Алым Токтомушев: Интеллигенция мамлекеттик масштабдагы калпычылар

  • 25.08.2023
  • 3968

(1947-2014.ж.ж.), акын жана публицист

Кыргыз оппозициясы кыш чилдеде сыртка чыкпайт, казы-картаны кыя кесип жеп, күн жылуусун күтүп көнгөн.

*     *     *

Жээликкендердин жели жеңил чыгып, демиккендердин деми оңой басылат.

*     *     *

Коррупция кимдин болбосун көкөйүнө көк таштай тийген, атын укканда эле куйкасы курушуп, тиши кычырайт.

 

*     *     *

Биздин аткаминерлердин салты: кызматтан түшүп ичи күйгөндөн, кызматка жетпей көзү күйгөндөн, байлыгын тарттырып көтү күйгөндөн кийин оппозицияга чыгат.

*     *     *

Кыргызстанда эки төңкөрүш тең кылмыш дүйнөсүнүн жардамы менен ишке ашкан.

*     *     *

Биздин бозо патриоттор алтыныбыз арбын дейт. А адамзат тарыхын караң: бир дагы эл, бир дагы мамлекет жалаң алтын менен байып кеткен эмес. Алтын дегенден түшүнүгү аз Япония болсо дүркүрөп өнүгүп-өсүүдө.

*     *     *

Бор менен жазылбагандан кийин элдин эстутумунда калган нерсе өчүрүлбөйт.

*     *     *

Конституция кыргыз кыртышынан, ички-тышкы мүмкүнчүлүгүнөн эмес, саясый күрөштүн логикасынан жаралды.

*     *     *

Өнүккөн өлкөлөр карыз алып жашабайт, карыз алып иштейт.

*     *     *

Өлкөдө Улуттук программадан көп балээ жок.

*     *     *

Кыргыз интеллигенциясы мамлекеттик масштабдагы калпычылар, алар ошонүчүн чындык издегич, акыйкат сүйгүч сезимден куру жалак.

*     *     *

Кыргыз интеллигенциясы качан болсо «жуушап» жатат.

*     *     *

Конформизм биздин коом каймактарынын айыкпас дарты.

*     *     *

Нормалдуу элдин турмушу каңкууланбай, бөйпөктөбөй, шыйпактабай, калп айтып жанды жебей ачык-айкын, эркин-эмин талкууланышы керек.

*     *     *

Биздин интеллигенция – агитпром, кошоматчылар коому.

*     *     *

Бизде «самопал» дипломдор тургай «самопал» академиктер да арбын.

*     *     *

Кыргызстанга демократия эмес, жемекратия келди.

*     *     *

Биздеги саясый күрөштөрдүн логикасы улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын беттебейт.

*     *     *

Тышкы диверсанттарды ички ишке кийлигиштирбөө үчүн мамлекет өз алдынча оокат кылышы керек.

*     *     *

Кыргызда талкуу толкунга айланса жаман.

*     *     *

Дүйнөдө саясат талашып, бийлик алам дегендин баары масса аң-сезимин агрессияга чакырып турат.

*     *     *

Тарыхтан окуганыбыз, билгенбиз: бир дагы революция карапайым калкка жакшылык апкелбейт.

*     *     *

Бир эле Американын өзүн бүтдүйнө катары мээге кадоо азыркы орус идеологиясынын оорусу.

*     *     *

…тоталитардык бийликтин айдоосуна көнүп, идеологиясына ууккан муундун психологиясы өзгөрбөйт.

*     *     *

Акын сөздүн кымбатын, кийимдин арзанын издейт.

*     *     *

Биздин экономика рулсуз, паруссуз кемени элестетет. «Эмне кылуу керек?» деген суроого «карыз, грант табуу» керек деген жооп угулат.

*     *     *

Карапайым калк мамлекеттин башкаруу формаларына анчалык кызыктар эмес. Мамлекетти башкаруу формасы бийлик талашкан бир ууч топко гана кызык.

*     *     *

Элге каршы элдин күчүн пайдалануу – эл менен элди кайраштыруу.

*     *     *

Бизде темир тишинен кошоматчылыктын оту чачырагандар көп.

*     *     *

Чоңдорубуз элге «байкап көрөбүздөн» башканы айтпайт, чопулдатып тил эмизип турат.

*     *     *

Ал паракорлорду сүйбөгөнү менен пара алганды сүйчү[1]

*     *     *

Карегимди калбас үчүн дат басып,
Кирпигимди турсун кээде жаш басып.

*     *     *

…Жашаш үчүн душманыма эзилбей,
О, Жараткан, эсен койгун эсимди.

*     *     *

…Өлөт сүйүүм ысып, күйүп, өрттөнүп,
Сүйгөн үчүн сени ушунча жек көрүп.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

[1] А.Токтомушевдин 1972-ж. эски дептеринен — “Микропортрет”.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз