О'Шакир: Эки доско (Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге арнайм)

  • 27.01.2024
  • 957

 Камчы керек жарышта аргымакка,

камчы көрүп озунат алды жакка.

 

Адабият үчүн да арыш керек,

абак көргөн акын да арыш керет.

 

Аргымактай алыска бүгүн сызып,

абак жайда отурам бүйүр кызып.

 

Түйүлсө да о мага кабагыңар,

мага сооп иш кылгандай камадыңар...

 

Адабият үчүн зор канат керек,

абак жашоо ошого жарап берет.

 

Пегас сымал асманга атырылам,

темир тордун учат ыр чатырынан.

 

Ажырабай турганда достугуңар,

аргымактай азоо мен кошкурунам!

 

Абак эмне - акынга азап бекен?

"Анык акын абакта жазат..."-дегем.

 

Абак көргөн жазуучу терең кетет,

тосмолорду, чектерди кенендетет.

 

Ойчул болор дымагым, адат барда,

ошол мага буюрду абак жайда.

 

Жадагамын той-топур, салтанаттан,

жашоо мени регресске алпараткан.

 

Уу-дууларда сайраңдап дуулдагамын,

убактымдын аңдабай уурдаганын.

 

Сая кетпей абакта күнүм, түнүм -

саяпкери болгум бар бүгүнкүнүн!

 

 Көргөн сайын көптөрүн...- амалың кур!

Көрөсөнү болсом дейм заманымдын!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз