О’ШАКИР
КОҢШУ КАМЕРАДА КОБУРАШКАНДАР
- Келдим дейсиң каяктан?
- Грозныйдан...чеченмин.
- Мандем эмне? Ал жактан...
- Көрдүм да дос, неченди.
- Туш болдуң дейм кандайча,
Түркияга барганча?
- Россияда сандалдым,
Ал жактан бир кармалдым.
- Россиядан кутулдуң,
Мында кантип тутулдуң?
- Түркияга качкамын,
Айтсам толо азап бар...
- Баңгизатты сатканың,
Кайдан билди казактар?
- Өзүм ката кетирдим –
Алматада бекиндим.
- Даана кызык болгон го,
Эмне издедиң “Дордойдо”?
- Мен ал жакка барганда,
Кезикмекмин кардарга.
- Артистсиң го күлгөндөй,
Гастролдоп жүргөндөй.
Канча өлкөдө камалып,
Болуптурсуң күйгөндөй.
- Апам айткан муң үндүү,
Ырымы чын туюлду.
“Абак жайга калтырба, -
Деген, - өздүк буюмду!”
- Айткандары апаңдын,
Чоң башаты катааңдын.
- Койдум кийин күлгөндү.
Тойдум ушул... Түрмөңдү!..
тарс унутуп бир кезде
таштап кеткем күрмөмдү.
- Түрмөлөрдө ырым бар
Келе жаткан кылымдар.
- Ии...айт биле жүргөнгө,
Көңүлүмө түйгөнгө.
- Чыксаң күлүп, ырсайбай,
кет артыңа кылчайбай!