О'ШАКИР: АКЫН-ЖАЗУУЧУ, ИЛИМПОЗДОРГО СОБОЛ

  • 05.10.2023
  • 1512

О'ШАКИР

АКЫН-ЖАЗУУЧУ, ИЛИМПОЗДОРГО СОБОЛ

Абийир болор журт элеңер улутка, силер ошол озуйпаны унуткан коом болдуңар: кошоматчы, айлакер.

Бири-бириңен доолап: “наамың майлап бер”.

 Кайда экен деп издеп көнгөн пайданы  -

Силер абийир болмоксуңар кайдагы?

Адилетсиз, бийлик, тактан жазганган

Же жадабай жөө жомокту жазгандан.

Көтөрдүкпү адабият кадырын?

Бийликтин чаап камчысын да, арыгын:

Күткөнүңөр наам, сыйлык, атакпы? –

Баштап не бир интрига, чуу, чатакты.

Жетиш үчүн даражалуу мансапка,

Жексурларга мейли жүгүн, жалпакта.

Көтөргөндөй өз даража, баркыңды –

Көтөрдүңбү түркөй, баёо калкыңды?

Өстүргөндөй өз беделиң, зоболоң –

Эмне жаздың өз элиңди оңогон?

Өрнөгү жок карысы да, жаштары

Өзүмчүлдүк өзүңөрдөн ашпады!

Элге керек илим түбүн каздыңбы?

Эл агартар эмгек, китеп жаздыңбы?

Элге мейли болгон менен атактуу,

Эмгектерди жайылттыкпы сапаттуу?

Ыр, жомоксуз мектеп, бала бакчалар,

Кыргыз тилин тил дейбизби мактанар?

Маңызыңар ким экенин билгизген –

Маңкурт болуп өсүп жатат “киргиздер”

Жеткинчекке шаар, айыл, конуштун

Тили артык кыргыз эмес, орустун!

Өз тарыхын билбес элбиз – алсызбыз!

Силер менен сыймыктанган – арсызбыз!

Силерди мен окшоштурам дудукка,

Окшоштурам – соолуп калган кудукка!

Силер жазган эмгектердин калпы көп,

Силер жеткен наам, сыйлыктын баркы жок!

                                            19.03.23

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз