Сен жөнүндө таттуу ойлор, кыялдар.
Сенсиз абак жашоом болду бир арман.
Мага сенсиз көргөн турмуш курусун -
майышкан бир темирдеймин буралган.
Көргөн болсом сен жөнүндө түш анык...
бүт даркөйүм - сага болгон кусалык!
Чыгыш үчүн бизди болгон абактан,
чыйраламын мээримиңден күч алып.
Мен тек гана жинди коомдон тажадым...
Жинди коомдо өзүмдү өзүм кажадым...
Саясый чоң күрөш үчүн абакта сагынганым -
жалгыз сенин ажарың!