Кеңеш Жусупов: Тарыхы жана рухий маданияты жок эл – эл боло албайт, ансыз айбанаттын кейпин кийип калат.

  • 03.10.2023
  • 3608

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун “Байыркынын издери (Улуттук дух жана рухий дүйнө жөнүндө)” аттуу китебиндеги сөз берметтеринен:

 Жусупов бул чыгармасында байыркы кыргыз элинин б.з.ч III кылымдан биздин замандын XIV кылымына чейинки тарыхынын айрым бир урунттуу учурлары жана рухий дүйнөсү жөнүндө публицистикалык эркин ой жүгүртөт.

***

Тарых – жер астындагы уюган алтындай табылгыс, катылган кымбат мурас. Ал бир эле адамдын өмүрүн эмес, бир нече муундун эмгегин, өмүрүн талап кылары шексиз.

***

Ар бир муун коом алдында өз рухий ийгилигин жаратат. Муун ортосунда өтмөлүк болот. Эси бар атуул башына түшкөн, пешенесине жазылган парзын ойлонот. Муун алдындагы жоопкерчиликти сезет. Биз мурункулардын калтырган мурасын кандай асырадык, кандай урунуп-пайдаландык, керезин аткардыкпы? – дегендей суроолорго тирүү кезибизде Теңир, өткөн бабалардын арбагы алдында, коом алдында, журт алдында жооп берүүгө милдеттүүбүз.

***

Тарыхы жана рухий маданияты жок эл – эл боло албайт, ансыз айбанаттын кейпин кийип калат.

***

Чыныгы атуул өзүнөн мурда эң оболу элдин, улуттун тагдырына күйүп, намыс менен келечекти ойлош керек.

***

Эгерде бүгүнкүнүн жана эртеңкинин курамын коргоймун, бактылуу жашайм десең, кечээңкини, өткөндү  билүүгө тийишсиң. Биз өткөндү канчалык мыкты билсек, ошончолук билимибиз артат, өзүбүздү түшүнөбүз, тарбиялайбыз, тереңдейбиз, күрөшө алабыз! Биз алардан кол жуусак куураган талдай серейебиз, тамырыбызга доо кетет. Чын тарыхты өзүң издеп тапсаң, билимиң жугумдуу, терең болот. Эсиңде болсун: “Эскини билсең, жаңыга умтуласың, өткөндү туйсаң эртеңкиге жолуң ачылат, азыркыдан артта калбайсың” деген эмеспи илгеркилер. Ушул накылдын учун уласак, биз: “Кыргыздар байыркы элбиз жана бай оозеки чыгармаларыбыз бар” – деп корстон болуп жүргөнүбүз менен, али да тарыхыбызды изилдеп, мурасыбызды асырап-жыйнап, басмадан ыраттуу чыгарып, илими деңгээлде изилдеп, рухий дүйнөбүздүн куту катары асырай элекпиз.

***

Кайсы бирөөлөр башка элдин маданиятын олжолоо менен жасалма барк күтүүнү, бөлөктөргө байыркы маданияты бар эл сыяктуу көрүнгүсү келет окшойт. Анткенде элдин улуулугу, нарктуу маданияттуулугу же рухий зоболосу көрүнбөйт, кайрадан ошол элдин аброюна шек келтирерин, салака болорун тарых айдан ачык көрсөтүп коёт.

***

Жер – элдики, жанын багары, көрөр күнү. Аны берүүгө кантип ооз барат?! (Хуннулардын ханы Модэ)

***

Рухий маданияттын тамыр байлап өсүшүнө, анын калыптанышына далай мезгил жана ыңгай керек. Рухий маданият эшиктен аккан суудай чууруп кирип келбейт. Маданиятка ошол мезгил оболу оңтой болуп жол ачса, ага шарт түзсө, эл камын көрсө, ынтызар болсо, ыклас койсо, ошондо гана ажары ачылып, өсүп-өнүгөт.

***

Рухий маданияттын уюткусу эл. Ал элдин өзүнүн теңир жалгаган касиети, талант-идиреги жана калктын мээрими, ички ой-ниетинин тазалыгы жана бейпилдиги, жан ачыган мээнети талап кылынат.  Борпон бош жерде, жалкоо колдо, кайдигер жашоодо, ага суу жетпесе маданият салаалап тамыр байлабайт, чынар теректей бажырап бүрдөбөйт.

***

Маданияты жок эл болбойт. Эл маданиятсыз узакка жашай албайт. Маданият элдин өмүрүнө тете.

***

Тарыхка көз салсаң, кайсы доорду алба, кайсы өлкөнү эстебе күчтүүмүн деп турганда ордосу чабылган, адамдары кырылган дүйнөсү таланган. Ал эми маданияты аман калган. Кейпи адамдын рухий дүйнөсү, анын маданияты оттон да күчтүү жеңилбес касиет экен, түбөлүктүү экен. Маданият бир эле адамга же урууга, элге коюлган эстелик эмес, жалпы адамзатка коюлган мурас-керез турбайбы!

***

Жөнөкөйлөтө айтканда, дин – адам баласынын жашоосунда кара жаны, өмүрү үчүн жана кайгысы менен өлүмдү жеңиш үчүн болгон узаакы күрөшү десе да жарашкыдай.

***

Дин десе эле Совет доорунда жедеп коркок-билиш болуп калган жайыбыз, чок баскандай: “Дин – апийим, дин – караңгылык, динди түбү менен жоготуш керек” деген кара союл доорду да жашап өттүк. Бизге эми диндин ак дарбазасы ачылды. Дин жалгыз бир кудайга эле кечке табынып жатып алуу эмес экендигин кеч да болсо түшүндүк. Ал биздин жашообузга кеңири жол ачат, эркин, таза жашоого, тирүүлүктүн ак жолуна үндөйт. Элибиздин рухий маданиятынын өзөгү –дин, ал дүйнө тааным илим катары, тарых, философия, аңыз, психология, теология, этнография, салт, культурология, археология ж.б толгон илимдерди ичине камтыйт эмеспи.

***

Улуттук дүйнө тааным – улуттук рухтун кайнар булагы.

***

Дин десе эле кээ бирөөлөр чолок элестеткендей, кудайга эле баш көтөрбөй кулдук ура берүү эмес, жаны жай албаган адам өзүнүн бардык өмүрүн, эмгегин, күч-аракетин, ой-кыялын бир ыйык максатка, таза ниет-тилекке жумшоо, багыттоо жана андан каниет алуу. Мына ошол адамдын улуу жолунда, умтулуусуна сүрөө болгон, ага тирөөч болгон дин экен.

***

Акылдуудан башчың болсо адашпайсың. (Эл макалы)

***

Улус хандын суроосу:

- Дүйнөдө ким күчтүү? 

Дүйнөдө учкул кайсы?

Баатыр деген эмне?

 Коркок деген эмне?

Жакшы деген эмне?

Жаман деген эмне?

Жаманга дабаа кайсы?

Улус ханга кызы Салыймандын жообу:

- Дүйнөдө кутман падыша күчтүү болот. Ага эси бар эли баш иет, кыбыр эткен жандуу, жер-суу багынат.

Дүйнөдө учкул – даанышмандын касиеттүү сөзү болот. Даанышман сөзү өлбөйт. Эл ичинде куштай, булуттай учат, жетилет.

Баатыр деген – хандын чапса оң колу, таянса тоосу болот жана караламан элдин бакты-таалайы болот.

Коркок деген – эки көзү көр, бактысы шор, барары ор, көөдөнү сокур, кулагы керең, тили дудук, суу алгыс кудук, иши бузук, элге пайдасы жок эптеп жүргөн пенде.

Жакшы деген – даанышмандыктын булагынан суу ичкендерди айтат. Сүйлөсө сөзү эп болот, жамы журтка бак конот.

Жаман – деген өпкөсүн колуна кармап, көккө ыргыткан шыпыр, жүрсө көйрөң, бетинде жылдызы жок, сөзүндө чындыгы жок, жүрөгү тетир, кылганы кесир болот.

Жаманга дабаа жок, алдайын дейт алдай албайт, коркутам дейт дарманы келбейт. Карманарга ырысы жок, айтарга сөзү жок, куураган даракка окшош.

***

Эзелтеден элдик оозеки санжырадан, “түбүбүз түрктөн” деген сөздү укканбыз. Мындай сөз элдик оозеки чыгармаларда да кездешет. А тургай кытай жазмаларындагы аңызда түрктөр менен кыргыздар уялаш делет. Тарыхка чындап караганда, Түрк кагандыгына чейин эле, биздин заманга чейинки эле доордо кыргыздын мамлекети болгонун небакы кытай жазмалары дапдаана айтып отурбайбы! Баамыбызда, көчмөндөрдүн түрк деп аталышы кийин, эң эрте болгондо IV – V кылымдарды камтыйт. А кыргыздар түрктөргө чейин эле 755 жыл мурун аты аталып, тили сүйлөнүп, ханы шайланып келген. “Түрк” деген ат кытайлардын жазмасында 546- жылы гана эскерилет. Андай болсо, башка көчмөн элдердин түрк деп аталышы, тилдеринин түрк тили деп аталышы божомол, жаңылыштыкта келаткандай сезилет. Кейпи, Борбордук Азияда түрктөр бийликке кеч келсе да, далай жыл бийликте туруп, үстөмдүгүн жасап, башкалардын жакшылыгын ойрондоп, атын да, тилин да түбөлүккө калтыргысы келген окшойт. Ошол түрк ооматын көчмөн элдердин тарыхын жакшы билбеген саякатчылар, тарыхчылар жана изилдөөчүлөр колдоп кеткен сыяктуу. Совет доорунун окумуштуулары да ушул оңой жолго түшкөн белем. Мен бул жерде түрк тилинин ордуна кыргыз тилин атап коёюн деген жерим жок. Түрк элине, рухий маданиятына ызаатым бар. Мен тарыхчылар менен да, тилчилер менен да жаатташпайм да, талашпайм. Болгону, өз жеке оюмду айткым келди. Тарыхты тактап алсак, атаганат, ар бирибиздин парзыбыз эмеспи.

***

Эл – көл, жоголбойт. Арабдын тарыхчылары: “Кыргыздар Моголстан токоюнун арыстандары” деп бекеринен атаган эместир.

***

“Манас” эпосу баатырдык эпос деп аталганы менен, аны акылмандыктын да эпосу деп атасак жарашкыдай касиет сүрү, суру бар. Анын ичинде уюган улуттук рухий кут жатат.

***

Кыргыз баласы ыр менен төрөлөт. Наристе жарык дүйнөгө келгенде жарчы ыр менен калайыкка сүйүнчүлөйт. Баланы бешикке салганда ыр ырдалат. Эне бешиктеги баласын ыр менен бапестеп чоңойтот. Баланын тушоосун кескенде балакат кезден атка алгач мингенде, колуна биринчи курал кармаганда, асмандагы жылдызды биринчи көргөндө, тоого, сууга, мазар жерлерге ыр менен сыйынат. Бала оюну жалаң ыр менен өтөт. Адамдын ар курагына жараша түрдүү, салттуу ырлары айтылат. Эр жеткенде да, үйлөнүү тоюнда да, эр ортонуна толгондо да, үйлөнүү тоюнда да, эр ортонуна толгондо да, карыя болгондо да ыр менен жашашат. Ар кесиптин, ырым-жырымдын, эмгектин, арман, сүйүү, айтыш, өлөң, кошок ж.б. ырлары бар. Мына ушул жарык дүйнөгө келгенден баштап, а дүйнө кетээрдин ортосунда тирүүлүктүн баа жеткис, сөз менен айтып бүткүс узак жолу жатат. Ыр дүйнөсү адамга өмүрдү кооз көрсөтүп, ак жолго, сулуулукка, ыйыктыкка чакырып, шердентип жашатат. Кыргыз баласы а дүйнө кеткенде да ыр, кошок менен узайт...

***

Кээде ар кайсы өлкөлөрдөн байыркы шаарлардын, архитектуралык эстеликтердин эң эски урандыларын көргөндө эмнегедир Энесайдагы биздин таланттуу бабалардын өмүрү, тагдыры эске түшөт. Алар биздин рухий дүйнөбүздү куруп кетти, а өздөрүнүн өмүрү кийин байыркы шаарлардын урандылары сыяктуу кыйракандап чачылып калды. Мезгилдин чаңына бастырып ийгенбиз.

***

Биз кандай күн башка түшсө да көзү өткөн бабалардын калтырган рухий эстеликтерине кайра-кайра кайрылууга, изилдөөгө, толуктоого, сактоого, Чынар Терекке суу куюп турууга милдеттүүбүз.

***

Энесайдагы эзелки кыргыздардын таш эстелигиндеги мобул жазууну ким чеккени, же кимге арналганы белгисиз. А бирок бабалардын эң акылманы жолдон өткөн жолоочуга, өзүнүн кийинки тукумуна, урпактарга калтырган улуу чакырыгы, түбөлүккө кагып турган коңгуроосу болсо керек:

“Бирикпей өткөн тарыхты,

Бирдикте кыргыз билип ал.

Өскөнүңдү жөлөп ал,

Өлгөнүңдү төлөп ал!”

***

Жаныбек хан (XIV к.) жортуулдан олжо менен кайтып, конушуна көңүлдүү келатат. Эл ичинде Жээренче чечен бар экен. Аңгыча кабар келип калат. Жээренче чечендин аялы жайма-жай отуруп эле мүрт кетет. Муну аксакалдар Жээренче чеченге сөз менен жибитип угузалы дешет. Айылдын сөзмөр карысы Жээренче чеченге сөз катат:

- Чеченим, бизге сүйлөй отуруңуз, бул дүйнөдө үчөө: агымы катуу суу өлбөйт, аскасы бийик тоо өлбөйт, ыйык Күн өлбөйт дешет, ушу чынбы?

- Алар да өлөт. Кычырап кыш келип, борошолоп кар жааса, тоонун башын ак басса, анда олбөгөндө не болду. Асманды кара булут басып, жерге жылуулук бербесе Күн өлбөгөндө не болду.

- Э, чеченим, адамдарга келсек, атасы өлгөн не болот?

- Атасы өлгөндүн аскар-зоосу кулаган менен тең. Сакалын жайкалтып, көңүл чөксө дем берип, нуска сөзүн жобуратып төрүңдө отурса, аскар-зоо эмеспи.

- Энеси өлгөн не болот?

- Энеси өлгөндүн элин жоо чапкан менен тең.

- Баласы өлгөн не болот?

- Өзөгүн өрт алган менен тең. Өзөгүң өрттөнгөнү, очогуңдун өчкөнү.

- Ал эми катын өлгөн не болот?

- Ат-та! Катыным өлгөн экен. Карыганда кууратып төрт баш, бир жаздыкка жатып калган экенбиз,- деп Жээренче чечен тунжурай тушүп, кайра чыйралат. Сөзүңө жооп айтайын, элде “катын өлсө камчы сап сынгандай” деген сөз бар. Катыны өлгөн адам ат үстүндө камчысын таянып өкүрсө сабы сыныптыр. Аял эрдин учса канаты, консо куйругу. Атасы өлсө жетим дейт, баласы өлсө как баш дейт, катыны өлсө жесир – дейт. Жесирликти эркекке карыганда бербесин.

Эл тунжурай түшөт.

Баягы карыя сөзгө келет.

- Чеченим, карыганда кууратып төрт баш бир жаздыкта жатып калган экенбиз дегениңизге түшүнбөдүк.

- Менин жашым бул, мага эми кыз алып бермек белеңер, эри өлгөн жесирди табасыңар. Мен өлгөн катынымды эстеп, тиги өлгөн эрин эстеп бир жаздыкта төрт баш жатпаганда не болдук.

***

Элдин маданиятын унутпаган улуттун келечеги кең, суру (духу) күчтүү, өмүрү узак болорун баба тарыхы какшап айтып турбайбы!

***

Керез – бу тирүүлүктөн коштошуп бараткандагы адамдын эң акыркы улуу сөзү. Ошондо адам тирүүлүктүн соңку сөзүн сүйлөп калат.

***

Совет доорундагы эң жаңылыш саясат -  боордош элдерди бөлүп- жаргандыгы, алардын тарыхын бурмалагандыгы жана маданиятын басмырлаганы болду.

***

Туура сөз кылычтан өткүр. (эл макалы)

***

Улуттук осуят – адамдын кыска өмүрүнүн акылмандыгы жана жол көрсөткүчү.

***

Адамдын өмүрү тартылган сүрөттөгү боёкко окшойт. Ушунча кыска  өмүрүн неге баёо, бейпил, назик жашай албайт. (Абу Насыр Ал-Фараби (IX к.)

***

Тарых бир эле өткөндүн кабары, баяны гана эмес, урпактарга калган улуу нуска-ибарат. Тарых баяны арттан чыккан үн эмес, алдыдагы жаңырык, улам кийинкиге кайрылган чакырык.

***

Адабият, тарыхсыз эл-журт катарында саналбастан, адам айбанынан эсептелип, эл болуп жашай албайт, демек, жүрө-жүрө жок болот. (Кыргыз акындарынын тарыхынан. Белек Солтоноев)

***

Өзүн кем-кем урматтаган, өнүгүп-өсүп маданияттуумун деп дымак күткөн ар бир эл адеп түп тарыхын жакшы билет. Ата тарыхын кадырлабаган адамдын тагдыры армандуу, эли шорлуу, келечеги жок, канатынан айрылган куш сыяктуу.

***

Азыркы күндөгү табылып жаткан баалуу эски кол жазма менен китептер – элдин луттук маданиятынын эстелиги экенин коомчулугубуз эми түшүнүп калды. Өткөн тарыхты билбеген, эскини сыйлабаган адам бүгүнкүнү жана келечекти баалай да албайт.

***

Эне-атага жасаган жакшылыгың, эмгегиң, эрдигиңди сен соодалашпагандай, Мекенге да акыбетсиз милдетти өтөө керек. Акыры кайгы чегип, мээнет тартып, ак дил менен жасаган ишиң, кыйналган эмгегиң баркталат белем.

***

Бүгүнкү кундө өткөндөгү таланттарга жана алардын көркөм мурастарына кылдат, түз баа берип, акыйкаттыктын ажарын ачып алууга милдеттүүбүз.

***

Элибиздин башына түшкөн оор тагдырлар бизге улуу сабак – насаат.

***

Бала кездеги кайгылуу жомок улгайсаң да эстен кетпейт окшойт.

***

Өзүбүздөн ой, идея чыкпаса эле башкалардыкын теңине албай, жактырбай, укмаксанга сала берип же башкача, теңирден тескери жоруйт окшойбуз. Өзүбуздүн мажестигибиз, маңыроочулугубуз ушунда жатабы дейм. Ой, идеяны кыйынсынып же пайда табыш үчүн айтпайсың, ал учурдун муктаждыгы, зарылдыгы. Кеп аткарышта, бийлик колдо барлар, улутка күйгөндөр калк үчүн пайдалуу ой экендигин билген соң, аны ишке ашырып коюшу парзы, экинчиден маданияттуулугу, атуулдугу эмеспи. Эл дегенде тик тургандын башаты ушунда эмеспи.

***

Арман, насаат жана керээз ээн жерге, укпаганга айтылып калбаш керек. Арман тирүүлөргө чакырык. Анын колундагы коңгуроосу. Чакырык артта калбасын, анда биз өзүбуздү жоготобуз. Чакырык алдыда жүргөндө гана өмүрүбүз узарат, тирүүлүктүн баркын, өзүбүздүн ким экендигибизди сезебиз.

***

Менин көргөң тажрыйбамда бүткүл жан-жаныбар, канаттуу, бөйөн-чаян, төрт аяктуудан адам баласынан коркокту көрө албадым. (Белек Солтоноев)

***

Чаалыгып аз окуган жолдо калар. (Белек Солтоноев)

***

Чыныгы аалым тарыхчы – ар түркүн илим билген, дүйнөнү тааныган, мекенди сүйгөн, тагдырына күйгөн адам гана боло алат. (Белек Солтоноев)

***

Билими, маданияты жок, чала сабат манаптар – көзү, акылы жок, көңүлү туюк, көөдөнү чирик, арамза, дымагы бийик айбан. (Белек Солтоноев)

***

Адам мезгилди тандап албайт, тескерисинче, мезгил адамды тандап, сынынан өткөрөт, жышып тарбиялайт.

***

Жакшы адамдын өмүрү – чагылган сыяктуу, өзүн мерт кылып, жашоого, тирүүлүккө, адамдарга бир жарк этип алат.

***

Ата-бабаларыбыздын ар биринде жазылбай калган канча арман-насааттар, кошок-керездер мезгил деңизине чөгүп кетти.

                                         Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

 

 

 

 

 

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз