(Жарандык коомдун өкүлү, пикирлешим Руслан Акматбекке арнайм)
Улутпуз биз: аң-сезимде, дилинде
Үзалбаган кулчулуктун кишенин.
Умтулбаган билим менен илимге.
Эстутумда ойгонбогон ишеним.
Улутпуз биз: рух айбатсыз басынган,
Империя таасирине баш ийген.
Кремлден чоңдор көзүн жашырган,
Тарыхына коркуп-үркүп таш үйгөн.
Улутпуз биз: орус көрсө жалтанган,
Кокту-колот, урууларга бөлүнгөн.
Чыккынчы көп бычак саяр аркаңдан,
Мактанчаакпыз баатыр мүнөз көрүнгөн.
Улутпуз биз: уңгубузду таппаган.
Ээрчимебиз, боёо, энөө, оомабыз.
Таңууланган жат тарыхты жаттаган,
Белимчибиз, тотугушпуз, ооба биз!
Улутпуз биз: эрдиги бар, эси жок!
Иллюзия – куру көбүк сыймыгы.
Эл каймагы дегендердин мээси жок –
Мамлекеттик наам, даража сыйлыгы!
Улутпуз биз: көралбаган бир-бирин.
Омок ойлуу кеменгерин кем кылган.
Кошоматчы,эки жүздүү. Тирлигин
Жемкор, жексур бийлигине жем кылган.
Улутпуз биз: тилин чанган намыссыз,
Байлык, мүлкүн, мал туягын санаган.
Билим, акыл жөндөмүнөн алыспыз,
Мансапкорбуз мандат, бийлик самаган.
Улутпуз биз: китеп бетин ачпаган,
Жалган мифке, ишенер жөө жомокко.
Үй-бүлөсү өлсө өлсүн ачкадан,
Ашын жайат кокус келген конокко.
Улутпуз биз: кабылганда кыргынга,
Келин-кызын саткан баштык талканга!
Кесир кылар кем акылдык сыр мында:
“Бала – белде, катын - жолдо” – салт анда...
Улутпуз биз: түбү бүгүн чириген,
“эл эмне дейт?” – түшүнүктөн кетпеген.
Аксакалдуу накыл чыкпайт биринен.
Эркиндикти элбиз салтка чектеген.
Улутпуз биз: жаткан терең уйкуда!
Көбөш менен Абыкелер башкарган!
Татыбайбыз ата-баба уркуна!
Күткөн үмүт, тилегибиз жаштардан!
Кайгы жеген көкөй кестим ушундай!
Каңырыгым түтөйт, сыздайт – айла жок!
Шыбыраган үн бар жүрөк тушунда:
“Көңдөй көөдөн муштагандан пайда жок!”
Көз чаптырып келечекке, алыска,
Көңкү калкты чакыралы намыска!
23.10.23