Өмүрбек Абдырахман: Тарых – келечекке жол көргөзбөйт

  • 21.08.2023
  • 2095

Өмүкенин кеби – Демократия деми – 9

Башы мында >>>>>

Суроо-Жооп…

Мирлан Дарман тегин:

- Өмүрбек Абдырахман, ошону чечүү жолдору барбы? Жыйынтыктуу алып кетүүгө?

Бул суроону берүүмө туура келгени – биз азыр ээн баш болуп калбадыкпы. Башканы айтпай эле коёюн, баласы атаны, кызы апаны укпай калган кезге кептелдик.

Өмүрбек Абдырахман:

- Мирлан Дарман тегин, мыкты үй-бүлөлөр, мыкты, билимдүү балдар-кыздар да көп. Бирок билимсиздер, жарма-патриоттор, диний радикалдар, «дакансалар» көпчүлүк болуп Кыргызстандын «погодасын» бузуп жатпайбы…

«Погоданы» билимдүүлөр түзгөндө гана Кыргызстан оңоло баштайт…

Суроо-Жооп…

Улугбек:

- Кыргызстанда өнүгүү үчүн баардык табигый шарттар бар…

Өмүрбек Абдырахман:

- Өнүгүүнүн формуласы башкача болот. Ичкенге суусу жок, өсүмдүк өстүргөнгө талаасы жок, курулуш кылганга куму жок Сингапур дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкө болду… Чөлүнүн ысыгы 50 градус, суусу жок, болгону 1,5 миллион эли бар, кум баскан кичине жери бар Эмираттар да эң өнүккөн өлкөлөр болду? Тырмактай Эмираттардын экономикасы Россиянын экономикасынын 30% түзөт.

Эч табигый байлыгы жок, кечээ эле биз менен бирге жашаган Прибалтикада орточо айлык 1200–1500 доллар, а байлыгы батпаган, жеринин чоңдугу боюнча дүйнөдө 1-орунда турган Россияда орточо айлык болгону 650 $. (А бизде -240 $.)

Өнүгүүнүн формуласын үйрөнүп, Реформа жасай алган мамлекет гана мыкты өнүгүп кетет.

Эрлан Нурманбетов

Эл катары мен да суроо берейинчи, агайга.

1-СУРООМ

Тарых бул – улуттун ким экенин таанытуу менен келечекке жол көргөзгөн илим. Бирок эгеменбиз деген 31 жыл ичинде өлкөдө улуттун чыныгы тарыхын окута албай келе жатабыз. Кремлдин кысымынан улам тарых илими дагы деле советтик партократтык жана орусиячыл көз карашта окутулууда.

Орус-Украина согушунун натыйжасында Орус империясы чачыраса ЖОЖдордо тарыхты окутууну кантип туура жолго коёбуз. Жана туура билим алган мугалимдерди кыска аралыкта кайдан табабыз. Себеби, ЖОЖдордогу окутуучу курамдын көбү советтик билим алган, демократияны бюрократияга айланткан кадрлар эмеспи.

2-СУРООМ

АКШ СССРдин жана Россиянын бийлик системасы бир борборго жана бир адамдын колуна топтолгону туура эмес, саясий плюрализм болушу керек деп айтып келет. Бирок РФ буга көнбөйт. Ошол эле учурда Россия, Кытай, Иран өлкөлөрү дүйнөлүк геосатта жалгыз АКШнын үстөмдүгү туура эмес, бул жакта да өзүңөр айткан плюрализм болушу керек, биз да үстөмдүк жүргүзөбүз десе АКШ көнбөйт. Эмне үчүн АКШ геосаясатта плюрализмге жол бергиси келбейт да, плюрализмди демократиянын бир көрсөткүчү деп дүйнөгө жайылтат? Демократияны туу туткан АКШнын бул не деген эки жүздүүлүгү?

Ушул боюнча оюңуз кандай.

Өмүрбек Абдырахман

Эрлан Нурманбетов, сен да орустардай ойлойт экенсиң…)))

1. Тарых – келечекке жол көргөзбөйт. Алдын караган, демократиялык система курган алдыга өнүгөт. Тарыхы укмуш Египет, Греция, Монголия анча деле өнүгүп кетишкен жок. Тарыхы жок Америка, Сингапур, Түштүк Корея, Тайвань, Эмираттар… мыкты өнүгүп кетишти. Менин агайым Салижан Жигитов айтчу эле: «Кыргыздын көзү желкесинде, артын карап алдыга баскысы келет».

2. Дүйнөдө эки эле система бар: демократиялык жана авторитардык. Америка, Европа, Япония, Түштүк Корея, Австралия, Тайвань – демократиялык өлкөлөр. Булар мыкты өнүккөн, адам укугун сакташат. Авторитардык өлкөлөр: Россия, Кытай, Орто Азия өлкөлөрү, Африка өлкөлөрү… Бул өлкөлөрдө түшпөс хан болгон бир адам башкарат, адам укугу сакталбайт. Парламент, соттор президенттерине баш ийет. Булардын өнүгүүсү начар, келечеги жок. Кытай капитализмди алгандан кийин өнүгүп кетти, бирок компартия катуу башкаргандыктан булардын проблемалары алдыда… Америка жана башка демократиялык өлкөлөр башкаларга үстөмдүк кылбайт, «демократия курсаңар өнүгөсүңөр» деп жардам берип келишет. Орустар, Путин СССРди кайра түзгүсү келет. Ошон үчүн мурунку Республикаларды кошуп алуу үчүн баскынчылык согуш баштап жатат. Биздин Кантка койгон согуш базасын бекер койгон жок. Грузияны да басып алам деп эки облусун тартып алган.

Суроо-Жооп…

Азаттыктын чоң той берген журналисин коргогон Атай Бейшенбекке.

Өмүрбек Абдырахман:

- Атай, мен Турцияда, Италияда бай бизнесмен партнёрлорубуздун тойлорунда болгом. Той өтө жөнөкөй болот экен. Конокторду тизип алып, ортого чыгарып, мактоо айттырып, кошумчасын чогултуп алуу деген жок. Адамдын курсагы орто тоё турган тамак беришти. Каалагандарга – азырак ичимдик. Бир саат тамак жеп сүйлөшүп отуруп, бир саат ыр-бий болуп, туура 2 саатта тарап кетишет экен.

“Азаттык” демократиялык Американын мамлекеттик радиосу. Анда иштегендер демократиялык коомдун баалуулуктарын карманып, “одиозный” жана “порного” чыккан саясатчыларды чакырбай, кыргыздарга өрнөк болуш керек эле…. Тойго келген саясатчылар ал журналистке келген жок, “Азаттык” радиосун сыйлап, сөз бербей койбосун деп «коркконунан» келишти… “Азаттыкта” иштебей калса эмки тойго ал саясатчылар келбейт.

Демократиялык Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон ковид учурунда бир кичине отурушка катышкандыгы үчүн чыр башталып, азыр ишинен кетти.

Клинтон деген президент стажёрка болуп иштеген Моника деген кыз менен ойноп койгону үчүн импичментке капталып, бүт дүйнөгө шылдың болгон.

Демократиянын стандарттары ушундай, Атай… Элге белгилүү болуп баратасың, сен да этият болуп жүр…))

Суроо-Жооп…

Гулжамиля:

- Төрөт үйлөрдөгү акча алуулар боюнча оюңузду уксак болобу?

Өмүрбек Абдырахман:

- «Эгер акча алууну тыя албасаң, аны мыйзамдаштырып кой».
(Америкалыктардын макалы)

Төрөт үйүндө жаткандарга кеткен акчанын 75% мамлекет төлөсүн, 25% жаткан адам төлөсүн. Ошондо коррупция жоголот. Кассага акча төлөгөн адам врачка акча бербейт. Врачтардын айлыгы көтөрүлөт, пациенттерди жакшы карайт, алардын шарты да жакшырат. Баарын бекер кылам деген СССР өлүп калган…

Көп мамлекеттерде ушундай…

Суроо-Жооп…

Кубатбек Орозов (Москва):

- Валентинаны жөн эле койгулачы, чоң муштум адам кээде күң-күң этип коёт, канча жерде биздин желекти желбиретип жүрөт, Кыргызстанга келип Инстаграмына күндөп видеолорду жүктөп жүрдү, чындап эле Кыргызстан деп күйгөнү билинип турат.

Өмүрбек Абдырахман:

- Kubatbek Orozov, жылда 1-2 жолу желегин жебиретсе эле Кыргызстан өнүгүп кетеби?))) Кения менен Эфиопия жеңил атлетика боюнча дүйнөдө биринчиликти беришпейт, экөөнүн тең желеги желбирейт. Бирок бул эки өлкөнү эч ким деле билбейт, билсе да өтө кедей өлкө деп билет… Сингапурдун желеги спортто желбиребейт, бирок Сингапурду бүт дүйнө билет жана сыйлайт… Жалган нерсеге алданбаш керек… Колумдан келсе мордобой оюндарына тыйуу салмакмын, биринчи кезекте аялдардыкын. Мордобойду президенттерибиз баш болуп ардактаганыбыз үчүн зөөкүрчүлүк көбөйүп жатат…

Суроо-Жооп…

Айманбек:

- Мектеп деректирлердин конкурс аркалуу дайындоо жөнүндө оюңузду билсек болобу?

Өмүрбек Абдырахман:

- Сотторду конкурстук негизде тандай баштадык эле, соттор оңолуп кеттиби???)))

Конкурс, ротация мектептин билим берүү деңгээлин көтөрбөйт… Качан деректирдин иши мектеп чыгарып жаткан «продукциянын» сапаты менен бааланганда гана билим берүү деңгээли жогорулайт… Конкурста сайраган деректир иш аткарбай жүрө бериши мүмкүн... А конкурс деген бизде ар дайым – коррупция…

Суроо-Жооп…

Бакыт Орунбек, Азаттыктын журналиси:

- Өмүрбек Абдырахман демократ киши, аксакал киши "бетиң жок", "пошел" деп жатса, анда бүткөн экенбиз. Айныбай жакшы карыш керек.

Өмүрбек Абдырахман:

- Бакыт Орунбек, бетиң жок болсо айтам да… «Абдырахманов айнып калган» деп бети жок адам айтат, ал айтканың фейсбуктун былтыркы жылында турат.

«Бийлик сырлары» деген берүүлөрүңдү карап чыктым, Америка каржылаган “Азаттыктан” сен рекламалаган коммунисттердин тизмеси:

1. Азим Карашев – райиспокомдун төрагасы, компартияны, анын лидерлерин мактайт, реформаларга каршы болгон;

2. Чолпон Баекова – Акаевдин 3-мөөнөтүн мыйзамдаштырып берген;

3. Ашыралиев – Нарын областынын 1-секретары;

4. Түмөнбаева – СССР учурунда Тышкы иштер министри;

5. Акималиев – Сокулук 1-секретары;

6. Шеримкулов – ЦКнын идеология боюнча секретары;

7. Табылдиев – ЦК Комсомолдун 1-секретары;

8. Рысбек Качкеев – ЦК кызматкери…

Булардын баары 1990-жылкы эгемендикке да, демократияга да каршы турган адамдар. Көбү 1990-жылы чыккан менин «Депутаттык азилдер» деген коммунисттерге каршы жазган сатиралык китепчемдин каармандары…

“Азаттыктын” журналисттери Американын долларын алышат, бирок демократияга каршы иштешет…

Суроо-Жооп…

Mirlan Duishenbaev:

- Өмүрбек Абдырахман, сизден баары эле жаман дегенден башканы окуй элекмин. Жакшы нерселерди деле айтсаңыз, калыстык болмок, андан атыңызга доо кетмек эмес.

Өмүрбек Абдырахман:

- Mirlan Duishenbaev, ар кимге ар башка нерсе жакшы көрүнөт. Сага ак жуумалдары жакса, мага кара торулары жагат дегендей. Бирок дүйнөдө калыптанган стандарттар бар. Чындык ошол стандарттар менен ченелет. Эгер коррупция боюнча 140-орунда болсок, сөз эркиндиги боюнча да Түркмөнстанга жакындап калсак, орточо айлык 300 $ жетпесе… буларды жетишкендик деп эсептешке болбойт.

Азыр биздин президент Монголияда жүрөт… Эки өлкөнү салыштырып көрөлү. Монголдор эки дөөнүн ортосунда жайгашкан, бири менен да кучакташкан жок, экөө менен тең жакшы, сый жана экономикалык мамиледе... Демократиялык парламенттик формадагы мамлекет куруп жатышат. Эли 3,35 млн (кыргыздыкы 6 млн). Экономикасы (ВВП) 15 млрд.$. (кыргыздыкы 10 млрд.$), коррупция 119-орунда, (кыргыз – 140), сөз эркиндиги – 88, (кыргыз – 122)… Орточо айлык – 434 $, (кыргыз – 253 $)… Демократия деңгээли боюнча – 62, (кыргыз – 115)………

Бир көрсөткүч боюнча да монголдордон алдыга өтө алган жокпуз… Алдыга өткөзгүлө, анан чогуу мактаналы…)))

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз