О'ШАКИР: БАБАЛАРДАН ШИБЕГЕ

  • 01.11.2023
  • 1731

БАБАЛАРДАН ШИБЕГЕ

“Туугандуу бийде – ыйман жок” – кандай таасын!

“Ыймандуу бийде – тууган жок” – кандай баасын!..

Бабалар айткан накыл кеп ар дайыма

Илинсе туш-туш Акүйдүн маңдайына!

                                               12.10.23

УЧУРБАП

Эл башчынын жүрүм, турум үлгүсү –

Эл башкаруу өнөрүнүн күзгүсү.

Өзү тартип, эрежени бузбаса,

Анык ошол буйрук, жарлык жүргүзүү.

                                               13.10.23

КӨРДҮЙНӨ

Курчоосу бүт коргон менен темирден.

Күркүл жемкор өзүн өзү кемирген:

Кудум эле айырмасыз уяң бир

Чоочун үйгө жаңы келген келинден.

 

Аттаганы темир эшик босого,

Бир гана жок: жибек жоолук, көшөгө.

Томсоргон ал курду канча кансарай,

Тобо кылган эмес экен ошого.

 

Төрт-беш опер ала качып келишти,

Тергөөчүгө шак өткөрүп беришти.

Миллиарддарды казынадан каңтарып,

Минтип эми темир тордо кейиштүү.

                                   14.10.23

АЖЫРАГЫС ШЕРИГИМ

Кандай шартта, кандай күнгө туш келдим,

Касиреттүү кандай түрдүү иш көрдүм...

Кайыштырбас шерик болдуң, тынч уйкум.

Булагы сен – жакшы, жаман түштөрдүн.

 

Сыноосунда башка түшкөн мүшкүлдүн

Күрсүнгөнүм канча, далай үшкүрдүм.

А сен бирок ажырабас шериктей,

Бирине да зарлатпадың муш күндүн.

 

Күн да, түн да тынчсызданып деги бир

Зарлабадым таттуу уйкум, шеригим.

Кирпигиме сен илинсең, жаным жай,

Эч болгон жок түйшөлүү же зеригүүм.

 

Сырдуу, ачык көрдүм далай түштөрдү,

Түш аркылуу чечмеделим иштерди.

Түш аркылуу жакындарга жолуктум,

Түшүм далай тилегиме туш келди.

 

Түштө дос, жар, баары менен көрүштүм,

Түштө далай ымандай сыр төгүштүм.

Түштө Фрейд, Конфуцийге кезигип,

Түркүн насаат, ой-пикирим бөлүштүм.

 

Ажырагыс шеригимдей түшүндүм,

Айланайын таттуу уйкум, күчүмдүн

Баарын сенден алат экем жашоомдо,

Сен бар үчүн эсен-соомун, бүтүнмүн!

 

Сага жетпей канчалары армандуу?..

Сага жетпей жоготушат дарманды!

Жеңилбессиң санаа, ойдон башкача.

Күчкө ээсиң – сулк жаткырар балбанды.

 

Жанымда жок дос, тааныштар деги бир.

Жаным бирге колуктумбу – деги ким

Жанда болду?.. жанымда сен күнү-түн

Жабык жайда ажырабас шеригим!

                                   15.10.23

АЯН ТҮШ

Алгыр куштар түшкө кирди дамамат.

Асман толо карга, кузгун сабалап.

Ар тараптан бүркүт, шумкар, кыраандар

Шаңшып учуп кылышкансыйт далалат...

 

Кол салышып кыраан куштар кыраанга,

Таз жорулар айланышып жылаанга,

Бүркүттөрдү бүркүттөр тээп асмандан

Мейкиндикте жол жок эч бир чыгаанга!

 

Шамал, деңиз көктү карай серпилип,

Шукшурулат куштан бетер жер чийип.

Аралашып алгыр куштар, кузгундар

Кулап жатат жерде баштар кертилип.

 

Куштар сууда балыктарга жем болуп,

Баары жырткыч. Баарын кара жер соруп...

Куюн, шамал Асман, Жердин арасы.

Батыш, Чыгыш – башаламан жел согуп...

                                   17.10.23

МИНОР

Адеп – аклак түшүнүгү тайкылар,

Чыгып алган кезде коомдун төрүнө:

Булут каптап, жашырынган Ай сыңар –

Билимдүүлөр чыкпайт алга, көрүнөө.

                                   17.10.23

Этюд

  1. ФОРТЕ

Тизгинсиз шамал жулунган,

Алачык үйгө бурулган.

Кедейдин кетип айласы,

Оокатын колго урунган

Жулдуруп ийди. Тонолду.

Ый калды боздоп угулган.

 

Кыйсыпыр кедей турагы.

Жортуулун шамал улады.

Бийледи шуулдап токойлор,

Карт дарак карс-карс кулады.

Жапырык салган бу шамал

Жаш талдын белин бурады.

 

Булутту сүрүп айдады

Кыямат келип кайдагы:

Жапырды баарын жалпайтып,

Бүлүндү буудай жайдагы.

Буй болду дыйкан көргөндө,

Буюрбай калган пайданы.

 

Буудайы буурчак жаш болду.

Нес дыйкан катып таш болду.

Көргөнү шумдук түш өңдүү,

Көзүнө улам жаш толду.

Берекке таппас болгон соң,

Беттеди шаарды – таш жолду.

 

2. ПИАНО

Ыргалат токой, дарактар,

Ыргагын салып адаттай.

Термелип мейкин табият,

Теребел күүсүн чалат жай.

Жер, Асман эски күүсүндө,

Булуттар көчүп барат жай.

 

Эзелтен турмуш ушундай,

Мезгил да, шамал – учурмай...

                        20.10.23

ӨТКӨН КЕЗ

Ашуунун бели,

Айдарым жели.

Кымбатым элең,

Кылыктуу келин.

 

Күнгөйдөн түштүм,

Күйүтүм мүшкүл

Кададың карек –

Көзүндөй куштун.

 

Кымызбы, сууңбу –

Кычкыл даам, муңдуу.

Чаңкаган колдо

Чайпалып турду.

 

“Тескейди беттеп,

Тезирек кет” – деп,

Кыйыгын салып,

Көз кыстың эптеп.

 

Кесеңе масмын.

Кеткенче шаштым.

Карагер атка

Камчымды бастым.

 

Жүзүң – муң. Көз муң.

Жүрөгүм эздиң.

Калдайган боз үй –

Капастай... Сездим!

 

Кусалуу жаркын,

Куш элең барчын.

Боз үйуң -  капас...

Куу жыгач, арчын!

                        20.10.23

ДОН ЖУАНДАР

Кыздыгынан ажыраган жубандай,

Шайлоочу көп алданган ар дубандан.

Шүдүңдөшүп, шылуун, эпчил саясый

Партиялар кем эмес Дон жуандан.

                        21.10.23

САЯСЫЙ “ЭЛИТА”

Мансапкор көп эл оозуна алынган,

Шайлоолордо эл кыдырып жалынган.

Депутаттык мандат тийсе о, алар –

Карышкырдай кой терисин жамынган.

                                   21.10.23

 

 

 

 

 

 

 

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз