О’Шакир: Жантүгөйгө куттуктоо

  • 30.12.2023
  • 2423

Жантүгөйүм, жыл тогошор алдында:

мен болормун ой-санааңда, кайгыңда.

...Экөөбүзгө кези келет шаңдын даа!

 

Отурсам да темир тордон бошонбой,

 О жан эркем, жылды чогуу тосордой

 маңдайыңа шам жагып кой. Ошол мен.

 

Куй чөйчөккө мелт-калт толо шараптан,

Ушул жылды жүрөгүңдү канаткан

узат жакшы. Мен да узатам абактан...

 

Убайым жеп кайгырбагын. Муңбагын.

Өтөт сыноо.Эч өкүнүч кылбагын.

Үй-бүлөлүк майрам сана бул дагын.

 

Дасторконуң көрктүү болсун адаттай.

Маңдайыңда мен бар кездей карап шам:

Калоо тилеп, ууртап отур шараптан.

 

Күйгөн шамдан көрүп жанган көзүмдү

Элестеткин эркин жүргөн кезимди.

Эч өчүрбө,кубанычтуу сезимди!

 

Ушул жылды узат жаным, жадырап.

Көңүл арбап,кадыр жан бол. Сабыр эт.

Айыбы жок жылдар улам жаңырат.

 

Жаманы жок мезгилдердин, жылдардын.

Жамандыкты кылса бийлик кылгандыр...

Унутпагын:  арты жакшы ыйлардын...

 

Отурсам да темир тордон бошонбой,

Жантүгөйүм, жылды чогуу тосордой

Маңдайыңа шам жагып кой. Ошол мен.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз