менен өзүн даңазалоо сыяктуу мансапка карай айтышка чыкса, кээде башка себептер түрткү бериши ыктымал. Демек, айтышка түшүүнүн көп себеби бар. Беттешүүгө камынган ырчы каршысындагынын кемчилигин табууга, анын кемтигин чукуп айтууга умтулуп, эң мурун озунуп, экинчи акынга карата утурулай ырдайт. Мунун өзү бардык ырчыларга мүнөздүү көрүнүш. Кээде тике айтышпаса да, алыстан имерип ырдап, тиги же бул ырчыга карата сөз кыйыгын келтирүүгө тийиш», — деп жазат фольклорист Ж.Таштемиров (Таштемиров Ж. Айтыштар / Кыргыз адабиятынын тарыхы, 1-т. – Б.:2002. – 666-б.). Ушундан улам алдыда талдоого алынуучу Жеңижок менен Эсенамандын айтышы да сөз эрөөлүндөгү эки таланттын – бири казак-кыргызга эмгеги сиңген, аты таанымал, жашы да бир кыйлага барып калган Таластын Кызыл-Коргон деген жеринде туулган Эсенаман ырчы, экинчиси али аты жалпы журтка дайын эмес, ыр дүйнөсүндө «балбан билек боло элек, балтыр эти толо элек» Жеңижок (Өтө Көкө уулу). Айтыштын кара сөз баяндалган киришүүсүнөн улам ала эске белгилүү болгон жагдайлар:
1. Айтыш кайсыл жерде ырдалды – төрт дубан катышкан чоң тойдо.
2. Тымызын ичкүйдүлүк эмнеден келип чыкты – тойдогу жарчылыкты талашуудан.
3. Эсенаман кандай жагдай-шартта отурган – даткалар үстүндө.
4. Жеңижок кирип келип эмне кылды – түз эле төр талаша орун алат.
5. Жеңижок неге биринчи ырдайын деп ырдай албай калды – «комузун күүлөйүн десе кылдары ным экен, бири чырт үзүлүп кетет».
Мына ушул жагдайларды анализдөө аркылуу Эсенаман – Жеңижок мамилесинин алгачкы учкундарын көрүп, болочок эрөөлдүн алдына туш болобуз, абройлуу Эсенаман менен комузун эптей албай, кылын үзүп аткан, ошол эле кезде кайраттуу келип, Ташкаранын үйүндө төр талашкан Жеңижок менен бет келебиз. Катуу бороон алдында анча-мынча жогортон жорткон муздак шамал пайда болгондой, жакында болчу кармаштын алгачкы чалгындары чалынып, бири-биринин тамырын тартып көргөн эпизоддор көз алдыбыздан өтөт.
Анан ыр башталат. Адегенде эшиктен келип төр талашкан, казак-кыргыздын белгилүүлөрү отурган жыйында жарчы болгусу келген жаш көчөт Жеңижокту биротоло жайран кылайын, баш көтөргүс болсун, жайлап салайын деп Эсенаман сөз тизгинин Жеңижок тарапка бурат. Ушул жерде акындык салт боюнча учурашат, амандашат, ал жерде салттагыдай эл-жерин, мал-алын, урук-тууганын суроо деген жок, түз эле өзүн көтөрө чалат:
Өзүнүн өзүнө берген барк-баасында Эсенаман өзү мындай көрсөтүлөт:
«Абаңдын сенден кеми жок»
«Ак калпактуу кыргыздан
Айтышарга теңи жок»
«Эсеңдин сенден кеми жок»
«Картаңдын сенден кеми жок».
Демек, ал оюнда жаактуудан тең келбес, эч кимге алдырбас, карыса да табында турган кези.
Айтыш менен таанышып жаткан адамдар эски инерция менен эле Эсенаман жөнүндө жалаң эле терс каарман катары, талантсыз жамакчы катары түшүнбөш керек. Чынында ал да өз кезегинин чоң ырчысы, элдик дастандардын мыкты аткаруучусу, Кетмен-Төбө, Талас аймагындагы акындардын устаты болгон. Бул жерде да анын ошол таланты ырларынын ыргактуулугунан, уйкаштарынын эптүүлүгүнөн көрүнүп турат. Муну менен Жеңижоктун атаандашы оңой адам эмес экендигин түшүнөбүз. Ырас, биз акындар айтышында башкы линия бири-бирине чабуул коюу, биринин кемчилдигин бири чукуу экенин айттык. Демек, азыр өзүн көтөрүп, бийикке – көккө алып чыгып, каршылашын тебелеп, жерге алып түшүшү керек, айтышуунун атамзамандан келаткан шарты, кылымдар карыткан эрежеси, калк бекиткен мыйзамы ушундай, сөз эрөөлү ушуну талап кылат.
Ошентип Жеңижоктун кандай «оорусун» кармап, кандай «минус» жагын таап чыгуу керек деген суроо коюлганда эле Эсенамандын оюна Жеңижоктун тагдырындагы бир окуя эске келет: «Жеңижоктун өз аты – Өтө. Ал Таластагы Сары-Көбөн деген жерде (азыркы Манас району, Покровка кыштагы) Көкө деген кедейдин үй-бүлөсүндө 1860-жылы туулган. Энеси Алтынай Аксыдагы Кара-Суу кыштагынан болгон. Өтө ата-энесинен эрте ажырап, «ала» оорусу менен ооруп, көрүнгөндүн эшигинде тентиреп калат. Тестиер бала өзү курдуу балдар менен ойноп жүрсө, Ташкара деген бай жигиттерин чакырып:
— Тээтиги бала «ала» менен ооруган эме экен, муну айылга эмне жолотосуңар?! Оорусу жугат. Бир көк жетимден эл көбөйбөйт да, азайбайт. Алып барып Кара-Бууранын суусуна салып жибергиле!.. — деп катуу буюрат.
Эки жигит Өтөнү Кара-Буура дайрасынын жээгине алып келет. Бирок жылдыздуу баланын (эскерме сөздөргө караганда Жеңижок адамдын сулуусу болгон экен) өмүрүн кыюуга диттери чаппай, боорлору ооруп, кой айдаган соодагерлерге кошуп, «Биерден көздөн далдаа кетпесең болбойт, Аксыдагы таякелериңе барып, ошояктан күнүңдү көр», — деп качырып жиберет. Өтө мал айдашып, Кум-Бел ашуусун ашып, Кербен кыштагына келип, Бекмурат дегендин үйүндө туруп калат. Көп убакыт өтпөй эле Кара-Суудан Садыр деген киши жумуштап, Бекмуратыкына келип түшөт. Кыраакы адам Өтөнүн чоо-жайын билген соң, Бекмуратка «Сен бу баланы мага бер, бизге жээн болот экен, таякелеринде жүрсүн» деп атына учкаштырып, Карасуу кыштагына – үйүнө алып кетет. Садырдын энеси Айыке Таластын кызы болгондуктан ылымсып, Өтөнү бала тутунат. Өтө «оорум башкаларга жугат» деп, салып берген төшөккө жатпай, саманга түнөп жүргөнү Айыкеге угулат. Айыке Өтөнүн кийимин чечтирип, денесиндеги жаратын көргөндөн кийин, Кезарттагы Далычы деген дарыгер адамга алпарып, таза айыктырып келет.
Айыке Өтөнү айылдык жалданып келген өзбек молдолоруна окуттуруп, сабатын ачат. Айыкенин ою боюнча, Өтө бир айылдын молдосу болуп, тынч оокат-тиричилик кылышы керек эле, бирок Өтө ырчы болууну эңсеп, кайсы айылга акын, комузчу, манасчы, семетейчи келсе, ошолордун жанынан чыкпай, оңтою келген учурда ырдай коюп, оозго илине баштайт. Дал ошол учурда жаш Өтөнүн турмушунда бир окуя болот.
Кеч күздө бир топ адам (ичинде Өтө да бар) Намангандан базарлап келатып, Кербендин базарына кайрылышса, элдин ортосунда кыргыздын оң канатынын тогунай уруусунан чыккан айтылуу Нурмолдо ырчы дин, шарият жайынан ырдап жаткан экен. «Тиги дүйнө» деп элдин башын айлантып жаткан Нурмолдо ырдап токтолору менен, угуп турган Өтө өзүнөн улуу кишиге ырдап салам айтат, анан суроо артынан суроо жаадырып, Нурмолдонун шаштысын кетирип, айткан сөздөрүн жокко чыгарат. Нурмолдо жооп бере албай калат. Ошондо Өтөнү биринчи көргөн эл эки жеңи карысынан жок кемсел кийген жаш жигиттин төгүп ырдаганына таңданып:
— Атаңдын көрү-ой, бу жеңи жок, жалмаңдаган анык жеңи жок эме экен го! Жеңи жок бала жеңди, бу жеңи жок кыйын ырчы экен! — деп дуу дей түшөт.
Ушундан улам Өтө Жеңижок атыгып кетет.
Көп өтпөй Жеңижоктун атагы бүткүл Аксыга тарайт. Баялы деген аксакал менчик жеринен ага жер бөлүп берип, там салганга, бак тиккенге жардам көрсөтөт. Жеңижок Артыкбайдын Көксулуу деген кызына үйлөнөт. Таластан бир тууганы Болотойду, карындашы Каракызды алып келип, орун-очок күтүп, Аксыда биротоло туруп калат» (Кыргыз ССР ИАнын Тил, адабият институтунун кол жазмалар фондусунун №5248 жана №5329 инвентарларына таянып жазып, «Жеңижок» деген 1982-жылы чыккан китептин соңку сөзүнө киргизген А.Токтогулов.).
Мына ушул маалыматтарга караганда Жеңижоктун туулген жери Талас болгону менен ал аердегилер үчүн «жок адам», «өлгөн бала». Аны адам кылган, жарлуу кылган, кадыр-баркка жеткизген, демек, бүгүнкү абалына алып келген Аксы журту жана аксылыктар. Жеңижок Аксы жерине, аксылыктарга карыз.
Ошентип, кайрадан айтыштын текстине келебиз. Эсенаман Үч-Кошой менен кең Талас жеринде, калың кытай уругу элинде турат. Жеңижокко караганда анын артыкчылыгы да, адамдык бактысы да бийик, ошон үчүн:
Киндигим кесип бууган жер,
Киримди чайкап жууган жер.
Эзелтен бери жай кылып,
Ата-бабам турган жер! — деп ооз толтура ырдап жатпайбы? Анын алдында Жеңижок анте албайт да. Эсенамандын айтымында ал билбемиш болуп, «улуулардан уламалап уккан болуп», карылардан кабар тапкан болуп Жеңижоктун да уругу кытай экенин айтып келип, «Тегин таштап тентиреп, тентип кете бергенин» ортого таштайт. Анан ал Жеңижоктун дал «оорулуу» жерине тийип, анын «жарасын» тырмап, жүрөгүн ачыштырган арманын козгоп, сөз нугун ошол жакка атайын бурат:
Уругуң Сол Каратал,
Убайым тартсаң алыңды,
Сурарың айтчы, Жеңижок.
Асирет, арман, арзыңды,
Угарың айтчы, Жеңижок.
Алты атаң Сол Каратал,
Арбагың айтчы, Жеңижок.
Аксыга качып Таластан,
Барганың айтчы, Жеңижок.
Андагы көргөн көп кордук,
Тартканың айтчы, Жеңижок.

Ошентип Жеңижокту кордоп келип, эми сөздү ага бериш керек эле, себеби суроо коюп, жооп күтчү жерге келип атпайбы. Тилекке каршы, жообун укпайт. Эми Жеңижоктун барган журту Аксы менен Таласты салыштырып кирет: «Ала көөдөк эл болот», «Марттыгы бизден кем болот», «Алты күнү ырдасаң, \Алеки чапан кийгизет», «Жети күнү ырдасаң, \Желеки чапан кийгизет».
Эсенамандын эл-жери Талас тууралуу саптары башкача: «Жеткен жерде биздин эл, \Жээрдени тандап мингизет», «Айылга келип ырдасаң,\ Алтының ашып карк болот,\ Ат мингизип чыгармак, \Бизде абалтан бери нарк болот».
Андан соң эки элди, эки жерди бири-бирине карама-каршы коюп, өз эл-жерин артык көргөн Эсенаман улуулук кылып, салт-нарк билгилик кылып, Жеңижокко насаат айтып кирет:
Башканын жери жер болбойт,
Башканын эли эл болбойт,
Артын ойлоп карагын,
Айылдуу адам кем болбойт.
Эсиңди жыйып элиң тап!
Эзелки Талас жериң тап!

Мына ушул насаат менен, айта турган сөзүнүн ток этерин айтуу менен ырын бүтсө болмок, бирок антпейт. Дагы Жеңижоктун жарасын ырбатып, аксылыктарды «бакылдаган кайран эл», «кажылдаган калас эл», «жакшысы жок», «бакшысы жок» эл деп адамдын эң кычуу жерине – оор күндө омок болгон, кыйын күндө кызмат кылган, жаман күндө жөлөк болгон, таяке журту болгон менен тутунган эли катары саналган аксылыктарга акаарат айтат. Алар «акыры сени жеп тынат» дейт. Албетте, мындан оор нерсе жок, дүйнөдө элди элге карама-каршы коюудан өткөн жүзүкаралык табылбайт. Ушунун баары Жеңижоктун жүрөгүн дүкүлдөтүп, ичин кайнатып жаткан белем, ар бирине жооп таап жаткан белем, алыкулдук саптар менен айтканда «жазгы күн түнөргөндөй түнөрө берет».
Буга да болбой Эсенаман акын өзүн «айыкпайт тийсе этиңе, ажыдаардын заарамын», «анча-мынча жин тийсе, айыктырчу дарымын», «калдайган калың журтума, касиеттүү карымын» дейт да, кайрадан «асили кедей, ичкени куру чай» аксылыктардан жегени куйрук, май болгон таластыктарды өйдө коёт.
Андан кийинки ыр-сөз казактан келген Майкөт акын тууралуу кетет жана ушунда Эсенаман өзүнүн адамдык пастыгын, кошоматчылыгын, антигуманисттигин дагы бир жолу Жеңижоктун жана отургандардын арасында көрсөтөт. Ал Майкөттү катардагы адамга эмес, ыйык пирге теңейт, келип ага кол бер деп Жеңижокту демитет, казактын ортозаар бир кишисин – Майкөттү «аргымак келди», «казанат келди» деп бийикке көкөлөтүп чыгарып, анын алдында айып кылбай, күнөөкөр болбой, эңкейип барып кол бергин дейт. Жөнөкөй бир адамды жаркырып шоола тийгизген күнгө, шарият динге, сыйынуучу нак мазарга, күүлөнтүп күндө сүйлөткөн тилге теңеп, ошолордун баарынан топтоп келип, кудай менен пайгамбардан кийинки ыйык кишиге – пирге алып барат. Анан Майкөттүн фонунда өзүн дагы элден башкача бир жаралган касиеттүү киши катары көрсөтөт. Бул да ислам дининин шариятына, гуманисттик идеяларга туура келбеген жосун. Мына Эсенамандын кайрадан өзүнүн өзүнө берген баа-баркы:
«Сырты болом суусардын,
Дарчысы болом ордонун.
Тазаланып жуунган
Даараты болом молдонун.
Угуту болом бозонун,
Чигити болом гозонун».
«Шишеси болом арактын».
«Жакасы болом, Жеңижок,
Торкосу алтын манаттын».
«Асылы болом жылкынын,
Артыгы болом ырчынын».
«Торусу болом жылкынын,
Торгою болом ырчынын» ж.б.
Ушинтип айтыштын эреже-наркына ылайык биринчи кишинин айтар сөзү бүткөндө, отургандардын баары анын утканына ишенишет, эми Жеңижокто сөз жок, айтышарга дарман жок, жөн эле туруп берет деп калышат. Бир гана куу Майкөт акын Эсенамандын эмнеден ката кетиргенин туюп коёт да, анын карылыгынан го бул деп бир айтып тим болот.
Баятан бери толуп-ташып, жарылууга камынып турган Жеңижок жазгы жаандай төгүлүп, капыстан келген селдей каптап, адамдын баарын өзүнө тарткан ылымта жүзү, коңур үнү менен сабалап ырдап кирет:
Он сегиз миң ааламды,
Бир жараткан эмеспи.
Эң биринчи дүйнөгө,
Нур жараткан эмеспи.
Суук кыштын булутун,
Сур жараткан эмеспи.
Эмгексизди энчиден,
Кур жараткан эмеспи.
Аалам жашап турсун деп,
Күн жараткан эмеспи.
Алмаштырган күн менен,
Түн жараткан эмеспи, —
деп жалаң «эмеспи» менен бул дүйнө менен тигил дүйнөнүн диалектикалык байланышын, адам жана ажал, өлүм жана өмүр философиясын аңтарып кирет. «Ал кашында турган Эсенамандын да, ошерде отурган көпчүлүгү түркөй элдин оюна келбеген, эч ким күтпөгөн мааниден кеп баштайт… Жамгырдай төгүп, пастыктан, майдалыктан өйдө, обого шаңшып көтөрүлүп чыгат. Ушундай кеңдиктен алганда экөөбүздүн болбос жерден тытышып отурганыбыз эмне абийир деген ойду билдирет, андан кийин барып, айла жок, айтышты салтына баш ийип, жердеги жемин алыш үчүн алгач көккө типтик атып чыгып, анан гана жеткен жерден жалпайта тебиш үчүн кош канатын куушуруп тик ылдый урган таштай зуулдап жөнөп берген кыраан бүркүттөй Эсенаманды качырып сала берет, аны ар бир сөзүнөн кармап, мышык чычканды ойноткондой, жерге опоңой оонатып салып чыга берет» (Токтогулов А. Таберик. – Б.:1997. – 275-276-б.).
«Бул жөн гана баяндап санап берүү эмес, көбүнчө ошол он сегиз миң ааламдын ар бир бөлүгүнүн, ар бир көрүнүшүнүн бири-бири менен байланыш, туташ, ажырагыс экенин ачып берип, эске салат» (Борбугулов М. Жез таңдай // «Кыргызстан маданияты». – 1991. – 3-окт.). Демек, ал жырткыч жаныбарды тээп жыгып, кайра аны өмүрүндө такыр көрө элек жагына – көккө алып чыгып ойноткон кыраан бүркүтчө аракет кылса, анын каршысы тарп аңдаган кары кузгунча жерде калат. Табият мыйзамы ушундай. Айтыштын мыйзамы да ушундай. «Айтыш – бул инсандын ой жүгүртүүсүн жогорку даражада активдештире турган, ой-пикирди чегине жеткизе чыңалтып, курчута турган диалог, акыл-эс эрөөлү, интеллектуалдык турнир» (Байгазиев С. Сократты карай артка // Кутбилим-Сабак, 2002. — №9, сентябрь, 4-б.). Мына ушул интеллектуалдык турнирде Жеңижок өзүнүн ашкере билимдүүлүгүн, он сегиз миң ааламды чарк айланган акындык чабытын, ички маданиятын, тышкы этикасын, гуманисттик пафосун, ислам динине негизделген ыймандык көрөңгөсүн – бүт баарын жерине жеткире демонстрациялайт.
Ал жерде ырчынын тигил айтышып аткан кишинин тийиштик кылган сөздөрүнө жообу эле эмес, ал алкакка батпаган, жеке айтыштын капасына сыйбаган бийик чабыты бар. «Дүйнө, адам, жакшы менен жаман, акниеттик менен кыянаттык, күнүмдүк тиричилик – ушунун баарына акын өзүнүн терең жана бекем көз карашынан, азыркы тил менен айтканда философиялык-эстетикалык жана жеке концепциясынан туруп баа берет» (Айтматов Ч. Ак таңдай акындын мурасы, Башсөз, китепте: Жеңижок, ырлар. – Ф.: 1982. – 4-б.).
Жеңижоктун чыгармачылыгын түшүндүрүүдө бир калпыстыктан этият кармануу керек. Буга чейин, советтик мезгилде биздин адабияттаануубуз марксисттик-лениндик философияны жол тутуп, акын-ырчыларды калп жерден динден алыс кишилер катары кармашкан. Бирок тарыхый чындык андай эмес эле. Жеңижок тууралуу, аны алгачкы көргөнү тууралуу Калык Акы уулу кийин минтип жазган: «Жеңижок ырында бай-манаптарды, кожо-молдолорду өзүнүн көнүмүш жолу боюнча мактап ырдады. Ал арапча көп окуган, чоң молдо киши экен. Ырдаган ырларынын көпчүлүгү шарият, пайгамбар-заабалар, эшен, калпалар жөнүндө» (Акиев К. Тандалган чыгармаларынын бир томдук жыйнагы. – Ф.:«Кыргызстан», 1972. – 404-б.). Ал эми анын чыгармаларын иликтеген адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты Ш.Үмөталиев Жеңижок феноменин кандай кабыл алуубуз керектигин кыйла туура түшүндүрүптүр: «Жеңижокту динчил болсо да, динден оолагыраак турган акын катарында сунуш кылып, окуучуларга таңуулоо – фактыга да, анын өзүнө да анча пайда бербейт. Бул – Жеңижоктун көз караштарынын айрым жактарын, анын чыгармаларындагы кээ бир серпиндилерди болсун, катмарларды болсун азыркыга ылайыктап модернизациялоо болор эле.
Динчилер гана үстөм тапка кызмат кылат деген такыр туура эмес. Муну далилдөөнүн да кереги жок. Эми мунун тескериси бар. Диндик көз караштарда туруп дале ар кандай себептерге байланыштуу дал ошолорго каршы тургандар толуп жатпайбы? Бардык Чыгыш классиктери Рудакиден тартып Хафиз, Хаям, Жаами, Саади, Физули, Фирдоуси, Навои ж.б. сындуу дүйнөлүк поэзиянын пирлери динчил болушкандыгы төгүнбү. Ал эми алардын айрымдарындагы динге каршы өңдөнгөн кээ бир мотивдер чын-чынына келгенде ага каршылык эмес, аны булгагандарга карата болгон каршылык». «… алардын түпкү өзөгүндө адамга карата болгон зор гуманисттик катмарлар басымдуулук кылган жана алар ошонусу менен өз доорлорун басып өтүп биздин күндөргө жетти. Диний образдарды алар элдик идеалдар менен жакындаштырышты». «… кээ бир өзү менен тушташ акындарга караганда Жеңижоктогу диний идеянын «дозасы» азыраак, жокко эсе деген ойлор – таптакыр бир беткей» (Үмөталиев Ш. Ак дил. – Ф.: «Кыргызстан», 1986, 45-46-б.).
Демек, Жеңижоктун айтышуудагы оң ийгилигин, Эсенаманды «басып жыгылган» өткүрлүгүн анын дал ошол ислам дининен илимдүү болгондугу, жаратылыштын мыйзамдарын, адамдарга таандык адептик нормаларды Куранды жана хадистерди, башка ислам диний адабияттарын терең өздөштүргөндүгү менен үйрөнгөнүн түшүндүрүүбүз керек.
Жеңижок ошентип чабыттап көккө учуп чыгат да, ободон туруп:
Өрдөк, каздын баарысын,
Көлдө кылган эмеспи.
Өлгөндөрүн баарысын,
Көрдө кылган эмеспи.
Кайберендей күлүктү,
Төрдө кылган эмеспи.
Курт-кумурска жайларын,
Чөлдө кылган эмеспи.
Берекенин баарысын,
Жерде кылган эмеспи.
Жер-дүйнөнүн туткасын,
Элде кылган эмеспи.
Өмүрдү чак жаратып,
Пенде кылган эмеспи.
Жердин үстүн жайнатып,
Бак жараткан эмеспи.
Кээ бир жанды көбөйтпөй,
Так жараткан эмеспи.
Ар жанга ажал, өмүрдү,
Ак жараткан эмеспи, — деген саптар менен кең ааламдын табиятын, илим да, жеке адам да ача албаган, бир гана Жараткан жалгыз билген сырларын ортого төгүп таштайт.
Жеңижоктун философиялык кредосунда – ар бир жаратылыш жараткан жандыктын өз турмуш жайы, өзүнө жем болчу азыгы бар, ошолордун ичинде күнү бүткөндө адамдын бир гана барар жери – ажалы бар. Мындан буйтап, качып кутула албайсың, ал – ак. Ошол ажал философиясына Эсенаманды эмне үчүн жетелеп алып барып, неге карыган ырчыны ажал менен бет келтирип атат? Бул жөн гана уйкаштыкты ээрчиген айтыштын жолу эмес, мында ушул акыр бир күн ажал келет, ошол ак нерсенин алдында ак бололу деген чыгыштык суфисттик акындардын философиясын ээрчигендик, каршысындагы акынды чын сүйлөөгө, таза жүрүүгө үндөгөн чакырык жатат.
Ошол жерде Майкөттү мазар кылган, пир кылган Эсенамандын көз карашынын жетилбегендиги, анын билимсиздиги не себептен деген маселе коюлуп, анын себебин Жеңижок акын Эсекенин «эл чогулган мечитке басып барбагандыгы», «сапка туруп, сеждеги башын салбагандыгы» менен түшүндүрөт да, ошонун кесепетинен адамды пир туткан шайтандык жолго түшүп кеткендигин сындайт. Демек, акын алгачкы психологиялык атакасы менен эле Эсенамандын жүрөк үшүн алып, ал кездеги адамдардын критерий боюнча илим-билимден алыс калганын айыбы катары бетине көрсөтүп, андан ары Адам Ата менен Обо Энеден тартып адамдын таралыш эволюциясын жана жалпы диалектикасын аңтарып отурат.
Филология илимдеринин доктору, профессор К.Артыкбаев айткандай: «…айтышкан ырчылардын сөз тапкычтыгын, поэтикалык сөзүнүн ой жагынан, форма жагынан жагымдуулугун, таасирдүүлүгүн, көз карашы менен түшүнүгүнүн арымдуулугун сынап баа бере турган бирден бир сынчы – буулугуп отурган эл. Эл ага атайы токтом чыгарбайт же изилдөө жүргүзүп убакыт коротпойт, дароо эле ошол жерден жаккан, жакпаганын билдирет да, өнөрү өйдө турган ырчыны айылдан айылга даңазалап жөнөйт» (Артыкбаев К. Айтыш өнөрү тууралуу. китепте: Артыкбаев К. «Мезгил элестери». – Ф.: 1979. – 74-б.). Демек, бул жерде да чү дегенде эле угарманынын жана көрөрманынын симпатиясына ээ болуп алган акын андан ары жанагы Эсенамандын тентиген Жеңижок, эли жок Жеңижок деген кордоосуна жообун берет. Көрсө, ал Аксыга тагдыр-буйрук менен кетиптир, ал жакта Эсеке ойлогондой баркы жок эмес экен, ошол жактан үйлөнүптүр, барк-аброй күтүптүр, урмат тааптыр. Ошентип ал Аксыны укмуш мактап, бийикке алып чыгып, каршылашынын «айнектей көзүн ачат». Мында ал Ата журт деген түшүнүккө улуу гуманист жана патриот катары баасын берет.
Ошол өз жөнжайын түшүндүргөн соң анан ал баягы Эсенаман өзүн өзү мактаган сөздөрдүн баары жадында калган белем, эми аны чечмелеп кирет: «мөмөсү болсо дарактын, айылда балдар терип жейт», анан ал «данеги чирип кык болот», «кабыгы чирип жок болот», «өмүрүнүн аягы ушинтип токтолот», кыскасы, Эсенамандын мөмө болгону жүрүп-жүрүп ушундай кайгылуу концовкага тушугат. Экинчи мактанычы «шишеси болсо арактын» анда мас адам «таамайлап кармап мойнунан, ташка чаап урат», «талкаланып, быркырайт», «койкойгон мойну жоголот», ичиндеги арагы «суу болот», жүргөн жери «чуу болот», ичине барса «уу болот», а түгүл оо дүйнөсү да жаман болот. «Сырты болсо суусардын» анда «эссиз бала кийет» да көркүн кетирип күйпүйтөт ж.б. Иши кылып Эсенамандын мактанган ар бир мактанычы, өзүн салыштырган ар бир буюму Жеңижок үчүн тебелендиде калат. Ал жерден акын улуу гуманисттерчесинен кандай гана кооз, баалуу буюм болбосун ал адамдын алдында барксыз экенин, адам баарынан улук экенин даңазалайт да, муну билбеген Эсенаман ырчыны уятка жыгат.
Ошондон кийин төкмөчүлүктүн накта көөнөрбөс салты менен, философиялык-этикалык эрежеси менен ыр эрөөлүндө суроодон суроо чыгарып, бирде аркы өйүзгө, бирде берки өйүзгө чабыттап не бир керемет кеп келебин чуурутуп отурат:
«Ай кыярып баркырап,
Баткан жайы кайда экен?
Күлдү пенде жыйылып,
Жаткан жери кайда экен?
Күнөөлүүнү таш менен,
Аткан жайы кайда экен?
Таңкы сары жылдыздын,
Баткан жайы кайда экен?
Топ олуя биригип,
Жаткан жайы кайда экен?
Учсуз-түпсүз ааламга,
Үлөштүрүп адамга,
Ырыс менен насипти,
Чачкан жайы кайда экен?»
Ушундай проблемалык, орду-түбү жок орошон суроолорду коюу менен ырчы өзүн дагы бийиктетет, дагы сүрөткер катары көкөлөп учат. Чынында ар бир суроосунун жообу бар, аны үчүн ислам тарыхын, аалам географиясын, астрофизиканы, логиканы, философияны терең билүү керек. Муну чечүү Эсеке үчүн кайда-аан! Ошентип дүйнөнүн учу-түбү жоктугун, таанып-билүүнүн чексиздигин, ааламдын адам акылы албаган сырдуулугун, ошол кең дүйнөдө пендезаты бир кыпын экендигин айтуу менен Эсенамандан «өчүн алат», ошол эле кезде өзүнүн акындык кредосун көрсөтүп, өнөр күчүн, сөз ылгоо, уйкаш табуу талантын укмуштуудай чебер демонстрациялайт, эч убакта «өзү жетип алган ой бийигинен паска түшүп кетпейт» (Ч.Айтматов).
Акыры ал жеңип чыгат, а түгүл Майкөт акын да муну мойнуна алып, ак сакал акын Эсенаманды жемелөөгө чейин барат. Ошентип акындар айкашы Жеңижоктун пайдасына аяктайт. Анда Жеңижоктун гана ашкере таланттуу, кудай даарыгын сөз тапкычтыгы көрүнүп тим болбой, кыргыз элинин философиясы, педагогикасы, логикасы, социологиясы, этикасы, ыртаануусу кашкайып көрүнүп турат жана бул талашсыз түрдө кыргыз эли төкмөчүлүк өнөрдүн туу чокусуна чыкканын айкындоочу факт болуп саналат.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз