О’ ШАКИР: РУХАНИЙ КОНСТИТУЦИЯ

  • 09.10.2023
  • 1288

ОШАКИР: РУХАНИЙ КОНСТИТУЦИЯ

(Чыгарманы пикирлешим Мээрим Сайдилканга арнайм)

Театр босогосун аттады. Өзүнөн бираз алдыда келген эски таанышына жолукту. Өтө таланттуу режиссёр ал. Бирок анын бир да спектаклин көргөн эмес.

Экөө ал-жай сурашты.

- Ушул жерде иштеп атасыңбы?, - деди драматург.

- Жумушка кире албай жүрөм бу жакка. Эки жыл болду, бошмун.

Улам алабыз деп коюшуп, келсем эле шылтоолору көп. Өзүңчү? Сен экөөбүз бирге иштесек болот эле. Жазгандарыңжагат, - режиссёр чын дилден айтты.

- “Мен да сени менен иштешем буюрса”, - деди драматург ичинен.

- Кимге келдиңер? – босогодогу кароолчу экөөнөн бирдей сурады.

- Театр жетекчилигине, - деди драматург.

- Кайсы жетекчисине? Жетекчи көп бизде. Сизге деректирби, көркөм жетекчиби, орун басарбы? -  кароолчу такып сурады.

- Көркөм жетекчиге! – чыйрак жооп кылды драматург.

- Мен да көркөм жетекчиге келгемин, - режиссёр кошумчалады.

- Экөөң чогуу кирет белеңер?

- Жок, мен бул кишиден кийин, - режиссёр кичипейилдик менен драматургду алдыга түртүп, өзү чертке жылды.

- Макул анда, экөөбүз чыкканда сүйлөшөлү дагы.

Театрдын көркөм жетекчисинин маңдайында отурду драматург.

- Либреттоңдун темасы кызык экен, - драматургдун колунан алган кагазга кызыгуу менен үңүлдү.

- Балет өнөрүн сүйүүчүлөргө кызык эле болот. Дагы бир либреттом даяр, опера үчүн жазылган.

- Экөөнү тең калтыр. Театр репертуарын жаңыртууга министрликтен чоң акча бөлүнгөн. Гонорарыңды жакшы төлөйбүз, - ишенимдүү сүйлөдү көркөм жетекчи.

- Операмды кайсы режиссёрго койдурушту өзүм чечейин, кандай дейсиң? – драматург өз оюнда  кайсы режиссёрго ишенерин чечип койгон. Бирок анын аты-жөнүн эстей албай отурду. Ал режиссёр менен азыр эле театр босогосунан учурашпадыбы, бирок ысымын эстей алсачы бир...

- А кайсы режиссёрду айтканыңды түшүндүм. Ал азыр ылдыйда. Кирет ал. Сен экөөбүз чечишкенден кийин аны менен сүйлөшөм:

- Ал бечара эки жылдан бери бош жүрөм дейт. Андай таланттуу режиссёрду колдон чыгарба.

- Албетте, колдон чыгарбайбыз. Бирок адамда напси деген жаман да. Анын сураган айлыгына оозуң ачылат. Биз ага андай чоң айлык төлөй албайбыз. Ошон үчүн ал суранган сумманы ылдыйлатыш үчүн эки жылдан бери атайы убара кылып атабыз өзүн. Мурдунун суусу дагы аксын. Анан ал биз айткан айлыкка аргасыз көнөт. Хи-хи-хи.

- Жеткен шүмшүк экенсиң. Таланттуу режиссёрду көчөдө калтыргандан көрө жумушка алсаң, ал койгон спектаклдердин кирешеси эле канча акча болмок? Театрдын кассасы канча жолу толмок! – муну кекенип айтты драматург. Баш чайкады тигинин наадандыгын ачык туюнтмакка.

- Куулук, шумдукту билбейсиңер да. Хи-хи-хи... –көркөм жетекчи маашырлана күлдү. – Биз аны бүгүн жумушка алабыз. Анткени кечээ ыйламсырап келди. Картайган апасы ооруп, төшөктө экен. Келинчеги таштап кетиптир. “Колумда мектепке барчу балам бар. Эптеп кенедей айлыкка болсо да жумушка алгылачы. Эч болбосо апамдын дары-дармегине жеткидей айлык берсеңер болду” – дейт.

Драматург театрдын көркөм жетекчисинен чыгып, четөлкөлүк меймандары менен ресторанда тамактанып отурган жерден түшү үзүлдү. Түшүн эсине түйүп калыш үчүн көзүн ачпады.

Түшүндө Зигмунд Фрейд, анын аялы Марта, өз колуктусу Назгүл төртөө экен. Алдыларына тамак келди өмүрүндө көрбөгөн. Назгүлдүкараса, тамакты астын-үстүн аралаштырып жибериптир боткодон бетер.

- Охий – деди тамакты оозуна салган Назгүл. – Укмуш тамак экен, - тамшанды.

- Минтип жеген болбойт. Стейкти сырга ороп жейт, -деди Марта.

Драматург четөлкөлүк меймандардын алдында Назгүл үчүн уялды. “Мага окшоп жебей отурбайт белең” – деди ичинен. Өзү болсо тиги меймандар тамакты кандай жей турганына тымызын көз салып отурду, ыңгайсыз абалда калбаш үчүн. Фрейд менен Марта стейкти эриген сырга оонатып, ороп жегенин көрүп, өзү да бул тамакты өмүр бою жеп жүргөн кишидей калбааттуу отуруп жеди.

- Кызыл шараптан албайлыбы, - шаңдуу мүнөз Назгүл колуна бокал көтөрдү.

Төртөө бокалдарын кагыштырды.

- Балет үчүн жазылган либреттоң менен таанышым чыктым, - деди Фрейд. – Жан-жаныбарларды адамдар менен аралаштырганың жакты. Жаратылыштын бүтүндүгүн туюнтупсуң. Анын үстүнө жапайы кийиктер кооз бийлешет. Алар секиргендей секире алышпайт балериналар. Кийиктер алардан да кооз бийлешет.

- Ак илбирс, түлкүлөрдү да бийлетиш керек!, - Марта кошумчалады.

- Балыктар сууда укмуштай бийлешет. А суу үстүндө секиргендеричи түйүлүп, - деди Назгүл.

- Бул сонун идея! – деди Фрейд драматургга карап, - чыгармачылык идеянын көбүн Назгүл берет окшойт сага...

- Назгүл менин эң сонун редакторум, сынчым, - деди драматург.

Төртөө паркта сейилдеп жүрүштү.

Марта тыйын чычкандарга суктануу менен карап, колундагы жаңгактарды жедирмек болгондо, Назгүлдүн айтканы:

- Илгери борбор калаабыздын гүлзарында өтө кооз сайраган, түрдүү түстөгү сулуу чымчыктар көп болгон экен.

- Аларды кайдан көрүүгө балат азыр? – Марта кызыкты.

- Алар тукум курут болуп жок болуп кетишкен, - кейиштүү үшкүрүндү Назгүл.

- Эмне болуп тукуму үзүлгөн алардын? – Фрейд Назгүлдү ыктай жакын барды.

- Так ушул тыйын чычкандар тукум  курут кылыптыр.

- Кантип?! – Марта чочуду.

- Көрсө булар жырткыч болушат экен. Тырмактарын карасаңар... Колдорун.

Фрейд колунда койкоңдогон тыйын чычкандын тырмагына карады кызыгып.

- Чын эле баарына эптүү көрүнөт.

- Анысы эч нерсе эмес, - деди Назгүл, - булар бактан башка жеңил секиргени аз келгенсип, баарын жейт. Канаттуулардын жумурткаларын уядан уурдашат.

- Аа! – Мартанын көздөрү тостойду, - Демек, сен айткан тукум куруткурлар экен булар. Кооз чымчыктарды тукум курут кылып...

- Муну белгилүү эколог Эмил Шүкүровдун интервьюсунан окугамын, - деди Назгүл. – Болбосо илгери борбор шаарыбызда түрдүү куштар сайрап, гүлзарларыбыздын көркү болушкан экен. Алар өтө майда чымчыктар эле дейт Шүкүралиев.

- Сөздүн кай жерине келдик эле? – деди Фрейд драматургга.

- Илимий техникалык прогресстин өнүгүшүнөн адам баласы зыян тартканы жөнүндө.

- Илимден зыян тарткан жок адам баласы. Адамга адам зыян жаратат, -деди Фрейд. – Адам аткырың миңдеген жылдардан берки тажрыйбалардан да сабак албаган макулук.

- Ооба, илимий прогресстер болбосо адамзат жүгү канча оор болмок? Илимдин артынан баары жеңилдеп, адамзаттын жалпы жыргалчылыгы пайда болду, - деди драматург.

- Илим – адам өмүрүн узартты. Өлүмдү кыскартты. Илим болбосо, жарык дүйнөгө көз жарган миллиондогон наристелер жашоонун напсисин татпайт эле.

- Сөзүңдө калет жок.

- Бир мисал, эң жөнөкөй... Азыр мурду тынгандын баар илимий прогресстерди сындап, прогресске мурдун чүйрүйт.

- Ал эми шылдыңдайт, - Марта жылмайды.

- Айталы, темир жолдор курулуп, деңиз каттамдары пайда болуп, самолёттор учканга чейин жалпы адамзат бири бирине каттоосу кандай оор эле. Кийин телеграфтар пайда болгону адамзатка кандай чексиз кубаныч алып келди?

Телефондун бир учунан алыстагы өз уулунун үнүнугуу канчаларды сагыныч-кусадан куткарды? – Фрейд колундагы мүштөгүнкере-кере сорду да, абага маашырлана үйлөдү.

- Азыркы жаңы мүмкүнчүлөктөрчү... Онлайн желеси бүтүн дүйнөнү туташтырган заманда жашап жатабыз, - драматург Фрейди кубаттап, экөө илимий прогресстин жетишкендиктерин айтып түгөтө алышпады.

Марта менен Назгүл гүлзарда сейилдеп, көк-жашыл өсүмдүк, кызыл, сары, ак гүлдөрдү аралай жөнөштү.

- Отуралычы, - Фрейд менен драматург отургучка көчүк басышты.

- Мен бүгүн театрдын көркөм жетекчисинен чыгып келатсам, сахнада “Корсар” балети жүрүп жатыптыр. Кордобалеттин артисттери  сценнага чыгарда бирөөсүн таппай калышканын көрүп, сахнага мен чуркап чыктым.

- Келбей калган бийчинин ордунабы?

- Ооба. Мен да кордобалеттин артисттеринен кем калбай бийлеп, жаңы жазган либреттомо тоонун жапайы кийиктерин киргизиш керектигин ойлондум дароо. Бул идея мага сахнада бийлеп атканда келди.

Түшүнүн андан аркы бөлүгүн эстей албай жатты. Бирок айрым үзүк-үзүк жерлери эсимде. Ошол эсинде калган бөлүгү мындай эле:

- Гомосексуалдар да жаратылыштын бир бөлүгү. Либреттоңо киргиз аларды даа, -деди Фрейд.

- Баса, Европадан бул жакка келатканыбызда сенин транс-жигит уулуңа кезиккенбиз... – Марта айтты муну.

- Унутуп калдыңбы, Марта? Ал жөнүндө аэропорттон  эле кеп кылгамын, - Фрейд жубайынын унутчаактыгын жактырбагандай күңкүлдөдү.

- Гомосексуалдар жөнүндө тезистеримди өз тилиңде которгонуңдан кабарым бар...

Фрейддин эмне айтарын дароо түшүнгөн драматург актана баштады:

- Ооба, бирок толук эмес. Баарын толук которуш үчүн сенин психоаналитикаңды түшүнүүгө билимим жетпейт.

- Мени сен эмес Батыш коому толук кабыл албады.

- Билем, -деди Фрейдди аяган драматург. – Сен жөнүндө Сартрдын даяр кино сценнарийин да фильм кылышпаса керек. Түш жөнүндө анализдериңе жийиркенге алар сага “сасыган еврей” деп ат коюшканы маалым.

“Дагы эмнесин эстей алаар экемин?..” –деген драматург жаздыктан башын көтөрбөдү.Көтөрсө эле көргөн түшү шурудай чачырап, жыйнай албай калчудай мемиреп жата берди. Уйкудагы кишидей былк этпеди.

Бирок ал эч кандай либретто жазган эмес өмүрүндө. Тээ илгери жазууга аракет кылып, майнап чыккан эмес.“Түшкө кайдагынын баары кирет” – өзүнчө жылмайды. Баарынан да кордобалеттин артисттери менен сахнага бийлеп чыкканына күлкүсү келди.Түшүн кандай жорушту билбей, түшүндө көргөндөрүн тасмадай чубурта берди көз алдында.

Түшүндө четөлкөлүк меймандар менен кайсы тилде сүйлөшкөнүн эстей албады. Эмне үчүн Фрейд түшүнө кирди – таңгалды.

Кызыгы, таланттуу режиссёрдун тагдыры ойлондурду аны. Чынында бул таланттуу адамдардын көчөдө калгандагысы эмеспи деп жоруду. Ал эми куулугу башынан ашкан театрдын көркөм жетекчисинин жоругучу... Чоң таланттардын тагдырын азыр ошондой жетекчилер чечип отургандагысы түшүндө эмнени туюнтат?..

Түшүнүн чаташкан жерлери табышмак болду ага. Либреттосун театрдын көркөм жетекчисинин гана колунда калтырып келбеди беле. А Фрейддин колуна кайдан тийгени кызык...

Ордунан турду. Кофе кайнатып ичери менен өзүнүн Рухий Конституциясын жазып баштады ал.  23-25-августь.2023

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз