О'ШАКИР: ЭРКИНДИКТЕ ЭСИРГЕНДЕРГЕ

  • 10.10.2023
  • 1303

ЭРКИНДИКТЕ ЭСИРГЕНДЕРГЕ

1.

Ышкыңарды ойготкула, козгогула,

                   Убакытты созбогула.

Эркиндикте жүргөндөр,

                   Ыкшоолукту таштагыла, жойгула!

                   Азайткыла тойлорду!

Азайткыла жылкыларды сойгонду!

                   Кыскарткыла уйкуну!

                   Өмүр кыска. Узарткыла!

Узарткыла эмгек менен өмүрдү,

Өнөр менен, максат менен, билим менен!

Эркиндикте эсирүү көп билинбеген...

Эркиндикте кесирлик көп, ысырап көп...

Эркиндикте жоопкерчилик чоң болсун!

Кордобойлу эркиндикти, боштукту.

Мага кайдан кор болсун:

Эркиндик да, боштондук.

Бул абак жай башка мага кошкон бук...

2.

Мен өзүмдү камаган соң

Төрт дубалдын ичине:

Эркиндикке шукшурулдум бүркүттөй.

Азыр мага майда-майда бүртүктөй

Сыртта калган пенделердин жашоосу.

                   Отурам жым. Унчукпай...

                   Темир тордо тумчукпай.

                   Сайрап эркин чымчыктай.

Капас эмес меники,

                   Кыркаларда, белестемин.

Касабалуу калдайган тоо учунда

Кыялдарым, ойлорум, элестерим...

                   Максат, мүдөөм –

Мөңгү жаткан тээтиги зоо учунда!

3.

А силерчи? Быкшыргандар:

                   Шаар, кыштак, айылда,

Күнүмдүк бир тириликтин камында.

                            30.09.23

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз