Байыркы заманда кыргыздын жер дүңгүрөткөн жылкысы көп эле дешет. Анда жоокерлер жоо колун талкалаганда мүлкү менен дүйнөсүнөн мурда алардын жылкыларын тийе качышкан. Байыркы бабаларыбызды көз алдыга элестеткенде алдына сан жылкысын дабыратып айдаган элдин кыркаар тартып бараткан санжыралуу көчү тартылат. Бир кезде кыргыздын жылкысы жети жүз миңге чейин жеткен.
Байыркы бир мезгилде бабаларыбыз тулпар элесин желектерге, көк асабага жибек, алтын жип менен сайдырган. Мунун себеби бар. Алар жылкыны ыйык жандык көрүшүп, Көк Теңирдин досу дешип, адам жанын сактагычы, канаттуу тулпары катары санашчу. «Жылкы желден бүткөн» деп эсепчи бабаларыбыз бекеринен айтпаган чыгар.
Алмуздактан берки кыргыз баласынын тагдыры ат менен бирге пешенелеш болду, өмүрү ат жалында өттү. Жол караган кыргыздын билги карылары жердеги аттын изин кууп, жоону, анын санын, кеткен жагын билген.
Бабаларыбыз Алтай менен Улуу Тоонун ортосунда журт которуп, суу кечип, тоо этектеп жылкы айдап, көчүп жүрдү. Той-тамаша куруп, аш берип, күлүгүн чапты. Кыргыздын жылкысын жылас кылабыз деген жоонун алдын тосуп, тулпар минип элди-журтту коргоду.
Илгерки кыргыздар бир эле көк асаба туусуна же жоо куралына белги койбостон, жылкыга ар уруунун, журттун тамгасын басышкан. Алардын тамгалары байыркы түрк жазмаларына окшош эле. Тамгалары ай тамга, күн тамга деп башталган. Мунусу күнгө, айга, Теңирге сыйынгандан болсо керек.
Байыркы түрктөрдүн эстелик жазуусундагы жетпеген тамгаларга кыргыздын жылкыга баскан, желекке сайган, ташка баскан тамгалары менен толукталып байыганын далай окумуштуулар айтып жүрөт.
Кыргыз уулу жан кыйышпас досуна атын тартуу кылган. Жер каймактагандан берки элдин тарыхын изилдесек, кыргыздар эч качан жөө согушкан эмес. Жөө калганда жоого алдырган. Ат үстүндө гана байыркы кыргыз жоокери баатыр, сүрдүү, күчтүү эле. Эр жигит жоого аттанганда адегенде тулпар тандаган. Андан соң барып жоо жарагын, кийимин камдаган. Жоого чыкканда жоокердин бир эле аты болгон эмес. Экиден, үчтөн ат күткөн. Жолдо ат өргүтүп, алмашып минип турган.
Жоокер канжыгасына көпкө чыдамдуу күл азыгын, курутун, талканын, кымызын байланган. Непада азыгы бүтүп, жедеп ачкачылык башка түшкөндө тулпары жардам берген. Жоокер аттын мойнунан кан алып, канын соруп ичкен. Аттын жарасына курмушуну күйгүзүп басып, аккан канды токтоткон.
Манас эпосунда эр Кошой, билги Бакай, баатыр Алмамбетче тулпар сынын билген кишилер болбос. Кытайдын каны Коңурбай эр сайышка түшөрүн укканда эр Манас бармагын тиштеп өкүнөт. Муну билгенде Аккуланы чаппай койбойт белем дейт. Аккула мингенде Манас ого бетер сүр күтүп, алп болуп, шаңданып калар эле. «Минерге бир атты тандап белендеп бер, аба» деп берениң Манас Кошой баатырдан суранды.
Кошой ат кадырын жедеп билген кыргыздан чыккан сынчы киши болгон. Кадиктүү тулпар түгөл чубатууга салынды. Кара журт кандай тулпарды Кошой көсөм жактырар экен деп жарданып турушту. Кошой-сынчы канчаларга жаккан Калкамандын кара атын карыптыр деп, Үрбүнүн өкүм карасын карашканда токтогон чабалыраак мал экенин билип, Алтынкөкүлдүн Торкашкасын «жумурунун учунда жуудурактай майы бар экен, майы эрисе баспай калат» деп сынаган эмеспи.
Манас Алмамбеттин Сараласы менен Коңурбайга эрөөлгө чыгат. Акыры эр Манас кытай каны Коңурбайды ат үстүнөн сайып түшүрөт. Ошондо Коңурбай өз жанын сактагандан мурда Манаска келин болуп жүгүнүп, тулпарын арачалайт, «баатыр Алгараны олжо кылып алба, тулпарымды берип кет» деп жалооруйт. Ак көңүл Манас «бирөөнүн тону тон болбос, бирөөнүн аты ат болбос, атты тартып алганда не муратка жетмек элем, өзүнө берейин» деп жалбарган Коңурбайга окоро түйгөн чылбырды ыргытат. Коңурбайдын атын сагалап алып кетмекке жулунган Алмамбет Алгараны берип койгон Манаска аябай ачуусу келет, урушканга дейре барат.
«Алгарадан айрылса Конурбайдын тырыты бүтөт эле. Бекер бердиң. Эгерде тулпарын мингенде карарып жаткан калмактын көргүлүгүн көрсөтөт элем. Капкайдагы кегимди алат элем» деп кейиген экен Алмамбет баатыр.
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.