***
Өчүртө албай жүрөт кээси ТикТокту,
Парламентте карар башка иш жокпу?!
***
“Элитабыз” – ичи көңдөй жаңгактай.
Элибизчи?.. Жеңил учкан камгактай!
***
Тыйса болбой тууй берген катындай,
Коррупция, сенде кандай жатын бар?
***
Эл баатыр көп, куу бирок:
Коён жүрөк, суу жүрөк.
***
Жазуучулар, акындар, манасчылар, төкмөлөр,
Зулум бийлик алдында – тебеленген чөпсүңөр!
***
Мааниси жок төгө берген жаан, кардай:
Мамлекеттик капкайдагы наамдар бар!
***
Кемпайларды добуш берип шайламай –
Кем акылга, кекиртекти майламай!
***
Эл ишенип далайларга мандатты,
Өз тумшугун өзү канча каңдатты?..
***
Канчалары болгон менен министр,
Калк жыргачу эмне кылып ийиптир?
***
Аксакалдар – мокок, эски бычактай, -
Атпай журтка буюрбаган нысаптай.
***
Жарык өчкөн эч кеп эмес ГЭСинен,
Жарык өчпө, элдин акыл-эсинен!
***
Күзөтчүлөр күнү-түнү абакта,
Күлүп гана тургандары жагат да.
***
Алмурутту карс чайнасам тамшанып,
Маңдай тишти кетти кошо каңтарып!
***
Темир тордо көп эңседим сексти,
Ушул жаза мага абдан жетишти!
***
Бычак бербейт абак жайдын ичинде.
Айлаң жоктон: ишенген күч – тишиңде.
***
Кенен оонап уктар элем адатта,
Керебетим кең болсо не абакта!
***
Темир тордо болуш керек митайым...
Тегиң сактап, кетпеш үчүн ит абийр.
***
Бийлик ээрден канча кулап, алмашты?
Бирок соттор куюшканга жармашты!
***
Жемкор соттор кабат-кабат карынбы?
Сасып жыты, жууса кеткис калыңбы?
***
Качанкы бир бала кездей шоктонгон,
Калтаарыбайм мен эч качан соттордон.
***
Кагыш керек кош бийликтин тизгинин,
Калк болгон соң намыстанып биз бүгүн!
***
Эл бийликке коё албаса талапты,
Ээсиз бийлик койбойт көнгөн адатты.
***
Такылдаса кошоматчы теледен –
Талтайганы ашып кетет желеден.
***
Жалкыбаган элбиз бийлик калпынан,
Жамандайбыз кийин сөгүп артынан.
***
Ушу бизде кадрлар көп эптеген,
Унитазда калкып заңдай кетпеген.
***
Саясатчы токтобогон колдогу
Самын сымал – бир карасаң полдогу.
***
Бир кызматта ким отурса узакка,
Бир күн өзү түшөт билбей тузакка.
***
Капаста куш унуткандай учканды,
Калк унутат өз тарыхын тутканды.
***
Кашаң жылкы камчы көрсө жалтактайт,
Калк кул мүнөз – бийлигине жалпактайт.
01.10.23
Комментарийлер (1)
Өтө ачуу саптар экен :'(