ПАРАДОКС
Мамканалда эң өтүмдүү товардай,
Мааниси зор, эң орчундуу кабардай:
Маалымат көп абак, түрмө жөнүндө,
Мазмунуна карап турсаң көбүндө.
Ажо какшайт үч жыл бою: “Келгиле,
Позитивдүү маалыматты бергиле!”
Суроо туулат, көргөндө мамканалды:
“Түрмөлөр не позитивдүү кабарбы?..”
Эркин- эмин иликтөөчү-журналист,
“эл бузар” деп каралоолор – турган иш.
Ак-караны ажыратпас коомубуз –
Айыкпас дарт, айыкпаган оорубуз!
01.10.29
КОНСЕНТРАЦИЯ
Түшүнгөнгө, зор мугалим абак да.
Түнбү, күнбү даанышмандай адатта:
Бышсын үчүн чийки ойлор башыңда,
Былк этпестен отурасың “сабакта”.
01.10.23
ДӨӨЛӨТ
Башаламан о биз курган мамлекет!
Башкарылчу өнөрү зор артыкча:
Кумурска же аары кылган кам жетет:
Бар аларда эреже да, тартип да.
МЫЙЗАМ
Жапайы бир жан-жаныбар макулук,
Табияттын сыйлайт тартип, мыйзамын.
Адамдарчы? Көрдүк бекен – чакырып
Өзүн өзү мыйзам менен тыйганын?!
02.10.23
ГАРМОНИЯ
Эрди – катын башкарганы бир-бирин –
Эрегишип угат дейсиң кимди ким?
Эгер сүйүү үй-бүлөнү башкарса –
Эриш аркак бакыт коштойт тирлигин.
06.10.23
КҮМҮШ СЫРГА
Вольтер айткан: “Башка тилди билүүгө
Аракет кыл, жарым жылың жетет, -деп.
Эне тилиң кан-жаныңа сиңүүгө
Бүтүндөй бир өмүр-жашың кетет” – деп.
09.10.23
АЧЫКТЫК
Асман сүйкүм – тунук кезде булутсуз.
Жер сүйкүмдүү – жаркып турса тумансыз.
Адам сүйкүм – ачык, айкын, туюуксуз.
Кабак түйгөн түнт, суз жашоо – кунарсыз.
10.10.23
УСТАТ, ШАКИРТ
Мугалим – устаттык, дилгирлик.
Устаттын үлгүсү бир күндүк –
Кыт сымал зээнине уюган,
Шакиртке зор дем-шык миң күндүк.
11.10.23