Деколонизация: Айдын эки бети жана айдыңдык күрөш

  • 14.07.2023
  • 2608

Сүрөттө Азамат Алтай менен Тынчтыкбек Чоротегин.

Белгилүү тарыхчы, публицист Тынчтыкбек Чоротегин менен 19–20-кылымдардагы түрк тилдүү мусулман калктарынан чыккан жадитчилер жөнүндө маек...

– Турмушубузда жооп таппай келген суроолор көп болот эмеспи, Тынчтыкбек байке. Өзүм үчүн жооп таппай келген суроо бар эле мындай: “Түрк тилдүү мусулман элдери эмнеге Батыштын элинен кыйла артта калган? Эмнеге жаратмандыгыбыз Батыштын элинен начар?” деген. Көрсө, мандемдин баары кылымдар бою орус бийлигинин баскынчылыгынан бошоно албай келгендигибизден экенин өтө таасын, дадил чагылдырган китеп колума тийип калды. Кайсы китеп дээрсиз... Мыкты кесиптешиңиз, тарыхчы Айида Кубатованын “Кыргызстандагы жадитчилик кыймылы” аттуу эмгеги болду. Буга дейре жадитчилер жөнүндө маалыматым болгон менен бирок, бул аталган китептен улам 19–20-кылымдардагы түрк тилдүү мусулмандардын интеграциялашуу аракетине балта чаап келген падышалык Орусия менен большевиктик-коммунисттер жөнүндө далилдүү материалдар абыдан арбын экенин көрүп, ордумдан тегерендим. Коммунисттер мокочо көрсөтүп келген бай-манаптар арасында илим-билим, өнөр, кесип үчүн инвестиция жумшагандары арбын эле болуптур да. Татар, башкыр агартуучулары түрк тилдүү мусулман калктарынын жалпы интеграциясы үчүн эбегейсиз аракеттерди көрүптүр.

Тилекке каршы, бүгүнкү түрк тилдүү мусулман элдери арасында 19–20-кылымдардагыдай тилектештик бекем эместигине ынандым. Сиз буга кандай дейсиз? Аныгында, түрк тилдүү элдердин өнүгө албай келгенинин башкы себеби эле Кремль төбөлдөрүнүн империялык саясаты кылымдар бою уланып келатканынан эмеспи?

– Бизден жаш тарыхчы Аида Кубатова, Жумагул Байдилдеев, Гүлзада Абдалиева, Жолдошбек Бөтөнөев, Элмира Ногойбаева, Гүлзат Алагөз кызы сыяктуу мыкты изилдөөчүлөрдүн жаңы мууну чыгып жаткандыгы үчүн абдан ыраазымын. Албетте, археолог, этнограф, булак таануучу, архив таануучу, музей таануучу, фолклор таануучу, эпос таануучу ж.б. болгон башка жаш окумуштуулардын бардыгын азыр атап отурбайын. Уучубуз куру эмес.

Эми суроонун өзөгүнө келсек...

Падышалык оторчулук доорунда баш көтөргөн кыргыз, казак, азербайжан, татар, башкыр, өзбек жана башка айдыңдар үч өңүттү колдонушканын эске алуу абзел:

1) ар кимиси өз эне тилдерин жана улуттук маданиятын мыкты билишкен; 2) боордош түрк элдеринин орток маданиятын алиги “чагатай түрк жазма адабияты” деп шарттуу аталган жазма мурас аркылуу өздөштүрүшкөн; бул мурас арап жана фарсы айдыңдарынын жана европалыктардын жазгандарына да көпүрө милдетин аркалаган; 3) алар орус тили аркылуу ошол кездеги европалык маданияттын алдыңкы жактарын да үйрөнүшкөн.

Маселен, америкалык ойчул жана ойлоп табуучу илимпоз Томас Алва Эдисондун (1847–1931) ачылыштары жөнүндө түрк элдеринин айдыңдары алгач англис тилиндеги адабият аркылуу эмес, падышалык Орусиядагы эле орус тилдүү либерал адабияттан окушкан.

Ал кезде падышалык Орусияда деле айрым китептерге жана мезгилдүү басылмаларга тыюу салынып турган, бирок падышалык империяда болшевиктик – сталинчил тыюу салууга караганда, алда канча либералыраак турум бар болчу.

Демек, жалпы орус элин күнөөлөбөстөн, саясый режимди гана айыптоо керек.

Бир кезде Чокон Валихановдун досу болгон орус окумуштуусу Григорий Николаевич Потанин (1835–1920) казак тилин жана айрым шибердик түрк калктарынын тилдерин мыкты билген демократ ишмер эле.

https://commons.wikimedia.org/wiki/File:Potanin.jpg

Григорий Потанин 1917-жылы июлда Оренбург (Орунбор) шаарында өткөн Бүткүл Орусиядагы казак менен кыргыздардын биринчи курултайында Семей облусунан делегат болуп катышкан. Орунбордогу бул курултайда казак элинин демократиячыл (кийин антибольшевиктик) “Алаш” саясый партиясынын пайдубалы түптөлгөн.

Айтмакчы, Орунбордогу курултайды уюштуруучулардын бири, казак ишмери Миржакып Дулатов (Міржақып Дулатұлы; 1885–1935) өзүнүн куттуктоо сөзүндө Потанинди “биз өзгөчө кадырлаган шибердик аксакалыбыз” деп алкаганы маалым.

https://commons.wikimedia.org/wiki/File:Dulatov_Mirjakip.jpg 

Демек, Сиз айткан кремлдик төбөлдөрдүн авторитардык режимдери Орусиядагы түрк жана башка чакан элдерди гана эмес, орус элинин өзүн да басмырлоодо.

Ал эми эгемен түрк мамлекеттери өз алдынча өнүгүүсү үчүн азыркы таптагы карт-блаш ошол мамлекеттердин өкмөттөрүнүн өз колунда. Көп багыттуу дипломатия саясатын жүргүзүп, “бир чоң байкенин” алдында жүгүнүп туруудан баш тартуунун миң жолу бар. Ал жолдордун бирин, маселен, Ички Азиядагы Монголия жумурияты ийкемдүү колдонуп келет.

Азербайжан Тоолуу Карабактагы өз жерин толук баш ийдирүү үчүн күрөшкө даярдануу маалында Түркиянын “Байрактарын” алуу үчүн Кремлден уруксат сурап отурган жок. Расмий Бакынын мамлекеттик коопсуздук жаатындагы эгемен саясаты гана “Байрактарды” алууга жана заманбап аскердик реформаларга шарт жаратты.

Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга салына турган темир жолдун долбоорун акыры расмий Бишкек жактырды. Бул долбоорду жактыруу да Кремлге кылчактабаган жаңы мамиленин мөмөсү болду.

– Эң кызыгы – жадитчилердин коомдук-саясый, агартуучулуктагы ориентири Батыш баалуулуктарын өздөштүрүү болгон экен. Айрымдары медреселерде реформа жүргүзүү зарылдыгын түшүнүп, билим саясатына кеңири масштабда караганы таңгалдырат. Анан да жадитчилер далай мерте гезит-журналдарды чыгарып, бирок Кремль төбөлдөрүнүн тоскоолдугу менен жабылып калган учурлары көп экен. Анткени коом агартууда гезит-журналдын ролу өтө маанилүү го.

А айрым жадитчилер агартуучулук ишмердиги үчүн катуу жазага кабылып, Кыргызстандагы бүгүнкү жарандык коомдун өкүлдөрү сыяктуу эле алар деле “эл бузар”, “элге бүлүк салчулар”, “коркунучтуу агент” катары сыпатталып келиши илгертен берки саясый технология экенин коомубуз качан түшүнөт деп ойлойсуз?

– Сиз айткан эркинирек гезиттердин жабылып калган ар бир учурун тарых үчүн кылдат ачып берүү зарыл. Бул жаатта Казакстан менен Өзбекстанда жадитчилер жана алардын гезиттери жөнүндө жаңыча изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат.

Казакстанда Шамек Тлеубаев деген жаш тарыхчы далай кыргыз айдыңдарынын казак гезит-журналдарындагы чыгармаларын илим чөйрөсү үчүн ачыктады.

Дагы бир мисалга келейин.

Мен 2021-жылы Анжыян мамлекеттик университетиндегы диссертациялык кеңеште жаш өзбек тарыхчысы Надырбек Бакижанович Камиловдун (өзбекче: Нодирбек Бокижонович Комилов) “Түркстан жадитчилеринен болгон Абиджан (Обиджон) Махмудовдун өмүрү, коомдук-саясый жана маданий ишмердүүлүгү (1871–1936)” темасында Өзбекстан тарыхы боюнча философия илимдеринин доктору (PhD) илимий даражасын алуу үчүн жазган диссертациясына расмий пикир ээси катары катыштым.

Анын илимий жетекчиси – бир кездери Кыргызстандагы Ош архивин да жетектеген таанымал өзбек тарыхчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Рустамбек Темирович Шамсутдинов агай. Анын шакирти Надырбек Камилов жазган жогорудагы диссертациянын 94-бетинде айтылуу антибольшевиктик жана демократиячыл Түркстан автономиясынын парламентинин (б.а. “Халқ мажлиси” – “Элдик жыйын”) маанилүү мүчөлөрүнүн арасында Фергана облусунан шайланган Жамшитбек Карабек уулу эскерилет.

Белгилей кетсек, Жамшитбек – Кокон хандыгы доорундагы кыргыздын чыгаан төбөлү Алымбек датка менен анын жубайы Курманжан датканын небере урпагы. Жамшитбектин Түркстан (“Кокон”) автономиясынын парламентинин мүчөсү болгондугу тууралуу кыргыз илимий адабиятында анчейин шардана кылып жаза элекпиз.

Надырбек Камилов калыс белгилегендей, Абиджан Махмудов 1915-жылдын 6-июнуна чейин чыгарып турган “Садойи Фаргона” (“Садои Фарғона”) – “Фергана үнү” гезити падышалык цензуранын кысымына кабылып турган. Мындай кысым Биринчи дүйнөлүк согуш башталгандан кийин ого бетер күчөгөн. Падышалык орусиялык цензура көптөгөн макалалардын гезитте жарык көрүшүнө каршы болуп, кээде гезиттин айрым сандары бош басылып чыккан.

Маселен, “Садойи Фаргона” гезитинин 1915-жылы 10- жана 12-февралда жарык көргөн № 110 жана 111-сандарынын экинчи беттери маалыматсыз (бош) басылган, дейт Н.Камилов.

Тарыхчы Надырбек Камилов Фергана өрөөнүндө жарык көргөн “Садойи Фаргона” гезити 1915-жылы 6-июнда (акыркы, №123 санында) кырым татар ишмери жана агартуучусу Ысмайыл Гаспыралы негиздеген орусиялык жадитчилердин алгачкы жана жигердүү басылмасы болгон “Таржиман” (“Котормочу”) гезитинин сандарына алдын ала жазылуунун жарнагы мындайча жарыялагандыгын да өз эмгегинде белгилейт:

“1915 йили учун ― Таржимон’нинг обуна дафтари очиқдур. Сана бошиндан 32 ѐшга кирган ғазитадур. Таржимоннинг обуна баҳоси йиллик беш сўм. Олти ойлиги – уч сўм. Уч ойлиги - бир сўм 5 тийин. Адрес: Редакция газеты ―Тарджиманъ въ Бахчисараѣ”

(Котормосу: “1915-жыл үчүн “Таржиман” гезитине мезгилдүү жазылуу – ачык. (Ал) жыл башында 32 жашка кирген гезит. “Таржиман” гезитинин жазылуу баасы – жылына беш сом (б.а. рубль. – Т.Ч.). Алты айлыгы – үч сом. Үч айлыгы – бир сом 5 тыйын. Дареги: “Таржиман в Бахчисарае” гезитинин редакциясы”).

Бир чети, бул – тек гана гезитке жазылуу тууралуу жарнактык маалымат. Экинчи чети, Кырым жарым аралында жарык көрүп жаткан таасирдүү жадитчил басылманын алыскы Борбордук Азияда жазылуу жолу менен таркатылып жатышы – түрк элдеринин жадитчилеринин өз ара тыгыз кызматташтыгын кыйыр тастыктайт.

Ал эми жадитчилердин Ферганага жана Жети-Сууга чейин ташылып келген гезиттеринин идеялары китепканалар жана колдон колго өтүү аркылуу далай окурмандарга, алардын арасында кыргыз айдыңдарына да жеткен эмеспи.

– Столыпиндик реакция учурунда куугун-сүргүндүн күчөшүнө карабастан Түркстандагы улуттук саясый топтор кайра күчөнүп, орустардын оторчул (колониялык) саясатына каршылык аракеттерди көрүп, 1917-жылы 21-октябрда казак, кыргыздын мыктылары атайы курултай (съезд) уюштурганы эмнени туюндурат?

– Олжоке, 1917–1918-жылдардагы орток жыйындар (курултайлар жана башка чогулуштар) мурдагы биргелешкен аракеттердин улантылышы катары каралышы абзел.

Кыргыз тарыхында айтылуу Шабдан Жантай уулунун петициясы тууралуу көп сөз айтылып келет. Учурунда орусиялык оторчуларды коргоп, алардан медал жана аскердик чин, сый-урматка жана жогорку пенсияга ээ болгон Шабдан Жантай уулу өмүрүнүн соңунда оторчулардын жер тилкелерин тартып алуу аракеттерине өз нааразылыгын билдирүү далаалатын жасаган. Бирок анын петициясын мусулман түрк айдыңдарынын башка күрөш ыкмаларынан үзүп кароого болбойт. Себеби падышалык бийликтерге каршы өз петицияларын жөнөтүү ыкмасын Эдил (Волга) боюндагы жана Оролдогу (Уралдагы) татар жана башкыр коомдук ишмерлери Шабдандан саал мурдараак башташкан.

Балким, алардын бул кыймылы жана расмий кат же арыз менен жогорку падышалык бийликтерге тикелей кайрылуу ыкмасы тууралуу маалымат жадитчилердин өкүлдөрү тарабынан Шабданга кабардалган болсо керек.

Болочокку кыргыз тарыхчылары ушул петицияларды да астейдил салыштырып үйрөнүүсү абзел. Ар бир тарыхый инсандын өз тагдырындагы бурулуштар калыс баага ээ болушу керек.

Эсимде, 2015-жылы 11-майда Бишкекте “фолк-хисторичи жайсаңчылар” делгендерге каршы бир талкуу маалында тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова Шабдан Жантай уулунун жадитчилер усулундагы мектеп-медресени Кеминде тургузгандыгын айтып, анын агартуудагы салымына оң баасын берген. Ал эми тарых илимдеринин кандидаты Роза Абдыкулова болсо Шабдан Осмон султандыгынын ордосу Стамбулга келип, кайрымдуулук көрсөткөнүн, бул демөөрчүлүгү үчүн Шабдан Жантай уулу султан Абдулхамит Экинчинин доорунда алтын медалга татыганын баса белгилеген.

Демек, кыргыздар Анатолиядагы түрк туугандар менен да байланышта болушкан. Ал эми 1916-жылдагы Борбордук Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүш жана анын кандуу жазаланышы падышалык режим кулатылгандан кийинки айлардагы түрк элдеринин айдыңдарынын өз ара саясый ынтымагына ого бетер кубаттуу өбөлгө түзүп калган.

– Казак акыны М.Дулатовдун ошол кездеги “Ойгон, казак” аттуу чыгармасы китеп түрүндө кыргыз-казакка кеңири жайылып, китепче Пишпек үйөздүк башкармалыгынын катчысы Тымбай Серикбаев аркылуу бир катар болуштуктарга бөлүштүрүлүп, кыргыздарга китептин идеялык маанисин түшүндүрүү милдети тапшырылыптыр. Автор анда жерди орустардан сактап калалы, динибизди, салтыбызды коргоп, илим-билимге умтулалы деп чакырык салган экен. Мындан кабары бар жандармерия тыңчысы бийликтегилерге “империядагы көчмөн элдин азыркы убактагы жалпы абалын баяндаган жана аларды падыша өкмөтүнөн кутулууга чакырган” чыгарма кыргыздар арасында да тарады деп кабарлаган үчүн М.Дулатов камалып тыныптыр.

Так ушундай эле көрүнүштөр азыркы тапта деле кездешет. Маселен Надира Нарматова же Канат Аманбаев сыяктуу бийлик тобунда жүргөндөрдүн ишмердигинде окшоштуктар жокпу? Тагыраагы, бийликтердин аракети кыргызстандыктарга эмес, Кремлге кызмат кылуу эмеспи?  

– Миржакып Дулатов 1908-жылы өзүнүн “Ойгон, казак!” аттуу алгачкы ырлар жыйнагында ташка тамга баскандай чакырык жасаган:

Көзіндi аш, оян, қазақ, көтер басты,
Өткізбей қараңғыда бекер жасты.
Жер кеттi, дін нашарлап, хал харам боп,
Қазағым, ендi жату жарамасты.

Котормосу:

Көзүңдү ач, ойгон, казак, көтөр башты,
Өткөрбөстөн караңгыда бекер жашты.
Жер кетти, дин начардап, алыбыз арам болду,
Казагым, жата берүү эми жарабастыр.

Бул китептин 1911-жылдагы басылышы гана Жети-Сууда таркаган.

Кыргыз менен казакты ойлонууга жана ойгонууга чакырган ишмерлердин бири Эшенаалы Арабай уулу 1911-жылы татарлардын Казан шаарында айтылуу акын Молдо Кылыч Шамыкан уулунун “Зилзала” (“Жер титирөө”) чыгармасын арап арибинде кыргызча жарыялаган. Ошол эле жылы ал башкырлардын Өфө (Уфа) шаарында казак тектүү студент К.Сарсекеев менен бирге “Алипбе, жаки төтө окуу” деген жадитчил алиппени жарыялаган.

Ким билет, балким, Эшенаалы атабыз 1911-жылы Миржакып Дулатовдун китебин кыргыздарга таркатууга да өз үлүшүн кошкондур?

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш маалында Эшенаалы Арабай уулу анын идеологдорунан болгон. Башка жадитчилер – Канаат хан Ыбыке уулу (Кочкор), Мөкүш Шабдан уулу (Кемин) ж.б. эгемен хан жарыяланышкан.

Бул эгемендик кыймылды тизелетүү үчүн падышалык бийликтер айрым кыргыз бай-манаптарын колдонушканын да тарыхчылар азыр ачык жаза башташты.

(Караңыз: Жолдошов, Рыскул. 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш жана кыргыз бай-манаптары // Азаттык үналгысы. – 28.9.2016. – Шилтеме: https://www.azattyk.org/a/leaders_of_1916_uprising_in_kyrgyzstan_article_by_ryskul_joldoshov/28017786.html )

Демек, оторчулардын айрым кыргыз саясатчыларын өз таламы үчүн колдонуусунун жана ага каршы күрөштүн тарыхы да арбын барактардан турат.

Айтылуу солто бийи Байтик баатыр деле падышалык бийликтердин Чүйдөгү баскынчыл жүрүштөрүн колдогондо, башка бир солто бийи Жангарач анын саясый турумуна эч макул болбой, Кокон хандыгын жактагандыгы, өзүн колдогондорду Талас өрөөнүнө чейин көчүрүп кеткендиги маалым.

(Караңыз: Өмүрбектегин Т.Н., Чоротегин Т.К. Түндүк Кыргызстандын Орусияга каратылышы. – Бишкек: "Учкун", 1992. – Кыргызстан Жаш Тарыхчылар Жамааты).

Бугу уруусунун ичинен да орусиялык оторчуларга Балбай баатыр сыяктуу төбөлдөр каршы чыккандыгы белгилүү (Балбай баатыр оторчулардын Верный абагында өлгөн же өлтүрүлгөн). Ал эми сарыбагыш бийи Үмөтаалы Ормон уулу менен чоро саяк бийи Осмон датка Тайлак баатыр уулу падышалык оторчулукка каршы чыгып, убактылуу болсо да Кашкарга (Жакыпбек бадөөлөттүн мамлекетине) чегинген.

Ферганада Полот хандын (баткендик кыргыз Молдо Ысак Асан уулунун) көп этностуу Кокон мамлекетинин Орусиядан эгемен бойдон калуусу үчүн жүргөн улуттук боштондук көтөрүлүштү жетектөөсү, ж.б. окуялар тарыхта маалым.

Ал эми путиндик режимди колдогондор сөзсүз эле бийликтин арасында гана бар дегенге кошулбайм. Анткени оппозициячыл делген саясатчы Адахам Мадумаровдун айрым партиялаштары деле Путиндин режими убактылуу каратып алган украин аймактарына көмөк уюштурушпадыбы.

Азыркы кыргыз бийлигинин мен билген бир катар өкүлдөрү Украинанын аймактары эч бөлүнгүс толук эгемендигин колдоп келишет.

Албетте, путиндик режимдин авторитардык мыйзамдарын механикалык түрдө көчүрүп алып, өзү иштеп чыккан мыйзам долбоору катары сунуштаган айрым депутаттар болду. Жарандык коом өз учурунда алардын бетин ашкерелей алды деп санайм. 

– Дагы бир көңүл бурчу жагдай, Падышалык Орусия заманында (1904–1907-жж.) жаңы тартиптеги медресе-мектепте билим алган Байтөлө уулу Биримкулдун баяны. Ал Октябрь революциясына чейин эле 1912-жылы мектеп ачып, балдарга жаңы тартиптеги билим бере баштагандардан экен.

Ошондогу түрк тилдүү элдердин интеграциясын курууну көздөгөн татар, башкыр агартуучулардын новаторлугуна бали, ал кезде дин менен катар айдыңдык (светтик) тартипте билим берилип, география, геометрия, табият таануу (минералогия, зоология, ботаника), стилистика, математика, тарых, арифметика, орус тили окутулуптур.

Тилекке каршы, бизди мектепте окуткан мугалимдер эсиңиздеби? Медреселер куранды гана жаттатып, молдолор начар окуучуларды суу чыбык менен сабап окутушкан деп, бизге өтө бир жактуу жамандап келишкенин... Көрсө анын баары бизге таңууланган идеология, таңууланган тарых экенин эмнеге ушул күнгө чейин аңдабай келаткандар толтура? Башкасынан да илимий чөйрө менен чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү ушул күнгө чейин орустар болбосо биз ооган элинин кейпин киймекпиз, жок болуп тынмакпыз деген дөдөмөл түшүнүктө. Буга сиз кандай дээр элеңиз?

– Олжоке, олуттуу көйгөйдү козгоп жатасыз. Падышалык доордо мусулмандык мектептин эки түрү тең бар болчу.

Биринчи, эскичил түрүндө илим менен билимден жаа бою үрккөн, өзү Куранды жаттап алгандыгы менен анын тафсирлерин (ага кошумча аныктамаларды) үстүрт билген, өз окуучусун Курандын чакан бөлүгүн – “Аптээкти” (Аптиек, Хафтиек сөзү парсыча “хафт” – жети, “йак” – бир), б.а. ыйык Курандын жетиден бир бөлүгүн гана жаттатуу менен өз ишин соңуна чыкты деп санаган молдолор тарабынан окутулган. Бул мектептер, менимче, совет доорунда туура эле сындалып келген. Түркөй эшен жана калпаларды жадитчи акын Тоголок Молдо деле аёосуз сындаган.

Мындай үстүрт жана жаттама мектепте окугандар өз атын да арап тамгасы менен жаза алчу эмес. Азыр ушундай үстүрт окутууну таңуулаган жашыруун диний мектептер күчөдү.

Экинчиси – “усул-и жадид” (“жаңы ыкма”) мектептерин уюштурган жадитчилердин агымы уюштурган агартуу системасы. Мындай мектептерде алгебра, география (“жаарапия”), философия, адабият, тарых жана башка илимдер боюнча да сабактар өтүлгөн.

Бул жадитчилердин мектептери совет доорунда анчейин баркталбагандыгынын бир себеби – алардын негиздөөчүлөрү “эзүүчү тап” делген катмардын өкүлдөрү, 1920–30-жылдары сталиндик репрессияга кабылгандар болчу. Андайлар СССРдеги адабиятта “кара тизмеге” илинип, алардын жакшы иштери да жасалма түрдө “унутта калчу”.

Маселен, эл оозунда “Дүрдүн мектеби” деп макталган Чүйдөгү жадитчи мектеп бар эле. Бирок аны негиздеген киши – 1918-жылы жарандык согуш маалында өлтүрүлгөн токмоктук болуш Дүр Сооронбай уулу – “эзүүчү тапка” кирет. Анан аны кантип советтик Кыргызстанда ачык макташсын? Эгемендик доордо гана бул агартуучунун ысымы Чүй районундагы Сайлык айылындагы орто мектепке ыйгарылды.

Айтмакчы, илимге багыт берген мектептер жана медреселер орто кылымдардын эрте жана өнүккөн мезгилинде мусулман дүйнөсүндө “Мусулмандык алтын доор” аталган мезгилди түзгөн. Ал доордун алгачкы мезгилинде Батыш Европа католик чиркөөсүнүн түркөйлүктү жайылткан кара түнүн чулганып жаткан.

Католик айдыңдар акырындап Рим папасына каршы чыгып, эркин ой жүгүртүүгө, “Инжилди” латынча эмес, өз эне тилинде окууга чакырып, руханий ыңкылаптарга жол башташкан. Натыйжада, акырындап Батыш Европа калктары Кайра жаралуу жана Агартуу доорлоруна чыйыр салышкан.

Ал эми мусулман дүйнөсүндө бара-бара жеткен эскичил (азыркы оогандык талиптердей) агымдар бийлик тизгинине ээ болушуп, мурдагы илимий чордондор аёосуз кыйроого учураган.

Самаркан шаарындагы эмирзаада, өкүмдар, илимпоз Улукбектин даңазалуу жылдызканасы (обсерваторий) Европада эч ким ошол доордо жасай албаган жана жылдыз орундары тагыраак чагылдырылган жылдыз атласын жараткан. Кийинчерек эскичил мусулман агымдарынын өкүлдөрү тарабынан бул жылдызкана ойрон болуп, анын калдыгы 1906-жылы гана илим дүйнөсү үчүн кайрадан ачылган.

Бир кездери түрк мусулмандык маданияты менен илиминин ири чордону болгон Баласагын шаарынан эми Бурана мунарасы гана сакталып калды.

Өткөндүн тарыхый сабагы олуттуу...

Азыр дагы Кыргызстандагы илимий жеңиштердин ойрон болуу коркунучу бар. Ал коркунуч – түркөйлүккө чакырган салафий жана ваххабий дааватчылардын, “хизбу т-тахрир” сыяктуу мыйзамдан тыш уюмдардын жана башка “халифатчылардын” айдыңдык (секулярдык, орусча “светское”) мамлекетти жоюу талаптары менен байланыштуу.

Албетте, “орустар болбосо тигинтип калмакпыз” деген көп учурап жаткан сөздү мындай түрдө башкача түзүп айтаар элем: “демократиячыл жүрүмдөр болбосо, каргашага кабыла бермекпиз”. Себеби көп этностуу Орусия элинин өзү да азыр демократияны бизден кем эмес самап жатат. Орусия эли өзү да авторитаризмдин запкысын чегүүдө.

Орустарга эч байланышпаган жана Владимир Лениндин реформалары менен эч качан иши болбогон чыгыштагы Түштүк Корея, Жапония, ошондой эле Жаңы Зеландия, Австралия, Белгия, Шведия (Швеция), Норвегия, Финляндия, Швейсария (Швейцария), Түркия сыяктуу мамлекеттер татынакай эле өнүгүп жатышат.

(Мында мен АКШ, Франция жана Улуу Британия өлкөлөрүн атайын айткан жокмун).

Биз дүйнөдөгү бардык демократиячыл күчтөр менен, анын ичинде прогрессивдүү, демократиячыл орусиялыктар менен дагы кызматташууга ачык болушубуз зарыл. Биз, демек, мыкты, прогрессивдүү орусиялык илимпоздор менен тыгыз байланышыбызды ырааттуу уланта бермекчибиз.

Бул эл аралык кызматташтык жадитчи бабаларыбыздын бизге калтырган дагы бир маанилүү осуятына жатат.  

Дагы кошумчаласам, мусулмандык “Алтын доордо” жашаган бабабыз Махмуд Кашгари Барскани өзүнүн “Дивану лугати т-турк” (“Түрк тилдеринин сөз жыйнагы”; 1072–1077) эмгегинде түрк тилдерин жана арап тилин марага теңата озуп келе жаткан кош аргымакка теңеген. Ал Ысык-Көлдүн Барскан шаарынын бегинин уулу болгон. Ал арап тилин эң башкы тил деп эч көрсөткөн эмес, бирок анын маанисин да бөксөрткөн эмес.

Махмуд Кашгари Барсканинин өз эне тилин арап тилинен кем болбогон, марага теңтайлашып арыш салып чуркап келе жаткан аргымакка салыштыргандыгы – бүгүнкү көп түстүү, көп үндүү, көп тарамдуу цивилизациябызда кыргыз тили жана башка түрк тилдери да өздөрүнүн татыктуу оруну үчүн башка замандаш тилдерге жана маданий очокторго теңтайлаш айдыңдык (интеллектуалдык) күрөш жүргүзүшү керектигин эскертет.

Бул көп кылымдык айдыңдык күрөшкө ар кимибиз өз салымыбызды кошууга тийишпиз.

Олжобай Шакирдин суроолоруна Чехиянын Теплице шаарынан жооп узаткан – тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин

13.7.2023.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз