АГАРТУУЧУГА БОШТОНДУК - 3

  • 30.08.2023
  • 4385

Абдишарип Бекилов:

Олжобай Шакирди эл ээрчип, митингке чыгарына ишенбейм. Митинг уюштурган адамды бүт эл таанып, анын авторитети, мол акчасы болууга тийиш! Бул киши өзү айтмакчы, бир "апендичалыш", илхамы келген күнү чыгармасын жазып, тескери пейили кармаган күнү күчүн тилинен чыгарып жүрө берет. Көп эле чыгармачыл адамдар ошондой болушат, бардык улуттар аларды туура түшүнүп, өз жайына тек коюшат. Кечээ Токтогул деле сүргүнгө айдалган деп жазсам, бир тобу Олжобай Шакир ким да, Токтогул ким деп,- жөөлөп өттү. Чыгармачыл адамдарды кыскан сайын кадыры өсөт. Токтогул акын да Шиберге айдалбаганда, балким тарыхы башкача жазылмак. Гитлерден деле мыкты сүрөтчү чыкмак, ал да чыгармачылыкка кызыккан, көздөгөн максатына жетпей калып, жыйынтыгында жер жүзүнө дүрбөлөң салып, жер бетин канга боёду...

Бакай Алмаз:

Сот Олжобай Шакир агайды 2 айга камакта калтырды. Баш коргоо чарасын жабык тартипте карап, жашырынып жатышканынан эле белгилүү болуп калган.

Бийлик өзүнүн көлөкөсүнөн да чочуп калды деген пикирлер айтылып жатат. Тилекке каршы, бул чындык. Жазуучуга боштондукту талап кылабыз! Сөз жана пикир эркиндигибизди чектебегиле!

Жаннат Токтосунова:

КР Конституциясы, 32-берене:

1. Ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө жана пикирге ээ болууга укуктуу.

2. Ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу.

3. Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес.

Олжобай Шакирге боштондук!

Гүльзат Иманова:

Олжобай Шакир уулунун негизсиз кармалганын эмес, Рыскелди Момбековдун сууга түшкөн сүрөтүн талкуулаган биздей коомго даба жок. Олжобай агабыз -- чыгармачыл адам. Менимче бат эле чыгарышса керек. Мен билбей да, түшүнбөй да калдым кандай окуя болуп кеткенин. О.Шакир агам саясатка аралашчу эмес эле. Болгону саясатпы, чыгармачылыкпы ал ачык бетке айткан адам. Революция кылчу миллиондору деле жок. Бийлик өкүлдөрү деле Олжокебизди жакшы билишет. Буюрса бат эле коё берет. Олжокебизди кармап отурууда эч бир пайдасы да, зыяны да жок. Илгертеден баардык эле адилетсиз иштерге каршы чыгып, өз ой-пикирин айтып келген. Ал эми адамдык сапаты өтө бийик. Билимдүү-илимдүү, эч кимге зяны жок. Болгону "Тууган күйдүрүп айтат" дегендей бетке айткан инсан. Кудай колдоп, үй-бүлөсүнө эсен-аман кайтып келсин! Кыргызстаныбызда тынчылык болсун!

Мика Үсөналиева:

Коомчулукта мыкты резонанс жаратып, мамлекеттин жана сөз эркиндигин ойлогон акыйкат үчүн күйүп бышып "акты ак, караны кара "- деп сын пикир айткан,  адабиятта ат көтөргүс опол тоодой ишти жасап жаткан журналистикада өзүн бийик орду бар мекенчил жазуучу. Oljobai Shakir агайды кармап кетүүсү акылга сыйбаган иш!

Олжобай агайдай мамлекеттин кызыкчылыгын ойлоп ар дайым бийликтин кемчилигин бетке айтып сындаган чындык үчүн күрөшкөн жазуучу экени чындык,  ал бирөө #Олжобай #Шакир . Мамлекетке чындап күйгөн инсан коомчулукта сын пикир айтат. Күйбөгөн адам кошомат айтып кол чабат.

#Олжобай агайга боштондук#акыйкаттуу чечим каралсын!

Кумарбек Чамбылов:

"Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат" акылман Кыргыздын миң деген жылда такталып, бизге жеткен макалындай. Олжобайды камап койгон менен анын башындагы оюн камай албайт да. Анда Жараткан берген талант бар, ал мен эмес да, эки сөздү кошуп жаза албаган, аны жазуучу деп койот. Ал тамсил жазса да тарыхта болгон чындыкты чагылдырып китепке жазып, аны камаган бийликтин маңызын, кулмүнөздүгүн далилдеп чыгарма жазып тарых барагына чагылдырып койот. Бекер жеринен Кыргыздын дагы бир макалы бар, " Баш кесмей бар, тил кесмей жок" деген. Бул чындыктан өлүп да кутула албайсың. Бир кишинин чакырыгынан корккон бийликте ар намыс деле жок турбайбы? Күч иштетүү, камап салуу туура эмес. Олжобай Шакирге боштондук!!!

Токтобек Усенов:

Олжобай Шакир чыгармачыл инсан. Ал жаманбы жакшыбы өз ойун айтканга укуктуу. Жакпаса укпай койгула. Олжокенин тикенеги пайда.

Жыргал Сокурова:

Олжобайдын кээ бир көз караштарын мен деле колдобойм. Кээ убакта тартыша да кетчү элек. Бирок О'Шакирдин сайты кыргыз маданияты, айрыкча адабияты үчүн чоң жүк аркалап келе жатканын эч ким жокко чыгара албас. РухЭштен канча бир мыкты чыгармаларды окудук. Акылман, куудул Куйручуктун тентектигин, кылыктарын илгери эл башкаргандар кечирип койчу тура. Кеп билген, сөз билгендер бар чыгаар...

                                                                                                                                                         уландысы бар...

 

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз