Султан Раев: “Бейтааныш бекет”: Сапар каякка?..

  • 19.05.2023
  • 2583

Сезим – дүйнөнү башкарат. Бу аксиоманын ичинде терең катылган ой түйүнү бар. Адам дүйнөсүнөн бу туюмду алып койсо, анын жашоосу түгөл өзү да комсоо, кунарсыз, жашоодогу сөңгөктөй, өмүр дегени эмне, сүйүү дегени эмне, жашоо дегени эмне деген суроолор сазына батып, бу тирүүлүктүн куру жанкечтисине, бу сезимдерден куру жалак калган руханий ваакумдун бир көр пендесине айланат сыягы.

Жашоо керемети да сезимде. Сезимсиз дүйнө караңгы. Бу категория адамдык насилдин терең түпкүрүндөгү өзгөчө кыялдын канаты, үлбүрөк шамалдын желаргысы, бууркандап аккан дарыянын шоокуму, алпейим жашоонун илеби... Сезимдин көзү көкүрөктө. Көкүрөк көргөндү гана сезим аркылуу өткөрүп, анын миң кырлуу, миң сырлуу ажар дүйнөсүнөн өзүбүздү издейбиз. Поэзиянын да жанөзөгү адамдын кыялый дүйнөсүн элирткен сезимдин миң кубулма симфониясы эмеспи. Ар бир сөздөн, сөз тутумунан, ой түрмөгүнөн өзгөчө бир дүйнөнү көрө билүү арийне ыр жандуу адамдын табият менен бирдей кубулган ички поэтикалык миссиясы.

Ыр, поэзия эң оболу дүйнөнүн чачыраган нурун, кыялдын ээликкен күлүгүн, түркүн ыраң боёктор гаммасын, жандүйнөнүн руханий алгоритимин; арман, муң, кубаныч, жыргал, кайгы, сүйүнүч, азап, бакыт, ээ-жаа бербеген адамдык сезимдин бүткүл букетин чагылдырып тургандай туюлат. Бүт ааламды жүрөгүнө акын гана батыра алат...

  Узадыңар көккө сиңип күүгүмдөп,
  бир күүгүмдө мен да алыска кетти элем.
  Кайра кайтып келериңди ким билет?..
  Канаттуунун Мекени жок дешти эле...

*     *     *

  Таштадым мен барымды да, жогумду,
жолго чыктым, жүрөк менен көп күйгөн.
Өткөн күндөр торобосун жолумду,
качандыр бир жаныш үчүн өчтүм мен...

*     *     *

Чоочун жердин шамалындай шуулдап,
чоочун күндөр өтөт жашты уурдаган.

*     *     *

Сирень ачкан терезенин түбүндө,
сиңдим уктайт сүйүү даамын тата элек...

*     *     *

“Бакыт берем” дебе эми, чоочунум,
бакыт мага жарашпаган көйнөктөй...

Ушул саптарды жаш акын Нуриза Өмүрбаеванын кол жазмасынан окудум. Окудум да, тек гана окурмандык сезимдердин чачкынында калдым. Бу кол жазмадан негедир “Чоочун” деген сөздү көп кездештирдим. Чоочун бу дүйнөбү, сезимби, туюмбу же акын кызыбыз чоочун дүйнөгө өзү чоочун болуп алганбы, айтор, ырларында турмуштун миң кабат катмарындагы ар кайсы оомал-төкмөл сезимден акын өзү бу дүйнөгө чоочун болуп алгандай туюлат. Бу дүйнөгө чоочун болуу – андан таптакыр кол үзүү эмес, ал бу дүйнөнүн бейруханий рамкасына батпай да, сыйбай да, өзүнүн жашоо принциби менен өмүрдүн өзөгүнө “чоочун” болуп алгандай...

Нуриза Москвадагы Горький атындагы адабият иниститутун бүткөн, жайдары тил менен айтканда, кесипкөй адабият адамы. Баягы бир жылдары акын карындашым Нарсулуу Гургубаеванын кол жазмалары менен таанышып калдым, колумда болгону элүүгө жетип жетпеген ырлар, ал бу ырларын “Өмүр бою жазган ырларым” деп мүнөздөдү. Болбосо Нарсулуунун ыр жазганын жыйырма жылдан ашуун мезгилден бери билчү элем. Нуризанын да ыр куржуну ушул алакандай кол жазма экен. Эки акын кызыбыздын бир жакындыгы, өзгөчөлүгү бар. Ал – поэзиянын, ырдын алдындагы адамдык жоопкерчилик. Күргүштөтүп ыр жазышпаса да, күрүчтөй саптын, сөздүн, ойдун жоопкерчилигин сезген мамилесинде. Эң башкысы, дүйнөлүк адабиятка каныккан, аны терең билген жана ошол эле контекстте акындык талапты өздөрүнө бийик коё билгендиктин өрнөгү эки акын кызыбыздан бирдей сезилет. Нуриза көп жылдар бою Түркияда жашайт. Эмгектенет. Журт сыртында жүргөн адамдын санаасы, туйгусу, ой чабыты, дүйнө кабылдоосу да өзгөчө болот.

Сагыныч жана куса. Бу сезим тек гана лирикалык каармандын айланасында гана эмес, алыста көздөн учкан тууган жердин духу, сагынычы, кусасы, ошол алыста калган, а бирок жүрөк толтоосунда жашаган сезимдердин толкуну акын-жүрөктү тим койбогондой эле, кабат-кабат келген ойлор ыраактагы таберик сезимге айланат...

Ата-Журтум, өмүрүмдүн соңунда,
сага барып бүтөт бардык жолдорум.
Кечир мени, багыты жок жолуңда,
жарык дагы, жылдыз дагы болбодум...

  Эч бир акын сүйүү сезиминен кайкып өтпөгөндөй эле, бу жыйнакта “сүйүүгө толгон көздөрү...” ырлардын сабы арбын. Арийне, акын ырында жашайт, ырлары анын өмүр гаммасындай кабыл алынат. Бир карасаң, бу сезим, сүйүү эбак ырдалып бүткөн обондой туюлат, а бирок андан өзгөчө дүйнөнү, көз карашты, микро-ааламды таап алуу мүмкүнчүлүгү чыныгы ыр жандуу адамдын көөнө бир касиети го... Ушундай штрихтер Нуризанын ырларында жашайт, ал дүйнөдө акын да жашары талашсыз. Акын өз ырын, өз абийириндей көрөт. Мындай поэтикалык мамиле Нуризага таандык сапат. Анын ырларын табигий интеллектуалдык поэзия деп мүнөздөмө берсек болор эле, анткени ушу көрөңгө акындын сезим кыймылын жөнгө салып турат.

Калды баары катмарында мезгилдин,
тартканда не куру убара, кур кайгы?
Өзү өлсө да, сүйүү деген сезимдин
куса-муңу тирүү калат турбайбы...

*     *     *

Жүрөгүмдө бир из турат өчө элек,
билбейм, билбейм, мынча көөнүм бөлүндү.
Эч бир жандын буту басып өтө элек,
эми кайдан табам кардай көңүлдү?

...Эми кайдан табам таза көңүлдү?..

*     *     *

Жектесем да биз кезиккен калааны,
жетпей жашайм, бирок ошол жылдарга.

*     *     *

Соороткон өңдөнүп көңүлдү,
үн-сөзсүз ак жамгыр төгүлдү.
Ордуңду толтурбас жан менен,
оо, билсең алдадым өзүмдү...

Акындар дүйнөгө жан шерик  сезим менен жашайт. Анын түгөйү ырдалып бүтпөс өмүрдөй, бу жашоого тойбогон сезимдей жашаса да, ал бирде сүйөт, бирде жек көрөт, бирде жетпейт, бирде чанат, бирде жаңылат... Ушул чындыкты Нуриза жашыргысы келбейт. Акындын алгачкы чындыгы – ыймандай сырдын жоктугунда. Ырга чындыгын айткан адам гана акын болору талашсыз дейли, бирок ал көп учурда ошол чындыгын канчалык деңгээлде курмандыкка чала алат?.. Ал да акындык ички принциптен, көз караштан, дүйнөтаанымдан,  эстетикадан байкалат...

 Кездерде ошол жүрөк тунук, Күн тунук,
 кол жетпеген көп нерсеге умтулдук,
Биз дүйнөнү багынтабыз дечү элек,
бир түйшүккө багындык да, унтулдук...

Биз дүйнөнү багынтабыз деп жүрүп,
көр түйшүккө багындык да, унтулдук...

*     *     *

Кездер болду дүйнөм жолго чачылып,
кездер болду күндө туулуп, күндө өлдүм.
Мен өзүңдөй толкуп- ташып басылып,
эми өзүңдөй мелтиреген күндөмүн...

Мен деңиздей толкуп-ташып басылып,
мен деңиздей мелтиреген күндөмүн...

Казактын белгилүү  жазуучусу Кадыр Мырзалиевдин “Алтымыш адам – бир жак, акын өзү – бир жак” деген учкул сөзү бар, анын сыңарындай акындын галактикасы да, меридианы да, дүйнөсү да арийне бир аалам. Нуризанын ырларынан да ошо индивидуализмди, ой прагматизмин, сөз минимализимин да байкоого болот. Бул тек гана эч кимге таңууланбай турган биздин көз карашыбыз. Бул сөз колубуздагы поэзияга болгон окурмандык гана сөз, булактын көзүндөй болгон бу ыр жыйнактын көзүн да, сөзүн да окурман гана талдап баа берет, ал эми ар бир чыгармачыл адамга жакшы сөз айтып коюу да парз. Жакшы сөздүн жарыгы, нуру да караңгыда жол табар...

Атактуу Борис Пастернактын өлүм алдындагы сөзүн, керээзин угабыз дегендерге жарыктык киши “Терезени ачкыла!” деп кыска-кыска бир нече жолу кайталаган экен. Бу сөз терезеге гана эмес, дүйнөгө, адамдарга айтылган анын акыркы сөзү эле. Дүйнөнү өзгөртөбүз десек, дайыма көкүрөктүн терезесин ачып, жаңы аба, жаңы күн, жаңы ой менен жашоо абзел. Жувалдыздын көзүндөй ушул ойду Нуризанын ырларынан окурман таба билсе, бу китептин ооматы да ошондо чыгар... Тамчы ойдон деңиз ой куралат...

Бу жыйнактын аты “Бейтааныш бекет”, бирок бекет  тууралуу бир сап да жок. А, балким бу жыйныктын купуялыгы да, метафорасы да ушунда чыгар, Адам бу дүйнөнүн жолоочусу, ал кайсы бекетте, кайсы жолдун кыл учунда турат, ал жол кайсы багытка алып барат?..

Бирок биз билген бир чындыгыбыз, бардык жолдор максатка, үмүткө, тилекке  алып барат...

Ошол жолдогу жолоочуга ак жол каалайлы!

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз