О'ШАКИР: ТАБИЯТ МЕНЕН АКЫНДЫН ДИАЛОГУ

  • 19.10.2023
  • 2028

ТАБИЯТ МЕНЕН АКЫНДЫН ДИАЛОГУ

Табият: Аял менен бүкүлү,

         Адамзаттын тукуму.

         Эгер жалгыз болгондо,

         Эркек жашоо кутубу?

Акын: Бул айтканың калетсиз,

         Аялсыз эр – канатсыз.

         Тирээр жубу болбосо,

         Тириликке жарамсыз.

Табият: Дене көркү аялда,

         Сулуулукту баянда.

Акын: Баяным көп түгөнгүс.

         Баары, баары күмөнсүз.

         Асылдыгы аялдын

         Алтын, көхар күрөлгүс.

 

         Асмандатып турабыз,

         Ай, күн дейбиз урагыс.

         Баркын көккө чыгарып,

         Басмырлайбыз, урабыз!

 

         Сулуулугун гүл дейбиз,

         Сук артканды билбейбиз.

         Баркын теңеп берметке,

         Баасын билбей тилдейбиз!

 

         Басынтабыз анан да,

         Баардык кылым, заманда.

         Теңеп түрдүү жылдызга,

         Тебелейбиз таманда!

Табият: Айтып бүткүс Жер бети,

         Аялзаттын келбети.

         Көркү гөзал жараттып,

         Көңүлүңдүн шербети.

 

         Сүрөтчүлөр, акындар,

         Сүрөттөгөн катындар:

         Суйкайышып жылаңач –

         Сулуулук мол катылган.

 

         Кыйыры жок жээгинин,

         Кылдым чексиз мээримин.

         Эч күтпөгөм мен бирок,

         Эркектердин дээри – кир!

 

         Жаныбардай токойдо,

         Жантүгөйүн котормо.

         Эркектин ач напсиси:

         Эки, үч, төрт, беш токолдо!

 

         Кынык кызга, жаш жанга,

         Кыйын ала качканга.

         Белиндеги эрендик,

         Белен дайым чачканга!

 

Акын: Койкойгон кыз – келинди,

         Кордоп, урсун дедиңби?

Табият: Жуп болгондой Асман, Жер,

         Жуп кылууга шашкан мен...

Акын: Эч аныңдын айбы жок,

         Эркектин тек дайны жок.

Табият: Жалпысында бар күнөө,

         Жаман эмес ар күйөө.

Акын: Эки бөлбөс теңдикти,

         Эркектики эрдикпи?

Табият: Өзүмчүлдүк, эскилик!

         Өктөмчүлдүк, кескилик!

Акын: Кесепеттер эң эски,

         Кем акылдык эмеспи...

Табият: Эркиндик да, тең укук –

         Экөөнө бир кең укук!

Акын: Карегине жаш үйгөн,

         Катын алсыз – баш ийген.

Табият: Кыз-келиндер бечара,

         Кылсын анан не чара?

Акын: Какбаш кудай ургурду,

         Каруу, күчтү, булчуңду –

         Карматтыңбы катынды

         Кармасын деп кул сындуу?

Табият: Коркпой таяк, келтектен,

         Коркпой аял эркектен,

         Коргой алса намысын –

         Коопсуз, түпсүз, кең чектер.

Акын: Баш көтөрбөс эзели,

         Байкуш аял сезеби –

         Эркиндикке жетүүгө

         Эми келди кезеги...

Табият: Кезең бүттү баягы –

         Келтек, союл, таягы...

         Эркекке да, аялга –

         Эркиндиктин заманы!

                            08.10.23

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз