О’ШАКИР: ЖАШТЫК-МАСТЫК

  • 06.10.2023
  • 1058

О’ШАКИР

 ЖАШТЫК-МАСТЫК

Чатыр, айнек даңгырлап,

Сырт - жел, сырт – шаң: жамгырлап.

Арестант бук. Мөгдөгөн...

Азаттыкты көздөгөн.

Сыртта мүдөө, назары.

Камерада азабы.            

Жаштык кылган. Жаңылган.

Кокустукка кабылган.

Ичти. Дуулдап чардады.

Ушул эсте калганы.

Бейтаанышка кабылган,

Эки шише алынган.

Каалга турган. Киришти.

Кагыштырды идишти.

Туман андан ар жагы –

Бычак кайдан кармады.

Өлтүрүптүр бирөөсүн,

Билбейт кылган күнөөсүн.

                                               20.09.23

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз