Деколонизация: Жадидчилердин агартуу жаатындагы иш-аракеттери

  • 19.07.2023
  • 2792
  • 1

Кыргызстандагы жадид мектептери

Көп учурларда Октябрь революциясынын жеңишине чейин Орто Азия эли туташ сабатсыз болгон деген пикирлер өкүм сүрүп келген. Чындыгында, бул мезгилде, б.а. ХХ кылымдын башында Түркстан аймагында бир катар орто кылымдардан бери келе жаткан мусулман мектеп, медреселери болгон. Өз учурунда бул окуу жайлардан дүйнөгө атагы тараган аалымдар, философдор, акындар, б.а. “мусулман ренессансы” деп аталган маданияттын бешиги болгондугу көпчүлүккө маалым. Падышачылык Россиянын бийлик өкүлдөрү бул окуу жайларын алгач көнүлдөн сырт калтырышкан. Учурда Октябрь революциясына чейин кыргыз эли туташ сабатсыз болгон деген калпыс пикирлер учурда жокко чыгарылып жатканы албетте, жакшы көрүнүш. Бирок, бул пикирди тастыктоо көп илимий изилдөөлөрдү талап кыла тургандыгы белгилүү. Кыргызстандын агартуу жаатындагы иштерин караган учурда, албетте анын тарыхын Түркстан аймагынан, ал турсун Россия аймагынын агартуу тарыхынан бөлүп кароо дээрлик орунсуз. ХХ кылымдын башындагы тарыхый окуялар, атап айтканда, капиталисттик мамилелердин өнүгүшү илим-билимдин, техниканын да өнүгүүсүн талап кылган.

XIX кылымдын аяк ченинде, б.а. 1897-жылы Россияда сабаттуулардын саны жалпы калктын 24%ин түзгөн. Бул болсо, крепостнойлук укук жоюлгандан кийин бир кыйла өсүштү (буга чейин 7% болгон) билдирген. Башталгыч мектептердин саны өскөн. Аларга мугалимдерди бардык губернияларда ачылган мугалимдердин атайын семинариялары даярдаган. Ошол эле учурда чиркөөлүк-приходдук мектептер да ачылган. Орто билим берүү иштери бир кыйла жолго коюлуп калган. Алсак, 1896-жылы Эл агартуу министрлигинин карамагында 998 (а.и. 614 эркек балдар үчүн, 384 кыздар үчүн) окуу жайлары болгон. Мамлекеттик окуу жайлар менен катар эле жеке менчик окуу жайлары да иштеген. Аларда билим берүүнүн сапаты бир топ жогору болгон. Бирок алардын иш аракеттерин бийлик катуу көзөмөлдөп турган. Эгерде бийликке каршы анча-мынча эле иш чаралары билинип калса, аларды жаап таштап, ал эми окутуучуларын куугунтукташкан. Мурдагы Москва, Санкт-Петербург, Харьков, Казань, Киев, Гельсингфорс жана Дертеги университеттеринин катарына Одесса, Томск, Варшава университеттери кошулган. Жогорку кесиптик билим берүүчү Ригадагы политехникалык, Харьковдогу Технологиялык, Санкт-Петербургдагы Электр-техникалык ж.б. окуу жайлары ачылган. Буга карабастан, Россия ошол учурда башка мамлекеттерден билим берүү жаатында бир кыйла артта калган. Алсак, 1890-жылдары Россияда орто мектептин бир окуучусуна 564 киши туура келсе, Францияда – 300, Улуу Британияда – 202, Германияда – 122, АКШда – 83 адам туура келген.[1]

Бул фактыларды көрсөтүп жатканыбыздын себеби, Түркстанда билим берүүнүн тарыхына кайрылуудан мурда, ошол мезгилдеги Россиядагы билим берүү менен да азын-оолак таанышып кетүүнү ылайык көрдүк. Анткени, Түркстан Россиянын курамына кошулган учурдагы агартуунун артта калуусун көптөгөн советтик окумуштуулар бир жактуу карап келишкен жана бул маселени изилдөөдө марксизм классиктеринин эмгектерин негиз кылып алышкан.

1867-жылы Түркстан генерал-губернаторлугу жана Түркстан аскер округунун түзүлүшү жөнүндөгү жарлык боюнча, генерал-губернатордун алдында анын жардамчылары жана курамы аймактын жогорку аскер жана жарандык төбөлдөрүнөн түзүлгөн 7–10 кишиден турган кеңеш иш алып барган. Кеңештин бир өкүлү Түркстан аймагындагы окуу жайлардын башкы инспектору кызматын аркалаган. Падышалык өкмөт Түркстан аймагын саясий, экономикалык жана маданий жактан өздөштүрүүгө аракет жасашкан, бирок аларды албетте, жергиликтүү эл дайым эле колдоого алышкан эмес. ХIХ кылымдын 80-жылдарында Түркстандын биринчи генерал-губернатору К.П.Кауфман Александр IIIгө жазган билдирүүсүндө, элге билим берүү иштерин уюштурууда мурдагы хандыктын жана эмирдин ээликтериндеги байыртан келе жаткан “мыкты уюштурулган элге билим берүү системасына”[2] каршы чыгууга туура келгендигин айткан.

Бендриков К.Е. “Очерки по истории народного образования в Туркестане (1865–1924 годы)” деген эмгегинде, Түркстан аймагында мечиттер дин кызматкерлеринин жана феодалдардын башкы таянычы болгондугун белгилейт. Мечиттердин алдында мектептерди ачышып, балдарга билим берүү менен катар эле чоңдорду да диний жактан тарбиялоо иштерин жүргүзүшкөн. ХIХ кылымдын 60–70-жылдары отурукташкан жерлерде болжол менен ар бир 50 түтүнгө (250дөй кишиге) бирден мечит туура келген. Ири шаарларда чоң мечиттер болгон, аларда мусулман окумуштуулары лекция окушкан. Кийин билим берүү максатында медреселер ачыла баштаган. Мындай маалыматтар Орто Азия аймагында Россиянын курамына кошулганга чейин билим берүү деңгээлинин өтө төмөндүгүн далилдегендерге, ошол учурда аз болсо да бул тармакта иш болуп жаткандыгынан кабар бере алат. Алсак, казак тарыхчысы Н.Сабитов мектеп жана медреселердин араб ариби аркылуу сабаттуулукту жоюудагы ролун белгилөө менен катар эле, алардын маданияттын өнүгүшүнө эч кандай таасир тийгизе албагандыгын белгилегени менен, Бухара, Самаранын мектеп, медреселери Низами, Навои ж.б. сыяктуу чыгыштын акын-жазуучуларынын эмгектеринин таралышына шарт түзгөндүгүн мойнуна алган.[3]

ХХ кылымдын башында Түркстан аймагында агартуу иш аракеттерин негизинен мусулман мектеп-медреселери ишке ашырган. Ошол эле учурда аймакта аз санда болсо да орус-тузем мектептери да ачылган. Алар менен катар эле капиталисттик мамилелердин пайда болушу менен жаңы усулдагы мектептер да ачыла баштаган. Айрыкча, элдин алдыңкы катмары, ошондой эле жаңыдан калыптанып келе жаткан улуттук буржуазиянын өкүлдөрү жаңыча жашоого умтулуп, билим алууга аракет жасашкан. Белгилей кетчү жагдай, бул ошол мезгилде элдин карым-катнашынын күч алышынан, Европа өлкөлөрү, Түркия, Россиянын бир кыйла алга кеткен социалдык-экономикалык өнүгүүсү да өз таасирин тийгизген.

Бул максатта Түркстандагы мусулман мектеп-медреселеринде окутуунун жаңы ыкмасын киргизүү менен катар эле жалпы билим берүүчү сабактарды да окута башташкан. Бул албетте, өз кезегинде жаңылануудан чочулаган социалдык топтордун катуу каршылык көрсөтүүсүнө дуушар болгон. Мусулман мектептерин өзгөртүүгө багытталган, башында волга жана крым татарлары турган жадид кыймылы пайда болгон.

ХХ кылымдын баш ченинде жадидчилик кыймылы Түркстан коомчулугундагы чырмалышкан татаал күчтөрдүн эң эле прогрессивдүү багыты болгон. Айрым жадидчилердин активдүү аракеттеринен улам агартуу идеялары өнүгүп-өсүп, советтик доордо да тараган. Бара-бара жадидчилик кыймылы элдин калың катмарына таасирин тийгизе ала турган идеялык-саясий күчкө айланган. Жергиликтүү интеллигенциянын аймактын көз карандысыздыгына, анын социалдык-экономикалык жана маданий жактан артта калуусун жоюуга умтулган объективдүү каалоо-тилегинин прогрессивдүү элементине айланган. Алар калыптанып калган каада-салтты жаңы салттар менен айкалыштырып, мусулман жана христиан дүйнөсүнүн тажрыйбасын пайдаланып, Түркстанда жашаган эл үчүн өнүгүүнүн оптималдуу жолун табууга аракеттенишкен.[4]

Жадидчилер эски мектеп, медреселердин ордуна жаңы усулдагы билим берүүчү жайларды ачып, анда светтик тартипте билим берүүнү, алсак, география, тарых, арифметика, табият таануу, орус тили ж.б. киргизүүнү көздөшкөн. Буга албетте, биринчи кезекте, ошол мезгилдеги капиталисттик мамилелердин өнүгүшү чоң таасирин тийгизген. Шаар-кыштактарда экономикалык мамилелер капиталисттик мүнөзгө ээ болушуп, бирок жадидчилик кыймылынын башатын түзгөн татар элинин идеологиялык турмушу феодалдык мезгилден көтөрүлө алган эмес.[5] Анткени, адамдардын аң-сезими алардын экономикалык абалынан артта калат. Ал эми агартуучулардын иш аракеттери сабатсыздыкты жоюуга гана багытталбастан, коомдук турмуштун бардык жактарын, алсак, экономикалык, социалдык, саясий, үй-бүлөлүк жана идеологиялык мамилелерин да сын көз карашкан.

Жаңы усулдагы мектептердин Орто Азия аймагында да көбөйө баштагандыгы падышалык бийликти тынчсыздандырган. Маселен, Түркстан генерал-губернатору А.Самсонов тарабынан 1912-жылы иштелип чыккан Жобонун шарты боюнча, жалпы билим берүү максатында, жаңы усулдагы мектептерди элдик окуу жайлар инспекциясынын уруксаты менен гана ачууга мүмкүн болгон жана бул мектептердин бардык окуу программалары жана пособиялары аймактын башкармалыгы тарабынан бекитилген соң гана аларды пайдаланууга уруксат берилген.[6]

Мындай жобонун бекитилиши жаңы усулдагы мектеп-медреселердин падышалык администрацияга пайдасыз экендигин, ал балдарды исламга кыңк этпей баш ийүүгө тарбиялаган мурдагы эски мектеп-медреселерди сактоого аракет кылгандыгын ачык көрсөтөт. Эски мектеп-медреселерди жаңы усулдагы мектептерге айландыруу падышалык администрацияга “тынч жаткан, көп сандаган фанаттык дүйнөнү ойготуу...” дегенди туюндурган.[7] Мындан тышкары, падышалык администрация жаңы усулдагы мектептерди, медреселерди панисламизм жана пантүркизм идеяларын таратуучулар деп эсептешкен.

 Бул маселеге белгилүү мамлекеттик ишмер Ж.Абдрахманов да өз кезегинде кайрылып: “кыргыз айылдарында жаңы усулдагы, б.а. табият таануу, география, тарых ж.б. окутууну киргизген мектептерди Борбордук Россиянын жана анын башка аймактарында уюшулган революциялык уюмдардан да аёсуз куугунтукташкан”,[8] деп жазган.

Медреселерде адатта, башталгыч мектептен билим алып келишкен окуучулар окуган. Аларды “талиб-ул ильм” деп аташкан, аны которгондо “илим ала тургандар” дегенди түшүндүргөн. Аларды шакирттер деп да аташкан. Медреселерге 15 жаштан жогору эркек балдар кабыл алынган. Алар шаар-кыштак тургундарынын жана келгиндердин (мусафыр) ичинен топтолгон.

Окуучулардын сабатсыздыгын жоюу боюнча тыбыш менен окутуунун артыкчылыгы белгилүү боло баштаган. 1902-жылы ташкенттик мугалим С.Саидазизов тарабынан тыбыш методунун негизинде жазылган өзбек алиппеси басылып чыккан. Бул китеп кийин 14 жолу басылып, аны кыргыз мектептери да пайдаланышкан. Окуу китебинин методикалык түзүлүшү ага чейинки алиппе китептеринен айырмаланып, адегенде айтууга жеңил тамгаларды окуп, татаал тамгалар китептин аягында берилген. Ар түрдүү жазыла турган тамгалардын сөз башында, ортосунда жана сөз аягында келгенине карата мисалдар келтирилет. Алиппеден кийин окууга мазмуну жеңил, түшүнүүгө оңой болгон ырлар, тамсил, макал-лакаптар көп берилип, бир катар орус тилиндеги китептерден которулуп алынган.

Үчүнчү бөлүмү курандын алиппеси болуп, аны жакшы билсин үчүн айрым сүрөөлөрүн өзбекче которуп берген. Китептин эң баалуу жагы ал өзбекче жазылып, окуучулардын тезинен сабаттуу болуп чыгышына мүмкүнчүлүк бергендигинде. Ошол жылдары мындай алиппе китептерин жазгандардын саны көбөйүп, баш-аягы он бешке жакын китептер жарык көргөн.[9]

Ошол эле учурда казак тилинде да бир катар алиппе китептери, алардын ичинде М.Дебердиевдин “Казак балаларына кирагат китеби”, М.Нурбаевдин “Казакша алиппе”, И.Арабаев менен Х.Сарсекеевдин “Алифба йаки төтө окуу”, М.Модобаевдин “Казакша эң жаңы алиппе”, С.Кубаевдин “Үлгүлүү бала”, Бейсен уулунун “Казакша дурус жазуу кагидалары” ж.б. окуу куралдары басылып чыккан.[10]

И.Арабаев менен Х.Сарсекеевдин “алиппеси” жөнүндө казак китептерин изилдөөчү А.К.Бектемисов бул алиппенин окуучулар үчүн бир кыйла жеңилдетип түзүлгөнүнө мисалдар келтирген. Анда буга чейинки алиппе китептеринин айрым жерлери үлгү катары алынса да, окуучулардын сабаттуу болушун тездетүү үчүн бир катар жаңы усулдук ыкмалар пайдаланылып, мүмкүн болушунча анын материалдарын жеңилдетип берүүгө аракет кылышканы байкалат.”[11]

Мындай иш чаралардан соң орус колонизаторлору түркий калктарга биригүү идеясынын таралышын кооптонуу менен карашкан. Түркстан крайындагы администрациялык саясаттын оң жана терс жактарына баа берген авторлордун бири – Н.Д.Южаковдун аймакты башкаруунун 27 жылдыгына карата жазылган көлөмдүү эмгегинде, Россиянын курамына кошулганга чейинки аймактагы жергиликтүү башкаруу системасынын абалы абдан эле терс бааланып, падышалык бийлик тарабынан киргизилген башкаруунун жаңы тартиби Түркстанда жашаган эл үчүн жагымдуу жагдай түзгөндүгүн баса көрсөткөн. Мисалы, Н.Южаков: “Биз келгенге чейин Түркстан аймагы толугу менен келишпестиктердин, ал турсун толук анархиялык абалда: анда бекем бийлик, башкаруунун туруктуу уюштуруу тартиби, коомдук түзүлүшү болгон эмес... Отурукташкан жергиликтүү калктын жашоосу шарияттын таасири менен, казы, раис, ишан, муфтий жана имамдардын катуу көзөмөлү алдында өткөн... Анын коомдук турмушу белгиленген убакытта мечиттерге баруу жана шарияттын талаптарын катуу сактоо менен гана чектелген...”[12], деп белгилеген.

Чындыгында, көчмөн жашоо образынын өзгөчөлүктөрүнүн натыйжасы катары эсептелген уруулук түзүлүш Кыргызстан калкынын коомдук турмушунда эбегейсиз зор роль ойногон. Бирок, аймактын Россиянын курамына кошулушу менен анын социалдык-экономикалык, саясий өнүгүүсүнө бир кыйла белгилүү өзгөртүүлөрдү киргизген башкаруунун жаңы формалары пайда болгон.

Ал турсун Н.Южаков жергиликтүү калктын уруулук түзүлүшүн бузбаса дурус болмок деген жыйынтыкка келген: “орус бийлиги уруу башчылары жана ардактуу адамдар аркылуу, б.а. калк арасында кадыр-барктуу бий жана аксакалдар аркылуу кыргыздардын турмушуна өз тартиптерин, өз талаптарын оңой киргизип, татар молдолорунун мусулманчылыкты тараткан таасири менен күрөштү ийгиликтүү жүргүзүүгө жана орустардын сабаттуулугун, жарандыгын киргизүү бир кыйла жеңил болмок.”[13]

А.Э.Измайлов кыргыз буржуазиясы бул мезгилде жаңыдан калыптанып келе жаткандыгына карабастан, жадидчиликтин идеялары алардын чөйрөсүнө да кире баштагандыгын белгилеп, жадидчилердин таасири менен Кыргызстандын аймагында төрт жаңы усулдагы мектептер: Пишпекте “мадрасаи-иштидад”, Токмокто “мадрасаи-икбалия”, Чоң-Кеминдеги “мадрасаи-шабдания” жана Караколдогу Гаспринский атындагы мектептер уюшулгандыгын көрсөткөн.[14]

Кыргыз айылдарында жаңы усулдагы мектептер, б.а. табият таануу, география, тарых ж.б. окутууну киргизген мектептер Борбордук Россиянын ж.б. жерлериндеги революциялык уюмдарды куугунтуктагандай эле аёсуз куугунтукталгандыгы жөнүндө жогоруда сөз кылганбыз.[15]

Кыргыз тарыхчысы, адабиятчы, жана акын Б.Солтоноевдин “Кызыл кыргыз тарыхынын” 2-китебинде: “Кыргыз арасында 1895-жылга жете кашкарлыктан, өзбектен молдолор келип (капалдык молдо Жамулха кары Фазулла бай уулу) усул кадым боюнча окутуп жүрүп, 1900-жылында Токмокко Закир Адамылла Абдылкашап уулу деген ногой келип, ушундан баштап, усул жадид боюнча окуп билим кеңейе баштап, Бакча Сарайдан (Крым) чыккан “Таржыман” деген гезитти алып окуй баштады”[16], деген саптар кездешет.

Кыргыздын алгачкы тарыхчысы катары эсептелген, ошол доордо жашаган Осмонаалы Сыдыковдун 1914-жылы Уфа шаарынын “Шарк” басмасынан чыккан “Тарых-и кыргыз Шадмания” китебинде, жаңы усулдагы окуу жайлардан билим алып келген кыргыз жаштарын белгилеген саптарында Темир балдарынын ичинен Төрөкелдинин уулу Шамыркандан – Молдо Кылычты акын катары айтып өткөн. Чоткаранын Абыр аттуу уулунан молдо Нарынкулдун Уфадагы Медресе Алияны 1914-жылы 15-апрелде бүтүп келгендигин көрсөткөн. Ыбыкенин Канат аттуу уулунун Темир уругунун атактуу адамдарынын бири, анын уулу Ыскак Уфадагы медресе Алияны бүтүрүп, 1914-жылы 21-апрелде келгендигин жазган.[17] Демек, мындай фактылардан 1914-жылы Абыр уулу Нарынкул жана Канат уулу Ыскак чогуу билим алып келгендигин көрөбүз.

Кийин бир кыйла такталган маалыматтар Д.Айтмамбетовдун эмгегинде да берилген: “Пишпек уездинин отурукташкан калкында 14 мектеп, алардын ичинде 715 окуучусу бар кыздар үчүн да 3 мектеп болгон. 1909-жылы Чоң-Кемин жергесинин Сарыбагыш болуштугунда мектеп ачылып, анда 150 кыргыз балдары билим алышкан, Темирболот болуштугунда мектеп үчүн атайын имарат курулган. Ошол эле Пишпек уездинин Талды-Булак деген жеринде Ыбыкеев Канат тарабынан мектеп курулуп, анда кыргыз мугалимдер иштешкен. 1910-жылга карата мектептердин саны 16га жеткен”.[18]

Бир кыйла кийинки маалыматтарда, т.а. С.Данияров мурдагы изилдөөчүлөрдөн айырмаланып, көчмөн жана жарым көчмөн турмушта жашаган кыргыздардын арасындагы орус падышачылыгынын колониялык саясатынын шарттарында жаңы усулдагы мектептердин уюштурулушун прогрессивдүү көрүнүш катары баалап, алардын саны Кыргызстанда жыйырмадай экендигин белгилеген.[19]

Жаңы усулдагы мектептер Кыргызстандын түштүгүндө да колдоого ээ болуп, ачыла баштаган. Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңы усулдагы мектептер жөнүндө изилдөөчү М.Ш.Султанова төмөндөгүдөй белгилеген: 1907-жылы Өзгөндө Факриддин молдо, Рахим молдо ж.б. тарабынан мектептер ачылган[20]. Бул жөнүндө өзгөндүк Х.О.Кабулзода: “шаарыбыздын көркү болгон эки даана мектебибиз бар. Алардын бири молдо Фахриддин, экинчиси молдо Рахимжандын мектеби. Рахим молдо 20 жылдан бери балдарды эски усулда окутуп, төрт жылдан бери “жаңы усулда” окутуп жатат. Калем менен дептерди көп балдардын ата-энелери өздөрү алып беришет экен. “Эски усулдагы” мектептерде көп жыл окуган окуучу “жаңы усул” мектептеринде эки жылдын ичинде өздөштүрүүдө, ошондуктан мындай мектептерде иштеген окутуучулардын эмгегин баалоо керек”[21], деп жазганы бар. Бул маалыматтан биз кадим мектептери жаңыча окутууга өтө баштагандыгын, ошол мезгилдин прогрессивдүү билимдүү адамдары кырдаалды туура баамдап, билим берүүнүн бир кыйла алдыңкы түрүн колдошкондугун далилдеп турат.

“Садои Туркестан” газетасынын 1914–1915-жылдардагы 28-санында М.Эрализаде “Киргизлар ичида тароккий асри” деген макаласында Ош уездине караштуу Куршаб деген айылда мечит алдында бир молдо балдарды жаңы усулда окутуп жүргөндүгүн, Куршаб волостунун башкаруучусу Эралы миң башы ушул жылдын январь айында Ташкенттен Гулам Зафарий деген жаңы усул мектебинин мугалимин алдыртып, балдарды жаңы усул менен окута баштаганын баяндаган. Өзүм да ушул мектепте балдар менен чогуу окуп, беш ай ичинде көп нерсеге үйрөндүм деп жазган.[22] Демек, жаңы усулдагы мектептердин ачылышына көпчүлүк эл менен катар эле бийлик өкүлдөрү, башкача айтканда эл башкаруучулары, бийлер, манаптар да кызыкдар болгондугу белгилүү болот. Ушул сыяктуу мисалды изилдөөчү М.Султанова дагы келтирет: Коргон-Төбөдө Мырзакул болуш өзүнүн 28 өжөрөдөн турган чоң медресесинин жанына атайын имарат салдырып, ага Бухарадан китептерди, адис мугалимдерди алдыртып, билимге шыктуу, бирок кембагалдардын балдарынын да билим алуусуна шарт түзүп, жаңы усул менен окута баштаган.[23]

1910-жылы Ошто Фазылбек Касымовдун жетекчилиги менен жаңы усулдагы мектептер ачылып, анын ичинде кыздар да болгондугу белгилүү.[24]

Ал эми Кара-Сууда ачылган жаңы усулдагы мектепте жыйырмадай окуучу билим алып турган.[25] 1914-жылкы маалымат боюнча Оштогу эки мектепте 100 окуучу билим алган.[26]

Д.Айтмамбетов белгилеген 1912-жылы Кочкордогу Ыбыкеев Канат курдурган мектепте анын өз уулу, ошол мезгилдеги алдыңкы билимдүү, б.а. Уфадагы “Галия” жаңы усулдагы медресесинин бүтүрүүчүсү Ыскак да балдарды окуткан. Ага ошол тегеректеги болуштуктардан келген балдар мектептин жатаканасында жатып окушкан. Канат Ыбыке уулунун медресе салдыргандыгы жөнүндө КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда инв. №847 номуру менен сакталган, 1995-жылы 26-июлда Рахманкул кызы Эрмек тарабынан тапшырылган Канат хан жөнүндөгү маалыматтарда Ыбыке балдары Канаат, Касым, Байдалыны дин мектебинен окуткан деген саптар жолугат. Касым, Байдалы Уфа шаарынан окууларын улантышып, өз мезгилинин билимдүү адамдары болушкан. Канаат Мекеге барып, “ажы” деген наам алган.

Канаат ажы да балдарынын өз учурунда жеткиликтүү билим алышына кам көрүп, Ыскак деген баласын Уфадагы диний жогорку окуу жайынан, Жапарсадык менен Мамбетсадыгын Бишкектеги гимназиядан окутуптур. Карыпбайы эл бийлеп калат. Мамбетсадыгы акын экен.

Жалпы элдин да диний маалымат алышын, сабаттуу болушун каалаган Канаат ажы өз күчү менен Талаа-Булактын сеңирине медресе салдырат. Сеңирдин жанындагы Сары-Коонун кызыл ташынан түптөлүп, кыш менен салынган он бөлмөлүү бул медресенин асты-үстү тактайланып, үстү темир тунуке менен жабылат. Айланасына бак-дарак тигилип, жанына кудук казылган. Медресенин ойдогудай бүтүшүнө кашкарлык уйгур Абылкасым жоопкер болгон жана жыгач усталык өнөрдү жалгыз өтөгөн. Ал киши Кочкордо жашап туруп, кийин эле каза болуптур.

1914-жылы ошол медресеге окуу ачтырып, бай-кедейин ылгабай, айылдагы шыктуу балдарды окууга текши тарттырат. Анда Дөөлөт жана Жаркымбай молдолор, Уфадан окуп келген Чынгышбай ажынын уулу Токтонаалы, өз уулу Ысак (Ыскак)[27] баштаган тогуз молдо окутуучу болушат.

Дөөлөт менен Жаркымбай молдолор дин илимине байланыштуу аптээк, куран, чаар китептерди окутушкан. Ысак болсо араб тамгасы менен жазылган эсеп, физика, география сыяктуу табият илимине байланыштуу китептерден окуган.

Кээде Ысак молдонун үстүнө татар жигиттери келип, балдарды эки-үч айлап окутуп кетишчү. Бул медресени 1916-жылдагы көтөрүлүштө падышанын жазалоочу аскерлери өрттөп кетишкен.[28]

Мектептин мугалими Ыскак Канат уулунун татар агартуучулары менен такай байланышта болуп тургандыгынын далили катары, татар элинин көрүнүктүү агартуучусу, жазуучу Сабир Габдельмановдун[29] Кочкордогу досу Канатка барган учурда жазылган “Тянь-Шань тавында бер кечек кэяхет” (“Тянь-Шань тоолорундагы чакан саякат”) аттуу эмгегинде, ал жерде кымыз ичип, дартынан дарылангандыгын жана аны менен гана чектелип калбастан, меймандос элдин каада-салттарын, тилин, маданиятын үйрөнүүгө аракет кылгандыгын жазгандыгын көрсөтсө болот. Ал “Галия” медресесинин бүтүрүүчүлөрү Ыскак Канатовдон тышкары, Ишеналы Арабаев, Осмоналы Сыдыков менен тыгыз байланышта болгон. С.Габдельманов ошондой эле Молдо Кылыч менен да тааныш болгон деп айтсак болот, анткени ал кыргыз акынынын меймандос айылына тез-тез барып тургандыгын жазган.[30]

 Канаттын медресеси тууралуу белгилүү фольклорчу Каюм Мифтаковдун да кол жазмасында кездешет. Анын кол жазмасынан бизди айрыкча кызыктырганы, К.Мифтаковдун “Галия” медресесинде окуп жүргөнүн эскерип жазганы болду: “Мен Караколго келгенде көбүрөөк сарбагыш уруусунан Канатовдорго (Канаат ажынын уулдары) ишенич менен келген элем. Алар менен мен Уфада Галия мектебинде 1912–1913-окуу жылында бир бөлмөдө турган элем. Алар экөө пассивный болсо да, студенттик забастовкага катышкан. Забастовкага тилектеш болушту. Забастовканын түп максаты араб, түрк тилдерине жана дин сабактарынын көптүгүнө каршы болушуп, рус (орус) тилин мектепке киргизүү эле... Аягында маселе текшерилип, 35 студентке бүткүл айыпты коюшту. Алардын бардыгы полиция карамагына берилди. Ошолордун ичинде татар акыны Ибрагим Башмаков менен мен да бар элем...биз 35 студент кара тизмеге алындык. Эч бир татар мектептерине бизге кирүүгө мүмкүндүк калбады. Мына ошол убакыттагы мени ачкалык өлүмүнөн куткаруучулар Канатовдор эле. Алар 1916-жылкы Кыргыз козголоңуна башчылык кылгандыктары үчүн бадиша тарабынан муунтуп (асып) өлтүрүлгөн экен. Бул мага катуу таасир жасады.[31]” Бул маалыматтар бизге жогорудагы медреседе бир эле учурда И.Арабаев, К.Мифтаков жана Канатовдор да бир мезгилде билим алышкандыгын тастыктап турат.

Мектептер калк жыш отурукташкан аймактарда, ошондой эле кыргыз айылдарында мечиттердин алдында ачылган. Көчмөндөрдө болсо, мектептер үчүн атайын ылайыкталган жайлар болбогондуктан, суук мезгилде кыштоолордо, ал эми күн жылый баштаган мезгилде оокаттуу кыргыздардын боз үйлөрүндө жайгашкандыгы белгилүү. Окуучулардын саны 5тен 30га чейин, айрым учурларда 40ка чейин жеткен.[32]

Белгилей кетчү нерсе, Кыргызстанда жадид мектептеринин ачылышына жергиликтүү кыргыз манаптары да түздөн-түз катышып, демилге көтөрүшүп, каражат беришкен. Жогоруда П.П.Ивановдун эмгегинде мектептер боз үйлөрдө жайгашкан деп айтылса, жаңы усулдагы мектептер үчүн атайын имараттар салынган. Алардын бири – Шабдан Жантай уулу (1839–1912) өз каражатына Кемин өрөөнүнүн Тар-Суу айылына медресе ачкан. Анда Кеминден гана эмес, Кочкор, Жумгал жана Чүй өрөөнүнөн да келип билим алышкан.

“Шабдания” деп аталган медресе Чоң-Кемин суусунун сол жээгинде, Тар-Суу айылынын батыш тарабында курулган. Бүгүнкү күндө анын пайдубалынын калдыктары гана сакталган. Археолог В.А.Кольченконун изилдөөсүнүн жыйынтыгында, таштардын ылай менен бекитип куюлган пайдубал экендиги жана бул курулуш алдын ала түзүлгөн план боюнча курулгандыгы белгилүү болду. Медресе жарыкка ыңгайлашып, созулуңку салынган. Анын батыш тарапта экендиги, мусулман өлкөлөрүнө мүнөздүү болгондой эле кыбылага багытталгандыгын туюнтат. Калдыктар боюнча, дубалы бышкан кыштан тургузулгандыгы көрүнүп турат.

Чоң-Кеминдеги "Шабдания" медресеси. 

Дубалдары шыбалып акталган, терезелери айнектелгенин чеке белиндеги айнектин сыныктарынан байкоого болот.[33] Ал эми архивде сакталып калган фото сүрөттөн медресенин имараты мезгил талабына ылайык салынган, абдан кооз имараттардын бири экендигин белгилей кетсек болот. Сүрөттөн көрүнүшү абдан кооз, азан айтуучу мунарасы кошо салынган архитектуралык курулуш экендигин, ал турсун медресенин алдында жарык берүүчү чырак да илингенин да көрө алабыз.

Медресенин даңкы алыска тарап, алардын ичинде сабаттуулугун жогорулатуу жана светтик билим алуу максатында мурдагы “кадим” - эски ыкмадагы мусулман мектептеринен билим алып калышкан, бирок жаңы усулдагы мектептин прогрессивдүү экендигин түшүнгөн көптөгөн молдолор да окуган. Медреседен кыргыз элинин тунгуч агартуучуларынын бири, мамлекеттик жана коомдук ишмер Базаркул Данияров, Кыргызстанда Совет бийлиги үчүн активдүү күрөшкөндөрдүн бири, коомдук ишмер Жолаалы Бапаков, акын Ысак Шайбеков, кийин республикага таанымал мугалимдер Абдраим Чункелеев, Дөөлөтаалы Келдибеков, Кулуке уулу Өмүраалы, Бөөмбаев Насырдин ж.б. билим алышкан.

Шабдан Жантай уулу караңгы кыргыз балдарынын сабатын ачууга бүткүл дараметин жумшаган. Ал өзү сабатсыз болгонуна карабастан, жаңы усулдагы мектептерди ачтырып, ага атайын мугалимдерди алып келишинин өзү Шабдан баатырдын мезгилдин алдыңкы адамы, элинин келечеги үчүн кам көргөндүгүнөн кабар берет. Пишпек уездинин начальниги А.Талызиндин 1896-жылы 18-мартта Жети-Суу областтык башкармалыгына Шабдан Жантаевдин кара-кыргыздар арасындагы орду жана ролу жөнүндө жазган рапортунда, мындай деп жазган жери бар: “бир жылдай мурун мен бир кадырлуу адамдардын арасында отуруп, кыргыздарды орусча окутуу жөнүндө маселе көтөрсөм, алардын көпчүлүгү колдоорун билдиришип, өздөрү тараптан эч кандай шарттарды коюшкан жок, бир гана Шабдан мага, бул мектептердин мечиттин алдында болуусун жана балдарга сөзсүз түрдө мусулман дини окутулуш керектигин ачык билдирди...”[34]

Осмонаалы Сыдыковдун “Тарых-и кыргыз Шадмания” аттуу эмгегинде, Шабдан салдырган медресе тууралуу бир кыйла кеңири баяндалган: “Чубар агачтык Ямлиха карыны Шабдан баатыр алдырып, миң сомго катын алып берип, бир нече жыл жалдады. “Кыраат” илими өтө эле алга кетти. Бир ариптин кандай сыры бар, кандай сыпаты бар экендигин, картынан баштап, жашына чейин жооп бере аларлык абалга жетти... Кыргыз баласынан “Карылар” (Куранды жатка билгендер) чыга баштады. Тарих, жуграфия (география), эсеп илими, “усул жадид” ушул заттан башталды. Балдарыбызга азыраак жан кирди. Дамбылданын амир магруфу (осуяты) боюнча, бул күндөрү балдарыбыз чоң шаарларга катышып, “Тарих” жаза тургандар чыкты. Уфа шаарына барып, “медресе Алияны” бүтүрүп келүүчүлөр да чыкты. Жана да чоң шаарлардан возифа (маяна) төлөп, мугалимдер чакыра тургандар чыкты. Оболку заманда, башкача айтканда, мындан 20 жыл мурун бала окуткан молдо малай сыяктуу эле. Дооран талашып, уруш чыгарар эле... Ошондой замандардын абалын ушул абалга келтирген молдо Жаркымбай, андан кийин Мухаммад аалы. Булар кыргыз уругунан. Андан кийин Ямлиха кары, андан кийин төрт тараптан жол ачкан Мухаммед Закир Абдылкащафар уулу жана Вохабов жанаплары. Булар дин агасы, илимдин түбөлүгү. Сарбагыш, бугу, саяктын устазы ушулар. 1-Кыдык маркум, 2-молдо Осмонаалы, ушу тарыхты жазуучу. Андан кийин Сулайманкул, Боз жигит, Исамүддүн, Абди вали, Бака.”[35]

Алгач Шабдандын медресесинен билим алып, кийин Совет бийлигин тушунда советтик мектептерде мугалим болуп иштеген, Ленин орденинин ээси Абдыраим Чүнкелеев медресе тууралуу төмөндөгүдөй эскерет: “1908-жылы Кеминге Уфадан жогорку мектепти бүтүргөн эки жаш мугалим келди. Алардын бири – татар, бири казак эле. Билимге суусап турган 300дөй бала ал мугалимдер жаңыча окутат экен дегенди угуп, чогулдук.

Мектеп жок болсо да, 10 баладан бир кош болуп, боз үй тигип, ашмачы жалдап, анда жаттык. Жер тамдан 5-6 бөлмөнү бошотуп беришти, алдыбызга тактайдан китеп койгуч, отурган жерибизге саман төшөп алдык. Мугалимдер окуучуларды билимине карата 1-беш сыныпка (класс) бөлүшүп, дин окуусуна кошуп, эсеп, география сабактарын окутуп жүрүштү. Глобус дегенди ошондо биринчи көрдүк. Бул эки мугалим окуучуларга дене тарбия ойнотуп, хор айттырар эле. Мына ошентип, түшүнүксүз араб тилинен түшүнүктүү өз тилибизде 1908-жылдан 1910-жылга чейин окуп калдык. Эми ойлосом, революциянын илеби ошол жылдарда эле түпкүрдөгү кыргыз жергесине кадимкидей жетип, мында өз таасирин күчөтүп, бизге окшогон жаштарды алдыртан даярдап жаткан экен...”[36]

Шабдан баатырдын балдарынын ичинен Самүдүндүн Самарканддан, ал эми Кемел Уфадагы “Галия” медресесинен окугандыгы жөнүндө белгилүү. Кемел Шабдан уулу орусча да билим алгандыгын эскерет.[37]

Жаңы усулдагы мектептер Кыргызстан аймагында ХХ кылымдын башында, б.а. Каракол шаарында 1901–1902-жылдары үч мектеп, Пишпекте эки жана Токмокто бир мектеп ачылган. Кийинчерээк, алыскы жерлерде да, алсак, Чоң-Кеминде, Тянь-Шандын тереңиндеги – Куртка айылында, Ысык-Көлдүн жээги – Тоңдо ж.б. жерлерде да жаңы усулдагы мектептер ачылган. Аларда Уфа, Казань шаарларындагы медреселерден, Пишпек, Токмок жана Каракол шаарларындагы жаңы усулдагы мектептерден билим алган мугалимдер иштешкен.[38]

1909-жылы Пишпек уездинин Темирболот жана Каракечим болуштуктарында мурда боз үйдө окутушса, кийин мектептер үчүн атайын имараттар салышкан. Кочкордогу Канат Ыбыке уулунун медресесинде алыстан келген балдар мектептин алдында салынган жатаканада жатып окушкан.

Ошол эле мезгилде Ысык-Көл аймагында да бир нече мектептер ачылган. Бул жөнүндө ошол мезгилде өзү да жаңы усулдагы мектептен билим алган, кыргыздын белгилүү фольклорчусу, манастаануучу Ыбырайым Абдрахмановдун кол жазмасында төмөндөгүчө белгилеген: “1909-жылы Кодонтай (Кодонтай Мекеге эки ирет барган, газета окуган, билимге жанын таштаган адам эле. 1911-жылы 47 жашында өлгөн) деген кишинин кайраты менен жаңыча мектеп ачылган. Чыныбайдын уулу Баракан деген да 1909-жылы мектеп ачкан. Байгазы манап да ачкан. 1912-жылдан баштап Тоңдогу Саке деген манап да, Ле-Колдогу Жийдебай деген манап да жаңыча мектеп ачкан. Бул мектептерде бүтүндөй татар тил менен басылган жана арап тилиндеги китептер гана окутулган. Мен 1905-жылы Пржевальскидеги татар мектебин бүтүрүп, Жети-Өгүздөгү жаңы ачылган мектепке мугалим болдум. Мен сыяктуу дагы бир канча жолдошторум да бүтүрүп, ар жерлерге мугалим болду. Мисалы: Кенжегазы Коноев, Бектемир Чынжыев, Омонбек Шенкеев (?), Абдыкерим ж.б.”[39]

Курткадагы манап Калпа ажынын жаңы усулдагы мектебинде 1914-жылы 30га жакын балдар окушуп, алардын арасында Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Абдылда Аралбаев, акын Абдыкалык Чоробаев да окуган.[40]

“Кыргыз тарыхынын” 1968-жылы жарык көргөн 1-томунда 1914-жылы Курткада Калпа ажы тарабынан да жаңы усулдагы мектеп ачылгандыгы жөнүндө маалыматтар бар. Бирок, мектепте Тоголок Молдонун ишмердиги тууралуу маалыматтар жок болсо да, биздин оюбузча, анын да бул ишке агартуучу катары түздөн түз катышы бар болуш керек. Анткени, ал Чүйдө жашап жүрүп 22 жашында үйлөнүп, 27 жашка чыкканда, тактап айтканда, 1887-жылы Токмоктон туулган жери – Курткага кайтып барган.[41] Мындай сабаттуу, билимдүү адамдын келиши, айылдаштары үчүн чоң табылга болгон. Анын балдарга арналган “Чынчыл бала”, “Каркыра менен түлкү”, “Жер жана анын балдары”, “Турумтай, “Талым кыз менен Көбөктүн айтышы”, “Торпогум” ж.б. ырлары бекер жеринен жазылбаса керек. Алсак, “Телибай тентек” чыгармасында:

“Бул баланы окутуп,
Тентектигин тыйып бер.
Айткан тилиң албаса,
Аябай мыктап уруп бер...” деп баласын молдого алып барганы,

“Молдо айтса, терс айтып,
Молдонун жанын күйдүрдү,
Айрып-жыртып бир канча,
Дептерин да бүлдүрдү”,[42] деген саптары мектеп, андагы билим берген молдолор жана ата-энелердин байланышы жөнүндө таасын кабар берип турат. Анткени, молдого алып барып бергенде “эти сиздики, сөөгү меники” деп айтышып, кандай гана жол менен болбосун, билим берсин деп, ал турсун баласын сабаганга да кайыл болуп, окууга беришкендиги белгилүү.

А.Э.Измайлов “Просвещение республиках советского Востока” деген эмгегинде: “Кыргызстандын аймагында жаңы усулдагы мектептер адегенде Пишпекте ачылган “Мадраса и-Иштидад”, Токмокто “Мадраса и-Икбалия” жана Караколдо И.Гаспринский атындагы мектептер болгон” деп көрсөтөт.[43]

А.Осмонкулов “Кыргызстанда эл агартуу иштеринин жана эне тилин окутуунун тарыхынан” деген эмгегинде: “Пишпектеги татар мечитинин алдында эркек балдардын мектеби болуп, ага жаңы ыкма 1902-жылдан тартып киргизилген. Окуу татар тилинде жүргүзүлүп, орус тилинен П.Д.Масленников сабак берген.

Каракол шаарындагы татар мечитинин алдында эркек балдардын мектеби 1901-жылдан тартып окутуунун жаңы ыкмасына өткөн. Анда 1914-жылы 77 татар, 28 кыргыз жана сарт калмак, 24 дунган жана өзбек балдары окушкан. Мектеп Пржевальск шаарындагы мусулман коомунун каражатынын карамагында болуп, окуу китептери Казань шаарынан алынып турган” деп белгилеген.

ХIХ кылымдын аягында Токмокто соода иши абдан өнүгүп, ал жерде жашаган татарлар, орустар, өзбектер көп болуп, бери жагы Пишпек, ары жагы Ысык-Көл жээгине бара турган жолдун боюнда болгондуктан, бул жерде татар мугалимдери тарабынан биринчи жолу 1898-жылы жаңы усулдагы мектептер ачылат.[44]

Ош шаарында революцияга чейин жаңы ыкма менен окута турган эки мектеп болуп, анда 100 бала окуган.[45]

Пржевальск уездинин Тоң болуштугундагы Туура-Суу мектебинде да окуу жаңы ыкма боюнча жүргүзүп, анда Уфадагы медреседен билим алып келген Ишеналы (Эшенаалы) Арабаев (1882–1933) мугалим болгон. Ал 1910-1916-жылга чейин айыл-кыштактарда мугалим болуп, бала окуткан. 1910-жылдан 1913-жылга чейин Уфа шаарындагы “Галия” медресесинде окуп, жайкы дем алыш мезгилдеринде казак айылдарына барып, кышкы окуусуна каражат таап турган.[46]

Уфадан окуусун ийгиликтүү бүтүргөн соң, Коңур-Өлөң айылына келет да, мугалимдик ишин андан ары уланткан. 1915-жылы Тоңдогу Төрт-Күл кантонуна которулуп, балдардын окуусун жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Ушул жылдары Нарын, Каракол аймактарында да мектептер ачылып, ал жерлерде агартуу иштерине көмөк көрсөткөн. Ал элдик оозеки чыгармалардын үлгүлөрүнө абдан кызыгуу менен аны өз ишине кеңири пайдаланып, ар бир болуштукта өзүнчө мектеп ачуунун зарылдыгын элге түшүндүрүп, мугалимдерди даярдоого көп аракет жасаган. Жаңыдан иштей баштаган мугалимдерди өз тажрыйбасы менен тааныштырып, бала окутуунун жаңы ыкмаларын шакирттерине үйрөтүүгө аракеттенген. Ал улам жаңы мектеп ачып, өзүнүн айланасына бир катар демилгелүү мугалимдерди чогултуп, эми ишти кызуу жүргүзө баштаган кезде 1916-жылдагы кыргыздардын көтөрүлүшү “Үркүн” башталып, ал аргасыздан эл менен Кытайга (Үч-Турпанга) качкан.[47]

А.Чукубаев ХХ кылымдын башында Кыргызстанда, Түркстандын бардык аймактарындагыдай эле улутчулдук идеяны таратуучулар катары, айрым жаңы усулдагы мектептерди белгилеп кеткен. Ал билим берүүдөгү реформанын негизги максатын: “адеп динди, андан соң светтик сабактарды окутуу” деп көрсөткөн. Бирок, биздин оюбузча, бул жерде автор медреседе окутулган сабактарды көрсөтүү менен, анын “кадим” мектебинде окутулган сабактар менен салыштырган эмес. Ал мектептерде болсо, негизинен жалаң дин сабактарын окутуу менен гана чектелгендиги белгилүү. Ал эми жогоруда аталган дин сабактары менен бирге эле арифметика, география, тарых жана жаңы окуунун киргизилиши ошол мезгилдеги эң эле прогрессивдүү көрүнүш экендигин тана албайбыз.

Бул тууралуу ошол мезгилдин сабаттуу адамы, светтик да, мусулмандык да билими бар Осмонаалы Сыдыковдун “Тарихи кыргыз Шадмания” эмгегинде, Шабдандын Чоң-Кемин өрөөнүндө мектеп ачып, ага Уфадан мугалимдерди чакыргандыгын жана усули-жадид мектебинин артыкчылыктарын көрсөтөт:

Медресе-мектеп ачтырдың,
 илим окуу бек керек.
Усул жадид молдосун,
Алса болор тезирээк.
Үч-төрт айдын ичинде
Кат жазууну билдирет.
Сегиз айдын ичинде
Ыйман, ислам бек билет...[48]

Бул эмгектин баалуулуугун белгилей кетүү абзел, анткени, автордун өзү да доордун алдыңкы мектебинен билим алып калгандыктан, эски мектептердин жактоочулардын жаңы усулдагы мектептердин ачылышына каршылык көрсөткөнүн, алардын эл ичинде тескери пикирлерди жайылткандыгын көрсөткөн:

 “Усул жадид окуган”,
“Кафир иши, бу” деди.
“Илим билбес нааданы”
“Мазак кылды биздеди”.
Кокон, Ташкен молдосу,
Мактеп ачты билгени.
Казы, раис болгону,
Арам деген биздерде
Илими жок ооганы.
Ошолор калкты бузганы.[49]

Мурдагы мектептерди окуп бүтүргөн балдар механикалык түрдө гана арабча окуганды өздөштүрүшкөн, анда да көпчүлүк учурда ошол жерде окуткан китептерди гана окуй алышкан. Ошондуктан, эски усулдагы мектептер чыныгы билимди бере албастыгы белгилүү. В.Наливкин бул көрүнүштү төмөндөгүдөй белгилеген: “жергиликтүү элдин турмушун үстүртөн караган учурда да, мектептердин санынын көптүгүнө карабастан, жергиликтүү элдин ичинен өтө көп сандагы сабатсыздарды жолуктурабыз”.[50]

Жаңы усулдагы мектептерди аяктаган жаштар көбүнчө кайрадан айылдарга келип, билим берүү жаатында алгылыктуу иштерди жасашкан. Бул жөнүндө жазуучу Бөрүбай Кененсарин мындай деп жазган: “Шабдан Жантаевдин Уфадан чакыртып алган жана казак молдолорунан окуп, Токмоктогу чоң молдо Закир карыядан дин илимин аяктаган Айдаралы Жолиев деген молдодон окудум; арап тилинин грамматикасынан (сарф) синтаксисине чейин (нахву) окуп, Курандын маанисин билип калдым”.[51] Анын биографиялык “Эски заманда” деген аңгемесинен ошол мезгилде чыгып турган татарча “Шура” жана “Аң” (“Анг”) деген журналдарды атасынын жаздырып алып турганын жана ал сабатсыз болсо да, баласына окутуп тургандыгынан бул басылмалардын кыргыздардын арасында кеңири тарагандыгын баамдай алабыз. Б.Кененсарин ошондой эле Айдараалы Молдонун жалаң эле динди окутпастан, татар тилинде эсеп, география, астрономия (ризият), геометрия (хандаса) жана татар адабиятын да окуткандыгын белгилеген.[52]

XIX кылымдын аяк чени – ХХ кылымдын башында окутуунун жаңы ыкмаларын пайдалануу аймакта капиталисттик мамилелердин пайда болушу менен да шартталат. Бул мектептер орус-тузем мектептерине салыштырганда элдин аң сезимин көтөрүүгө болгон зор салымын белгилей кетүү абзел. Алсак, кыргыздын тунгуч прозаиги Сыдык Карачев алгачкы чыгармаларын татарча жазып, 1919–1920-жылдары “Көмек” (“Ушкын”) газетасында жарыяланган. З.Ч.Мамырбековдун маалыматтарына караганда, ошол газетанын беттеринде С.Карачевдин “Үйлөнүүдөн качты”, “Сүйгөнүнө кошула албады”, “Армандуу эки жаш”, “Ысык-Көл боюнда”, “Күкүк менен Зейнеп” дегендери жарык көргөн.[53]

Айтайын дегенибиз бул чыгармалардын ичинен, “Үйлөнүүдөн качты” деген аңгемеден жаңы усулдагы мектеп менен орус-тузем мектебинин айырмачылыктарын, ошол доордун күбөсүнүн, б.а. автордун өзү да жаңы усулдагы мектептен билим алган, агартуу жана патриотизм идеяларын кабыл алган көз карашы аркылуу баамдасак болот.

Анын кыскача мазмуну төмөндөгүдөй: “татар жана орус гимназияларында окуп келген жаштардын каникул убагында жайлоого келишип, бир чокуга чыгышып, өз ара айтышат. Айтыш Ысмайыл байдын татарча гимназияда окуган уулу Султандын жакында үйлөнгөнү жатканы кабардан улам тутанат. Ал үйлөнөйүн деген ниети жоктугун, бирөө менен эскиче баш кошууга каршы экенин, азырынча илим-билим алып, караңгы элине кызмат кылсам деп самап жүргөнүн айтып, ата-энеси ал деп жаткан кызга эмне үчүн үйлөнбөй турганын мындайча түшүндүрөт: “ал менин кайгырган убакта кайгыма ортоктошууга, өзүм жана миллетим туурасындагы менин пикириме кошула албайт. Менин ошондой кайгылуу, кээде шат убактарымда ишке жарабаган сенек бир куурчакты алуудан мен кандай кызык тапмакчымын?... Мен адам катарына кошулмайынча үйлөнбөйм. Үйлөндүңбү – үйлөндүң, андан ары ой-пландарыңдын баары көккө учат!”

Султанды куду өзү сыяктуу татарча окуган жолдоштору жактайт. Ал эми орус гимназиясында тарбияланган Касымбек аттуу жигит Султандын үйлөнгөндөн качканын, татар интеллигенттерин сокур туурап, “миллетим” (“улутум”) деп ооз көптүргөнүн шылдыңдап сүйлөйт. Султан өз кезегинде орусча окуган кыргыз жаштарына тилмеч же писарь болгондон башканы ойлонбойсуңар, чындап келгенде, силерге мансап болсо болду, улуттун кереги жок деп айып коет. Аңгеме баш каарман Султандын тою болордо качып кетип, акыры Борбордук Россия тарапта окуп жүрүптүр деп кат-кабар чыкканы баяндалып келип, “ал ошол кеткен боюнча кетти да калды. Эмнеси болсо да анын сапары алыс, максаты эл эркиндигин, анын келечегин ойлоо эле”, деп аяктайт.[54]

Дагы бир агартуучу, акын Алдаш Молдонун “Хал заман” деген чыгармасында ушундай эле маанидеги саптар кездешет:

Бир дубанда окуган
Эшмукамбет, Касымбай.
Караколдун училиш,
Гимназия бүтүрдү ай.
Эч илимге жетпеди,
Байкам көрсөм мансабы,
Бесирликтен өтпөдү.[55]

Бул саптардан орус-тузем мектептеринин максаты айкын болот. Алар негизинин колониялык бийликтин кызматын аткара турган катчы, тилмеч сыяктуу төбөлдөрдү даярдагандыгынын дагы бир далили.

Окутуучулардын көпчүлүгү Казандагы “Мухамедие”, Уфадагы “Галие”, Оренбургдагы “Хусаиние”, Троицк шаарындагы “Расулие” медреселерин аякташкан.[56] Маселен, “Экбалия” медресесинин мударристери З.Вагапов, М.Смаков Троицкидеги “Расулие” жана Уфадагы “Галие” медресесинен, Нурали Мамин Казандагы “Мухамедие” медресесинен билим алышкандыгын көрөбүз. Алардын кыргыз жаштарынын арасында кадыр-баркы жогору болгон.[57]

 “Экбалия” мектебинде 1908-жылы 36 татар, 30 өзбек, 9 дунган, 5 кашкарлык, 200дөй кыргыз улутундагы балдар билим алышып, 8 мугалим, а. и. 1 муддарис (директор) иштеген. Мугалимдерге айлык акы чектелген эмес, аларга ата-энелер тарабынан берилген садаганын жана белектердин эсебинен ыйгарылган. Мугалимдерге берилген сумма 300–600 рублга, муддариске 600–1000 рублга чейин жеткен.

Окуу мөөнөтү төрт жылга созулуп, окуучулар 3 класска бөлүнүшкөн. Окутуу төмөнкү программа боюнча жүргүзүлгөн:

1-класс – бир жылдык болуп, үн чыгарып окуу жана жазуу. Максудовдун “Мугалим авваль” (“Алгачкы мугалим”, б.а. алиппе) жана арабча текстти окуу үчүн “Мугалим сани” (алиппенин 2-бөлүгү) окуу куралдары менен окутушкан. Алиппеден кийинки биринчи китеп – Фахруддиновдун “Тарбияли бала”, андан соң “Ибадат исламия” дин жөрөлгөлөрү, 100гө чейин сандарды жазуу болгон.

II класс – бир жылдык. Максудовдун “Акиат исламия” (динтаануу) китеби боюнча окуу. Харакаттарды пайдалануу менен (үстүңкү жана астыңкы белгилер менен) таза жазуу (язу). Арифметика (хисяв зегни) – төрт арифметикалык амал; 1000ге чейин жана андан жогору сандарды жам (кошуу), тарх (алуу), зарб (көбөйтүү), таксим, тафрик (бөлүү). Эне тил боюнча (кыраати түркия) – Зубаировдун “Раабар-и-сыбьян” (“Балдарды жетектөө”) окуу куралы менен түшүндүрүп окуу. Ошол эле автордун окуу китеби боюнча “Тариху анбия” ыйык тарых китеби, куранды таживидъ менен окуу (сөздөрдү туура айтуу жөнүндөгү окуу), география боюнча баштапкы маалыматтар (жаграфия).

III класс – эки жылдык. Болжолдуу программасы: грамматикалык жат жазуу (Имла), окуу жана айтып берүү (Маглума-ты-шафагия), Куранды тажвидъ менен окуу, догматтык диний окуу (зарурату диния), ислам тарыхы (тарихи ислам) авт. Идрисов, элдин тарыхы (тарихи милли), араб тили (араб-лисани) окуу китебинин авт. Максудов, география (жаграфия) авт. Харис (бул курс глобус, карталардын жардамы менен өткөрүлгөн, логика боюнча алгачкы түшүнүктөр (мантык), стилистика (инша), араб адабияты (маган-бадиг-баян) авт. Сагдуддин, арифметика – татаал маселелерди (мажгуль) төрт амал менен чыгаруу, геометрия, ошондой эле гигиена боюнча (хифзу сиха) – ден соолукту сактоо (анын айрым материалдары окуу китептери, айрым бөлүгү аңгемелешүү учурунда өткөрүшкөн) окутулган.

Кыргыз балдар башка улуттардан өзүнчө окушкан, бирок ошол эле программа боюнча, “Экбалиянын” мурдагы бүтүрүүчүлөрү болгон кыргыз окутуучулары окутушкан. Окуучулардын жашы 12–25 жашка чейин болгон. Алыскы болуштуктардан келген балдар медресенин жатаканасында, өз каражаттарынын эсебинен жашашкан. Окууну эңсеп келген кыргыз жаштары кыйынчылыктарга карабастан (башкача айтканда, алардын тамагы нан жана чай гана болгон, кээде гана эт менен тамактанышкан), билим алышкан. Медресени аяктаган жаштар Жети-Суу аймагынын кыргыз калкынын арасындагы күчтүү адистер катары белгилүү болуп, жаңы идеяларды жана билимин эл арасына таратышып, молдо болушуп, мектептерди ачышкан жана мусулман баштапкы билим берүү иштери областтын кыргыз калкынын эң жогорку жетишкендиги катары эсептелген.[58]

1914-жылы медресенин программасы бир топ өзгөрүп, окуучулар беш бөлүмгө бөлүнүп, жогорку бөлүмдөрүндө анатомия, Россиянын географиясы ж.б. жаңы предметтер окутулган.

Кыргызстан аймагындагы жаңы усулдагы мектептерде кыргыздардан башка калктын өкүлдөрү да билим алышкан. Алсак, Токмоктогу “Экбаль” мектебинде татар, кыргыз, өзбектер, кашкарлыктар жана дунгандар окушкан. 1901-жылы Караколдогу татар мектеби жаңы усулда окутууга өтүп, анда 77 татар, 28 кыргыз жана сарткалмактар, 24 дунган жана өзбек балдары окушкан. Ошол эле жерде жаңы усулдагы дунган мектеби да болгон. Аны аяктагандардын көпчүлүгү кийин орус-тузем окуу жайларынан билимдерин улантышкан.[59]

Ушундай мектептерден билим алып, кийин орус приходдук окуу жайларын жана гимназияларды бүтүрүшкөн көпчүлүк шаардык дунгандар Пишпек, Верный ж.б. Түркстандын шаарларынын коомдук турмушунда өз таасирлерин тийгизишкен. Маселен, алардын катарында Пишпек шаарынын мэринин жардамчысы болуп жыйырма жылдай убакыт иштеген Матянью Люлюзы, анын бир тууганы, Пишпектеги бир нече галантереялык дүкөндөрдүн ээси – Сусуза, Кара-Кунуз орус-тузем мектебинин окутуучусу Жебыр Мадживан ж.б. бар.[60]

Революцияга чейин Ырдык (Каракол уезди) кыштагында алдыңкы мусулман өкүлдөрүнөн турган уюм түзүлгөн, алардын катарында Хусеин ахун, Шарипахун Ибрагимов (Ма Сэньляня) ж.б. кирген. Алар окутуунун салттуу системасына жалпы билим берүүчү сабактарды киргизүү аркылуу реформа жүргүзүүнү көздөшүп, арифметика, география ж.б. сабактарды дунган тилине которууну сунушташкан жана кийимдин европалык стилине өтүүгө үндөшкөн.[61]

Бул планды ишке ашыруу максатында айылдык бир тигүүчү жергиликтүү ательеден европалык үлгүдөгү кийим тигүүнү өздөштүрүп, натыйжада тез арада эле ырдыктардын көпчүлүгү жаңы, анын ичинен татарча үлгүдөгү кийимдерди кийип калышкан. Окутуунун салттуу системасына жаңыланууга таптакыр каршы болгон бир катар ахундардын каршылыгына карабастан, кыштакка Ма Сэньлянь жаңы усулдагы мектеп ачкан. Анда Авылкай деген мугалим балдарды окуткан.[62]

1913-жылы дунгандар тарабынан Жети-Суу областынын Александровск кыштагында үч мечит медресеси менен, Николаевскиде (Каракунуз) – медресеси менен ачышкан.[63]

Окутуучулардын көпчүлүгү Уфадагы “Галие” медресесин аякташкан. Маселен, молдо Надыркул, Токтоналы Чынгышев, Исхак Канагаров (Канатов),[64] И.Арабаев, О.Сыдыков, К.Шабданов[65] ж.б. ал медреседен билим алышкандыгы белгилүү. Алар кайтып келген соң, жергиликтүү мектептерде иштешип, балдарды тарбиялашкан.

1912-жылы Пишпекте жаңы усулдагы мектептердин жыйыны өткөрүлүп, анда “Окутуунун жалпы методикасы, бирдей программаны иштеп чыгуу жана балдарды мусулман-улуттук духта тарбиялоо” маселеси каралган.[66] Бул маалыматтын өзү эле жаңы усулдагы мектептердин мугалимдери канчалык деңгээлде иш алып бара жаткандыгынан, алардын бирдиктүү программа түзүү иш аракетинен кабар берип турат.

1917-жылдын баш ченинде Түркстанда жүзгө жакын жаңы усулдагы мектептер болгондугу жана аларда 4000дей бала окугандыгы белгилүү.[67] Бул мектептерден А.Байтурсынов, А.Букейханов, М.Дулатов, Хамза, Айбек, И.Арабаев, И.Абдрахманов, М.Чокай сыяктуу коомдук ишмерлер, жазуучулар билим алып чыгышкан. Жадидчилик кыймылынын өкүлдөрү, агартуучулар – И.Арабаев, М.К.Абдурашидханов, М.Бехбуди ж.б. жаңы усулдагы мектептердин окуу программасын стандартташтырганга аракет жасашкан.

Жогорудагы Түркстан аймагында жүзгө жакын жаңы усулдагы мектептердин болгондугу жөнүндөгү маалыматты караган учурда мындан да көп болгон го деген ой кетет. Ал эми Кыргызстан аймагын карап чыккан учурда, отуздай мектеп болгондугун баамдасак болот. Албетте, мындан да көп болушу мүмкүн. Аны келечектеги изилдөөлөрдө да белгилүү болот деген ойдобуз. Ошондой болсо да Түркстан аймагындагы жаңы усулдагы мектептердин үчтөн бири Кыргызстан аймагында ачылгандыгы жадидчилердин агартуу жаатындагы активдүү иш аракеттеринин далили. Болгон маалыматтарды пайдаланып, төмөндө кыргыз жергесинин айыл-кыштактарындагы жаңы усулдагы мектептердин тизмесин берүүгө аракет жасадык:

  • Пишпектеги татар мечитинин алдында эркек балдардын мектебине жаңы ыкма 1902-жылдан тартып киргизилген.
  • Пишпекте 1909-жылы кыздар үчүн жаңы усулдагы мектеп ачылган.
  • Токмокто 1898-жылы жаңы усулдагы мектеп ачылат.[68]
  •  Токмокто 1902-жылы жергиликтүү таасирлүү бай-манаптар тарабынан “Экбалия” медресеси ачылган.
  • Каракол шаарында 1901–1902-жылдары үч мектеп ачылган. Каракол шаарындагы татар мечитинин алдында эркек балдардын мектеби 1901-жылдан тартып окутуунун жаңы ыкмасына өткөн.
  • Чүйдүн Сокулук аймагында Тынаалы уулу Чолпонкул ажы тарабынан ачылган жадид мектебинде Айдаралы (Айдаркан Жолин) деген молдо мугалим болуп иштеген. Анын куржунунда Молдо Кылычтын чыгармаларынын көчүрмөлөрү көп болорун, дамбылданын аларды балдарга жаттатып, көчүрүп жаздыртып окуткандыгын, ошол окуучулар улуу акындын ыр, поэмаларынан үзүндүлөрдү жатка айткандыгын Бөрүбай Кененсарин[69] эскерген.[70] Бул тууралуу Т.Саманчин да белгилеп кеткен: “Айдаркан Жолин аттуу молдо Кеминде Шабдандын айылында ачылган “жадид” мектебин бүтүрүп чыгат. Окуусун бүткөндөн кийин ал солто уруусундагы Талкандын чоң манабы Жантайдын айлына келип, мындагы ачылган “жадид” мектебине молдо болот.          
  • 1909-жылы Чоң-Кемин жергесинин Сарыбагыш болуштугунда мектеп ачылып, анда 150гө жакын кыргыз балдары билим алышкан.
  • Төрөгелдинин небереси Өтөмбай манап Кочкордо өз айлына мечит, медресе ачкан. Бул убакытта окуу курагына жетип калган Кылыч ушул медресеге кирип, окуй баштаган. Жумгалдан чакырылып келген Ботоян аттуу молдо да балдарды окуткан.
  • 1912-жылы Пишпек уездинин Талды-Булак (Кочкордо) деген жеринде Ыбыкеев Канат тарабынан мектеп курулуп, анда 9 мугалим иштеген.[71] Ага ошол тегеректеги болуштуктардан келген балдар мектептин алдында салынган жатаканада жатып окушкан. Окутуу иши кыргыз мугалимдери тарабынан жүргүзүлгөн.
  • 1907-жылы Өзгөндө эки мектеп Факриддин молдо, Рахим молдо ж.б. тарабынан ачылган[72].
  • Коргон-Төбөдө Мырзакул болуш өзүнүн 28 өжөрөдөн турган чоң медресесинин жанына атайын имарат салдырып, ага Бухарадан китептерди, адис мугалимдерди алдыртып, билимге шыктуу, бирок кембагалдардын балдарына да билим алуусуна шарт түзүп, жаңы усул менен окута баштаган.[73]
  •  1910-жылы Ошто Фазылбек Касымовдун жетекчилиги менен жаңы усулдагы мектептер ачылып, анын ичинде кыздар үчүн да мектеп болгондугу белгилүү.[74] 1914-жылкы маалымат боюнча Оштогу эки мектепте 100 окуучу билим алган.[75]
  •  Кара-Сууда ачылган жаңы усулдагы мектепте жыйырмадай окуучу билим алып турган.[76]
  • И.Арабаев 1913-жылдан Каракол уездинин Тоң районунда кыргыз мектептерин ачып, 1916-жылга чейин иштегендигин жазып, бул мезгил аралыгында жаңы усул менен 100дөн ашык балдарды окутуп, тарбиялагандыгын жана алардын көбү учурда кыргыз мектептеринде мугалим болуп иштеп жатышкандыгын белгилеген.
  • Курткадагы манап Калпа ажынын жаңы усулдагы мектебинде 1914-жылы 30га жакын бала окуп, алардын арасында Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Абдылда Аралбаев, акын Абдыкалык Чоробаев да окуган.[77]
  • Ырдык (Каракол уезди) кыштагында Ма Сэньлянь жаңы усулдагы мектеп ачкан. Анда Авылкай деген мугалим балдарды окуткан.[78]
  •  1913-жылы дунгандар тарабынан Жети-Суу областынын Александровск кыштагында үч мечит медресеси менен, Николаевскиде (Каракунуз) – медресеси менен ачышкан.[79]
  • Ы.Абдрахмановдун маалыматы боюнча, Ысык-Көл чөлкөмүндө 1909-жылы Кодонтай деген кишинин кайраты менен жаңыча мектеп, Чыныбай уулу Баракан 1909-жылы, ошондой эле Байгазы манап да мектеп ачкан, 1912-жылдан баштап Тоңдогу Саке деген манап, Ле-Колдогу Жийдебай деген манап да жаңыча мектеп ачкан. Бул мектептерде бүтүндөй татар тил менен басылган жана арап тилиндеги китептер гана окулган.[80].
  • 1916-жылы Кемин өрөөнүндөгү Жошолуу-Сайдын оозунда тунуке чатырлуу, айнек-терезе салынган, ошол мезгилдеги заманбап мектепти салышкан.[81] Бул мектепте Копобаев Мүсүралы мугалим болуп иштеген.

Бул тизме дагы уланат деген ойдобуз. Кыргызстан аймагында да жаңы усулдагы мектептер кыргыз интеллигенциясынын калыптануусуна зор салым кошкондугун жана коомдогу социалдык-саясий, экономикалык жагдайды жакшыртууга аракеттер жасалгандыгын, Совет бийлиги орногондон кийин да алар элдин жаркын келечеги үчүн ишмердүүлүктөрүн улантышкандыгын белгилеп кетүү абзел. Тилекке каршы, улуттук интеллигенциянын башатын түзгөндөрдүн көпчүлүгү тоталитардык режимдин курмандыгына айланышып, ойлогон максаттарын жүзөгө ашырбастан, турмуштан эрте кеткендиги өтө өкүнүчтүү.

Бул маалыматтар А.Кубатованын “Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы” (1900–1916) китебинен алынды.

Аида Кубатова, тарых илимдеринин кандидаты, КР УИАнын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун Кыргызстандын ХХ–ХХI кк. тарыхы бөлүмүнүн башчысы. 

[1] История Отечества. Россия в конце 19 – начале 20 веков. Энциклопедический словарь. – Москва, 1999. – 61-б.

[2] Кауфман К.П. Проект всеподданнейшего отчета генерал-адъютанта К.П. фон Кауфмана по гражданскому управлению и устройству в областях Туркестанского генерал-губернаторства. Кара. Бендриков К.Е. Очерки по истории народного образования в Туркестане (1865-1924 годы). – М., 1960. -26-27-б.

[3] Сабитов Н. Мектебы и медресе у казахов. Алма-Ата, 1950. – 5-б.

[4] Джуманалиев А.Политическая история Кыргызстана. – Бишкек, 2005. –С.90.

[5] Климович Л. Ислам в царской России. – М., 1936. 186-187-б.

[6] Бобровников Н.А. Русско-туземные училища, мектебы и медресе Средней Азии. СПб., 1913. – 81-82-б.

[7] История народов Узбекистана. Т.2. – Ташкент, 1947. – 329-б.

[8] Абдрахманов Ю. Предвестник Октября (к 15-летию восстания в Киргизии в 1916 году)/в кн.: 1916. Дневники. Письма к Сталину. – Фрунзе:Кыргызстан, 1991. – С. 226.

[9] Абдулдаев Н. Обучение грамоте в старых узбекских школах. – Ташкент, 1961. – 10-б.

[10] Бектемисов А.К. Книгоиздание в Советском Казахстане. – Алма-Ата, 1970. – 33-б.

[11] Ошол эле жерде.

[12] Южаков Н.Д. Итоги 27 летнего управления нашего Туркестанским краем.- СПб., 1891. -  4-б.

[13] Южаков Н.Д.  Итоги 27 летнего управления нашего Туркестанским краем. -  СПб., 1891. – 33-б.

[14] Измайлов А.Э. очерки по истории советской школы в Киргизии за 40 лет (1917-1957 гг.). – Фрунзе, 1957. – 15-б.

[15] Абдрахманов Ж. 1916. Дневники. Письма к Сталину. Фрунзе: Кыргызстан, 1991. – С.226.

[16] Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 2-китеп. – Бишкек, 1993. – 86-б.

[17] Сыдыков О. Тарих кыргыз Шадмания. – Бишкек, 1990. – 38-б.

[18] Айтмамбетов Д. Дореволюционные школы в Киргизии. – Ф., 1961. – 14-б.

[19] Данияров С. Жадидчиликтин жанданышы//Заман Кыргызстан. – 1996. 28-июнь. – 8-б.

[20] ЦГА РУ ф.и-1, оп. 11, д.80. л.2 об. – Султанова М.Ш. XIX кылымдын экинчи жарымы ХХ  кылымдын башындагы Түштүк Кыргызстандагы билим берүүнүн абалы. – Ош, 2007. – 90–91-б.

[21] Садои Туркестан газетасы. 1914–1915-ж. №47. –Султанова М.Ш. – 91-б.

[22] Садои Туркестан газетасы. 1914–1915-ж. №28. –Султанова М.Ш. – 91-б.

[23] Буркашев С. Мырзакул болуш. – Ош, 1993. – 10-б.

[24] Статистический обзор Ферганской области за 1914 год. г.Скобелев, 1917. Приложение №3.

[25] ЦГА РУ. Ф.и-1009, оп.1, ед.хр.87, л.97-98. М.Султанова... – 92-б.

[26] Айтмамбетов Д.А. Дореволюционные школы в Киргизии. – Фрунзе, 1961. – 92-б.

           [27] Айрым документтерде Ысак деп да берилет.

[28] КР УИАнын Кол жазмалар фонду. Инв. №847. – 5-6-б.

[29] Габделманов С. (1879-1917) – жазуучу, агартуучу. 1902-ж. Каракол шаарындагы жадид мектебинде мугалим болуп иштеген.

[30] Мамытов С.А. Кыргызско-татарские литературные связи второй половины Х!Х- начало ХХ вв.. Бишкек, 1999. – 117-б.

[31] Мифтаковдун өмүр баяны. КР УИАнын Кол жазмалар фонду. Инв. №298 (96). – 27-28-б.

[32] Иванов П.П. Очерки по истории Средней Азии. – М., 1958. – 214-б.

[33] Шабдан баатырдын медресесине 100 жыл. – Бишкек, 2009. – 21-22-бб.

[34] Казакстан Респ-нын БМА. Ф.44. оп.1, д.695., л.2-7 об. Караңыз. Шабдан баатыр. – Бишкек: Шам,  1999. – 92-б.

[35] Сыдыков О. Тарих кыргыз Шадмания. – Бишкек, 1990. – 39-б.

[36] Шабдан баатырдын медресесине 100 жыл. Түзүүчүлөр: А.Джуманалиев, А.Тойчубаев, А.Кубатова, Т.Кебекова. – Бишкек, 2009. – 261-б.

[37] Шабдан баатыр (“Ала-Тоо” журналынын тиркемеси). – Бишкек, 1992. – 26-27-б.

[38] Айтмамбетов Д. Дореволюционные школы в Киргизии. – фрунзе, 1961. – 39-б.

[39] КР УИАнын Кол жазмалар фонду.- Инв.№129. – 68-б.

[40] Осмонкулов А. Кыргызстанда эл агартуу иштеринин жана эне тилин окутуунун тарыхынан. – Фрунзе, 1971. – 49-б.

[41] Айтмамбетов Д. Культура киргизского народа во второй половине ХIХ и начале ХХ века. – Фрунзе, 1967. – 108-бет.

[42] Тоголок Молдо. Тандалган чыгармалар. – Фрунзе, 1960. – 139-бет.

[43] Измайлов А.Э. Просвещение республиках советского Востока. – М., 1973. – 36-б.

[44] “Наука и просвещение” журналы. 1922. №2. – 34-б.

[45] Осмонкулов А. Кыргызстанда эл агартуу иштеринин жана эне тилин окутуунун тарыхынан. – Фрунзе, 1971. – 48-б.

[46] Ишенаалы Арабаев. Туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган жыйнак. Бишкек: Табылга, 1993. – 10-б.

[47] Ишенаалы Арабаев. Туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган жыйнак. Бишкек: Табылга, 1993. – 28-б.

[48] Сыдыков О. Тарих кыргыз Шадмания. – Бишкек, 1990. – 64-б.

[49] Сыдыков О. Тарих кыргыз Шадмания. – Бишкек, 1990. – 57-б.

[50] Наливкин В. Что дает среднеазиатская мусульманская школа в образовательном и воспитательном отношениях?//Туркестанский литературный сборник в пользу прокаженных. – СПб., 1900. – С.235.

[51] Кененсарин Б. Сага арнап (чыгармалар жыйнагы). – Бишкек, 1998. – 18-б.

[52] Ошол эле жерде. – 19-б.

[53] Мамытбеков З. Кыргыз совет адабиятынын алгачкы саамалыктары. – Ала-Тоо, 1970, №5. – 148-149-бб.

[54] Жигитов С.  Кечээкинин сабактары, бүгүнкүнүн талаптары. – Фрунзе, 1991. – 41-42-бб.

[55] Мурас. – Фрунзе, 1990. – 186-б.

[56] Аршаруни А. Габидуллин Х. Ошол эле эмгек. – 14-б.

[57] Чукубаев А. Аталган эмгек. – 67-б.

[58] Семиреченские областные ведомости. В.Р. Новые течения в школьной жизни русских мусульман.//№15, 16.1908 г. Бул газетада жарыяланган макалада “Экбалия” медресеси жөнүндө так маалыматтар берилген. Автордун аты-жөнү В.Р. деп коюлган. Биздин пикирибизде, ал Василий Ровнягин болсо керек. Анткени, ал узак жылдар бою орус-тузем мектебинин мугалими болуп иштеген жана окуу процесси менен жакындан тааныш болгон.

[59] Өзбек Респ-нын БМА, ф.и-47, оп.1, д.1148, л.65,159.

[60] Маджун Д.С. Культура и просвещение дунган Центральной Азии (история и современность). – Б., 2008. – 43-б.

[61] Маджун Д.С. Ошол эле жерде.

[62] Сушанло М.Я. Духовные деятели дунганской диаспоры Семиреченской области Туркестанского края, 1997// Рукоп фонд ОД НАН КР. Ф.001, оп.1, д.1, л.140.

[63] Недвзецкий В.Е. Административное устройство, оседлые пункты и кочевые волости Семиреченской области. – Верный, 1913. – 122, 130-бб.

[64] Өзбек Респ-нын БМА, ф.461, оп.1, д.1319, л.125.

[65] Богданова М.Киргизские акыны ХIХ и начала ХХ вв.//Киргизстан. Литературно-художественный альманах. – Фрунзе, 1946. – 150-б.

[66] Ошол эле жерде. – лл.158-159.

[67] ЦГА РУз.ф.ф.и-47. Оп.1.д.955.л.230. См.Аунасова ....с.- 72.

[68] “Наука и просвещение” журналы. 1922. №2. – 34-б.

[69] Кененсарин Бөрүбай (1896-1944) Сокулук районунун Октябрь айылында туулган. Адегенде диний мектептен, кийин жаңы усулдагы мектептен сабаты ачылган. 1919-1944-ж. советтик, партиялык кызматтарда иштеген. Өмүрүнүн соңуна чейин КырТАГда котормочулук кылган.

[70] Кененсарин Б. Сага арнап (чыгармалар жыйнагы). – Бишкек, 1998.

[71] Айтмамбетов Д. Дореволюционные школы в Киргизии. – Ф., 1961. – 14-б.

[72] ЦГА РУ ф.и-1, оп. 11, д.80. л.2 об. – Султанова М.Ш. XIX кылымдын экинчи жарымы ХХ  кылымдын башындагы Түштүк Кыргызстандагы билим берүүнүн абалы. – Ош, 2007. – 90–91-б.

[73] Буркашев С. Мырзакул болуш. – Ош, 1993. – 10-б.

[74] Статистический обзор Ферганской области за 1914 год. г.Скобелев, 1917. Приложение №3.

[75] Айтмамбетов Д.А. Дореволюционные школы в Киргизии. – Фрунзе, 1961. – 92-б.

[76] ЦГА РУ. Ф.и-1009, оп.1, ед.хр.87, л.97-98. М.Султанова... – 92-б.

[77] Осмонкулов А. Кыргызстанда эл агартуу иштеринин жана эне тилин окутуунун тарыхынан. – Фрунзе, 1971. – 49-б.

[78] Сушанло М.Я. Духовные деятели дунганской диаспоры Семиреченской области Туркестанского края, 1997// Рукоп фонд ОД НАН КР. Ф.001, оп.1, д.1, л.140.

[79] Недвзецкий В.Е. Административное устройство, оседлые пункты и кочевые волости Семиреченской области. – Верный, 1913. – 122, 130-бб.

[80] КР УИАнын Кол жазмалар фонду, инв.№129, 67-68-б.

[81] Ошол эле жерде. 133-б.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Майрамбек Деркенбаев

    1915 жылы Семизбел болушу болуп шайланган Сагын Ниязбек уулунун тамында мектеп болгон. Ал өзү кедей тобунан тилмеч кезинде эле Кочкордогу Кара-Күнгөй суусунун жээгине там салдырып, ал жерде жаңыча мектеп ачып балдарды окуттура баштаган. Ал мектепте 1911 –жылдан баштап Ыйманбай Орозалы уулу деген мугалим балдарга Жагрофия ( География), Хесаф ( Математика), Хайбанат ( айбанат) сыяктуу сабактарды окутуп, орус падышасы Петр – 1 нин сүрөтүн илип койчу. Өзү да орусча кийинип жүрө бергенден, эл “чокундук” деп, “Орозалынын чокундугу” аталган. Ыйманбай Орозалин Арык тукумунун Сарыкалдак уруусунан болгон. Аны 1914-жылы Бирини дүйнөлүк согушка жөнөтүшкөн. 1917-жылы катып келип, Пишпектеги революциялык комитетке мүчө болуп, Иваныцин менен иштешкен. 1922-жылы Алма-Атада казак-кыргыз аскер комиссарынын орун басары, Талды-Коргон райкомунда 1-секретар болгон. Аксакалдардын айтымында болжол менен 1924-жылдары Р. Кудайкуловдун тобунун колунан ууландырылып өлгөн дешет. Аялы татар же европа улутундагы адам болгон дешет.Өлүмүнө аялы аралашкан деген имиш бар. Ал жөнүндө айткан адамдар тилекке каршы азыр жок.

Комментарий калтырыңыз