ТҮРМӨДӨГҮ ЖОЛУГУШУУ
Өмүрүндө абак ичин көрбөгөн,
Келди мага колуктум.
Бакытыма жолуктум...
Чочулады темир тордуу бөлмөдөн.
Улам карайт эки жагын элеңдеп,
Коркогум –ай, коркогум...
Жаншеригим, ортогум –
Кучагымда үшкүрүгү тереңдеп...
Сызып өтүп кетүүчүдөй бир өмүр:
Шаабайы сууп чочулап,
Маңдайымда отурат.
Коркогум ал –аска тоодой тирегим...
Коён көздүүм...мага жаны кайышкан...
Коркогум-ай, коркогум...
Теңшеригим, ортогум.
Өзү мени кылган көкжал арыстан...
29.09.23