Асыл жарым, жапакеч муң - зарлашым,
темир торго кабылып курган башым:
кыйын күнгө кабылдың убайым жеп,
жалгызсырап жандүйнөң сурданбасын.
Жалгыз гүлүм, жадырап эркелеген,
жаншеригим үйгө тез келсе деген.
Жарашыктуу карачы ушул гүлдү,
жасалма гүл дебестен берсе берем.
Гүл деген гүл - жаркытып жүрөктөрдү,
эске салчу абакта мүнөттөрдү...
Темир тордо өстү бул топураксыз,
үйдө турсун, уйпалап жүдөтпөйлү...
Ушул гүлүм - эстелик көңүлдөгү,
күндүн нуру абакта көрүнбөдү.
Өстү бирок тамырлап жүрөгүмдө,
өсүмдүк бул махабат төрүмдөгү.
Табияттын кооз гүлү соолуп калат,
бороон чапкын, мөндүрдө ооруп калат.
Төрт мезгилге чыдамдуу бул гүлүбүз
алтоо-кара! Барпайган толук чанак.
Үй - бүлөнүн мүчөсү алтыбызбы?..
Жадыраган ушул гүл жарпыбызбы
жазып турат мен үйгө кайтканымда,
өзөгүсүң үй - бүлө салтыбыздын.
Жетинчиси сен могу өзөгүсүң,
алты жандын алпештээр көсөмүсүң.
Маам менин - шириним, асылымсың...
майышпасын, сынбасын өзөк ушул! 29.01.24ж.