О'ШАКИР: МЫРЗАЛАРГА КААЛОО

  • 16.10.2023
  • 1255

МЫРЗАЛАРГА КААЛОО

Тиш тийгенде ширеси чачыраган,

Алма жесем: алкыш дейм колуктума.

Абактагы мендейди асыраган

Асыл жарга, түгөйгө жолуккула!

 

Баштык-үштүк жөнөткөн азык-түлүк,

Жылуу кийим унутпас сарамжалым...

Жатсам дагы абакта жанып, күлүп,

Жароокер бир жантуйгу, бар ардагым.

 

Базар, шаарды аралап, көчөлөгөн,

Издеп мага не керек – унутпаган.

Абактагы күйөөсүн бөпөлөгөн,

Ардагымдын сүйүүсү тунук маган.

 

Аялга жүк мырзалар, артпагыла!

Аялзатка азапты үйбөгүлө!

Абактагы түйшүктү тартпагыла!

Азоо мендей бук болуп жүрбөгүлө!

 

Үйүңөрдө сүйгүлө аялдарды!

Аялзаттын жеткиле кадырына!

 

Аягыла асыл жар, аяр жандуу –

Алоолойлу сүйүүнүн жарыгына!

Ардактайлы мырзалар, аялдарды!

Абак жайда бизге не – хаям барбы?..

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз