Султан Раев: Кыска аңгемелер

  • 08.01.2024
  • 8231

СОГУШ

Аэропорт текшерүү жайы.

- Жарыктык кишини мынча кыйнадыңар, өткөрүп эле койбойсуңарбы? – Кезекте турган балжайган семиз аял үн катты. – Ушуну менен үч жолу өттү.

 - Инструкция, эже... Шыңгырап жатпайбы? – деди. – Инструкцияны бузалбайм... – Аскер кийимчен жаш жигиттин териси жактыра бербеди. – Ата, дагы эмне бар, маки же башка темир буюмдар жокпу? – Жигит абышкага катуу унчукту. – Темир...

Эми эле орден, медалдары тагылган костюмун чечип, текшерүүдөн өткөн чал, түшүнө бербей желкеси кушуруп, кол таягын көрсөттү.

– Бу жыгач, долонодон жасалган, катуураак сүйлө укпай атам, - деп кулагын балага жакын тосту. – Эмне?.. Кайра өтөйүнбү? – деди чал салмагын кол таягына артып.

- Кана, дагы бир жолу өтүңүзчү, кол таягыңызды быякка коё туруңуз, куруңузду да чечиңиз, - деп абышканы колтугунан сүйөп, темир шакекчеден кайрадан өткөрдү. Кайрадан шыңгыраган үн чыкты.

- Ой, бу чал темир жутуп алганбы? – Баягы семиз аялдын үнү нааразы чыкты. – Эмне эле шыңгырайт, аа? Шыңгырай турган деле эчтекеси калбаптыр, ботом эй, ия...- деп сиркеси суу көтөрбөй кетти.

Артта тургандардын баары “баа” күлүп жиберди.

 - Ата, дагы шыңгырап жатат, эмне бар эле сизде? – деди жаш жигит. – Бу эжем айткандай, темир жутуп алгансызбы дейм? – деди жигит түшүнө бербей.

Ансыз деле айласы кете түшкөн чал, каңырыш угуп алдыбы, жигитке бурулуп, - Шымды чечейинби эми? – деди, чал сөздү угуп-укпай, кулагын жапырды жигит тарапка.

- Ой, бу бир балээ болду го? Өткөзүп койгула эми, байкуш чалды кыйнабай, - кезекте бала көтөрүп турган, орто жаш аял үн катты. Жигит да ыңгайсыздана түштү.

- Ата, Бишкекке эмнеге барасыз, а жакта сизди күткөн бирөө-жарым барбы? - деди жигит, чалдын бут кийиминин алдын текшерип жатып.

 - Укпай атам, атаңитчейин! Кулакты кудай алып койбодубу? Катуурак сүйлө, - деди чал жигитке. – Эмне дедиң?..

 - О, Бишкекке эмне баратасыз, күткөн адам барбы сизди, ким күтүп алат? -  деди жигит.- Бишкекке эмне баратасыз? – Жигит чалдын кулагына катуу бак-бак этти. Чал эми уктубу, башын ийкеп ийди.

 - Военный парадга... жеңиш парадына чакырган, - деди чал, тегеректин баары  кулагы кереңдей тирик сүйлөдү. – Ошоякка баратам...

- Сокойуп  эле ушул чал калган окшойт, согушка катышкандардан, - Баягы семиз аял дагы наалыды. – Узаткан эткен адам да жок экен, тобо... Шаарга барып адашып кетсе эмне болот, аа? – Аял ачуулана кетти. – Өкүматтын кылганы да...

- Ата, дагы эле шыңгырап жатат да, - деди кайрадан текшерүүчү жигит.

Чал жигитке кайра кайтала дегенсип кулагын тосту. Жигит сөзүн кайталады. Чалдын эсине бирдемке кылт эте калдыбы, сылтып баскан оң бутунун санын көрсөтүп, үн катты:

- Мына бу жердимде, момундай ок бар, - Чал кичи чыпалагын көрсөттү. – Согушта  тийген... Ошо шыңгырап аткан жокпу? – деди чал.

 - Айттым, го бу чалдын ичинде темир бар деп, - Баягы семиз аял көпчүлүктүн арасынан дагы жандана түштү. – А, огу деле этине-эт болуп жабышып калса керек, шонусу шыңгырап атыптыр да...

*     *     *

Чал темир шакакчеден өттү.

... Чалдын эбак жадынан өчүп бараткан согушту денесиндеги чыпалактай болгон ок дагы эстетти...

ӨМҮР

Киши көзү чылк жумулуп, керең чексиздикте жатты. Анын актык деми бүтүп, кылдын учунда турду.

- Сен кимсиң?! – деди киши, чочугандай. Анын жанында, бир-эки кадам арыда, кексе, ак сакалдуу, жүзүн бубак баскан чал турду.

- Мен Чындыкмын, - деди чал.

- Чындык, - Киши таң кала суроо узатты. – Мен сени чакырган жокмун.

- Мени чакырбайт, мени издейт... Өмүр бою... - деди чал. – Эч бир жан  табалбайт...

- А, мен сени издегемин, акыры таптым деп сүйүнгөмүн, - деди киши. – Мен сени тапкамын... өзүм издеген Чындыкты тапкамын...

- Мениби? – деди чал.

- Сени... – Киши үн катты. – Ооба, сени... чындыкты...

- Мени, таптым деген күнү, - деди чал. - Сен мени таптакыр жоготконсуң... ошол  күнү жоголгомун... - Чал бир паска тунжурады. - Бүгүн сага Чындык кандай болорун... көрүп койсун деп гана алдыңа келдим... Мен эч кимдин алдына барбайм, бирок мага барганга, мени тапканга жол кезип, азап чегип, дүйнөнү түгөл айлангандар да мага жетпейт...

Чындыкмын деген чалдын үнү угулбай калды. Аны киши сезди.

Кишинин көзүн кайрадан чылк караңгылык каптады. Ошол караңгылыкты күн нурундай жиреп, анын алдына сулуу, ажарлуу аял келди.

- Сен, кимсиң? – деди киши таңдана. – Кимсиң?..

- Менби? – деди аял. – Мен Ажалмын...

  - Ажал?.. Ажал ушунча жомоктогудай сулуу болобу? – деди киши.- Мен ажалдан  кутулгамын, ажалды жеңдим дегемин...

  - Сен ажалдан кутулдум деген күнү, мен сенин үйүңө келгемин, – деди аял. – Менден эч ким кутула албайт. Өлүм ак, ажал ак. Актан эч ким качып кутулган эмес...- деди аял. – Кеттик, менин артымдан эрчи. Мен сени алып кеткени келдим...

- Ажал ушунчалык сулуу болобу, мен эч качан Ажал сулуу болот деп ойлогон эмесмин... - деди киши таң калганынан жазбай. – Өмүрчү, Өмүр кандай болот? Сенин алдыңан Өмүр чыкты беле, анын жүзүн көрдүң беле? – Жалбаргандай сурады киши.

 - Өмүрбү?.. Мен аны көргөн эмесмин, таптакыр көргөн эмесмин,- деди аял. – Билгеним ал... Чындык менен Ажалдын ортосунда жашайт...

Кишинин жаны үзүлдү... Чындыкка баш урду...

ТУЯК

Тепкедей айылдын ортосундагы үйдөн ый чыкты. Бектур аксакалдын кыздары биринин артынан бири “атакелеп” кошок айтып жатты. Сербейген жигит гана элдин карааны көрүнгөндө бөйрөгүн таянып: “Атам ой!”, “Атам ой!” деп өкүрүп калат.

 Бектур чал беш кыз көрүп, бешөө тең очор-бачар түтүн булатып калган кезде  кемпиринен ажыраган. Артынан бир да эркек аттуу  калбады.

 - Мынабу, “атам ой” деп боздоп турган бала ким, Марзыя?- деп шыпшынды, берирээк жерде отурган кемпир. – Бектурдун уул баласы жок эле, ким болуп кетти экен? - Ал жанында отурган кемпирге ээк какты.

 - Бу бала Бектур аванын аталаш туугандарынын баласы, авамдын кыздарында да эркек жок, - деди Марзыя. – Бектур авам да тукумун сыйлап, кемпири өткөндөн кийин төшөк жаңыртып алса болмок, жарыктык киши... Азыр туягы турмак “атакелеп”...

Кемпир Марзыянын сөзүн туура көргөндөй, акырын баш ийкеди.

 - Кайран Бектур... ушу жадесе бирөөнүн босогосун атап койсо болмок экен, -  деди кемпир шыпшына. – Туяк калмак артында...

*     *     *

... Чолок көчөдө акырын Кемпир жер карап жай баратты.

Анын эсине баягы жылдары ушу Бектур чалдын окуясы эске түштү... Күйөөдөн жалгыз, үйдө эркексиз калганда кайран Бектур бу аялдын “босогосун” аттамак болгон.

Шондо ал “менде күйөө болбосо да,  аялдык намысым бийик мага” деп, Бектурдун артынан  эшикти катуу жапкан.

Аны азыр эстеп баратты... Негедир көзүнөн ысык илеп тээп чыкты, деми муунду. Көз жаштай кулап өмүр өтүп кеткенин эми сезгендей болду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз