О'ШАКИР: САГЫНЫЧ КАТКА ЖООП

  • 17.11.2023
  • 1209

Жанбиргем, айкөлүмсүң кечиримдүү,

ар күнү көздөн учуп санаамдасың.

Өткөрбөйм сенсиз эч бир жети күндү,

таң менен бирге сага амандашуум...

 

Таарынар жөнүң билем, жан ардагым!

Ооба, мен шар аттадым темир торун.

Тилимди тишке катып жаталбадым,

куу бийлик кайнатканда элдин шорун.

 

Аркамда чепсиң бекем, сепилимсиң!

Түшүнөм: салдым сени убайымга.

Ээн башка мендей тентек-кечиримсиң,

кечирбес болсун мейли Кудайың даа!

 

Билемин:туура багыт беттегеним.

Токтотпойм бийлик менен кармашканым.

Жантуйгум, жалбарбагын, чектебегин!

Жаак жаппайм, эркиндиктен тайбас жаным...

Ишенгин: чоң турмуштун майданында

ойготом аң-сезимди, жүрөктөрдү!

Азаттык, эркиндиктин майрамында

арнаймын сага таттуу мүнөттөрду! 01.11.23.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз