Абак терезесиндеги Ай
Айнегинен абактын
Ай чекчейип карап тур.
Аалам көркү чек билбес –
Аппак шоола, тарап нур.
Терезеде телмирген,
Темир торго мен кирген –
Ай мээрими төгүлүп,
Кандай сонун жел кирген!
Абакта жок кем-карчы,
Арестантмын мен жарчы.
Жантүгөйүм жетишпейт.
Ай – топтолук. Мен – жарты!
Колуктумдун зарымын...
Төгүп көктөн жарыгын –
Толук айдын отузу.
Жок жанымда жарымым.