О’ШАКИР: САЯПКЕРИМ

  • 08.10.2023
  • 980

О’ШАКИР

САЯПКЕРИМ

Карап көрсөм бүт жашоомдун уңгусун,

Саяпкерим – өз тагдырым, турмушум.

 

Тагдыр, турмуш – жарасын деп  намыска,

Таптап мени келген экен жарышка.

 

Саяпкерим эч туйдурбай, сактап сыр,

Азоо болсом, азоо бойдон таптаптыр.

 

Аксаба деп, сылтыба деп аярлап,

Чоң сыноого келген экен даярлап.

 

Үзөңгү кууш жарыш күтөт алдыда,

Сүрмө топтон озуп чыгуу калды маа.

 

Төрт аягым кызып, туйлап, булкунам,

Түбүм кыргыз аргымактын уркунан!

                   22.09.23

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз