Толуп ырга канчалаган дептерим,
тозоктуу тор - болду улуу мектебим.
Өмүр бою жетер кайгы сыяктуу
жарым жылда зар - убайым чеккеним.
Жашоо нуру кыл аркандай өрүлүп,
терезеден шоола жаркып төгүлүп:
көңүл канап турдум эңсеп боштондук,
абак мага тозок болуп көрүнүп.
Бук, кусалык - тирүүлүктүн тозогу...
буйрат мага кайсы күнү бошонуу?!
Абак жайда туйду жүрөк таарылып,
азаттыктын кандай ыйы, кошогу...
Бийик дубал,темир торлор туш жагым,
мекенимдин көктө сызган куштарын
тиктейм дагы, ниетимде тиленем:
«Бул азапты көрбөсүн эч душманым!»
Көздөн учкан эркиндиктин зарпынан,
көк асманга колду жайып тартылам.
Көөдөнүмдү өрт каптаган сыяктуу
өчүр албай...Күйгөн бойдон калтырам.
Көздөн учуп тоо-таш, түзөң, мөңгүлөр,
уктап жатып: түшүмбү же өңбү дээр
эркиндикте жүргөнүңдө капарсыз,
ойгоносуң. Сезим - ыйлап, өңгүрөр...
Көргөн түшкө бир заматта алданып,
отурасың үшкүрүнүп, шалдайып!
Күрсүнөсүң...Күйүтүңдү күчөтүп
турат сыртта - терезеде Айжанып...
17-18 фев. 2024