АҢГЕМЕ
Таятам менен тоонун токойлуу капталындабыз. Жайдын ысык күнүнө карабай, бул жер көлөкө, салкын. Жерде дарактардын былтыркы жалбырактары калың төшөлүп, жумшак. Ар кай жерде бук жаңгагынын чүрүшкөн кабыктары жатат. Кабыктар бош, бирок кээде бирин-экин жаңгагы да болуп калат. Көз жеткен жердин баарында күмүш түс, жоон, бук дарактары, арасында анда-санда тарбайган каштан да көрүнөт.
Дарактар калкалабай калган ачыкта, алыста – деңиз менен курчалган Колхида өрөөнүнүн көгүш сөлөкөтү, чынында бир аз эле жеринен деңиз көрүнөт, калганын дарактар тосуп калган.
Таятам тик кеткен капталда курч керки менен цалдой – жаңгактын жерден жаңыдан чыгып келаткан чырпыктарын кыйып жүрөт – кашаа кылабы же жүзүм үчүн чабыра жасайбы, билбейм. Мезгил-мезгили менен кыйылган чырпыктарды өйдө ыргытып, мен аларды чыйыр жолдун таманына чогултуп атам.
Токой ичи канаттуулардын тынбай чаркылдагын үнүнө толгон. Алардын үнү башында гана сайрагандай угулат, бир аздан кийин алар бири-бири менен сүйлөшүп, бири-бирин чакырышып, урушуп, шылдыңдашып, а балким жөн эле көз ымдашып жаткандай сезилет.
Кээде деңиз жактан адашкан желаргы согуп, жердеги көлөкө бийлеп, ачыла калган жеринде күн нуру чуркап, куштардын чарылдаганы да күчөйт. Алардын үнүн жамгырдын тамчыларындай кылып, желаргы дарактардан күбүп аткандай сезилет.
Бирок мунун бардыгы мага кызык эмес, зеригип кеттим. Таятамды күтүп атам. Колумда анын өзү жасап алган таягы. Таятам бир кызык адам да. Таятамдын турмушуна болгон кызыгуум бирде оттой жанып кызып кетсе, бирде жалп өчүп калат. Анын узактан-узакка созулган өмүрүнүн сырдуу изи, мен үмүт кылып ойлогондой абректин даңазалуу жолуна алпарат деп турсам эле, жалт бурулуп коңурсуган эчкилердин сарайына же айдоо талаага алып кетет. Бирок тегерегиндегилер аны сыйлап, андан чочулап турганга мажбур кылган бир нерсе бар, ошол чочулоо сезими аларды өздөрү каалагандай жашаганга мүмкүндүк бербей, ошон үчүн таятама сөз тийип да калат.
Мен мунун бардыгын көрүп, балалык сезим менен байкап турсам да түшүндүрө албайм, өзүм да жетик түшүнбөйм.
Азыр токойдобуз. Таятам чырпык кыйып, мен карап турам. Тик капталда турат, чырпыктуу жер ылдыйда, жетиш кыйын, ага жетчү жерди майда, тикендүү бадалдар, чычырканак тосуп турат. Керки жетчи жерге жетиш үчүн башында ошол бадалдарды кертүү талап кылынат. Кертип атат.
Ар жолу ошондой тоскоолдуктар болгондо ал өтө албай калса экен дейм. Ал менин зеригип кеткенимден, тоскоолдуктардан өтө албай калса эмне кылар экен деп билгим келгенинен. Жалгыз эле ал эмес. Чогу жашагандарга таятамдын бир нерсени жасай албай калган жоругу жетишпей атканын сезем. Ошондой жоруктары көбүрөк болсо, көпчүлүгү андан чочулабай, өздөрү каалаганын кылганга мүмкүндүк түзүлөт эле. Мен да таятамдын ошондой калпыс ишин билип алсам жаман болбой эле, таятам мени да кээде каалабаган нерсени аткарганга мажбурлап, анын үстүнө ал кишинин калпыс иштерин чогултуп жүргөн чоң кишилерге көргөнүмдү айтып койсом, алар ыраазы болмок. Мен да ошолордун деңгээлинде болуп, алардын деңгээлине жөн эле келбей, таятамдын калпыс жоругун биле келген азамат болуп калмакмын.
Таятам чырпыктар жыш жерди кертип бүтүп, башкаларга жетүү үчүн жер которуп атат, бирок жетүү кыйын, сыйгалак тик каптал, бутка таканчык табылбайт. Эки жагын байкап атат. Керкисин колунан түшүрбөй, кызарган бетиндеги терин аарчып, эңкейе калып сол колу менен чырмоок чөптү түбүнөн мыкчыйт. Сөңгөктөрүн муштумуна ороп тизгин тарткансып сууруп салып, чырпык өскөн жерге жылат. Пекене бойлуу, баскан-турганы ыкчам, азыр ал жар четинде ойноп турган жаш өспүрүмгө окшойт.
Чырпыктарга жетиш үчүн жоондугу аркандай чычырканак бадалынын тосмосун кертиш керек. Мен ички туюмум менен бир колуна асылып, экинчи колун созуп, жетер-жетмексен, чычырканактын чапкан сайын серпилип турган сөңгөгүн кесиш кандай оор экендигин сезип турам. Керки таамай чабылбайт, катуу да чаба албайсың.
- Таята, кертилбейт бул, - дейм үстүдөн, ага жүзүн жоготпой чегинип кеткенге мүмкүндүк берип.
Таятам унчукпай сөңгөктү койгулап, анан керкисинин соккусу менен жообун айкалыштырып:
- Кертилет... Кертилбей кайда бармак эле? Кертилет...
Кайрадан ургулап атат. Мен анын кылганын карап, ойлоп койом – кертилет, чындап эле кертилбегенде кайда бармак эле. Бир жакка качып кеткендей болсо, таятам артынан кууп бара албайт эле да. Мына, эч жакка кете албайсың. Качып кете албагандан кийин аны күнү кечке болсо да, эки күн, ал эмес андан да көп күндөр болобу... таятам койгулай берет. Ментаятама түшкү тамагын, кечки тамагын, эртең мененкисин ташып атканым, ал болсо сөңгөктү койгулаганы элестеп кетти, анткени сөңгөк кача албайт да.
Анан чычырканак тосмосу каршылык кылуу пайдасыз экенин өзү да түшүнө баштагандай. Ар бир урулган сайын анын серпилгени басаңдап, керкинин мизи улам тереңдеп кирип, шылкыйып четинен жыгыла баштады. Азыр тосмо жоголот. Таятам болсо койгулап эле жатат. Эми таятам акыркы соккусун калпыс чаап алып, өзү жыгылып түшөрүн же жок дегенде керкиси тайып, таштуу жерге чабыла түшөрүн самап жатам. Жок. Тосмо алынды, таятам жыгылган жок, керкиси да ишин токтотту.
Зеригип турам, чиркейлер да чага баштады. Мен жылаң айлак, кыска шымчан элем, ошондуктан бутумду бүт чагып салышты. Мезгил-мезгили менен чагылган жерди кан чыгара тырмап алам же жаңгактын бутагы менен бутума уруп калам. Бутак бутумду тызылдатып ийет. А мен ого бетер өзүмө өзүм өчөшүп жаткандай койгулайм.
Андан кийин аны таштап, ар бир чиркейди өзүнчө аңдый баштадым. Мына, бирөө колума конду. Ыңгайлуу жайланышуу үчүн бир азга түйшөлүп, тумшугун териме матыра баштады. Тумшугу башында бир аз ийиле да түштү – кыязы мелжеген жеринен жаңылып калган го, анан канга жетип тыз дедире жабыша калды.
Мына, менин колума отуруп алып, канымды соруп атат, мен кыжырым келгенин басып, чыдап, анын курсагы менин канымдан мала кызыл түскө келип, анан улам көөп, чоңоюп, кыпкызыл болуп калганын карап отурам. Мына эми тумшугун араң сууруп, тойгонунан керилип жаткансып канаттарын жазып, учуп кеткени калды, бирок мен аны – хлоп! Кычышып, тызылдап турган жерде кандын тагы. Мына, өч алуунун баа жеткис ыракаты! Табам канат! Душманымдын былчыйган денесин жаратыма сүйкөйм.
Бирок кээде, өч алуунун таттуу ыракатын күчөтөм деп, кечигип калам, чиркей учуп кетет. Ошондо кыжырым кайнап, бутак менен өзүмдү бутка койгулап калам – өлүп эле кеткиле, кан ичерлер!
Таятам менин чиркейлерден коргонуп жатканымды байкайт, анын эриндеринде мыскыл аралаш жылмаюу ойноп кетет.
- Кандай ооруп атканын сен билбейсиң да, - дейм мен, мыскыл жылмайюусуна териге түшүп, - сага эмне, шымың бар да...
Таятам мурдагыдай эле жылмайып, кертилген чырпыктарды сүйрөп чыга баштайт. Ал каршылык көрсөтүп, ийилип, чычырканактын сабактарына, тикенектерине жабышат.
- Бир жолу Аслан, - деп баштайт таятам капилеттен эле, - өзүнүн досунукуна келиптир. Келсе, досу төшөктө жатат.
- “Эмне болду?” – деп сурайт Аслан.
- “Бутума ок тийди, - дейт досу, жатканга туура келет...”
- “Ой кудай урган! – дейт Аслан ачууланып. – Экинчи босогоңду аттабайм. Безетки көтөрүп урган экен десе, болбогон бир ок үчүн жатып алганын кара”.
Ошентип кетип калыптыр.
- Мына кандай адамдар болгон, - дейт таятам мага карай узун жашыл чырпыкты ыргытып, - а сен – чиркейге онтолойсуң.
Кайрадан керкисин токулдатып кирди. Эмне дей аласың? Болуптур, мурда биздин аймакта безгек абдан катуу болуп, адамдар каза болуп калчу экен. Аны билем. Бирок бутуна ок жеген адам, жараты айыкмайынча жата турганга эмнеге болбойт? Ошого такыр башым жетпейт. Балким ошол Аслан деген эме атактуу абрек болуп, анын башына мөндүрбү же ок тийеби, айырмасы жоктур.
- Таята, ал эмне, атактуу абрек беле?
- Кимди сурап атасың? – дейт таятам мен жака коңкогой мурундуу, бир караган кишиге заардуу көрүнгөн өңүн буруп.
- Асланды айтам, бөлөк кимди сурамак элем.
- Кайдагы абрек. Ал тентиген бир абрек эмес, жакшы, оокатына тың, иштерман адам эле.
Кайрадан керкисин токулдата баштады. Түшүнсөм буюрбасын, дагы эле баш аламан. Эмне, таятамчасынан болгондо, абрек - эр жүрөк, баатыр, байкуштардын таламын талашып өч алып берген адилет, кайдагы бир иштермандан жаман болуп калабы?
- Деги сен өзүң абректерди көрдүң беле?! – деп кыйкырам.
Мен таятам менен кадыресе тең ата эле сүйлөшө берем. Жашоонун тең жарымында – ал акырында, мен башында, экөөбүз бирдей аралыкта болуп тургандыгыбызды сезгенденби...
- Сенин эчкилериң алар менден талап кеткен оокатым канча болсо, ошончо болсун, - дейт таятам ишин токтотпой.
- Ой! Сенин эчкилериңдин мага кереги канча! – дейм жиним келип. Андан көрө айтчы, абректерди эмнеге жек көрөсүң?
- А алар менин сарайымды эмнеге өрттөп ийишти?
- Кандай сарай?
- Кадимкидей эле, тамеки кургатуучу...
- Ирети менен, башынан айтсаң боло...
- Эмнени айтмак элем? Алтоо басып калды. Үч күн ичирдим, жедирдим. Тамеки сарайда жашырынып жатышты. Төртүнчү түнү сарайымды өрттөп кетип калышты.
- Балким алар жазалоочулардан изин жашыралы дегендир.
- Алар өздөрү жазалоочулардан жаман, - деп таятам түкүрүнүп алды, – алардын айынан бизди аз жерден жер котортуп сүргүнгө айдап жибере жаздашты...
- Эмне үчүн? – деп кептин учугу үзүлбөшү үчүн шашып сурайм.
- Анткени башкарма Жегардадагы чогулушта, бизди абректерди жашырып жүрөт, абректер жашырынганга жай табалбай тургандай кылып, буларды жер которуп, сүргүнгө айдаш керек деп айтып салган.
- А эмнеге ал силерди абректерди жашырып жүрөт деп айтты эле?
- Анткени биз чындыгында эле абректерди жашырганбыз да.
- Анан эмне болду?
- Ошол чогулушта менин апам да бар болчу, апам кечигирээк келип, башкарма аны байкабай калыптыр. Башкарма ошондой дээр менен эле апам чогулуштагыларды жиреп өтүп, аты менен омуроолотуп камчы менен сабап жүрөт, андан да сурап коёт: “А сен, менин балам абректерди жашырганын көрдүң беле? Көрдүң беле?!”
Үч киши араң ажыратып калышкан, апам кайраттуу киши эле.
- Ата, абректерди жашырдым эле деп өзүң айтпадыңбы?
- Жашырса эмне экен... Жашырганымды бардыгы эле билчү. А эмнеге жашырдык? Анткени үйүбүз айылдын четинде. Ошон үчүн алар биздикине келишкен. Биздин салтыбыз боюнча башпаанек сурап келген адамга баш тартууга болбойт. Үйгө киргизбей койсоң андан да жаман – же атып салышат, же малыңды айдап кетет. Ошондуктан абректи киргизбей койгондон көрө, киргизгениң артык.
- А башкарма силердикине абректер келип жүргөнүн кайдан билди?
- Бардыгы эле билишкен. Аны кантип жашырмак элең? Бирок билген бир жөн, а чогулушта ал тууралуу балп эттирип коюш башка маселе. Бизчесинен айтканда, бул чыккынчылык. Биздин убакта андай чыккынчынын өмүрү кыска болчу. Башкарма болмоктон, башкармалардын башкармасы болсоң да, чыккынчы болсоң, эртедир-кечтир эсебиңди табышат.
- Таята, - дейм анын айтып жаткандарын түшүнүш үчүн, - башкарма ошол айыл башчысы да, ал кимге чыккынчылык кылат эле?
- Өзүнө өзү чыккынчылык кылганы ошол да...
- Таята, сен жаңылышып атасың, андай болбойт да.
- Жаңылган эткен жокмун. Эгерде башкарма билип турса да унчукпай койсо же жакын туугандарынын ичинде гана сөз кылса, мыйзам боюнча ал эч нерсе билген эмес деп эсептелет. А эгер башкарма аны чогулушта айтса, мыйзам боюнча, ал билип калды, эми күнөөлүү адамды жазалаш керек дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан ал керооз, өзүнө өзү чыккынчылык кылган болуп атпайбы.
- А-а, анан эмне, башкарма кийин силерди кектеген жокпу?
- Тескерисинче, эгерде аялдары эле ушундай ажаан болсо, эркектери кандай болот деп, бизди сыйлап калды.
Таятам керкисин кайрадан тыкылдатып кирди. Менин көңүлүм чөгүп, анда эмне абректер адилет, эр жүрөк баатыр эмей эле, сарай өрттөгөн же эч себепсиз эле киши өлтүргөн адамдар болуп калабы? – деп ойлоном. Мага менин жакшы көргөн каармандарымдын арасында алдамчы, акмактар болуп калганда, эмнегелир көңүлүм чөгүп, көңүлүм ооруйт. Мындай болгондо... эми... албетте, адилет, эр жүрөк каракчылар үчүн бул кылганым аларга сын тагып жаткандай болор, ошентсе да мен эми бардык абректерди жакшылап байкап көрүү керек экендигин сезем. Башымды жерге салып, тизилип турган абректердин катарын аралап, ичинен таятамдын сарайын өрттөгөндөрүн издейм. Алардын көпчүлүгү жакшы адамдар экенин билем, бирок айла жок, рыцарлардын аңтарылган чөнтөктөрүн текшерүүгө туура келет. Чөнтөктөрү аңтарылып катарда турган рыцарлар, адилет, чынчыл адамдар болгон күндө да, эми толук кандуу рыцар боло албай калышты, аны өздөрү да сезип жатышат, анысын сезген менин да, андан бетер маанайым пас.
Ушуга окшогон сезим, бир жолу атам мага падыша жаман адам болгон деп айтканда башымдан өткөн. Мындай сөз мага чагылган тийгендей эле угулган. Ага чейин мен адамдардын падышасы да, айбандардын падышасы да бир эле мыйзам менен тандалып алынат деп жүргөм. Айбандардын падышасы арыстан – айбандардын ичинен баарынан күчтүү, баарынан эр жүрөк, баарынан кең пейили болсо, адамдар деле ошондойун тандап алган деп ойлоп жүргөм.
Андан да мени бир жолу театрга алып келишти. Сонун окуядан кийин эл эмнегедир кол чаап калышты, а жанагы сахнада жүргөндөр эч нерсе болбогондой чыгып алышып, жүгүнүп жүрүшөт. Арасында мындан бир аз мурда эле өлтүрүп койгон адам да жүрөт, азыр болсо уялбай тириле калганын мындай кой, жиндиден бетер тирүүлөрдүн арасында турат, андан да уялбай бир колу менен өзүн өлтүргөн адамдын колун кармап, экинчи колу менен акырын, шымынын артын күбүп коёт. Ошол адам мага айрыкча жаман көрүндү.
Бардыгы чогу, күлүп-жайнап эле жүгүнүп жүрүшөт. А мен мени алдап жаткандай, шылдыңдап жаткандай сезимде калдым. А келесоо көрүүчүлөр, эмнегедир алар да күлүп-жайнап: “Бизди абдан жакшы алдадыңар, силердин алдаганыңар бизге абдан жакты...” - деп айтып жаткандай алакан чабышат.
Күтүлбөгөн жерден эле дарактардын далдоосундагы деңизден кеме көрүнө калды. Артында башкалар да сүзүп келатат. Аскер кемелеринин флотилиясы. Алар жайма-жай, трубаларынан сыгып жаткандай коюу түтүн булатып, деңизде сүзүп баратышат. Кубанганымдан оозум ачылып, карап турам. Араларындагы жапыз дарактар тосуп калбаган жердин бардыгын ээлеген абдан узун кемеге таң калдым.
- Таята карачы! – деп кыйкырам эсиме келип, сөөмөйүм менен көрсөтүп.
Таятам бир азга карап, кайрадан керкисин тыкылдатат.
- Булар эмне? – дейт ал. – “Махмудья” деген болгон, мына ошол чоң эле, анын ичине ат жарыштырсаң да болчудай эле...
- Ал эмне деген “Махмудья?” - деп сурайм. Таятам унчукпайт. Акыркы чырпыктарды тутамдап, кыялап келип, чогултуп койгондорго кошту. Жардан ылдый бутун салаңдатып жээгине отурду. Чөнтөгүнөн кол жоолугун алып, тер баскан, кыска кыркылган ак чачтуу башын аарчыды, жоолугун кайра чөнтөгүнө салып, агарган төшүндөгү топчуларды чыгарып тынчып калды. Анын кыймылын карап, манжалары карган адамдардыкындай катып калбай, ийкемдүү, жандуу кыймылдаган колу, ак чачтуу тоголок башы, деги эле турган турпаты жагып турганын сезем, терин аарчыгандан ыракат алып, башын желге тосуп турганын карап турам. Бирок ал менин суроомо жооп бериши керек, күтүп атам.
- Биз аны менен Амхаджирага барганбыз, - дейт ал ойлонуп.
Амхаджира эмне экенин билип алгам, - ал абхаздарды Турцияга зордоп айдап кеткен окуя. Бул окуя илгери, илгери эле болуптур. Андан бери, балким жүз жыл, а балким андан да көп мезгил өткөндүр.
- Ата, - дейм, - силерди кантип айдап кеткенин айтып берчи.
- Бизди эч ким зордоп айдап кеткен эмес, биз өзүбүз эле, - дейт таятам.
- Кантип айдап кеткен эмес, китептин бардыгында ошентип жазылып жүрбөйбү.
- Алдаганын, алдашкан, бирок зордоп айдашкан эмес, - дейт таяатам моюн бербей, анан мага башын көтөрүп, - абхаздыкты кантип зордоп айдап кетмек элең? Абхаздык токойго кирип же тоого чыгып кетет. Айталы, кубандыктарды айдап кетсе болот, жашаган жерлери алаканга окшоп жылаңач. А бизди айдап кете албайсың, биздикилер эмне, качан болсо жылт койгонго маш. Биринчи жер оодарганда бала элем, мени алгылары да келген эмес...
Таятамды укканга даяр экендигимди билдирип, катарына отурдум. Таятам бутундагы чылгый териден жасалган чувяктарын чечип, кум, топурактарын күбүп, таманына жумшак болуш үчүн батек катары салып койгон, баркыттай болгон тоонун өзгөчө чөбүн сууруп чыкты. Азыр аны тытмалап жазып, канаттуунун уясындай кайрадан аяр салып койду.
- Анан кантип барып калдыңар? - деп сурап, биздин качкындар толтура бараткан, паром сыяктуу жөнөкөй, бирок абдан зор “Махмудья” кемесин элестетип калдым. Биздикилердин капа болгону байкалбайт, тескерисинче, мезгил мезгили менен кеменин ичинде ат чабыш уюштуруп, а түрктөр колундагы теспесин чубап, аттардын жарышын карап турушат.
- Жакшы эле сүзүп жеттик, түз эле Стамбулга, - деп эстейт таятам, - жолду карай бизге ак нан, палоо берип келишти. Алардын мындай кылганы бизге абдан жакты.
- Анан?
- Стамбулда кемеден чыктык, бирок бизди ал жерде калтырышкан жок. Ай-София деген мусулмандардын мечитин гана көрүп калдым.
- А эмне үчүн калтырган жок?
- Анткени, дешти бизге, Стамбулда ансыз да гректер менен армяндар толтура, аларга абхаздар кошулса, түрктөр кайда барат, - дешти.
- Анан кайда алпарышты?
- Башка жерге алпарышты. Жээкке чыгып карасак – таштуу, жылаңач жер. Ага чейин бизге Түркияда нан - даракта өсөт, кантты туз сыяктуу жерден казып алышат деп айтышкан эле да. А бул жерде нан өскөн дарак эмес, жөнөкөй тал да көрүнбөйт Анан биздикилер түрктөрдөн сурап жатпайбы:
“Эмне, палоо менен ак нанды бизге кеме менен ташып турасыңарбы?”
“Палоо да, ак нан да болбойт,- дейт түрктөр, - биз силерге эч нерсе ташып бербейбиз. Жер айдагыла, эчки баккыла да жашай бергиле”.
“Ой биз эмне, бул жакка жер айдаганы келдик беле?! - деп ачууланышты биздикилер. – Жерди өзүбүздө деле айдамакпыз. Жерибиз да жакшы, суубуз булактын суусу...”
“Жер айдайсыңар, айдабаганда кайда барат элеңер”, – дейт түрктөр.
“Анда эмне үчүн бизге, - Түркияда кантты туз сыяктуу жерден казып алат, нанды дарактан үзүп алат деп айттыңар эле?” – деп биздикилер болбойт.
“Жок, - дейт түрктөр, - Түркияда кантты жерден казып албайт, анткени кант жерде болсо, түрктөр жерди калбыр кылып тешип салышмак, султан андайга жол бермек эмес”.
“Султандын эмнеси кетмек эле, эмнеге тоскоол болот?” – деп биздикилер таң калат.
“Жаман да, - дейт түрктөр, - жер калбыр болуп тешилип турса, чычкандар жеп, тешип, жыртып салган сырга окшоп калат, а ким эле жыртык-тешик мамлекеттин башчысы болгонду кааласын?”
“А эмнеси бар экен, - деп биздикилер болбойт, - тешикти тосуп коюп айланып өтсө да болот да”.
“Кеп анда деле эмес, - дейт түрктөр, тешикти, албетте, тосуп койсо болот дечи, бирок башка султандар, орус падышасы, биздин султанды жыртык-тешик мамлекетти башкарат деп шылдыңдашпайбы, а бул биздин султандын намысына тиет”.
“Анда эмне, нанды да дарактан үзүп албайсыңарбы?” - деп шекшинет биздикилер.
“Нан дарагы жок бул жакта, анткени менен инжир дарагы бар”.
“Ой бу түрктөр, силер эмне, жиндисиңерби! - деп ачууланат биздикилер, - өзүңөрдүн кант чыккан тешиктер, инжир дарактарыңар менен эмне башыбызды оорутасыңар?! Абхаздык, болбогон бир инжир дарагы үчүн деңизден сүзүп өтмөк тургай, короосунан да чыгып койбойт, анткени ар биринин короосунда инжир дарагы өсүп турат”.
“Анда эмне, - дейт түрктөр, ошончолук эле намыстуу болсоңор, корооңордо инжир дарагы өссө, бул жакка эмнеге тентип келдиңер?”
“Ой бизге, - деп түшүндүрө баштайт биздикилер, - Түркияда кантты туз сыяктуу жерден казып, нанды дарактан үзүп алышат экен деп айтышкан да. Андай болсо – дарактарында нан болсо, кантты да казып алганга мүмкүн болсо, барып тоюнуп келели деп ойлогонбуз. Чын-чынында ошон үчүн мусулман динине да өтүп албадыкпы. Болбосо биздин падыша христьян кылгысы келген, биз баш тартып койгонбуз. Байкагыла, түрктөр, бизпадышага кетип калышыбыз да мүмкүн”, - деп коркутат биздикилер.
“А эмнеге мурда кеткен жок элеңер?”- деп таң калат түрктөр.
“Анткени, - дейт биздикилер, - падышанын Сибири өтө алыс жана суук. Биз абхаздыктар жылууну жактырабыз, суукту жаман көрөбүз.
“Ой эми алыскы Сибирдин силерге кандай тиешеси бар”? – деп таң калат түрктөр.
“Мындай да, - деп түшүндүрө баштайт биздикилер, биздин элде соттолгон туугандарыңа каттап, тамак-аш жеткирип, колдоо көрсөтүп турган салт бар. А Сибирге жакшы ат менен болсо да, бир айда жетериң күмөн. Канча тамак-аш алсаң да жолдо өзүң жеп коёсуң. Биз өзүбүздүн катчы аркылуу абхаздыктар үчүн Абхазияда Сибир кылууну суранып, өтүнүч жазганбыз. Ал эмес чыгууга мүмкүн болбогон, терең, жакшы аңгек жерди да тандап койдук эле. Кароолчуларга да жеңил – эч ким, эч кайда кача албайт. А бизге ыңгайлуу – ат менен келип, ылдый карай тоголотуп кой, сүрсүгөн эт, быштак болобу, же чурекпи”.
“А падыша эмне деди?” – таң калат түрктөр.
“Кеп ошо жооп бербегенинде болуп атпайбы, - дейт биздикилер, - өтүнүч үчүн катчыга азыраак берип койгонбузбу же падыша Сибирди ордунан жылдыргысы келген жокпу... айтор, жооп болгон жок”.
Түрктөр өздөрүнчө сүйлөшө кетишти, анан бирөө:
“Айткылачы, бирок чынын айткыла. Орустар кар жейт дегени чынбы?”
“Мас болсо жеши мүмкүн, болбосо жебейт деле”,- дейт биздикилер.
“Болуптур анда, жайланышкыла, эчки баккыла, мындан ары биздин башыбызды оорутпагыла”, - дейт түрктөр.
“Бизди ушул жерге таштасаңар, - деп соодалашат биздикилер, - мусулмандыктан чыгабыз, бизге анын кереги жок...”
“Чыксаңар чыга бергиле, - түрктөр таарына кетет, - силерсиз да күнүбүз өтөт”
“А эмне үчүн кемеде бизге ак нан, палоо берип келдиңер? - деп такыйт биздикилер, - Бизге ошол тамак-ашыңар абдан жакты...”
“Ал саясат болчу”, - дейт түрктөр.
“Болсо ал каякка кетти?- деп таң калат биздикилер. - Биз менен дагы жүрө турсун”.
“Эми ал жок, - дейт түрктөр, силер келгенден кийин, ал саясат түгөнүп калды...”
Бирок биздикилер саясат түгөнгөнүнө ишенбей жатышты,түрк катчылары аны өздөрү үчүн уурдап алды деп ойлошту.
“Андай болсо султанга даттанабыз”, - деп коркутуп көрүштү биздикилер.
“Ой койгула кокуй! Түркияда даттанганга болбойт, Түркияда ал үчүн өлтүрүп коюшат”, – деп кыйкырып ийишти түрктөр.
“Анда, - дейт биздикилер, - биз уурдай баштайбыз, андан башка аргабыз жок...”
“Койгула кокуй! - түрктөр жүрөгү түшүп, - Түркияда уурдаганга да болбойт”.
“Түркияда андай кылганга да, мындай кылганга да болбосо,- дейт биздикилер, - бизди кайрадан өз жагыбызга жеткирип койгула, жолду карай палоо, ак нан бергенди унутпагыла, а инжир тууралуу ооз ачпай эле койгонуңар дурус, аны биз бары бир деңизге ыргытып салабыз”.
Бирок түрктөр бизди кайрадан жеткиришкен жок, өзүбүз жолду таба албайт элек, анткени деңизде из калбайт да. Айла жок, биздикилер мүңкүрөп, бардык Түркия боюнча тарап кетишти, кай бирлери андан ары - Арабстанга жер которду, көпчүлүгү түрк полициясына кызматка орношуп алды. Жакшы иштешти, анткени полиция аркылуу болсо да, түрктөргө бийлигиңди көрсөтө аласың да. Бир жылдан кийин мекенимди сагынып, абдан куса болдум, бир бандиттин кайыгына жалданып, Батумга келдим, андан жөө-жалаңдап айлыбызга жеттим.
Таятам унчукпай алысты тиктеп, кыңкылдап бир нерсени ырдаган болот, а мен, таятам айтып бергендер укмуш болуп көз алдымда тартылып, үндөбөй отурам...
- Ошондой, - деди таятам чувяктарын алып, киерден мурда ушалап жумшартып жатып, - алдаганын алдашкан, бирок биздин айылдан эч кимди зордоп айдап кеткен эмес...
Мен таятамдын таманын карап турам, таманы кандайдыр бир өзгөчө түзүлүштө. Буттун баш бармагынан кийинки бармактары да баш бармактын өзүндөй чоң сыяктуу. Мен билем, шаардыктарда мындай таман болбойт, эмнегедир айылдыктардын буту ушундай. Кийин, бир топ мезгил өткөндөн кийин, ушундай эле буттарды библия темасындагы байыркы сүрөттөрдөн байкадым – кудайдын элчилери менен пайгамбарлардын дыйкан буттары.
Чувяктарын кийип ордунан жеңил туруп, чырпыктарды экиге бөлө баштады, бири абдан эле азы - мен үчүн; экинчиси, абдан чоңу - өзү үчүн.
- Ата, мен көбүрөөк деле көтөрө алам, дагы кошо түш...
- Жетет, - деп күбүрөп, жаңгак чырпыктын солкулдак учун сындырып алып, күчтүү бармактары менен аркан сыдырып аткансып ийип жумшартып атты. Жакшылап жумшарткандан кийин, өзү үчүн топтогон чырпыктардын астына сойлотуп туруп боолап, тизеси менен ныгырып, байлоосун дагы ныктап, учтарын чыгып кетпегендей кылып чырпыктардын арасына солоп койду.
Таятам ал иштер менен алек болуп жатканда, анын таягын ийиндериме салып,колдорумду таякка артып, карап турам. Өзүңө өзүң асылып тургандай. Абдан ыңгайлуу.
- Бир жолу,- дейт таятам чырпыктарды боолаганды улантып, - кодор жолун чаап жатканда, жергиликтүү тургундар орус инженерине жалданганы келишет. Инженер аларды угуп болуп:
“Бул кишиден бөлөк, башка бардыгыңарды ишке алам...”- деди.
Таятам ишке албаган кишини көрсөтүп жаткансып башын ийкеп койду.
- Эмне үчүн албай койду эле?
- Ал сендей болуп туруптур, - деп таятам көзү менен таякты жаңсады.
- Эмне, антип турганга болбойбу? – деп сурап, не бар не жок, таякты ийиндеримден алам.
- Болот, - дейт таятам башын көтөрбөй, - бирок таякка колун жалкоолор гана арчындап турат, а ага жалкоо адамды ишке алып эмне кереги бар?
- Ой, ал кайдан билет? – деп кызаңдай түшөм. - Мына таякты ийиндеримден алдым, демек мен эми жалкоо эмес экемин да?
- Э-э, - деп созот таятам,- бул эми эсептелбейт, сен таякты ийиндериңе арчындап, ага колуңду артып турганың – жалкоолук. Ошондой ырым бар.
Эмне дей аласың. А негизгиси өзүм да сезе баштадым, балким ал ырым туурадыр, таякты ийиндериме артып турганда эч нерсе, деги эле эч нерсе кылгым келбеди эле. Жөн эле эч нерсе жасагың келбегенин мындай кой, ошол эч нерсе жасагың келбегенит жагып жатканында да. Балким деп ойлонуп калдым,анык жалкоолор – ошол эч нерсе жасагысы келбегенинен, бир чоң нерсе жасагансып канагат алып тургандан болсо керек. Эмнеси болсо да таякты таятам боолап жаткан өз таңгагымын жанына сайып койдум.
Жаңгак чырпыктарынын узун, жашыл куйруктуу эки боосу даяр болду.
- Кеттик, - таятам күтүүсүздөн рододендрон баскан кырдын ары жагына баштап калды.
- Кайда? – деп сурап алып, жалгыз калбаш үчүн артынан чуркайм. Эми байкап атам, рододендрон бадалдарынын арасында араң билинген жалгыз аяк чыйыр бар экен. Ал жантая кырды бойлой, ылдыйга кетиптир.
Тоонун түндүк тарабы экени. Түнт. Рододендрон бадалдары бул жерде айрыкча жыш, жоон. Бадалдарда килейген, кандайдыр бир жасалма сыяктуу гүлдөр. Аба чирик жыттанат, бутуң баскан сайын кызыл ашыгыңа чейин борпоң, салкын топурака кирип кетет. Аңыча эле түнт, күңүрттөнгөн жашыл дүйнөнүн арасынан, ачык жашыл болгон карагат бадалы көздү кубантып жарк эте түшөт. Бийик, жеңил бутактарында кара тамчыдай болуп мөмөлөрү мөлтүрөйт. Чоң атам ушул жакка баштап келген тура!
Таятам жакынкы бадалдын бутагын ийип, алаканына мөмөлөрдү күбүп, оозуна куят. Мен да калып калбагандын аракетин көрөм. Узун, жеңил сабактары тийип койсоң эле көздүү мөмөлөрүн жаркылдатып өзү ийилип берет. Алар ушунчалык даамдуу, менин ичим тарый баштады. Менимче бул байлык өзүмө да аздык кылат, а таятам кичине баладан бетер, жеп эле атат, жеп эле атат. Бир сабакты толук бүтүрбөй, башкасын карайт, көзү менен башкасын таап, анан – цап! Мөмөсү жайнаган сабакты кармайт. Мына, эми башка жей албайм окшойт, капшытты ушунча толтурдум белем, оозумду ачсам, мөмө камап калган тиштерим аба кирсе зыркырайт, Таятам да, кыязы канды көрүнөт.
- Кара, - дейт чувягынын тумшугу менен мен тарапка тезекти түртүп, - бул жакта аюу бар окшойт... Мына, сынган бутактар да бар экен.
Колу менен жаңсаган тарапты карап, карагаттын сынган бутактарын байкайм. Алаңдап тегерегимди карайм. Бул жер кооптуу көрүнүп, жакпай турат. Түнт, бутуң да борпоң, нымдуу жерге терең батып, бир нерсе болуп кетсе качканга кыйын. Мына, тетиги бадал түбү, андан аркы каштандын түбү кыймылдап калды.
- Ата, - дейм үн чыгарып, үнүмдөн шер байлап, - ал бизге тийбейби?
- Тийбейт, - дейт таятам карагаттын сабагын сындырып, - ал өзү тийбейт, чочуп кетип коркконунан эле кол салбаса, өзү тийбейт.
- Ал бизден эмнеге коркмок эле, - үнүмдү катуу чыгарып, ар бир сөзүмдү дааналап, - биздин мылтыгыбыз деле жок. Бизден эмнеге коркмок эле?
- Ооба, - дейт таятам, карагаттын сабактарын сындыруусун улантып.
Болбой эле чочулап атам. Тезирээк эле үйгө кетсек болот эле. Бирок антип ачык айтсам, коркок деп ойлоп калат.
- Болду го, - дейм дагы эле үнүмдү катуу, даана чыгарып, - биз тойдук, ага да калсын да.
- Азыр, үйдөгүлөргө да ала баралык.
Бадалдарга жармашып, карагаты жыш тик дөбөчөгө чыгып кетти. Мен да үйдөгүлөр үчүн карагат сабактарын сындырып жүрөм, бирок үйдөгүлөр биринчи болуп менин оюма кирбей, таятам эстегенине ичим күйдү. Менин эсиме деле келбейт беле...
Карагаттын сабактарын кучактап кайрадан кырга чыктык. Нымдуу, бутуңду муздаткан түндүк капталдан кийин кургак, жумшак жалбырак төшөлгөн жер менен басуу да өзүнчө ыракат. Таятам алып келген карагаттын сабактарын бооланган чырпыктарга кошуп койду.
Өзүнүн килейте бооланган чырпыктарын ийнине алып, теңдеп алыш үчүн силкинип, боону экинчи колундагы керкиси менен жөлөп, кырдан ылдый жөнөп калды. Мен да ошондой кылдым, бирок керкинин ордуна жүгүмдү чоң атамдын таягы жөлөйт. Кыялап баратабыз. Таятам шуудурап, сеңселген жаңгактын жашыл үймөгүнүн астында, өзү көрүнбөйт.
Башында жеңил эле, ал эмес жагымдуу да. Жүк оор деле эмес, жол жумшак, кыя деле тик эмес, дененин ылдый умтулган күүсүн буттар жеңил эле жеңип келатат, андан да так эле оозуңдун тушунда карагат мончоктору жылтылдайт. Тилиң менен бир-экөөнү күрмөп алсаң да болчудай, бирок антким келген жок.
Мына эми токойдон чыктык эле, дароо ысык билине баштады, басыгың да улам кыйындап, таштуу жолдо жылаңайлак жүрүү оор. Анысы аз келгенсип, бутактар ийиниңди өйкөйт, кандайдыр бир дарактын чамындысы моюнуңдан кирип, тер баскан денеңди ачыштырат. Ийиним талып, жүгүм ыңгайлуураак жайгаштыруу үчүн улам силкип койом. Бирок ийиним кайрадан ооруй баштайт, бир ыңгайсыз чырпыктын ордуна экинчиси чыгып өйкөйт. Ийнимдеги жүктү жеңилдетем деп таяк менен жөлөйм, анча-мынча жеңилдей түшөт, бирок таяк жаткан экинчи ийиним талып ооруйт. Таятам болсо кетип эле барат, алдымда жашыл жалбырактуу килейген үймөк.
Бир маалда үймөк мен жакка жай бурулуп, таятамдын сүрдүү өңү көрүндү. Балким, азыр жүгүн таштап, бир азга эс алабызбы? Жок, окшобойт...
- Чарчадыңбы? – деди. Бул суроо кыжырымды келтирет: мен жөн эле чарчамак тургай, бул жүк мени былчыйтып коймой болду го!
- Жок, - дейм чыдамым кетип араң турсам да, таятама эч нерсеге жарабаган бир бечара көрүнбөш үчүн.
Таятам кайрадан бурулуп, көз алдымда кайрадан жашыл жалбырактуу килейген үймөк чайпалат. Эмнегедир мага бурулган кездеги таятамдын өңүн эстеп, сүрдүү жүзү оор иштерден улам пайда болгонун түшүндүм. Азыр жүк көтөрүп баратканда бетиндеги демейдеги бырыштар даана көрүнүп калыптыр. Ушул чымырканганда пайда болгон бырыштар бетине такыр жазылгыс болуп калган го, анткени таятам өмүр бою эле чымырканып жүрөт да.
Эки ата өткөн тууганыбыздын үйүнүн жанынан өтүп баратабыз. Иттер алыстан эле бизди тааныбай каңкылдай баштады. Ойлоп койом: балким, жок дегенде иттер тынч алыш үчүн таятам токтоор... Жок, токтогон жок, менимче, иттерге жини келгенин билдиргиси келбей, жини келгенин үстүндөгү жүгүнүн башкача чайпалганын билдим, жүрүшүн улай берди.
Ашканасынан эки ата өтүшкөн тууганыбыз чыгып биз жакты карады. Бул зор денелүү, көк көз, келишкен адам. Азыр дөбөчөдө, асмандын фонунда тургандыктан, айрыкча зор көрүнөт. Бизди араңдан таанып кыйкырат:
- Ой чал, сен эмне, жинди болуп калгансыңбы – баланы мынча кыйнап!
- Бекерпоз, - деп кыйкырат таятам жооп кылып, - андан көрө иттериңди байлап албасыңбы, ажылдатпай!
Биз дагы эле аталаш тууганыбыздын үйү турган дөбөнүн астынан өтүп баратабыз, тууганыбыз бизди карап, анын мени аяп турганын сезип, ага жагайын деп, ансайын байкуш болуп бүжүрөп калам. Кадам таштоо уламдан улам кыйындап баратат. Тер куюлуп, тизем калчылдайт, мына-мына бутум бүгүлүп, жыгылып түшчүдөймүн. Көзүм менен алдыдагы бир белгини мерчеп алып, ойлоп койом: “Мына ушул ак таштын жанына жетип, анан жүктү ыргытам, тетиги бурулушка жетсем жүктөн арылып, эс алам, тетиги...”
Эмне үчүн экенин билбейм, бирок ушундай кылуу жардам берет экен. Балким, акыркы үзүк жолду өтүүгө ичимден көнүгүп жатып, оор, зериктирме жол зилдей басып калган, эс алууга болгон үмүттү, кыялды ойготуп жаткандырмын.
Таятам күтүүсүздөн жүгөрү талаасынын четиндеги кашаанын тушуна токтой калды. Эңкейип жүгүн кашаага жөлөдү. Ошого жетсем экен, жетсем экен...
Мына, ийнимден жүгүмдү алып, өз боосунун жанына койду. Кашаага жөлөнүп чөптө олтурабыз. Жыргал. Артыбызда жүгөрү талаа, алдыбызда бардык тарабын деңиз тиреп турган, ондогон чакырым келберсиген түз жер. Алыскы деңизден жүгөрүнүн жалбырактарын шуудуратып жумшак, айдарым соккон жел агылат.
- Былтыр ушул талаадан кырк себет жүгөрү алдык, - дейт таятам, - мен абдан начар болду деген жылда да алтымыш себеттен аз алуучу эмес элем...
“Ой кудай ай, менин ишим канча?” – деген ой келип, магдырап кеттим.
Ичиңди аймалап, жең аркылуу кирип далыңды сылап кеткен, тер баскан моюнуңду үйлөп турган салкын желди сезип, кашаага жөлөнүп отурган кандай жыргал. Денеңе күч-кубат агылып, агылып кирип толо албай турганын сезип, ушинтип отурган кандай жагымдуу, кандай кызык, кандай сонун... Агылып кирген күч-кубат бир калыпта согуп турган айдарым жел, торгойлордун жанга жаркын добушу угулуп жаткан бийик асман, артыңдагы жүгөрү жалбырактарынын шыбырашканы менен жуурулушуп тургандай...
Таятам кезектеги суроомду күтүп жатканын билем, бирок сүйлөшкүм жок, унчукпай отурам.
- А эмне үчүн? - менин суроомду күтпөй эле таятам өзүнө өзү суроо берип, кайра өзү жооп берет: - Анткени мен кетмендеп үч жолу түбүн жумшартчумун, а алар эки эле жолу, анысы да кандай экенин көрдүңбү?
Ордунан жеңил туруп, кашаадан өттү. Мен азыр миллион сом берсе да ордумдан турмак эмесмин. Ошентсе да башымды буруп, кашаанын тешигинен аны карап турам.
- Муну чаап коюш керек эле, - өсүп калган жүгөрүнүн сабагын үзүп алды, - муну да, муну да...
Азыр ал эмес мен да көрүп турам, начар кетмендешкен экен, жүгөрү түбүндөгү чөптү тамыры менен үзбөй, топурак менен бастырып коюшуптур, ал азыр саксайып кетиптир. Бир нече мүнөттөн кийин таятам чоң тутам жүгөрүнүн сабагын кашаанын сыртына ыргытты.
- Жалкоолор, жатып ичерлер, бекерпоздор, - деп күбүрүнөт жүгөрүнүн сабактарын өзүнүн боосуна шыкап.
Эмнегедир, көз алдыма айылдыктардын бардыгы дарактын көлөкөсүнө отуруп алып, эртеден кечке ар түрдү окуялардан аңгеме салганы тартыла кетти, андан да бардыгынын моюндарында таяктары артылып, анда колдору арчындалып салаңдап турат. Ылдыйды карайм. Ал жакта Сабида ойдуңу, анын оң жагында кара, кызгылт так болуп жайылып жүргөн уйлар көрүнгөн жашыл бет. Ойдуң толо калың токой көгөрөт. Кээ бир жерлеринде гана ачык жашыл болуп бөлүнөт – бул грек жаңгагы. Алар эң узун каштандан да бийик, учтары ачык-жашыл дөбө болуп токойдун үстүндө.
- Таята, грек жаңгактары токойга кайдан келген? Балким ал жакта мурда бирөөлөр жашаган чыгар?
- А-а, - деп башын ийкейт таятам, менин байкоомо ыраазы болгондой, - аларды мен отургузгам, ар бир жаңгактын түбүнө жүзүмдү кошо сайып койгом.
Мен таң калам, ушу кичинекей таятам, килейген дарактарды, токойдогу эң чоң дарактарды кантип отургузду. Мага мурда качандыр бир кездерде ушул жерлерде дөөлөр жашап, кийин токойдун черин аралап кетип калгандай сезилчү. Балким аларды таарынтып койушкандыр, балким дагы эмнедир – белгисиз. Ушул грек жаңгактары, токойдун ар жеринде көрүнө калган чептин урандылары – дөөлөрдүн тукумунан калган, – дөөлөрдөн башка эч нерсе калбаптыр.
- Мен бул жакка келгенде грек жаңгагы эмес, бир да адам жок эле, - дейт таятам.
- Үйлөр да жок беле?
- Ооба да, - деп эстей кетти: - Мен бул жака капысынан эле келип калдым. Бул жердин суусу жакты. А суусу жакшы жерде жашаса болот. Түркиядан келгенден кийин апамдар сенин таенеңе үйлөнтүп коюшту. Анда таенең кенедей кыз эле. Эки жылдай апам менен жатып жүрдү, анан барып мага көндү. Бул жакка көчүп келгенде балалуу болуп калганбыз, жандыктан болгону бир эле эчкибиз, ал да бирөөнүкү. Баланын сүтүнө деп карызга алганбыз. Кийин бизде бардыгы болду, анткени мен иштегенден тажачу эмесмин...
Таятамдын иштегенден коркпой турганынын мага кызыгы жок, сөзүн буздум.
- Ата, сен ат уурдадың беле?
- Жок, атты эмне кылмак элем?
- Деги бир жандык уурдадың беле?
- Болгон, - дейт таятам ойлоно калып, эстеп кирди, - жаш кезде, макоолук менен жолдошум экөөбүз бирөөнүн торпогун айдап кеткенбиз.
- Кандай болгонун айтсаң.
- Эмнесин айтмак элем. Атарадан айылга келатканбыз. Токойго келгенде кеч кирип кетти. Карасак, бир торпок жүрөт. Адашып кеткен окшойт. Башында жөн эле тамаша катары алдыга салып айдадык эле, анан биротоло айдап кеттик... Бир жылдык болуп калган жакшы торпок эле.
- Анан аны эмне кылдыңар?
- Жеп койдук, - дейт кыска.
- Экөөң элеби?
- Анан эмне.
- Ой, килейген торпокту экөөң кантип жейт элеңер? – мен таң калам.
- Ошентип эле, жолдон четирээк бардык. От жактык, сойдук. Түнү бою отко кактап жей бердик. Отко кактадык да жей берик.
- Ишенбейм! Бир жылдык торпокту эки киши кантип жей алсын?
- А биз макоо, караңгы элек да, ошондуктан жеп койдук. Бир кесим эт да калган жок. Күнү бүгүнкүдөй эсимде, эртең менен мүлжүнгөн сөөктөрдү жашырып, отту өчүрүп кете бердик.
- Ата, эрдик кылган бир окуяңды айтып берчи.
- Эсимде жок, - таятам алакан астынан Сабида ойдуңун тиктейт. Уйларын түгөлдөп жатабы же чоочун уй көрдүбү? Бир аздан кийин: - Мен андайды жаман көрөм. Мен иштегенди жактырам.
- Ошентсе да, ата, эстеп көрсөң, - деп суранып, аны тиктейм. Ал болсо, олтурат жанымда, тоголок баштуу, кең далылуу, өспүрүм баладай кичинекей. Мен ушу кичинекей киши килейген дарактарды отургузганына, ондон ашык, андан да көбүрөк балдары бар экендигине ишенип, ишене албайм. Балдарынын бардыгы таятамдан чоң, бирок барыбир таятамдай боло алышпайт, ага жетпейт, мен муну көптөн бери сезип жүрөм, бирок эмнелери таятамдан кем экенин түшүндүрө албайм.
- Мына, эгер кааласаң, - деп жандана түштү таятам, түйшөлүп, кашаага ыңгайлуураак жөлөнүп алып, - угуп тур... Бир жолу айылдаш бир адамга кабар айтып коюуну тапшырышты. Ал болсо мал менен жайлоого чыгып кеткен. Жайлоо алыс, айылдан үч-төрт күндүк жерде эле. Жөнөп калдым. Кандай жөнөдүм? Биринчи ушул жол менен мал айдап бүгүн чыккандарды кубалап өттүм. Анан ушул жол менен жөө бараткандардын бардыгын, анан мал менен бир күн мурда чыккандарды, түнүндө бир күн мурда жөө чыккандарды кубалап өттүм. Эртеси эртең менен уй саалып, мал короодон чыга электе малчылардын алачыгына жетип бардым.
- Ата, а бир күн мурда атчан чыккандардычы?
- Аларга жете алган жокмун.
- Сен бир да жолу токтогон жоксуңбу?
- Суу же малчылардын чатырында чалап ичкенде гана. Нан, туз урсун – бир да жолу отуруп эс албай, күнү-түнү жүрдүм, – дейт таятам компоюп, анан колдорун тизесине алып унчукпай калды.
Менин көз алдыма кайрадан элес тартылат: мына, таятам жолдо баратат, мал айдап чыккандардын бардыгы артта калды, эми ушул жол менен жөн эле бараткандар артта калды, андан бир күн мурда мал айдап чыккандар, андан кийин бир күн мурда жөн эле жөө бараткандар артта калышты. Бирок бир күн мурда атчан чыккандарга жетпей калды, менимче алар улам артын карап, чоң атама жеткирбеш үчүн аттарын сабап жүрүшкөн го.
- Болуптур, кеттик, - таятам ордунан жеңил козголду. Мен да турдум.
Кайрадан жашыл үймөк алдымда силкилдейт. Жалбырактардан чагылган күндүн нуру көздү уялтып жаркылдайт.
Акыры таятамдын үйүнүн дарбазасына жеттик. Таятам дарбазаны буту менен жөлөп, мени алдыга киргизди. Иттер ажылдап, жакын келгенде тааный коюп токтоп, бурулуп кетишти. Чырпыктарды дубалга жөлөп койдук.
Ашканадан тажеңем чыкты. Алыстан эле мени карап, жүзүндө мага боор ачыгандыгы билинип басып келди.
- Баланы кыйнаган тура, өлтүрүптүр, – дейт ашканадан чыга калган таянеме мени көрсөтүп. Таянем да мени аяп, таятама сүйлөнүп атат.
Бөлөлөрүм - иним жана карындашым грек жаңгагынын көлөкөсүндө, өгүз талпакта жатышат. Азыр баштарын көтөрүп биз көтөрүп келген боолорду музоо көз караш менен карап калышты. Алардын бири менден эки жаш, экинчиси үч жаш кичүү. Иним - кабагы салаңдаган чымыр бала; карындашым - түрктөрдүкүндөй узун каштуу, төгөрөк беттүү жакшынакай кыз. Бир нерсе ала келгенибизди боолголоп тура калышты.
- Лавровишня![1] – деп кыйкырат Ремзик.
- Карагат, карагат, - деп сүйүнөт Зина, экөө тең жылаң буттарын топулдатып бизге чуркап келишти.
- Мага! Мага! Мага! - деп кыйкырышат, боодон чыгарып, колумдагы бутактарга колдорун созуп. Мен бутактарды тең бөлүп, колдоруна карматтым. Эки ит, Рапка жана Рыжая, бут алдында, куйруктары менен жер сабап көзүңдү карайт. Алар жей турган бир нерсе ала келгенибизди сезип жатышат, бирок алар жей турган нерсе эмес экендигин түшүнүшпөйт.
Бөлөлөр карагатты тамшанып жегенин көрүп, өзүмдү чоң сезип компоюп турам.
Тажеңем таятамдын боосундагы карагаттын бутактарын алып, Ремзик асыла кетпесин деп өйдө кармап ашканага баратат. Бутактарды кандайдыр бир чарбалык иштерге жумшалуучу нерсе сыяктуу көтөрүп алыптыр. Чыдабай кетти окшойт, баратып, ошол эле чарбалык иштерге бушайман болгон түр менен бир нече мөмөнү оозуна ыргытып койду: кычкыл эмес экенин текшерип жаткандай, кудай анын бетин ары кылсын.
Таятам боодон жүгөрүнүн сабактарын чыгарып алып, улактар камалган сарайга баратат. Алар жалбырактардын шуудураганын эчак угуп, азыр арткы буттарына туруп, алдыңкы колдорун кашаага коюп күтүп жатышат. Жаш баладай чыйылдап маарап, анда-санда бышкырып койгонун кантесиң. Кашаа үстүнөн кулактарынын учу жана али жумшак мүйүздөрү көрүнөт. Таятам жүгөрү сабактарын акырга ыргытып, ошол замат кулактардын учу, жумшак мүйүздөр көрүнбөй калды.
Мен өзүмдүн ар бир кыймылымдан канагат алып жаттым. Тизелерим калчылдап, ийиндерим сыздаса да, денемдеги жеңилдикти, ал эмес кубанычты сезем, көпкө чейинки оорудан жакшы болуп, жерге өзүң биринчи кадам салгандай сезим.
Тажеңем ашканадан кумганга суу, сүлгү алып чыкты. Таятам экөөбүз жуунуп, тажеңем суу куйуп берип жатат.
Ремзик өз карагатын жеп бүтүрүп, карындашынын колундагы акыркы бутакты жулуп алып качып жөнөдү. Кыз өңгүрөп, жашын куюлтуп, маңыроо, ошол эле убакта адилеттик талап кылган көздөр менен энесин карайт. Тажеңем таятамды кайрадан жемелей баштады.
- Анын эмнесин көтөрүп келгидей, эмне кереги бар эле, - деп сүйлөнүп, анан баласына: - Сениби, шашпа! Тамак ичкени келерсиң.
Бала бурчуюп, дарбазанын сыртында турат. Өзү да кыжалат болуп тургандай, жула качкан карагатты го жеп койду, тамак ичүүчү мезгил болсо жакын калды. Ашканадан кичине күйүп калган мамалыганын даамдуу жыты келет.
- Кетменимдин сабын жаңыртып берем деп коюп, аны да бүтүрбөдүң, - деди тажеңем ашканага кирип баратып.
- Азыр, - таятам кетмен, күрөктөр жыйналган секичеге барды. Тажеңемдин кетменин алып, балтанын уңгусу менен бир уруп сабынан чыгарып, эңкейип кетменди колуна алды.
Мен ашканага кирип, очоко жакын таенемдин жанына отура кеттим. Отто бийигирээк асылган чоң чоюнказанда даяр болуп калган мамалыга. Бутумду очокко карай сундум. Мамалыганын алтындай саргарган кыртышынын жыты мурдумду өрдөп шилекей агызат. Тезирээк эле тамакка отурсак экен, бирок таежем үйдүн кожоюну - күйөөсүн өзү ошентип коёт, -күтүп атат. Ал отурмайынча столго отурууга болбойт.
- Эй, иттин баласы, бери кел, - таятам инимди чакырат.
- Энем сабайт, -дейт иним бир аз ойлонуп, энесине бул маселе боюнча эмне айтаарына убакыт бергендей. Бирок тажеңем унчуккан жок.
- Коркпо, кел, - таятам ашканага кирип, чарыкка куюш үчүн кумганга суу алды.
Оттон бутум кычыша баштады, таенем аны байкады. Алар кандай абалда экенин көрүп, колун жаңсап таятама сүйлөнө баштады. Тажеңем да келип ылдый эңкейип, кан талаган бутумду көрүп, ал да таятама сүйлөнүп жатат.
- Эч нерсе эмес, - дейм мен - чиркей да...
- Кудай сакта, - дейт чоң энем, - ой деги баланы эмне кылган, жаны жай албаган куюнгөт!
- Ооруган деле жери жок, таене, - дейм мен.
- Ошо оорубаганы жаман, а көрөкчө ооруса жакшы болмок, - дейт таенем.
- Эми энесине эмне дейбиз? Баласын куураткан экенбиз да, - кайталайт тажеңем, жакында шаардан апам келерин эстетип. Таенем очокко суу асып жатат.
- Какылыктап калышпадыбы, о безилдеген ургандар, - тыштан таятамдын үнү чыгат.
Анан чарыкка кайралып жаткан темирдин чарылдаганы угулат. Таенем жаныма чылапчын коюп, чайнектен жылуу суу куюп, бутумду жууганга эңкейди. Уялып жатам, бирок билем, таенем бары бир өз билгенин бербейт, ошондуктан оюна көнүп берем. Таенем менен тажеңем мени аяп, таятама сүйлөнүп эле атышат.
Мен короого бир боо чырпыкты көтөрүп киргенде, өзүм сезген - чоңоюп калган жигиттин ролу менен кош айтышканга туура келет. Эми мага таш боор таятам тарабынан эзилген, бир байкуш жетимченин абалын таңуулап жатышат. Мен да ошого көнүп барам. Эзилип, байкуш болуунун да өзүнүн жакшы, жагымдуу жактары бар экенин сезем.
Буттарым чындап эле канталап, анча-мынча шишип турганы бар десең, бирок анча деле кыйналган жокмун. Анча-мынча ачышат – болгону ошол.Ошондой болгондо да алардын боор ооруганы мага жага баштады, жапа чеккендин белгилери көрүнүп тургандан кийин, кыйналып турган абал жага баштады, бирок чынында эч деле кыйналбагандан кийин, алардын мени аяганы, таза пайданын поэзиясы катары кабыл алынды.
Эки жүздүүлүктүн жылымык, таттуу толкуну көкүрөгүмдү жайпап кетти. Бутум канталап турабы – демек мен жапа чектим, - чоңдор мага таңуулап, мен сүйүнүп кабыл алган оюн эрежеси ошондой.
- Бир калыпта айландыр, - таятамдын үнү угулат дагы...
- Мен эмне, тегирмен белем?- деп чыйылдайт Ремзик.
- Эми тескери айландыр, - дейт таятам.
- Анте албайм, колум ооруп кетти, - деп чыйылдайт Ремзик, бирок айландырып жатат.
- Жалкоо, - дейт таятам, - мен сендей чакта...
Таенем таза сүлгү берип чылапчынды тышка алып чыкты. Чөпкө суунун шалп эте түшкөнү угулат. Мен бутумду аарчыдым.
Аңгыча тышта бирөө тажеңемди чакырып жаткандай. Кулагын түрүп калды.
- Акырын! – таятам жакты жазгап, короого чыкты.
Короо четиндеги кашаага барып кулагын түрүп турат. Чынында эле алыстан бирөнүн үнү угулат.
- Ай-уй, эмне дейсиң? – деди тажеңем өзүнүн ачуу үнү менен.
Ашкананын эшигинен алдыга жеңил жүткүнүп, кулак түрүп калган тажеңем көрүнөт.
- Анан айдап чыкпайсыңарбы, айдап чыккыла! - деп кыйкырат ал.
Алыстан кайрадан эле күңүрт үндөр чыгып, тажеңем кайрадан тыңшайт. Туруктуу аба байланышы түзүлгөнүн сезип, чарык кайрадан иштей баштады.
- Колум ооруп кетти, болдучу, - деп кыңкылдайт Ремзик.
- А сен сол колуң менен айлант, - дейт таятам.
- Сол колум менен айланта албайм, - дейт Ремзик ыйламсырап.
Кайрадан чарыкка кайралып жаткан темирдин үнү чыгат.
- Макул, айтам, макул! – деп кыйкырып, тажеңем ашканага кайтты.
- Эмне болуптур? - дейт таенем, чочулагандай. Былтыр уулу, Азис тайкем аң уулап жүрүп каза болгондон бери, өзүнө келе албай, дагы бир жаманчылык болуп кеттиби деп эле чочулай берет.
- Жок, жөн эле Датиконун буйволу жүгөрүгө кирип кетиптир, - деп жооп берди тажеңем эртең мененки лобиону[2] отко коюп жатып.
Ушул буйвол тууралуу жүз жолу уктум окшойт. Аны койо берери менен эле жинди болгон эмедей колхоздун жүгөрү талаасына жутунат, кашаа-пашааңды уруп ойнобойт. Тайкем бригадир, ошон үчүн бул жакка кыйкырып атышпайбы.
- Жаштыгымды үч күнгө кайрып берсе, - тыштагы таятамдын үнү углат: көрсө, ал бардыгын уккан экен, - мен ошол буйволго көрсөтөт элем...
Таятамдын айткандарын ойлоп, түшүнбөй турам, буйволго эмнени көрсөтөт эле, ал үчүн үч күндүк жаштыктын эмне кереги бар. Анан башыма жетти: таятам аны уурдап туруп, жеп коймок. Буйвол чоң болгодуктан аны түгөтө жеш үчүн үч күн кетмек. Таятам токойдо оттун алдында отуруп буйволдун этин шишке сайып жеп жатканы көз алдыма тартылат. Куйкалап жеп, жеп атат ошентип үч күн жана үч түн. Анан сөөктөрүн жашырып, бери кайрылса эле кайрадан абышка болуп калган, чачтары агарган, калгандары да азыр кандай болсо ошондой.
Тажеңем сүрсүгөн этти иймек темир шишке сайып, оттун чогун чогултуп, жапыз отургучка олтуруп алып шишти отко кармап айдандырып атат, оттон улам бетин бурат – өтө эле ысык болсо керек. Эт куйкаланып, кызгылт кыртыш байлап, майы чыгып, чокко тамчылап, тамчы түшкөн жерде көгүш жалын серпилет. Сүрсүгөн, азыр эми куйкаланган эттен укмуштай даамдуу жыт келип, чыдамыңды алат.
- Пепе келатат! - деп кыйкырды Ремзик, атасын биринчи байкай коюп. Алар атасын ушинтип айтышат. Бул элдешкенге болгон ишарат. Ушул кыйкырыгы менен Ремзик энесине, атам келген жалпы кубанычтын кийин, майда-барат таарынычтарды эстебей эле койбойлубу деп айтып жаткандай.
Тажеңем эшикти карап, этти очокко жөлөп, биз отурган узун отургучтун алдына жапыз столду койду.
Кязым тайкем короого туруп калды. А-а, Зинаны колуна алып жатыптыр. Аны бардыгыбыз унутуп калыппыз, ыйлап-ыйлап короодогу көк чөпкө жөн эле жатып алганбы же уктап калганбы. Эми атасынын жетегинде ашканага келатат.
Тайкеме удаа эле таятам менен чоң атасы менен иштегени үчүн кечирим берилди деп ойлогон Ремзик киришти. Ошентсе да энеси иш арасында башка нукуп калганга үлгүрдү.
- Бул эмнең?- дейт таякем таң калып. Демейде ал катаал, бирок балдарына кол көтөргөндү жаман көрөт.
- Ал өзү жакшы билет, - дейт тажеңем.
Ремзик калың кабагын салаңдатып бултуюп таарына түшөт, бирок көпкө таарынганга да болбойт, тамак бербей коёбу...
Тажеңем күйөөсүнүн колуна суу куюп берүүдө. Таякем барбайган колдорун шашпай жууп, суу колдору менен бетин, кыска алынган башын сүртөт.
- Дадиконун буйволу жүгөрүгө дагы кирип кетиптир, - дейт тажеңем, суу куюп жатып, - сени чакырышкан...
- Кудай урган, - деп койду таякем, көңүлкош, унчукпай калды. Анан колун аарчып, чыдабай кеттиби: - Камап коюштубу?
- Ооба, - деди тажеңем столго тамак коюп жатып.
- Кимди, буйволдубу же Датиконубу? – дедим, анткени мага түшүнүксүз, кимди жазалаш керек: буйволдубу же анын ээсинби.
Тайкем жылмайып, калгандары күлүп калышты. Балдар да күлүп атканын кара...
- Датиконун өзүн үч күнгө камаса жакшы болот эле, - дейт тайкем менин сунушумду жактыргандай.
Очоктун жанында катар отурабыз. Башында таятам, анан тайнем, тайкем, андан кийин калгандары. Тажеңем мамалыганын калагы менен ар кимге өз шыбагасын столдун таза кырылган тактайына салып берди. Мамалыгадан буу чыгат. Андан кийинтабактарыбызга лобио куюп, столго пияздын сабактарын коюп, ошондон кийин гана этти бөлүштүрө баштады.
Көзүмдүн кыйыгы менен этти кандай бөлүштүрүп жатканын карайм. Эттин эң даамдуу жерлерин өздөрүнө, күйөөсүнө, балдарына бергендей көрүнөт. Минткеним уят экенин билем, бирок чыдабай эле аңдыйм. Мына, күнөө кылганына карабай Ремзике эттин эң чоң бөлүгүн берди, ошол замат таразанын ташы ал жакка өтө эле ооп кеткенин сезгендей алаканы менен чекеге түртүп алды.
Тажеңем менин байкап турганымды сезип, ошондон улам кысылып, этти тез эле таратып бергиси келет.
- Жаштыгымды үч эле күнгө кайрып берсе, - деп таятам кайталады, оозундагы тамагын чайнап, - мен ошол буйволго көрсөтөт элем...
- Эми сиздин эр экениңизди билебиз да, - дейт тайкем мыскыл аралаш. Тайкем эмненин кыйытып жатканын билем.
Тамеки талаасынын четинде дүпүйгөн каштан дарагы турган экен. Анын көлөкөсү түшкөн жерде тамеки жакшы өспөй, жалбырактары начар. Жайдын башынан эле ушул каштанды бутоо керек дегендерин угуп жүрдүм, бирок эч ким чыгынган жок. Чынында ага чыгыш да кыйын эле, он метрдей жери жылаңач, кармап чыккыдай бутагы жок.
Башында бардыгы даракка ферма башчы – акотчу, аска тоого көп чыгып көнгөн жигит чыгат деп чечишти. Бирок ал тоодо экен, ага киши жиберели дешти, эки иштен бир иш, ансыз деле тоодон быштак алып келүүчү убакыт келип калган. Киши жиберишти, ферма башчысы келди, бирок ал даракты көрүп эле чыккандан баш тартты, анткени анын айтканына караганда, ал аң артынан аскага чыга алат, кандай бийик аска-зоо болсо да өзүн чымын дубалга жабышкандай эле алып жүрөт, бирок ушул каштан дарагына чыккандан коркот, мындай бийик даракты жерден караганда эле башы тегеренет экен. Бийик даракты көргөндө эле башың тегеренсе, анда эмнеге келдиң, - деп сурап атышпайбы. Анда ал:
- Жайлоодо жүрүп бала-бакырамды абдан сагындым, ошондон улам каштан жапыз эле болуп, этегинде кармап чыккыдай бутак бар деп ойлогом. Эми бала-бакырама жолугуп алгандан кийин, бул даракка чыга албасымды сезип турам, артка кайтпасам болбойт, менсиз малчылар малды жакшы карабайт, - дептир.
Кыскасы, ферма башчысынан майнап чыккан жок, а каштан калың көлөкө түшүрүп дагы эле турат, эч ким чыгып бутагысы келбейт, ал тууралуу бири-бирин тамашалап, ал эмес уруша да кетишет: тамеки тамыраң калсын, ошол үчүн даракка чыгып...
Таятам көпкө чыдап жүрдү, анан бир күнү өткөн жумада, тамекичилер эртең менен талаага келсе эле таятам дарактын башында жүрөт, сөңгөккө далысын такап алып,талаага көлөкө түшүргөн бутактарды унчукпай бутап атат. Даракка кантип чыкканын да эч ким көргөн эмес, бирок түшкөндө эки курч балтаны алмак-салмак сөңгөккө батыра чаап, ошону кармап түшкөнүнө караганда, так эле ошентип чыккан көрүнөт. Ошондон кийин таятамды мактамак турсун, бардыгы тепкиге алып,
- Дарактан жыгылсаң эмне болмок, бардыгыбызды шерменде кылмаксың, эл эмне дейт, сени иштегенге мажбурлап жатат дебейби, андан да колхоздун жумушуна, - деп жемелеп эле жатып калышты. Тайкем ошону кыйытып атат.
Тамакка киришип калдык. Анда-санда эле үн чыкпаса, сөз жок. Таятамдын тамак жегени да сонун: мамалыганы бармактары менен ныктап, көк пиязды тутамы менен сугунуп, сүрсүгөн этке алигиче бекем тиштерин матырып сугу түшүп жеп атат; тайкем тамакка көңүл кош, бүтпөгөн бир оор маселе жүрөгүн өйүп, ашка болгон табити жок, өзүн зордоп тамактанып жаткандай жээр-жемексен.
Байкап атам, тажеңем да тамакка сугу артып, бирок күйөөсүнүн мыскылдуу көз карашынан кысылып, анысын билгизбегенге аракет кылат. Өзүн кармап, тамакты чайнаганын башкаларга байкатпайт, күрмөп эле жутуп аткандай. Килейген бөлүктөрдү сугунуп ийгенин көрүп, какап калбагай эле деп чочулайм.
Тамактанып болдук, колдор жуулду. Тайкемдин тамакка табити жок башка адамдардыкындай эле, сүйүп жеген даамы бар. Ал мамалыганын казандын түбүндө калган кырмычыгын жакшы көрөт. Азыр да шашпай казандын түбүн бычак менен кырып, өзү да кырчылдатып, бизге да берип, чайнап атабыз.
Тажеңем улуу кызынын түшкү азыгын чабыра себетке салып жатат. Ал тамеки сарайда башка кыздар, аялдар менен бирге тамеки тизип калган. Тамакты Зина алып барат. Жашыл жаңы көйнөгүн, сандалын кийип алыптыр. Кантсе да эл көзүнө көрүнөт да.
Колунда себет көтөрүп кыздарга гана тийиштүү наз менен короого чыгып, артын карап, анан чыйыр жолго бурулду.
- Коркпо, мен бул жерде турам, - дейт тажеңем кызын серүүдөн карап.
Зина кашаадан көрүнбөй калды, бир аздан кийин чыйыр жолдун кекире, чычырканак, папоротниктер коюу чыккан эң коркунучтуу жерине жеткенде анын чыйылдаган үнү угулат. Катуу чыйылдап, ушу тоого кантип жеткени белгисиз,эчак унутулуп калган ырды ырдап баратат:
Жайлайбыз деп силерди,
Муштум кезеп келишти.
Биз да муштум көрсөтсөк,
Коркуп качып беришти.
Чыдабай кетти көрүнөт, ырдын ыргагын бузуп, сөздөрүн чачып чуркап жөнөдү.
- Чуркап жөнөдү, - деди тажеңем мээрими куюлуп, бир азга кызы кеткен тарапты карап турду да, улутунуп алып ашканага кирип кетти.
Серүүдө таятам тажеңемдин кетмени менен алек. Тамактан кийин көңүлү көтөрүлүп калганы сезилип, кыңкылдап ырдаган болуп, кетменге жаңы сап жонуп атат.
- Этке тоюп алып ырдап атат, - дейт тайкем таятам жакка баш ийкеп, мыскыл аралаш.
Таятам унчукпады. Угуп койдубу? Кыжалат боло түштүм.
Мен тайкемди жакшы көрөм. Мен тааныган бардык адамдардан акылдуу экенин билем, этин кызганып жатпаганын да билип турам, жөн эле таятамдын качан болбосун жаркын маанайда жүргөнүнө ичи күйөт окшойт. А өзүнүн кабагы чанда эле ачылат, кандайдыр бир той-топурда эле болбосо...
Таятама болгон аёо сезим жүрөгүмдү кысып, көзүмө ысык жаш келе түштү. “Таята, алтын таятам ай! - деп ойлоп койом, - эмнеге эле сени баары жемелей беришет, эмне үчүн?...”
Тынчтыкты таятамдын убара тартып бышылдаганы, болот жонуп жаткан жыгачтын үнү бузат: хруст, хруст, хруст...
Которгон Марсел ИСАКОВ