О’ШАКИР: ДЕМОКРАТИЯЛЫК ДЕМДҮҮ САПТАР
***
Жеке бийлик, өз билемдик соолусун,
Жеке адам таңуулайт өз оорусун.
Илгертеден император, хан, шахтар,
Калктын канын кактап келген. Жооп ушул.
***
Башкаргандар түшпөс болуп хандыктан,
Мурас кылат бийлигин. Эл андыктан.
Жалпы чечим кабыл алаар өлкөдө,
Парламенттик болуш керек жарлыктар.
***
Тастыктаган далай кылым, доор улуу,
Тактан түшпөс адамдын ден-соолугу –
Айыккыс дарт. Акылынан айныган –
Диктаторлор жеңе албас оруу бу!
***
Уул-кызына кийгилишсе ата-эне,
Баш ийүүгө үйрөтүүчү ката де.
Үй-бүлөдө болгон кезде эркиндик –
Баш көтөрөт калпты жеңер эр чындык.
***
Эркиндиктин башаты да, булагы –
Мээрим, сүйүү, үй-бүлөсү, турагы.
Жеме укпай өскөн болсо тукумуң –
Баш ийеби жексурларды угабы?
***
Жаткан кезде жатын менен бешикте,
Тукумуңа сүйүү арна. Кечикпе!
Үй-бүлөңө сыйын дайым, таазим эт,
Кудайга сен сыйынгандай мечитте.
***
Кызбы, уулбу – өстүр эрке бөпөлөп,
Кылган ишин алкап, мактап, көкөлөт!
Эне-атадан өрнөк алган ал жаран –
Эртең элин, өлкөсүн да көтөрөт.
***
Эркиндикке жетпейт адам кул мүнөз,
Элге дагы опурталдуу бул мүнөз.
Аң-сезимде орномоюн боштондук –
Аша берет, оорлой берет кошкон жүк.
***
Баалуулук бар ыйык жана жупуну,
Ал адамдын эркиндиги, укугу.
Жадыбалдай жаттачу бул түшүнүк,
Жалпы дүйнө, адамзатка – кут улуу.