ТҮТҮН
Белин ийкем ийчү
Түтүн чебер бийчи.
Кооз кыймыл. Сен да
Колуң менен тийчи.
Капысынан келген
Шамал алып белден:
Бийге түшөт экөө
Каалгып аба-желде.
26.10.23
ЧИРКЕЙ
Алаканга шак чабылды алакан.
Аман калды жаныбар.
Чиркей экен багы бар.
Чачырамак кара кочкул – аба кан.
Учуп жүрдү заңылдаган тирүүлүк.
Дир-дир-дир-дир канаты –
Дайым ушул адаты...
Качты, качты чымылдаган тирүүлүк.
26.10.23