О'ШАКИР: ТЕҢИР ТОО

  • 06.11.2023
  • 1610

(Коом агартуудагы өнөктөшүм Айбек Сарыгулга арнайм)

Сүрөтчүнүн буту басып барбаган,

сүрөтчүнүн курч көздөрү көрбөгөн,

сулуулукка эч кумарың канбаган

тоолор канча бийиктикке өрдөгөн?..

 

Тоолор канча тунжураган касаба,

жымжырттыкты өзү гана тыңшаган.

Чокусунда Күн желеси асаба.

Үн жаңырса,бир бирине жумшаган.

 

Тоолор канча менменсинген,текебер.

Бой тирейт тээ асманды шаңгайган.

Париж, Лондон, Нью-Йорк - санап кете бер,

тең эмес эч бийик шаарлар заңкайган.

 

Биз тоолорго канча тиктеп тигилдик,

бийиктигин көзүбүзгө миң ченеп.

Эч жетелек жаңылыктар цивилдик,

жетсе жетер жасалмалуу интеллект...

 

Карагай чер, тунук мөңгү, кашка суу,

улуу тоолор -Теңир бизге берген жер.

Жетүү кыйын бир жырткычтан башкасы,

сүрөтчү эмес,жетсе жетер мергендер!

 

Жандап чыксаң теребелди көргөнү,

жапыз, бийик тоо арасы - жер чолок.

Сулуулукка мөңгү жаткан төрдөгү

кийик уулап, жетсе жетер вертолёт!

 

Эс алчулар чыгып бийик төрүнө,

адат кылып шаардан тоого качканды -

шамал айдап, удургутуп өрүнө

жетти досум, ыпыр-сыпыр,таштанды!

 

Ата-баба келген канча калкалап...

Аттиң досум,тызылдатып жүрөктү:

тебелешип сулуулукту талкалап,

Теңир-Тоону мекендештер жүдөттү!

                                               31.10.23.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз