О’Шакир: Уулум Алике арнайм

  • 20.02.2024
  • 709

Сен туулган күн –каным дүргүп кубангам,

сүйүнчүмдү туш-туш сунуп уламдан...

Буденныйдын көчөсүндө желпингем

бут-бут эмес, канат сымал туралбай.

 

Саат 08:10 алгач ирет күтпөгөн

каным туйлап, тулку боюм дүрт деген.

шаштым кетип шаар аралап жүгүрдүм,

шарт унутуп тириликти бүтпөгөн.

 

Кучак толо кызыл букет гүл алып,

чуркагамын апакеңе кубанып.

«Ата болдум!» деп кыйкырдым көчөдө

жол кыскарбай, саат саатка уланып...

 

Өзүң сүйгөн каарман сымал Жонатан,

бутум жерге тийбей учуп баратам.

Эң алгачкы сезим коштоп бейтааныш,

көздөн учту апаң жаткан палата.

 

Медайымдар жолум тороп турушту:

«Кирген болбойт! Тартип ошол!Жумушбу...»

(көрүндүктү сурагандар өйдөдөн,

терезеден сени ылдыйга сунушту).

 

«Көчүрмөңдөй... кара, - дешти,- өзүңдү...»

А сен ачпай чылк жумулган көзүңдү:

алгач ирет ойготконсуң, тун балам

«ата болдум!» деген ыйык сезимди!

                                            19.02.2024

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз