АГАРТУУЧУГА БОШТОНДУК - 2

  • 29.08.2023
  • 4149

                                                                            АГАРТУУЧУГА БОШТОНДУК! (2-БӨЛҮК)

Филология илиминин доктору, лингвист Үмүт Култаева:

Олжобай Шакирге оң чечим чыгаруу сотторго кадыр-барк алып келет. Ал мекенчил, кайдыгерликке каршы адам. Олжобай Шакирди камаса, андан болгону нааразылык көбөйөт. Элдин үнүн угуунун жолу өз пикирин айткан адамдар менен баарлаша билүү. Ошол "жеке үндө" элдин пикири бар. Ушул жөнөкөй чындыкты түшүнгөн коомдо качан жашайбыз? Баш кесмек бар, тил кесмек жок - деген насаат акылды ата-бабаларыбыз мурас калтырды эле...

Адабий сынчы, журналист Жолдош Турдубаев:

Олжобай Шакирдин соту баарыбызды ойлонтушу керек. Ырас, көз караштар айырмаланат, атүгүл каршы да болуп калат кайсы бир маселелерде. Бирок бүгүнкү жагдайга кайдыгер карагандар эле эмес, табалагандар да мыйзамдуулук, сөз эркиндиги канчалык зарыл экенин түшүнө турган учур келет - бирөөгө эрте, бирөөгө кеч.

Жазуучу, редактор Аким Кожоев:

Баарын күчкө сала бергендин арты жакшылыкка алып келбейт! Кыргызда зордун түбү – кор дейт. Олжобай Шакир - жазуучу, акын, ырчы, эң негизгиси, бүгүнү күндүн мыкты агартуучусу! Бирок кылмышкер эмес! Башкасын айтпаганда да, кыргыз тили үчүн Олжобайчалык күйгөндөр аз. Буга чейин өкмөттөн бир тыйын албай бүтүндөй бир мамлекеттик мекеме жасай турган ишти өзү жалгыз аткарып келди. Олжобай Шакирчелик чыныгы мекенчил инсандар дагы аз. Ырас, Олжобай катуу айтат, кээде сөөктөн өткөрүп чучукка жеткире айтат. Бирок ал мамлекетке же кыргызга душмандыгынан эмес, тескерисинче, күйгөндөн айтат. Олжобай безилдесе ар бир адамдын укугу сакталган, эч кимдин кадыр-баркы тебеленбеген, соттор сатылбаган, мамлекеттик чиновниктер коррупцияга аралашпаган мыйзамдуу, эркин, кары-жашы илим-билимди, маданиятты туу туткан, эли тозбогон, кайырчылык кылбаган мамлекетте жашасак экен деп безилдейт. Кантип анан ал мыйзам бузат да, кантип анан ал кылмышкер болот?!

АГАРТУУЧУГА БОШТОНДУК!!!

Котормочу Салия Ибраимова:

Олжобай Шакир агайдын ырларын 1992-жылдары студент кездерде окуп, жактырып, күндөлүгүмө жазып алыптырмын. 2018-жылы "РухЭштин" котормо конкурсуна түрк тилинен көркөм чыгарма которуп катыштым эле. Ошондо Олжобай Шакир агай менен, жубайы Назгүл жеңе менен таанышып калдым. Адамгерчилиги жогору инсандар экен. Конкурстан кийин конкурстун жеңүүчүлөрү жана башка пикирлеш котормочулар биригип, "Нуска" котормочулар тобу түзүлгөн. Кыргыз адабиятынын үлгүлөрүн башка тилдерге которуу, башка тилдерден кыргызчага которуу иштери азыркыга чейин кызуу жүрүп жатат. Айрыкча, бул иштин жүрүшүнө Олжобай аганын дем бергени мыкты. Ар ким өз турмушу менен алагды болуп калганда, WhatsApp'тан "Эй, достор, эмне ыкшоолонуп калдыңар? Коом агартуу, үй-бүлө баалуулуктары боюнча чыгарма которуп, жөнөтсөңөр боло. Силер кылбасаңар, ким кылат?", деп бизди камчылап турат. Элдердин ортосундагы достук, ынтымак, бири-бирин түшүнүү сезимдери которулган көркөм чыгармалар аркылуу боло турганы баарына маалым. Олжобай агайдын кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө, жаңыланышына, байышына кошкон салымын, жанын үрөп кумурскадай эмгектенгенин жакын санаалаштары, пикирлештери билишет.

Олжобай агага күч-кубат тилейм!

Акын жана котормочу Назгүл Осмонова:

"Кайран акын! Кадырыңды ким билет?!

Кайра сени айтышабы: “Жинди” деп?.." (Э. Иманалиев)

ЭКМЕТ

Эл – мээкайык, өтүп канча закымдар,

ага калак болчу жалгыз акылман.

Калагы жок кайыкты ким башкарат?

Калктан чыккан баштар жалаң ашкабак.

Төрөлөр көр, ыйлап жатса мискиндер,

а кудайда күч жок муну тизгиндээр.

05.06.2011-ж. Олжобай Шакир

Ойлон, ойгон кыргыз коому, анча-мынча калем кармаган акындар, жазуучулар. "Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт" экен. Уйча жокпузбу? Олжобайдын "РухЭш" сайтына чыгармалары жарыяланган авторлордон деле үн чыкпайт. Олжобай оюн ачык айткан үчүн абакта. Бийликке жагалданып, коңулда жаткандар сыйлык-наамдын баарын алып, бейкапар жай турмушта. Уят, уят.

Жазуучу Улук Уракун:

Олжобай Шакир агай экөөбүздүн таанышып дос болгонубузга өтө аз эле болду. Калган досторунун баары аны менден жуз эсе жакшы билет. Бирок, ага карабай, агай экөөбүздүн бири-бирибиздин жан дүйнөбүздө эң терең катылган кылдарына тийе алдык окшойт. Аз убактын ичинде мага кээ бир эски достордон артык болуп калды. Мен да анын айланасындагы бир топ жакындары байкай бербеген, туйбаган касиеттерин, мүдөөлөрүн түшүндүм десем жаңылышпасам керек. "Абберация ближнего" дегендей, чоң нерсе алыстан толугураак көрүнөт эмеспи. Ал да мени туя билди. Мен жазган ойлордун очогу каерде экенин көп учурда түшүндү. Негизи эле эски достордой бири-бирибизди дароо эле түшүнгөндөй болдук. Биринчи көрүшкөндө эле бака-шака түшүп сөзүбүз арбып. Дүйнөгө болгон көз караштарыбыз 100 % болбосо дагы 95% дал келет.

Экөөбүздүн темпераментибиз эки башка: Олжоке сангвиник болсо, мен флегматик болсом керек. Ал киши сыртты көздөй буркан-шаркан ашып-ташып турса, меники баары ичке катылган. (Келинчегим экөөбүз аны Рылеевге салыштырып окуп жатабыз). Ал таза филантроп болсо, менде мизантроп болуп кеткен учурларым да болот. Адам баласы көп эле учурда жага бербейт мага (биринчи кезекте өзүмө өзүм да). Бирок агай экөөбүз тең гуманистпиз, бул талашсыз нерсе. Студент кезде практикага бир радиого барып кирдим. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу интервью алгам. Шахмат боюнча балдар арасындагы турнирден Олжобай агайдын кичинекей баласы байгелүү оорунга ээ болуп беле, кыскасы, ошол жөнүндө репортаж болчу. Эң кызыгы биринчи интервьюмду так ушу агайдан алыпмын. "Пути Господни неисповедимы" дегендей. Ушунча бала кыял сезилди эле. Баласын жакшы көрүп айтып берип атканын көрүп абдан суктангам. Кийин жолуккан эмес элем. Экрандан, интернеттен гана Шерлок Холмстукундай кепкасын кийип чыгып калганын кез-кезде көрүп калчумун. Биздин "реалийде" көзүмө "инопланетный артефакттай" эле көрүнчү. Негизи өзү ошондой эле. Өтө оригиналдуу, кайталангыс инсан. Жеке мага кээ бир кептери "формулировка" кылганда чийкирээк чыккандай сезилчү, бирок, мен билем, алар аягы туп-туура чыгат, анткени түбүндө концентрацияланган ой жатат. Олжоке заманбап кыргыз маданиятында Энди Уорхолдун «homo universale» идеологиясын шартка жараша ишке ашырып келе жаткандай. Агартуулук, журналистика, адабият, визуалдык чыгармачылык, менимчеа ал мунун баарын бирдей алып жүргөнгө аракеттенип келет. Олжокенин турмушунун өзү - перформанс. Рынок маданиятынын табиятын туура түшүнө билгендегиси эле аны биздин көпчүлүк маданият кызматкерлеринен өйдө көтөрүп коёт. Ар кайсыл чөйрөдөгү адамдар менен бирдей дос болуп, бирдей аларга кызыгын арттырып, аларды коомго таанытып, баарына колунан келишинче колдоо көрсөтүп келгендиги Олжокенин доорубуз менен адекваттуу диалог жүргүзө алган адам экенинен кабар берет. "Адам+" деген китебинен кийин дөөдүрлөрдүн сынына да кабылып келет. Мага бир нече ай мурун белекке берген. Атайы окуп чыккам. Ыйлап отуруп окудум. Кыргыздардын негизи "исповедь" жанры менен көп деле тааныштыгы жок. Ошондуктан ойду-тоону сүйлөп былжырай бергендер көп. Окубай туруп эле. А мен Юкио Мисиманын "Исповедь маскиси" менен салыштыргам. Агайдын өзү менен да бөлүшкөм ал тууралуу ойлорум менен. Илгери 1968-жылы Парижде студенттердин көтөрүлүшү чыккан. Чоң ызы-чуу болгон. Алардын башында улуу француз философу, жазуучу Жан-Поль Сартр турган. Ошондо Сартрды демилгечи катары камаар болгондо, кандай деңгээлде өзүнө каршылаш болуп сын айтып турса да, ошо кездеги легендарлуу президент Шарль Де Голль кескин түрдө айткан экен: "Франция өзүнүн Вольтерлерин түрмөгө камабайт!" деп. Мына чыныгы айкөлдүк, чыныгы бийиктик! Сартр Де Голльдун кеңдигинен улам эркиндигинен ажыраган эмес. Ушунча өз маданиятын сыйлоо жана сүйүү ар бир өлкө башчысына чоң тарых алдында аброй кана алып келет.

Мен терең ишенгим келет, айкөл деген касиет кыргыз башчыларын сыпааттарына.

Программист Айкут Конушбай:

Учур Кыргыз тилине, адабиятына салым кылган саналуу адамдардын бири Олжобай Шакирди өтө сыйлайм. Өз оюн айтып, "бузуку" атка конуп, соцтармактарда ур-тепкиге алынганына карабастан, эркин ой жүгүртүүсүнөн кайтпады. Көпчүлүгүбүз коркуп, айтпаган ойду айтам деп, камалды.

Коомчулукка бир нече суроо:

1. Пансионаттарды берүү ашыкча болуп кетпедиби?

2."Кыйындардын" акылы колдо турган нерсени чет өлкөгө берүүгө гана жетеби?

3. "Кыйындардын" алы-күчү карапайым элине гана жетеби?

4. 2020 жылы бийлик алмашканы менен, жалпысынан эмне өзгөрдү? Бийлик эскиче ой-жүгүртүүдөн кайттыбы же кайтпадыбы?

5. Ошол эле куугунтук, ошол эле мамлекеттик кызыкчылыкты сатуу уланып жаткан жокпу?

6. Жаңыны жаратуу үчүн, эскини бузуунун кажети барбы же жокпу?

7. Олжобай Шакирдей "бузукулар" болбосо, эскиче ой-жүгүртүүдөн арыла алабызбы?

Акын Нурзида Абидинова:

Караңгы жарыктан коркот дешет.

Караңгы коомго жарык жаккан, адабиятты өзү күжүрмөн кумурскадай күймөлө иштеп алга тарткан Олжобай Шакирден коркконуңар кандай?)

Эл Агартууга өзгөчө салымы үчүн да сыйга татыктуу!

Эркин ойлору үчүн, тосмого сыйбаган жандүйнөсү үчүн камабагыла. Жамандык жасачулар силердин жаныңарда жанаша жүрөт, бетке айтканды баалаш керек!

Жерлердин ээси-Эл!

                                                                                                                                                              уландысы бар...

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз