Жолдубек Качкынбаев: Өмүрбек Караевдин “Кеңсе” темасындагы аңгемелерине адабий анализ

  • 12.01.2024
  • 1381

Киришүү

Өмүрбек Караев – аңгеме жанрында үзүрлүү эмгектенип келе жаткан күндө да аны адабий чөйрөдөгү инсандар гана тааныбаса, кыргыз элине аңгемечи катары белгилүү деп айтууга болбойт. Муну менен жазуучуну чабал аңгемечи деп айткым келбейт. Болгону анын аңгемелери элге сиңе элек же аны элге тааныта турчу көпүрө да алигиче жакшы болбоду. Менин баамымда Өмүрбек Караев – кыргыз прозасындагы алдыңкы аңгемечилердин бири. Жазуучу филологиялык билим алып, алгачкы аңгемелер жыйнагын 1975-жылы “Ыйык Көл” деген аталышта чыгарган. "Шахмат" аттуу аңгемеси орус жана украин тилдерине которулган. Ал 1991-жылы Кыргызстан Улуттук Жазуучулар союзуна мүчө болгон. 2003-жылы анын "Жалгыз болгум келбейт" деген прозалар жыйнагы жылдын мыкты китеби болуп таанылып, Германиянын Мюнхен шаарында өткөн китеп көргөзмөгө коюлган. 2005-жылы Айтыш коомдук "Калемгер" адабий клубу жарыялаган жылдын мыкты аңгемелери конкурсунун жеңүүчүсү.

Өмүрбек Караевдин чыгармачылыгы бүгүнкү күнгө чейин окумуштуулар тарабынан жакшы изилдене элек. Адабиятчы К.Абакиров өзүнүн “Ө.Караевдин чыгармаларына сереп” аттуу макаласында: “Адамдардын адамдык жүзүн, жашоо образын жана философиясын баштан аяк ачып берүү максаты роман сындуу кең понарамалуу жанрларга мүнөздүү болсо, аңгемеде андай мүмкүнчүлүк жок. Муну билген мыкты аңгемечилер бир үзүм турмуш, көнүмүш көрүнгөн адамдык мамилелер жана көз караштар, алардын турмуштун өзүндөгүдөй көп түркүн айкалышы аркылуу роман же повестке ылайыктуу жогоркудай максатты чакан форматта, үнөмдүү жүзөгө ашырууга умтулушат. Алардын чеберчилиги чоң мазмунду аңгеменин формасына сыйдырууда таасын көрүнөт. Ушул өзгөчөлүктү жакшы түшүнгөн Ө.Караев азыркы кыргыз адабиятындагы мыкты аңгемечилердин бири десек болот. Сюжеттик-композициялык жактан тыкан уюштурулуп, артыкбаш деталдардан, эпизоддордон арытылган, көп сөздүүлүктөн алыс турган, стилдик маданияты толук калыптанган анын аңгемелерин М.Элебаев менен Т.Сыдыкбековдун, М.Гапаров менен А.Саспаевдин жана башкалардын салттарын жаңы өңүттө улаган, аңгеменин улуттук адабиятыбыздагы көрөңгөлүү уюткусунун наркын тушүрбөгөн чыгармалар катары баалаганыбыз абзел” [1, 158-б.], – деген баалуу пикирин жазган.

Ага улай жаш адабияты Жакшылык Ынтымак уулу да Өмүрбек Караевдин “Таймаш” аттуу тандалган аңгемелер жана повесттер жыйнагына анализ жасаган. Бирок ал бүтүн жыйнакка анализ жасап, жазуучунун аңгеме жанрындагы чыгармачылыгына терең кире алган эмес. Болгону аларга үстүртөдөн гана көз жүгүртүп өткөн. Макаласынын аягында төмөнкүдөй тыянакка келет: “Ө.Караевдин кыргыз адабиятынын аңгеме жанрында өзгөчө орду бар экендиги талашсыз. Анын кыска жана нуска жазылган аңгемелеринде кыргыз элинин өткөн кылымдагы жана өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгон алгачкы жылдарындагы жашоо-турмушу, баалуулуктары, коомдук-саясий абалы элестүү чагылдырылып берилген. Жазуучунун чыгармалары дагы тереңден каралып, бир катар илимий иштин объектиси боло аларын айта кеткибиз келет. Аны менен катар ар бир жазуучу өз чыгармачылыгы аркылуу кыргыз адабий тилинин деңгээлин бир баскычка жогору көтөрүп жүрүп отурат. Автордун аңгемелери эне тилибиздин өнүгүшүнө, калыптанашына, жаңы табылгаларга ээ болушуна салым кошкондугу менен да баалуу” ("РухЭш" сайты 07.05.2020).

Журналист Бекташ Шамшиев Өмүрбек Караевдин "Чек арадагы эски там" аңгемесине карата өзүнүн пикирин жазган. Ал “Өмүрбек Караевдин "Чек арадагы эски там" аңгемеси учурдагы кыргыз коому үчүн өзгөчө маанилүү маселеге арналган. Чек ара көйгөйү – эгемендик заманды ээрчий келген опурталдуу маселе. Андан канча адамдар жапа чеккени, бу балакеттүү мүшкүл эчен өмүрлөрдү жалп өчүргөнү, мурдагы заманда ойго келбес маселе постсоветтик Борбор Азия калктарын кантип өкчөп жатканы элдин баарына дайын. Жазуучу олуттуу теманын сырт көздөн далдаа көп кырдуу, көп сырдуу өңүтүн эки муундун өкүлүнүн турмушу аркылуу ынанымдуу ачып берген” – деген тыянак чыгарат. Бул жерде контрабанда тууралуу да кеп козголуп, бирок ал маселе кенен-кесири сөзгө алынбай, Бекташ Шамшиевдин анализдеринде болгону чыгармада козголгон проблемаларга жалпы көз чаптырылат

(https://www.azattyk.org/a/the_novel_kyrgyz_writer_omurbek_karaev_chek_arad agy_eski_tam/30170530.html, 2022).

Бул макалада Өмүрбек Караевдин башкаруу, бийлик менен элдин ортосундагы мамиле, кеңседеги жашоого байланышкан аңгемелерине анализ жасоого аракет кылабыз. Автор бул жааттагы чындыкты канчалык денгээлде ачып көрсөтө алган чеберчилигине баам салынат. Башка аңгемечилердин изденүүлөрүнө баам салсак, аларда Өмүрбек Караев сыяктуу кеңседеги жашоону кеңири калемге алганэмес. Караев – башкаруу дүйнөсүндөгү окуяларды жазган калемгерлердин бирден бири десек да болот. Анткени жазуучу өзү да ал чөйрөдөн чыккан. Ошондуктан бийлик психологиясын жакшы билет. Бул макаланын максаты Өмүрбек Караевдин аңгемелеринин көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрүнө сереп салып, корутунду чыгаруу.

Негизги бөлүм

Өмүрбек Караевдин “Куу чирендин өлүмү” аттуу аңгемесинде жер сатык үйлөрдү каттай турган мекемеде иштеген Сарыгул аттуу текебер кызматкердин тагдыры баяндалат. Сарыгулдун кызматы анча даражалуу болбосо да, кагаздар анын элегинен өтмөйүнчө мүдүргө кирчү эмес. Ошондуктан анын корс мүнөзүн билгендер ага жагалданып, жасакерленип турчу. Бул көрүнүш Сарыгулга майдай жагып, ого бетер чамгарактап калат. Автор аны “Ал өмүрүндө бир да жолу бирөөнү документтериң толук экен, үй-мүлкүңдү каттай берсең болот деп көңүл жылыткан жан эмес. Документ колуна тиер менен дароо өңү-башы бузулуп, кабак-кашы бүркөлө түшөт, колуна тийген кагаздарды иретсиз барактап, анан ойго келбеген суроолорду жаадыра баштайт” [2, 47] – деп сүрөттөйт. Сарыгул алдына келген кишилердин баарын эле “кагаздарыңды ырастап кел” деп жолго салат. Кыскасы, документ алууга келгендер андан заарканып турат.

Бир күнү анын иш кеңсесине сулууча келген жаш келин келет. Сарыгул адатынча “кагаздарың толук эмес”деп аны жолго салат. Эртеси келин кайра келет. Сарыгул бу жолу бир шылтоо табат. Келин айласы кеткенде столдун үстүндөгү кагаздардын астына конвертин жымыра салат. Автор дал ушул жерден Сарыгулдун мурун-кийин ыңгайы келсе пара алып жүргөнүн, бирок сагызгандай сак экенин эскертип өтөт. Бирок бул маалда сырттан кимдер бирөө арызы менен күтүүсүз кыйкырып кирсе, Сарыгул өзүн жоготуп кулап түшөт. Опур-топур болуп, Сарыгул эсине келгенче келин акырын конверттин алып чыгып кетет. Ошол күндүн эртеси Сарыгул баягы келинге дагы бир жолугат. Кеч болуп кеткендиктен келинСарыгулду өзүнүн унаасы менен жеткирип коёрун айтат. Бирок Сарыгулдун оюна түрдүү  жаман нерселер келип, ойлонуп турган маалда келин унаасын айдап кетет. Жыл айланбай Сарыгул пенсияга чыгып, үйдө отуруп калат. Анан бир күнү өзү мурун иштеген мекемеге барып документ алууга мажбур болот. Ал жерден мурун ага тиш кайрап жүргөндөр кезек бербей, аны уятка калтырышты. Сарыгулдун кезеги келген учурда баягы өзү отурган бөлмөгө кирет. Ал жерде отурган аял мурдагы иши бүтпөй калган келин болуп чыгат. Аял “кагаздарыңды ырастап кел”деп аны жолго салат. Ошондо Сарыгул мурун кагаз алуу үчүн келгендергеж асаган мамилесин эстеп башын мыкчыйт. Өлгүсү келет. Аны көчөдөн көргөндөр да мазактап өтүшөт. Автор анын ошол учурдагы психологиялык абалын, капалангандыгын, жасаган иштерине өкүнгөндүгүн сүрөттөгөн. Азапка баткан Сарыгул үйүнө келер менен көз жумат.

Автор бул аңгемесинде жакшылык менен жамандык акыры адамдын өзүнө кайтып келет деген маанини берген. Чындап эле коомдо Сарыгул сыяктуу каармандар жок эмес. Жазуучу чыгармада диалогдор аркылуу ошол абалды окурманга да аны жеткире билген. Кеңседеги аураны да окурман сезе алат. Аңгемеде артык баш окуялар да баяндалбайт. Локанизм мыйзамы сакталган. Жазуучу көтөргөн проблема актуалдуулугун жоготпойт.

“Сезимдеги козголоң”аңгемесинде да кызматы бар адамдардын жөнөкөй жарандарга болгон мамилеси сүрөттөлөт. Автор бул аңгемеси аркылуу адамдардын кайдыгерлиги, кенебестиги жана куулугу тууралуу айткысы келген. Аңгеменин аты айтып тургандай эле, бул чыгарманы окуп жаткан адамдын сезимдери козголот. Ыйлайт, ачууланат. Аңгеменин баш каарманы – Мамбет аксакал. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Аңгеме Мамбеттин аскер комиссариатына барышы менен башталат. Ал жерден Ооган жергесинде согуш чыкканын айтып, Советтик армияда кызмат өтөгөн жалгыз баласын кайтарып алууну өтүнөт. Бирок комиссар мыйзам баарына бирдей экендигин айтып, сунуштаган парасына да макул болбой карыяны жолго салат. Мамбет мурун согушка катышып, бир бутунан ажыраган. Ал согуштун кандай алаамат экендигин билет. Тилегин ит каап үйүн көздөй бара жатып, төмөнкүдөй ойго чөгөт: “Бу саясатчыларың деле эки сүйлөгөн бейоопа немелер окшойт. Болбосо, элге кайрылса эле тынчтык, бейкутчулук деп тилдери буудай кууруйт, иш жүзүндө башка. Кийинки мезгилдерде аларга эч кандай ишеним болбой калды” [2, 81]. Автор фронттогу кандуу күндөрүн эстетип, согуш деген эмне экендигин окурмандарынын эсине салат.

Кийинки күнү Мамбет абышканын үйүнө автобус токтоп, аскерлер ичинен цинк капталган табыпты алып чыгышат. Ошол учурда ал уулунан ажыраганын билип, ботодой боздоп, эс-учунан танат. Ээсине келген маалда ага көңүл айтуу үчүн келген шаардын биринчи катчысына, аскер комиссарына “Кан ичерлер” деп жаалданып кайкырат.

Убакыттын өтүшү менен Мамбеттин ызасы сууп, тагдырга аргасыз моюн сунат. Күндөрдүн биринде катчы Мамбетти өзүнө чакырат. Мамбет кечирим сурайт го деп ойлойт. Бирок биринчи катчы жакында чоң жыйын боло турганын, Ооган жеринде жан берген азаматтын атасы катары жыйында сөз сүйлөөнү өтүнөт. Мамбет аргасыздан макул болот. Жыйында биринчи катчы жасакерленип сүйлөгөндөн кийин кезек Мамбет абышкага келет. Ошол учурда ал “Менин түшүнүгүмдө Совет аскерлеринин Ооган жерине кирип барышы туура эмес, маскаралык иш экендигин айткым келет” деп оюндагысын ачык айтып, биринчи катчыны элдин көзүнчө шерменде кылат. Чогулган эл абышка биринчи катчынын ишин ачык сындап жатканда коштоп турат. Автор диалог аркылуу залда айтылган кептердин баарын ачып берет. Трибунадан Мамбет абышка менен куу чирендер эл алдында кайым айтышат. Ал эки жүздүү куу чирендерди шерменде кылат. Аңгеме карыянын “Алдагы кызыл трибунанын алдында миңдеген күнөөсүз адамдардын сөөгүжатат. Менин уулумдунсөөгү да ошонун астында. Канча жылдан бери тизеңерден канга батып жазыксыз адамдардын сөөгүн тебелеп турасыңар. Шашпагыла, силерге да кезек келет!”,[2, 94] – деген сөзү менен жыйынтыкталат. Бул алдыдагы күрөш жүрө тургандыгынан кабар берет.

Автор жөнөкөй  элди өз тилинде, аткаминерлерди да өз тилинде сүйлөтө алган. Аңгемеден канчалык уят болуп жатса да кылыктарын моюнга албаган башчыларды көрүүгө болот. Бул саясатчыларда бар касиет. Чыгармадан саясатчыларга болгон ушунча жек көрүүнү байкайбыз. Автор башчыларды биротоло терс каарман катары көрсөтүп салган. Чын-чынына келгенде алар болгону буйрукту аткаруучулар болгон. Ошол кездеги туура эмес идеологиянын кесепети экенин автор кыйытып кетсе болмок. Ал эми Мамбет карыянын образы тууралуу айтсак, андан тайманбастыкты, өжөрлүктү байкайбыз. Ал баласынын өлүмүнөн кийин чыйралды. Бул жоготуу Мамбет абышканын жашоосун түп тамыры менен өзгөрттү.

“Кресло” – Өмүрбек Караевдин сатиралык аңгемеси. Ал чындыкты күлкү менен берүүгө аракет кылган. Аңгемеде кызматтык орун, кресло жана анын табияты тууралуу сөз болот. Автор жансызга жан киргизип, аларды адам катары “Биз креслолор дүйнөдө өзгөчө жаралган буюмбуз. Бизди жөнөкөй адамдар сатып ала алышпайт. Бизди акчалары көп, көпөстөр алышат. Бийлигине чиренген куу чирендер каалагандай алмаштырышат. Анан сатылып кеткен креслолор кулак укпаган, көз көрбөгөн окуяларга туш болушат. Аны барганда көрөсүңөр” [2, 139] – деп сүйлөтөт. Аңгеме креслосуна жаңы отурган жетекчини сүрөттөө менен башталат. Алгачкы  жыйналышта жаңы жетекчи кабагын түйүп: “Мени жаш бала деп ойлобогула. Мен жаш болсом да көптү көргөнмүн, түркүн адамдар менен жолугушкам, силер мен көргөн-билгендердин бирин да көрө элексиңер, билимиңер тайкы, терең ойлоно албайсыңар. Ошондуктан, биринчи күндөн тартып жумушту кандай иштеш керек экендигин менден үйрөнгүлө” [140] – дейт. Ал көпкө дейре акылдуу сөздөрүн айтты. Ал эми кызматкерлер мурунку жетекчилеринин айткандарын кайталап угуп жатышты. Аягында кызматкерлерине суроо узатса, бир илмийген сары жигит тура калып:“айлыкты качан көтөрөсүңөр” – дейт. Жетекчи буркан-шаркан түшүп, эч нерсе жасабай туруп акча сурайсың деп тилдейт. Ага катар бир-эки күлкүнү келтирген суроону кайра берип, үстөкө-босток тил угат. Бул аралыкта кресло кандайдыр бир үнү угулбас, жан билбеген касиет менен дүкөндөгү креслолорго кабар жиберет: “Мен силерге күбөлөндүрөм, ырасында эле биз заңгыраган бөлмөгө коюлуп үстүбүзгө чоң чиновник отурар менен зобололуу буюмга айланатэкенбиз. Мындай күлкүлүү сыйда сыны жок көнүмүш окуяга силер да туш болосуңар. Күтө тургула” [2, 142].

Арадан алты ай өткөндөн кийин революция болуп, кыйратам деген жетекчи да ордунан качып жоголот. Креслону бош калтырбай баягы илмийген сары жигит ээлейт. Ал таптакыр өзгөрүлүп, “Бүгүндөн баштап бул жерде революциянын талабына ылайык иш жүргүзүлөт. Эч кимиңер өзүм билемчилик кылып ар кандай сөздөрдү сүйлөп тантырабайсыңар” – дейт. Ал өз кол алдындагыларга кыйын болуп жаткан учурда бөлмөгө эки эркек, бир аял кирип келет. Аларды көргөн сары жигиттин жүрөгү оозуна тыгылат. Көп өтпөй бири өздөрүн “Убактылуу Өкмөттүн кишилерибиз” –деп тааныштырып, жетекчилик кызматка расмий түрдө Жыртыкбашева Жайнагүл дайындалганын айтат. Илмийген сары жигит өз таламын талашуунун ордуна креслону бошотуп берет.

Жаңы жетекчи мурунку жетекчилер айткан сөздөрдү кайталады. Бөлмөдө отургандар тойдук деле ошондой жыйындарга дешип чыгып кетишет. Жетекчи “Жаңы кресло сатып келгиле, тезинен сатып келгиле!” – деген боюнча калат. Автор аңгемени “Ошентип бир креслонун өмүрү бүттү. Бирок анын калган өмүрү сатыкта турган башка креслолорго өттү. Ошону менен кара креслолор бул турмушта түбөлүктүү зарылчылыгы бар буюм экендигин дагы бир жолу айкындап, компоюп калышты. Анан да кресло чыгарган завод эч качан банкрот болбой тургандыгы ынанымдууболду, анткени дүйнөдө куу чирендер менен көпөстөр жашап турганда кара креслолор ар дайым керек экен” [2, 145], – деп жыйынтыктайт.

Автор чыгармада берейин деген оюн так бере алган. Окуя узун баяндалып окурманды жүдөтпөйт. Жетекчилердин образын сүйлөө манерасы аркылуу ачып берген. Кресло бул болгону бир буюм. Ал эскирип акыры жок болот. Бул кыска аңгемеден көп нерсени табууга болот. Эч ким өмүр бою креслосун кучактап калбайт. Бир жагынан алып караганда,чыгармадан креслону адамгада салыштырууга болот. Адамдын тагдыры кудум ушу кресло сыяктуу. Качан өзу бактысы бүткөндө жок болот. Бирок артынан орун басарын таштап, тукумун калтырат.

Өмүрбек Караевдин “Эки тагдыр”аңгемесинде эки башка дүйнөдө жашаган адамдардын ички дүйнөсү тууралуу сөз болот. Анын бири мамлекеттик кызматкер болсо, экинчиси көчөдөгү селсаяк. Автор аларга өзүнчө ат берген эмес, бирин“чапжаак чиновник”десе, экинчисин“көчө адамы”деп атайт. Калемгер эки каарманын жашоосун өз-өзүнчө сүрөттөйт. Галстук тагынган чиновник өзү иштеген 5 кабаттуу имараттын терезесинен ити менен бактын түбүндө отурган селсаякты карап турат. Күндөрдүн биринде элдин бийликке нааразычылыгы күчөй баштайт. Жогору жактан буйрук болгондуктан чиновник жумушта нөөмөткө калат. Күүгүмдө сыртка чыгып, шектенгендиктен көчө адамы жашаган подвалга кирип көрүүнү чечет. Кирер менен сасык жыт мурдун өрдөп өтөт. Борс-борс этип ит үрөт. Цементтин үстүнө картон кагаздарды төшөп жаткан кишини көрүп чыгып кетет.

Жамгырлуу күндө чиновник иштен чыгып бара жатып иттин үргөнүн угат. Ит үргөн жакты карап, кишинин жерде жатканын байкайт. Анын ичимдик ичпей турганын билип, жүрөгү кармап калган го деп жоромолдойт. Чиновник сак болгондуктан жардам бербейт. Тергөөгө сүйрөйт деп милицияга да кабар бербестен көпкө тиктеп турат. Бирок ит дагы болсо адамга жардам берип жатканын көрүп таңыркайт. Жаңы бийликтин келиши менен чиновник дагы ээлеген кызматынан бошоп калат. Жумуштан чыгып бара жатып дүкөндөн арак ичет. Бирок баягы сасыган подвалдан ойгонот. Ал жерден баягы селсаякты көрүп сүйүнүп кетет. Ал сыр бербестен туруп “жай жерден жолугушуп калсак жеке отуруп сүйлөшөрбүз”деп чыгып кетет.

Автор эки каармандын тең аракетин, жашоосун терең ачып берүүгө аракет кылган. Экөөндө эки башка мүнөз бар. Бул аңгемеде кеңседе иштеген адамдардын жашоосу жомок деп сүрөттөлбөйт. Тескеринче, кечке эле үйүлгөн кагаздар менен иштешет деп ишинин терс тараптарын да ачып берген. Аны менен катар чиновникти муздак кандуу, таш боор адам катары көрсөтөт. Ал эми селсаякты  чыныгы адам катары сүрөттөйт. Аңгеменин финалында экөөнүн жашоосу кайсы бир денгээлде теңеле түшөт. Ошол учурда көчө адамы чыныгы адам экендигин далилдейт. Жазуучу кайсы бир учурда бийикте турган адам бир заматта жерге түшүп калышы мүмкүн экендигин көрсөткөн. Мунун аркасында адамкерчилик деген маселе жатат. Автор берейин деген нерсесин кагазга оробой ачык берген. Бул аңгеменин маанисин башталгыч класстын окуучусу да окуп түшүнө алат. Окуя кыска жана таасирдүү сүрөттөлгөн. Бирок эмнегедир жазуучу“чиновник”, “дежурный”, “подвал”деген сыяктуу орус тилиндеги сөздөрдү жыш колдонгон. Болбосо бул сөздөрдүн кыргызча эквиваленти бар.

Корутунду

Кеңседеги атмосфера, мамиле, кагаздар жана тажатма жумуштардын картинасын автор жетишерлик денгээлде көрсөткөн. Башкача айтканда, болуп жаткан окуя менен бирге ал жердеги кырдаалды да көрө алабыз. Аңгемелерди окуп жаткан маалда андагы окуялар тааныш болгондуктан көзгө тартылат. Ойдон чыгарылып сүрөттөлгөн эч нерсе жок. Ал болгону чындыкты көркөм чагылдырган. Өмүрбек Караевдин артыкчылыгы, ал өз чыгармаларында диалогдорду мыкты колдонушунда десек болот. Окуяны узун кылып баяндап отурбастан, диалогдор аркылуу дагы да таасирдүү жеткире алат. Образды ачып берүү чеберчилиги да ийгиликтүү деп айтууга болот. Анткени ар бир каармандын белгилүү бир деңгээлде образы көзгө тартылат. Чыгармаларын окуган адам ойго кептелип калат деп айтууга болбойт. Анткени ал берейин деген оюн терең катпай, ачык жазат. Аңгемелеринин маанисин башталгыч класстын окуучулары окуса деле түшүнөт. Жөнөкөй, түшүнүктүү тил менен жазылган. Бирок жазуучу сөз издөө жагынан чабал. Башка жазуучулар сөздүктөрдү тытып, чыгармаларына өзгөчө сөз издесе, Ө. Караев антип убараланбайт. Керектүү жерге орус же чет тилдеги сөздөрдү колдонот. Анын чыгармаларында фразеологизм, макал-ылакаптар жокко эсе. Сюжеттик-композициялык жактан мүчүлүштүктөрү жок болсо да, көркөм-эстетикалык жактан бир аз аксаганы даана байкалып турат. Бирок чыгармалары аңгеме жанрынын табиятына дал келет. Артык баш окуялар, каармандар жок. Берейин деген ойду узакка созбостон жеткире алат. Аны менен катар чыгармаларында  козгогон проблемалар актуалдуу.

Колдонулганадабияттар:

1. Абакиров. К. (2016), “Ала-Тоо” журналы, №11 саны, Бишкек;

2. Караев Ө., (2015), “Таймаш”жыйнагы, Бишкек; 42

3. Бекташ Шамшиев, (2022), Чек арадагыүй, https://www.azattyk.org/a/the_novel_kyrgyz_writer_omurbek_karaev_chek_aradagy_eski_ta m/30170530.html;

4. Жакшылык Ынтымык уулу, (2020), Караевдин аңгемелерине анализ, http://www.ruhesh.kg/ky/category/show/news/442/karaevdin-angemelerine-adabiy-analiz.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз