О'Шакир: Кооптуу кез (Москвадагы мекендешим, акын Азамат Омоштун үчүнчү катына жооп)
- 31.01.2024
- 1042
Йе укам, Азаматым... алыстагы,
кеп эмес кабыргамдын кайышканы.
Кайышып турат бүгүн жарандык коом,
кооптуу кез: маалыматты жайыш дагы.
Кооптуу кез: ооз ачкандар - жалаа, доодо,
фейктердин армиясы каралоодо.
Наам, сыйлык таратылып жагымпозго,
наадандык калың калкты аралоодо.
Кооптуу кез: о бир учур гүлдөп ишиң,
колтуктап,теңтуш болуп жүргөн кишиң
кошулуп фейктер менен кошоматчы,
корсулдап бир күн эле үргөн итиң...
Кооптуу кез: текшерүүчү төшөгүңдү,
тыңшашат ырыңды да, кошогуңду.
Оозуңду аңдып турган коркунуч бар,
тишке тил катып жаша - ошо муңдуу!
Кооптуу кез: дудук болуп жүрүүң керек,
колуңду бооруңа алып күлүүң керек.
Колдоого алып бийлик саясатын,
кошомат айтып аны сүйүүң керек!
24.01.24ж.