О'ШАКИР: ЖАРООКЕРИМ ЖАНЫМДА (аңгеме)

  • 18.10.2023
  • 1185

ЖАРООКЕРИМ ЖАНЫМДА

         (аңгеме)

Шеригимди жаңы эле сот залына алып кетишкен. Сен кирип келдиң. Темир торду кантип ачтың билбейм. Ачкычтын шылдыраган үнү да угулган жок.

- Кантип кирдиң? – көргөн көзүмө ишенбей, сени боорума кыстым. Керебетиме тарттым. А сен колумдан бошонуп:

- Коё турчу шашпай, - дедиң да, муздаткычты ачтың. – Эмне жеп, эмне коюп атканыңды көрөйүн,- деп келдим.

Камеранын ичине көз жүгүрттүң. Бурчтарды карадың, полду тиктедиң.

- Адегенде муздаткычыңды тазалайынчы, - дедиң.

Ичиндегилердин баарын сыртка чыгарып баштадың.

- Ал жактын баары таза, - дедим.

- Таза кармаганыңарды  көрүп атам. Тоңдурмасындагы муздун калыңын карачы. Эритпепсиңер.

Сен баарын иретке келтирдиң заматта.

- Мынабул берип жибергендеримди  эмне түгөтпөдүң, жакпадыбы?

- Жакты. Күнүгө жеп атабыз шеригим экөөбүз. Көп жөнөтүпсүң, - дедим баштыктарда, кутуларда сакталган кургак мөмө-жемиштерди көрүп.

Сен анан камеранын ичиндеги буюмдарды ордуларынан жылдырып, баарын сүрүп, кырып тазалап атканыңда колуңа жабыштым.

- Келчи жаным, сүйлөшөлү. Алардын баарын тазалаганбыз.

- Таза жашап атканың ушулбу? – колуңдагы батташкан кир тряпканы көзүмө такадың.

А биз шеригим экөөбүз кечээ эле камеранын  ичин күзгүдөй жалтыратканбыз. Бир дагы кычыкты калтырбай жууп, кырып, сүртүп чыкканбыз.  “Аялдар кыйынсыңар”, - дедим ичимден, - эркектин көзү көрбөгөндү көрөсүңөр”.

Сен баарын мизилдеттиң. Айланам жалтырап, жыпар жыттуу бөлмө болуп калды өзүнчө.

- Мен азыр курулуш материалдарын саткан дүкөнгө барып келейин. Краска алып келем. Дубалдарыңды жаркыратам!

Шарт эле чыгып кеттиң. Мен сени көпкө күттүм. “Эмне, сыртта кайра киргизбей атышабы?” – деп тынчсызданып баштадым. Чыдамым түгөндү. Улам добушуңду тыңшайм. Күттүргөн  бойдон кайра келбедиң.

Сага болгон сагынычым тарай электе кетип калганыңа ичим куйкаланды...

Түш экен көргөнүм. Түшүмдөгү сагынычты кой, ойгоо жаткандагы сагынычымды айтып түгөтө албасмын, жаным...

Сен мени үйдөгүдөй эпсиз, ыксыз, турмушка жөндөмсүздөй көрбө. Мен үйдөгүдөй эмесмин бул жакта. Баарына сарамжалмын өзүңдөй. Үйдө жанымда болгонуң үчүн, мен көп ишке жөндөмсүз көрүнчү окшоймун. Бул жакта мен баарына эптүүмүн. Ишти чала жасабай калдым. Анткени чала бүтүргөн ишимди көрүп, колумдан алып коёр сен жоксуң жанымда...

Жок! Сен ар дайым жанымдасың!

                                          07.10.23

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз