О’Шакир: Диалог үчүн...

  • 21.02.2024
  • 857

«Эр чекишпей - бекишпейт» (элдик накыл)

(КР Президенти Садыр Жапаровго арнайм)

Элдик тентек болушум керек дедим,

Эл башчысыз, айтайын себептерин:

Ак, көк сакал көптөрү кошоматчы,

айтпас Сизге адалат, керек кебин.

 

Элибиз да өздүгүн тааныбады,

эч бийликти койбоду каарыганы.

Кемчиликти бийликтен издей бербей,

өзү болсо мээнетчил, аары жаны.

 

Издебеген эл болдук катабызды,

Жакшы - жаман ылгабас, чатак ишти.

Туйбай жүргөн маанисин чайкоочу көп,

туу көтөргөн эр Манас атабызды.

 

Өздүгүн эч тааныбай улутубуз,

өзөктү биз соолутуп, курутабыз.

Келишели Сиз менен мунасага,

келиңизчи, ынтымак уютабыз!

 

«Бийлик ээси - эл» деген түшүнүктү,

Төңкөрүш деп талкалап бүтүрүштү…

Түркөйлүктүн айынан элибизде

Түрдүү топтор бүлүнтөт бүтүн  ишти.

 

Керек эмес саясый тополоңдор,

Кетсек деймин ар дайым ошо жолдон.

Коштобосо дейм Сизди арамзаалар,

Кошоматын ортодо кошо койгон.

 

Элдик бийлик шам болуп эл башчыга,

эс-акылга келгени – эң жакшы да!

Улут болуп сапаттуу, ар намыстуу -

Умтулалы дүйнөдө эң астыга!

 

Чыйыр болсун чындыкка эмгегиңиз,

Чыгармачыл эргүүмө дем бериңиз!

Ооматыңыз арттырсын, Садыр мырза,

О' Шакирге ырайым бергениңиз...

                            20.02.2024

 

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз