
Чыгаан адабиятчы жана адабий сынчы Кеңешбек Асаналиев менен улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык юбилейлери катары менен белгиленип жатышы, тереңирээк караганда, абдан символикалуу көрүнүш экендиги анык. Анткени, алардын биринчиси улуттук адабият таануу жана адабий сын жанрынын эң бийик жеткен чокусу катары кабылданса, экинчиси – ХХ кылымдагы улуттук проза жанрынын залкар жетишкендиктери катары өз баасын алган. Дагы бир өзгөчөлүк – Кеңешбек Асаналиевдин чыгармачылыгы тууралуу сөз кыла турган болсок, сөзсүз Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө да эскербей коё албайбыз. Улуу жазуучубуздун чыгармалары жөнүндө жана алардын адабият таанууда, адабий сында чагылдырылышы тууралуу караганда, сөзсүз Кеңешбек Асаналиевдин чыгармачылыгына кайрылбай коюуга мүмкүн эместей эле!..
Бул эки залкардын жаш курактары дагы бирдей кезинде, дээрлик бир мезгилде бул жарык менен кош айтышып кетишкендиги (2008-жылдын февралында Кеңешбек Асаналиев өлсө, ошол эле жылдын июнь айынын башында Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн кайткан) улуттук адабиятыбызды орду толгус жоготууга дуушар кылып эле тим болбой, советтик кыргыз адабияты деп аталган доор менен жаңы эгемендик доордогу улуттук адабиятыбыздын өнүгүүсүндөгү этаптык бир мезгил болуп калды.
Ошондуктан, 95 жылдыгы белгиленип жаткан залкар адабият таануучу жана адабий сынчы Кеңешбек Асаналиевдин чыгармачылыгына дал ушул өңүттөн карап, сөз кылуу зарылдыгы жаралууда.
Асаналиевдин калемгерлик сапатындагы адегенде эле көзгө урунган бир өзгөчөлүк – автордун көзү өтүп кеткенине он беш жылдан ашып кетсе да, анын макалалары, монографиялары жана башка эмгектери күнү бүгүнкүсүндөй актуалдуу бойдон кала беришип, өз мазмунун тереңдигин жоготпогондугу. Дал ошондуктан улам, аларды кайра-кайра окуп, жаңы кырларын жана эч эскирбес, мезгил арымына баш ийбес духун сезүүгө болот.
Адабият таанууда, адабий сында мындай сейрек кездешүүчү өзгөчөлүк чанда гана авторлордун бактысына туш келет. Маселен, улуу Александр Пушкиндин, Николай Гогольдун жана Михаил Лермонтовдун чыгармаларын канчалык жакшы билбейлик, баары бир кез-кезде кайрадан дагы кайталап окугуң келгендей эле, Виссарион Белинскийдин алардын чыгармачылыгы тууралуу макалалар сериясын, адабий портреттерин дагы кийин канча ирет кайталап окусаң деле, баары бир башкача болгон жаңыча руханий-интеллектуалдык сезимдерге дуушарланып, мурда байкабай калган жаңы кырларын ачкан сымал болосуң...
Чындыгында, Кеңешбек Асаналиевдин азыркы кезде жаңы доордогу (советтик мезгилдеги) кыргыз жазма адабиятынын “алтын доору” катары бааланып жаткан адабий процесстеги орду – ХIХ кылымдагы орус адабияты үчүн Виссарион Григорьевич Белинский ойногон рольдон эч кем калбайт. Анткени, адабият таануучунун жана адабий сынчынын чыгармачылыгы биринчи иретте ошол өз доорунун адабий турмушуна тийгизген таасири жана да өз замандаштары болушкан жазуучулардын, акындардын чыгармаларына канчалык деңгээлде таасын, калыс баа бере алгандыгы менен өлчөнөт.
Ал эми Кеңешбек Асаналиев ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын эң эле таасирдүү, бараандуу, ары катаал, ары калыс, кара кылды как жарган адабият таануучусу жана сынчысы болгондугу мезгил өткөн сайын бекем тастыкталууда. Албетте, учурунда андай принципиалдуу, эч кандай авторитеттерге жана да кыргыздарга мүнөздүү болгон тууганчылык, жердешчилдик байланыштарга да карабастан, ачык айтылган ойлору жана курч жазган макалалары авторго адабий аброй алып келип гана тим болбостон, адабий майдандагы душмандарынын санын арттырып, жеке жашоосунда жана кесиптик карьерасындагы өсүүсүндө жолтоо болгондугу шексиз.
Адегенде, Кеңешбек Асаналиев 1953-жылы (жыйырма беш жашында) Түгөлбай Сыдыкбековдун романдары жөнүндө кандидаттык диссертациясын коргогон. Жаш адабиятчы бул автордун кыргыз романистикасынын түптөлүшүндөгү ролун так баалоо менен бирге эле, жаш жана үйрөнчүк жазма адабиятынын оң жактарын да, терс жактарын дагы калыс баалай алгандыгы, изилдеген проблемасын жалпы дүйнөлүк адабияттын алкагында, башка элдердин адабияттарындагы роман жанрынын өнүгүү багыттарынын контекстинде карагандыгы, анын өзгөчө жана өзүнө гана таандык көз карашы жана тутунган принциптери бар экендигин ырастагандай болгон.
Ал эми кийинки адабий процесстердеги актуалдуу маселелерди көтөрүүгө активдүү аралашып, ошол кездеги адабий баталияларда курч, батыл позициясы менен таанылгандыгы, жаш Чыңгыз Айтматовдун алгачкы чыгармалары (“Жамийла” повестинен баштап) вульгардык-улутчул сынга кабылганда, аны чечкиндүү түрдө коргоп чыккан саналуу сынчылардын бири болгондугу (экинчиси – “көкжал адабиятчы” атка конгон Камбаралы Бобулов) – анын улуттук адабияттагы ордун биротоло аныктагандай болгон.
Арийне, принципиалдуу, калыс жана өз позициясынан тайбаган адабиятчы жана сынчы болуу оңой эместигин Кеңешбек Асаналиевдин өзүнүн автобиографиялуу “Адабий айкаш” аттуу мемуардык, толук бүтпөй калган чыгармасынан көрө алабыз. Атактуу адабиятчыбыз бул чыгармасынын үстүндө иштеп жаткан кезинде каза болгондуктан улам, кыргыз адабиятынын тарыхындагы көмүскө жана адатта ачык айтылбай турган фактылардын баары толук жазылбай калгандыгы абдан өкүнүчтүү. Ошентсе да, улуттук кыргыз адабий процесси чоң адабият таануучунун көз карашы менен – 1950-жылдардын башынан тартып, 1970-жылдарга чейин абдан таамай чагылдырылган.
Демейде, расмий адабият тарыхында жана окуу китептеринде белгилүү бир рамкалардан чыгуу мүмкүнчүлүк жоктугунан улам, тигил же бул адабиятчы менен жазуучунун, же акындын ортосундагы жекече мамилелерине орун берилбейт. Ошол эле учурда, дал ошондой жекече мамилелер көп учурларда тигил же бул бурулуштуу учурларда айрыкча маанилүү экендигин танууга болбос. Маселен, эгерде жаш Чыңгыз Айтматовду Кеңешбек Асаналиев жана Камбаралы Бобулов экөө чечкиндүү түрдө колдоп, коргоого алып чыгышпаса, реакциячыл-эскичил көз караштагы топтогулар толук жеңишке ээ болуп кетишсе, улуу жазуучубуздун келечек тагдыры дагы күмөндүү болуп калмак. Кеңешбек Асаналиевдин адабият майданында ак кызмат кылуу үчүн күрөшү такай ушул сыяктуу курч кармаштардын мизинде жүрүп олтурган. Официалдуу бийлик жана бийликчил жазуучулар тобуна каршы туруунун айынан жумушсуз калып, көп жылдар бою күнүмдүк жашоо көйгөйү алдыңкы орунга чыгып калган учурда да өз позициясынан тайган эмес. Узакбай Абдукаимовдун “Майдан” романы, кийинчерээк Төлөгөн Касымбековдун “Келкел” романы боюнча өткөн талкууларда Кеңешбек Асаналиевдин жогорку профессионалдык деңгээлде чыгарган калыс бүтүмдөрү соңку жыйынтыктын чыгышына чечүүчү таасир эткен.
Залкар жазуучулардын чыгармаларын зарыл учурда ошентип бүт жан-дили менен коргоп, керек учурда бийик деңгээлде пропагандалап, улуттук адабияттын кийинки эволюциясына зор салым кошуу – адабиятчы жана адабий сынчы Кеңешбек Асаналиведин жашоо кредосуна айланган. Советтик кыргыз адабиятынын гүлдөп-өсүү доору (1960-жылдардын орто ченинен 1990-жылдарга чейинки мезгил) Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен тыгыз байланышып турса, Чыңгыз Айтматовдун жеке өзүнүн чыгармачылык жолунун байсалдуу болушу, учурунда Кеңешбек Асаналиев сыяктуу саналуу гана адабиятчылардын колдоосуна түздөн-түз көз каранды болгон!
Башкача айтканда, учурунда Виссарион Белинский – Пушкиндин, Гогольдун, Лермонтовдун, Достоевскийлердин чыгармачылык тагдырларына кандай таасир этсе, Кеңешбек Асаналиев дагы Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Узакбай Абдукаимов, Төлөгөн Касымбеков сыяктуу залкар жазуучулардын чыгармачылык жолундагы жарык багытты көрсөткөн маяк сындуу рольду ойногон.
Кеңешбек Асаналиевдин мазмунунун тереңдиги, чабытынын кеңдиги менен айрымаланган адабий сын макалалары улуттук адабият таанууну жана адабий сынды жаны бийик деңгээлге көтөргөн. Анын "Өрдөн өргө" (1977), "Движение во времени" (1978), "Доор менен бирге" (1981), "Тандалмалар" (1983), "Көркөм нарк" (1988), "Чыңгыз Айтматов: кечээ жана бүгүн" (1995), "Аил Шекер и космос" (2004), "Чыңгыз Айтматов – адабий доор" (2013) аттуу китептери бул жанрдагы бийик көркөмдүк-эстетикалык деңгээлде жазылган эмгектер катары кыргыз адабиятынын тарыхында түбөлүккө кала берери шексиз.
Майрамкүл Апышева,
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин улук окутуучусу