
Аңгеме
Үстүнөн баскан жүк жанын чыдатпай баратты, далортосун бирөө балталап жанчып салгандай эле болду. Эки далысы, бели, куймулчагы кудум чок баскандай ачыша баштады. Колдору сынайын эле деп калды. Жок, ал адам ушунчалык кыйналат, адамдын жаны ушунчалык катуу ооруйт деп эч качан ойлогон эмес. Адамдын жаны ушунчалык азапка чыдайт деп да ойлогон эмес. Дагы жакшы, башын эңкейтип алганга мүмкүнчүлүк бар, болбосо мынчалык жүк как чокусунан басканда, эбак эле эс-учун жоготмок…
- Ата, жанагы сиз айткан периштелер жакындап калдыбы? Такыр кыйналып кеттим...
- Жакындап калды, балам. Дагы бир аз сабыр кыл. Бизди жараткан Кудай дагы, периштелер дагы сабырдуу, анан чыдамкай кишилерди жакшы көрөт деп бая айтпадымбы. Биз канчалык күчтүү болсок, канчалык кайратуу болсок, каргыш тийгир кара күчтөрдүн тилеги таш кабат. Ал эми мындай учурда ыйлап-сыктасак, мажирөөлүк кылсак, алар ошончолук кубат алат, ошончолук ашынып кутурат.
- Мен күчтүү болом, ата!
Бала үндөбөй калды, эми такай жанагы атасы айткан периштелерди ойлоп, ошолорду чыдамсыздык менен күтө баштады. Ал эми атасы мүнөт сайын уулунун амандыгын тиледи. Эң башкысы, уулу аман калса болду. Ушул баласынын чымын жаны аман калса экен.
Баласы менен сүйлөшүп алаксый түшкөн экен. Үстүндөгү жүктү кайра сезгенде азат бою чыдатпай сыздап, колу, буттары мурдагыдай эле калтырай баштады. Айрыкча, колдору титиреп, жаны кетип бараткандай. «О, Кудай! О, кудурети күчтүү Кудай, таңга жеткире көр! Таңга жеткире көр!» – ичинен Жаратканга жалбарып жиберди.
Түшүндө атасын көрдү, ал шаарга келиптир. Үстүндө адаттагысындай өңү өчкөн эски күрмө, тумагы да комсоо. Өңү кер-сары тартып, эмнегедир жүдөө. Бир нерседен катуу кыжаалат болгондой баласына умсуна карайт. Эң кызыгы, ооз ачып бир сөз сүйлөгөн жок. Карайт да турат. Атасын катуу сагынган экен. Чуркап барып кучактай калды. Тээ бала кезде атасы бир жактарга барып көпкө жүрүп келгенде сагынгандай сагыныч менен кучактады. Ойлоп көрсө, атасын көптөн бери эстебеген экен, ачыгы, атасы барлыгын (качандыр бир кезде болгондугун) унутуп да калган экен.
Мурдуна атасынын тер менен кир аралашкан тааныш жыты урганда, өрөпкүп, өпкөсү көөп чыкты, жаагынан ылдый ысык жаш куюлуп, жеңилдей түштү. Ошол көз ирмемде карс этип бир нерсе үзүлүп кеткенсиди, чоочуп ойгонгону менен, эмне болуп жатканын дароо түшүнгөн жок – кошуна каналардагы кишилердин ызы-чуу түшүп, чый-пыйы чыгып жатканын укканда гана жер титирегенин баамдады. Экинчи жолу силккенде мейманкананын полу кыйлага дейре термелип турду, жердин кудум жан тартып жаткан немедей зиркилдеп жатканы кадимкидей сезилди. Ал эми коноктордун үрөйдү учурган ач айкырыгы ааламды басып кетти. Буту-колунан дарман кетип, жүрөгү оозуна тыгылган ата жанында жаткан беш жашар уулун алып сыртка качып жөнөгөндө, шып урап түшө баштады. Жарык өчүп, заматта дүйнөнү көөдөй караңгылык чулгады. Ал мурдагыдан да катуу коркуп, эми чындап эси чыкты. Бирок канчалык коркуп, жаны көзүнө көрүнсө да, баласынын жайбаракат тыноо тартышы (бала бейкапар уктап жаткан эле) жана денесинен өткөн тап ага кайрат бергендей болду, ал бир аз акыл токтотуп, өзүнө келгенсиди.
Ич кийимчен, уулун бооруна бекем кысып, боолголоп сыртка жөнөдү. Эптеп коридорго чыгып, кишилердин кулак тундурган үнү эшитилип жаткан жакка шашылыш багыт алды. Бирок жүгүрүп кете алган жок, буттары чалыштап, жакшы чуркай албады. Анүстүнө түрткүлөшүп, бирин-бири жөөлөп качып бараткан кишилер жана улам төбөдөн түшүп жаткан бирдемелер тоскоол болуп, эсин эки кылды. Караңгыда бир нерселер учуп келип, башына, денесине тийген сайып эңкее түшүп, баласын корголоп жатты.
Арт жагынан шыптын бир бөлүгү күп этип урап түшкөндө, бүт имараттын ичин коюу чаң басып кетти. Эми чындап деси кайткан кишилердин үнү мурдагыдан да катуу чыкты. Баласын бооруна бекем кыскан ата экинчи кабатка түшчү тепкичке жетип барса, апааттан куту учуп, өң-алеттен кеткен адамдар ошо жерде котолоп туруптур. Тагыраагы, биринин жолун бири тороп, бирине-экинчиси бөгөт болуп, карышкырдан үрккөн койлордой бирин-бири тебелеп, бирин-бири басып, биринин үстүнө экинчиси жыгылып… кыскасы, тири шумдук болуп жатыптыр. Кишилердин үстүнөн секирип, аттап-буттап өтүп кетем дегендерди буттан алып жыгышып, өйдө болуп алдыга жылмакчы болгондорго чап жабышып, эч кимди алдыга өткөрбөй, эч кимди сыртка чыгара койбой, эч кимдин кутулушуна мүмкүнчүлүк бербей, бул алааматтан ар кимиси өз жанын гана сактагысы келип, өз өмүрү үчүн гана алышып жаткан экен.
Эң коркунучтуусу, кулак-мээни жеп, жүрөктүн үшүн алган чуру-чууда ким эмне деп айкырып жатканын такыр түшүнүп болбойт. Көп эле тил билсе да, кишилердин баары азыр өзү буга чейин түк укпаган бөлөк-бөтөн тилде айкырып жаткандай туюлду. Биринин да сөзүнө түшүнбөдү, биринин да кеби мээсине жетпеди. Ал ичинен тынбай Жаратканга жалынып кирди (ал өмүрүндө бир да жолу Кудайга мынча көп жалбарбаса керек эле, өмүрүндө мынчалык да корко элек болучу). Кантип аман калуунун амалын издей баштады. Бул тепкич менен баласы экөө түшүп кетерине көзү жетпейт. Тиги бири-бири менен тытышып жаткан адамдардан жол талашууну мындай кой, уулу менен алардын жанына баруудан айбыкты. Анткени алардын тобунда азыр эле калайман мушташ башталды. Алар мурдагыдан да ызы-чуу түшүп, бири-бирин сабай баштады. Башка, көзгө, оозго, колу-бутка… туш келген жерге чапкылап, аялдын, эркектин, жаш-карынын чыңырган үнү денени дүркүрөтүп, ата кудум Дантенин тозогундагыдай көрүнүшкө туш болду. Адам эмей эле, алда кандай жапайы, шумдуктуу макулуктар бири-бирин аёосуз талап, тытып, жанчып жаткандай туюлуп кетти атага. Атанын корккону ушунчалык, ал көзү менен көрүп, кулагы менен уккан нерселерге ишенбеди, такыр ишенгиси келбеди. «Мунун баары түш! Мындай болушу мүмкүн эмес!» – деди карбаластап. Бирок ошол көз ирмемде кучагындагы уулу: «Ата!!!» – деп катуу чыңырып жиберди. Баланын эси чыккан үнү атага мунун баары чындык экендигин, бул алааматтын баары өңүндө болуп жаткандыгын дагы бир мертебе айныксыз туюндурду. Ата уулун бек кучактап: «Коркпо, балам! Коркпо! Мен жаныңдамын!» – деген сөздөн башка айта алдабы. Бир кебин улам кайталай берди. Башка сөз оозуна кирбеди. Баласына кошулуп, өзү да калтырап, титирей баштады. Эмне болуп жатканын түшүнбөй үрөйү учкан бала атасына чап жабышып алды.
Бирок капсалаңда канчалык өзүн жоготсо да, атанын оюнда бир максат турду. Кандай гана болбосун, уулун сактап калуу керек! Бүт дити, эси-көөнү баласында болду. «Баарынан кечем: бар байлыгымдан да, атак-даңкымдан да, үй-жайымдан да, бүт баарынан, баарынан – бир гана уулумду аман алып кала көр!» – деп чый-пыйы чыгып, Жаратканга улам жалбара берди. Кайыптан болуп, кандайдыр бир керемет күчтүн кудурети менен уулу экөөнө канат бүтүп, ушул туңгуюктан, ушул ажалдын оозунан учуп чыксак экен, качып чыксак экен деп тиледи. Мейли ач бололу, мейли жылаңач бололу, ачык асман алдында аман-соо турсак болду деп тиледи. Бар үмүтү, бар тилеги, бар каалоосу ошол болду.
Ал арада баягы эки жолкудай катуу силкинбесе да, жер тынбай кыймылдап турду. Бирде тигинден, бирде мындан карс-курс эткен үндөр угулуп, ар кай жерден конок үйүнүн дубалдары ажырап, шыбынан алда кандай нерселер үзүлүп түшүп, мурдагыдан да коркунучтуу болуп калды. Электр кубаты өчүп, лифт иштебей калган эле, иштесе да мындайда кезек тиймек беле. Тепкич аркылуу түшүп кетеринен биротоло үмүтү үзүлгөн ата баласын көтөрүп бөлөк жол издеп жөнөдү. Кантип эле бир айласы табылбасын деп үмүт кылды. Караңгыда алдастап баратып өзү сыяктуу кайда качарын, эмне кыларын билбей абдаарып, туш тарапка чуркап жүргөн кишилерге урунуп калып жатты.
Канчалык жан далбас кылса да, ата-бала үчүнчү кабаттан качып чыга албады. Ата терезеден же балкондон секирип кетсекпи деп да ниет кылып көрдү. Бирок антишсе өзүнүн да, баласынын да тирүү калышына көзү жетпеди. Ошондо айласы кетип, амалы куруган ата уулун көтөргөн бойдон кайра баягы тепкичке келди. Кудай бетин ары кылсын, мында эми чыныгы кыямат кайым башталган экен: ач айкырык, өкүрүк-бакырыктан тышкары кишилердин озондоп ыйлаганы, катуу онтогон үнү, жан тартып жаткандай киркиреп-кырылдаганы угулат. Кадимкидей канабайрам жүз берип жатыптыр. Адамдардын баары, бири калбай кутуруп кеткен сыяктуу. Атанын зардеси учуп, дароо артка качып жөнөдү. Конок үйүнүн наркы бөлүгүнө жеткенге чейин тынбай чуркады. Оро-пара келгендердин канчасы менен сүзүшүп да кетти. Тигилер жөөлөп өткөндө бир-эки жолу баласынын үстүнө чалынып да жыгылды. Жөөлөгөндөр кечирим сурагандын ордуна ашата сөгүп, айрымдары муштап, тээп да жиберишти. Ата андайлардын эч бирине көңүл бурган жок. Конок үйүндөгү элдин баары бир заматта эмне үчүн минтип жинигип кеткенин ойлогонго атанын буямасы келбеди. Себеби анын бар ойлогон ою, эси-көөнү катуу корккондуктан көзүн чылк жумуп, дым чыгарбай, калчылдап-титиреген денеси менен өзүнө бекем ыктап алган уулунда эле. Уулу эсен-соо калса болгону.
***
«Бейиш» деп аталган деңиз жээгинде жайгашкан бул таанымал конок үйүнө дүйнөнүн булуң-бурчунан не бир байманасы ашып-ташыгандар, атак-даңкы таш жаргандар, өзүн өзгөлөрдөн артык сезип, буту менен жер баспай калгандар келишчү. Эс алгандарды мындагы табияттын жомоктогудай кооздугу, климаттын жагымдуулугу, пляждын, деңиз суусунун ден соолукка пайдалуулугу эле кызыктырчу эмес. Аларды мейманкананын жарым кылымдан ашуун мезгилден берки айтылып келе жаткан атагы (азыркы тил менен айтканда имиджи) азгырчу. Чынында мында конокторду өкүмдарларды тейлегендей жогорку даражада тейлешер эле. Тамак-аштын эң даамдуусу, кымбатына карабай суусундук, ичимдиктердин эң макталып жүргөнү берилчү. Жети кабат бул мейманканада ар бир кардарга Рим папасына кылгандай сый мамиле кылынчу. Ар бир мейманды президентти күткөндөй тосуп алып, падышадай сыйлап узатышар эле. Эң башкысы бул эмес. Эң башкысы, бул жерде эзелтен бузулбай бекем сакталып келе жаткан катуу тартип, эреже бар болчу. Ал эреже боюнча мейли ким болбосун, конок үйүнүн катардагы кызматкери болобу же келген мейман болобу, баары даражасына карабай кишиликтин бийик үлгүсүн көрсөтүүгө милдеттүү. Башкача айтканда, эч кимге орой сүйлөгөнгө, адепсиздик кылганга, жаман жорук-жосун көрсөткөнгө болбойт. Кичипейилдик, илбериңкилик, өз ара сыйлашуу – аталган конок үйүнүн айныксыз мыйзамы. Бул тартипти бузганга, бул чек-чийимден чыкканга эч кимге жол берилбейт. Конок үйүнүн жанагы эреже-тартиби менен атагы дүйнөнүн учу-кыйырына эчак эле белгилүү болгондуктан, мында келгендердин баары ал нерселерден кабардар жана конок үйүнүн андай заң-закүнүн бузгандар дээрлик болбойт.
Мейманкананын конокторун өзгөчө кызыктырган дагы бир өзгөчөлүгү – мында оюн-зооктун түрү көрсөтүлөт, кардарлардын көңүлүн ачуу үчүн не бир таң-тамашалар уюштурулат. Аялзатынын ашкере сулуусун, ашкере жагымдуусун, ашкере төшөк жандуусун ушул жерден тапса болот. Башкача айтканда, бул ааламдын үр кыздарын ушундан кезиктиресиң.
Андыктан дүйнөдөгү эң кымбат конок үйү экендигине карабай, бул жерге азыркы замандын жылдыздары аталган спортчулар, артисттер, саясатчылар, ишкерлерден тышкары мурдагы президенттер менен премьер-министрлерге чейин келип эс алып кетишет. Айтмакчы, жакынкы он жылдан бери буякка бийликтин эки чылбыр, бир тизгинин чеңгелдеп турган учурдагы президенттер менен премьер-министрлер да эрен-төрөн албай эле келе башташты. Атүгүл өкмөттөр аралык олуттуу сүйлөшүүлөр да ушул жерде чай үстүндө, дасторкон четинде же көңүл ачып жатып жүрүп, далай келишимдерге да ушул «Бейиште» кол коюлду.
«Бейиш» десе бейиштей эле бул эс алуучу жайга атанын кынык алганына быйыл алты-жети жылдын жүзү болду. Мурда мындай жан жыргатар жерде качандыр бир кезде эс алам деген ой анын түшүнө да кирбесе керек эле. Бир кесиптеш ашынасы экөө күтпөгөн жерден учкучсуз учакты ойлоп таап, кыска убакытта жомоктогудай байып, катардагы инженерден аскерий заводдун башкы конструкторуна, көп өтпөй башчысына айланганга чейин, жалпы элдин назарына бир да бир жолу илинбеген жупуну, карапайым кишиден бүт өлкөнүн төтөн ардактуу атуулуна, баатырына айланганга чейин чын эле мындай болот деп үч уктаса түшүнө кирген эмес. Айрыкча учурда дүйнөгө дүң болуп, өлкөсүнө миллиарддаган пайда алып келип жаткан согуштук учкучсуз учактын негизги түзүүчүсү – ашынасынын капилеттен автокырсыктан (бир топ күмөндүү жагдайда) каза болушу мунун жолун да, багын да ачты. Ал өлгөндөн кийин бүт сый-ургаал, атак-даңк жалгыз өзүнүн энчисине өттү. Өмүрүндө бир да жолу чоңураак кызматта иштеген аткаминер менен чогуу чай ичип көрбөгөн неме эми эң жогорку тепкичтеги кызмат адамдары, атүгүл премьер-министр, президенттин өзү менен бир дасторкондон даам сызып, өлкөнүн тагдырын калчаган инсандардын өз адамы, болгондо да сырдаш, тилектеш адамы болуп калды.
Таң калычтуусу, бир-эки жыл өтүп-өтпөй ал президенттин эң ишенимдүү кишисине айланып, саясий маселелерге да кийлигише баштады. Башкача айтканда, бир жагынан өз өлкөсүнүн душмандарын катуу сестенткен, экинчи тараптан мамлекетке да эсепсиз байлык алып келип жаткан учкучсуз учактардын конструктору кандай жашаса, эмне кылам-коём десе өз өлкөсүндө ал үчүн эч чектөө жок эле.
Мындан жети жыл мурда «Бейишке» да аны алгачкы жолу премьер-министр өзү алып келди. Өздөрүнө шериктеш өлкөнүн баш вазири менен яхтада чогуу эс алып жүрүп, алар учкучсуз учактарды сатуу-алуу тууралуу ошондо биринчи жолу келишим түзүштү. Учкучсуз учактардын туруктуу кардарларына айланган дагы башка көптөгөн өлкөлөр менен да далай келишимдерге дал ушул «Бейиште» кол коюлган эле.
Дүйнөнүн не бир таасирдүү адамдары, саясий оюнчулары, дөө-шаалары менен ата ушул «Бейиште» таанышты, достошту, ымалалаш, санаалаш болду. Бирок ал жакындан бери расмий жолугушуулардан, иш-чаралардан жалкый баштаган. Ошондуктан бул жайда ал үй-бүлөсү менен гана эс алууну чечти. Уулу менен бул жерге учуп келгенине эки күн болгон, ал эми сүйүктүү жубайы бир жашар кызы менен эртең келмек. Жөнөп жатканда «зарыл жумушум чыгып калды» деп, келинчеги калып калды. Айтмакчы, анын үчүнчү жолу төшөк жаңыртышы эле. Мындан алты жыл илгери өзүнөн отуз беш жаш кичүү кызды, дүйнөнүн ошол жылкы сулуусун аялдыкка алган. Азыр колунда көтөрүп жүргөн бала – ошол экөөнүн туну. А биринчи аялынан балдары (экинчиси төрөгүсү келбеди) небак эле очор-бачар болуп кеткен. Арийне, аларга да каралашып турат.
***
Алапайын таппай, карайлап калган ата уулун колунан түшүрбөй дагы жол издеп жөнөдү. Мейманкананын үчүнчү кабатынын бүт булуң-бурчун бир нече ирет кыдырып чыкты. Бирок кутулуп кетерге бир да жылчык табылбады. Ошентсе да атанын үмүтү үзүлгөн жок. Буга бир себеп бар эле. Ата жакшылап байкаса, уулу экөөнү тынбай бирөө коштоп жүргөнсүйт. Тагыраагы, кырсык жүз бергенден бери эле бир караан аларды жалгыз калтырбай ээрчип алгандай. Катуу тополоңдо ата буга алгач анча маани бербеди. Бирок кийин көңүл коюп бакса, чын эле аларды бирөө коштоп жүргөндөй. Көөдөй караңгылык менен будуң-чаңда өздөрүн бирөө жандап жүргөнүн ата жүрөгү менен сезди. Сезди да, аларды мындай апаатта ким колдоп жатканын аңдап-түшүндү. Кудум мындан отуз жыл мурдагыдай өз атасынын шарпасын, баскан-турганын, атүгүл жөтөлгөнүнө чейин (атасы өпкө оорулу эле) угуп жаткансыды. Бу жарыкчылыктан кеткенине көп болгон атасынын руху небереси экөөнө азыркыдай капсалаң саатта жөлөк-таяк болуп жатканына анык көзү жеткен ата кадимкидей жеңилдей түштү. Шуу үшкүрүп, терең дем алды.
Ошол учурда анын билегинен бирөө аяр кармады. Караңгыда боолголоп караса, бир кемпир экен.
- Буякка жүр, балам, – кемпирдин үнү шашылыш чыкты. Кемпирдин үнүн укканда, атага жан киргендей болду, жөнөкөй кемпирди эмес, куткаруучу периштени көргөндөй сүйүнүп кетти. “Буюрса, аман калдык! Аман калдык!” – деп шыбырады ичинен. Дароо кемпирдин артынан жөнөдү. Алдыда ыкчам бараткан Кемпир аларды эки кууш коридордон, бир-эки эшиктен алып өттү. Бир жерге жеткенде кемпир токтоп, дубалга ыктап, караңгыда бир нерсени басмалагандай болду. Бала көтөргөн ата эч нерсеге түшүнбөсө да зор үмүт менен кемпирдин кыймыл-аракетинен көз албай турду. Көрсө, кемпир лифтти чакырган экен. Анын төмөндөн келе жаткан доошу чыгып, көп өтпөй эшиги ачылды.
- Кантип?! Электр жарыгы жок эмес беле?! – таң калган ата кыйкырып жиберди. Кубангандан жүрөгү жарылып кетейин эле деди.
- Бул жерде бүгүнкүдөй учурлар үчүн жасалган туруктуу ток менен иштеген лифт бар, – деп жооп берди кемпир. – Биринчи кабатка түшөр замат дароо сыртка качкыла! – деп кошумчалады чыдамы кетип.
Баласы менен лифтке аткандай эле кирди, кайрылып кемпирге алкыш айтайын десе, лифттин каалгасы шарт жабылып, кемпир сыртта калып калды. Бир чети минтип беш жашар уулу менен өзүнүн жанына аралжы болгон энеге ыраазылык билдире албаганына өкүнсө, бир чети ушунча жыл «Бейишке» келип жүрүп мындай аялды учуратпаганына таң калды. «Эгерде бул табышмактуу кемпир бул жерде иштебесе, мобу лифт тууралуу кайдан билмек эле?» – деп суроо салды өзүнө. – Мейманкананын жөнөкөй пол жуугучу болсо да жети жылдан бери көрүшүм керек эле да. Таңкалыштуу…»
Ырас, кемпир он беш-жыйырма жылдан бери, жалгыз уулу «Бейиштин» кожоюнуна оор унаада жүк ташып келе жатып жолдо каза болгондон бери ушунда иштейт. Конок үйүнүн ажатканаларын жууп жанын багат. Алган акчасы тамак-ашы менен батирине өп-чап жетет. Кемпир ошого да ыраазы, кээ бир адамдарга окшоп суранып көчөдө калбаганына шүгүрчүлүк кылат. Жер жарый электе келип жумушун бүтүрүп, коноктор турганчакайра жолдун ары жагындагы батирине кетет.
Уйкусу качып, түндө эле ойгонуп алган кемпир жер биринчи силкинер замат көчөгө шашып чыгып, бирөө-жарымга пайдам тийип калар бекен деген ойдо «Бейишти» көздөй чуркаган болучу.
Лифттин эшиги ачылып, ата уулун көтөрүп биринчи кабатка түшкөндө өлүп тирилгендей сүйүндү. «Балам, биз тирүүбүз! Биз аман калдык!» – деп сүйүнчүлөдү уулуна, эриндери титиреп. Эртеден бери коркуп, башын атасынын көкүрөгүнө катып алган баласы да озондоп ыйлап жиберди. Ата кубангандан баласын чопулдатып өөп-өөп алды. Ал баарынан да ушул уулунун өмүрү үчүн көп кооптонгон эле. Ал арада атанын эсине кемпирдин эскерткени түштү. Тагыраагы, кемпирдин эскертүүсүн кимдир-бирөө атанын кулагына шыбырап айткан сыяктанды. Ата бачым кадам таштап, бүт эрки менен эшикке, сыртка умтулду. Ошол көз ирмемде күр-р эткен шойкомдуу доош чыгып, бут алдынан жер көчүп кеткендей болду, жердин түркүгү ордунан капилет тайып кеткенсиди. Ата темтеңдеп барып баласын басып жыгылды. Дароо кайра туруп, баласын кучактап сыртка качууга жүткүндү эле болбоду. Үстүнөн келип бир нерсе басып калды, аркасына түшкөн жүк омурткасын үзүп кетейин эле деди. Ошентип, ал баласынын үстүнө көмкөрүлүп, төрт аяктап туруп калды. Бир заматта көрдөй караңгылык каптап (бүт мейманканада электр кубаты өчкөнү менен биринчи кабатта салыштырмалуу жарык эле) ата-баланын башына кайрадан каран түн түштү. Ажалдан кутулдук деген атанын үмүтү бир заматта ойрон болду. «Өлөт деген ушул экен! Өлөт деген ушул экен!» – деп ойлоду ата, жүрөгү кабынан чыгып кете жаздап. «Бүттү! Баары бүттү! Өлүм!» – деп кайталады ичиндеги үнсүз чаңырык. Ал жандан түңүлүп, эми өлүмгө чындап баш байлады. Көздөрү тумандап, башы да эңги-деңги болуп кетти. Бирок ошол мүнөттө астында жаткан уулу ачуу чыңырып жиберди. Баланын үрөйдү учурган үнү аны эсине келтирди. Селт эте түшүп, бүт дити менен караңгыда астында жаткан уулун көрүүгө далалат кылды. Баланын карарган караанын көргөндө кайратын жыйып, өзүн дароо колго алды.
- Балам, амансыңбы?! – деп сурады ал шаштысы кетип.
- Аманмын, – ыйлап жооп берди бала.
- Коркпо балам, мен жаныңдамын. Атасы жанында болсо уул бала эч качан, эч нерседен коркпош керек. А коркок бала атасын да, өзүн да уят кылат.
Баланын ыйы заматта басылып, сооронуп калды.
- Эч жериң эч нерсе болгон жокпу?
- Сол бутумду бир нерсе басып калды, оорутуп жатат.
- Балам, өзүң акырын бошотуп ал, мен азыр сага жардам бере албайм.
- Макул.
Бала күшүлдөп-бышылдап, бутун чыгара албай бир топ убараланды.
- Абайла балам, – деди ата сабыры түтпөй. – Катуу тартып, кокус чыгарып алып жүрбө. Этияттап, салмак менен тартсаң.
- Бутум бошоду! – кубанычтуу унчукту бала.
- Азаматсың! Чыныгы бала деген сендей болуш керек. Балам, эми этияттык үчүн буттарыңды да, колдоруңду да жыйып ал. Кокус дагы бир жериңди басып калбасын. Ошенттиңби?
- Ии.
- Эми кыймылдабай тынч жат.
Ата-бала саамга унчукпай калды, улам жогортодон бир нерселер урап түшүп, улам оорлошуп, улам салмагы өсүп, атанын үстүндөгү жүк чыдатпай баратты. Заматта атанын колу-буту, бүт денеси чымырап чыкты. Бирок ал кыйналып жатканын уулуна билдирбөөгө тырышты.
- Айтсаң балам, бүгүн эмне болуп жатканын сен түшүндүңбү? – деп сурады ал уулунан, бир ойлогону бардай.
- Жок, ата?
- Каргыш тийгир кара күчтөр бизге чабуул жасады.
- Кара күчтөр дейсизби?
- Ооба, кара күчтөр. Адамдардын, тагыраагы, жакшы адамдардын душмандары. Ал жексурун немелер жакшы кишилерди жер үстүнөн жок кылгысы келет.
- Жарыкты да ошолор өчүрдүбү?
- Ошолор өчүрдү. Мейманкананы да ошолор бүлүндүрүп жатат. Ниети бузук немелер бүт ааламды караңгы түнгө айландыргылары бар.
- Анда алар абдан жаман турбайбы, – деди бала ойлуу.
- Ооба, абдан жаман. Бирок биз аларды жеңсек болот.
- Кантип? – бала кызыга түштү, караңгыда обдулуп, атасына жүзүн жакындатты.
- Сага кантип түшүндүрсөм экен… – ата саамга күймөлүп калды. – Адамда абийир деген болот, – деп сөзүн улантты анан, – А абийирдүү кишилерден кара күчтөрдүн баары коркот.
- А абийир деген эмне?
- Абийир деген – адамдын дилинин тазалыгы, ниетинин актыгы, пейилинин түздүгү, калыс-чынчылдыгы.
- Оо, абийирдүү адамдын жакшы жактары абдан көп турбайбы.
- Абийирдүү кишинин жакшы жактары булар эле эмес, балам. Абийирдүү киши эч качан бирөөгө кыянаттык кылбайт, жаман ишке барбайт. Башкача айтканда, уурулук кылбайт, калп сүйлөбөйт, бирөөнүн акын жебейт.
- Уурулук да кылбайбы? Калп да сүйлөбөйбү? – бала уяла түштү. Анткени ал бир-эки жолу уурулук кылып (кошуна досунун оюнчугуна кызыгып, жашырып алган болучу), ата-апасына калп да сүйлөгөн эле.
- Ооба, уурулук да кылбайт! Калп да сүйлөбөйт! – кесе жооп берди ата. Бирок өзү чоктой кызарып, эмнегедир онтоп да ийди. Бала караңгыда атасынын жүзүнүн өзгөргөнүн көрө албады, балким, көрсө да эч нерсени түшүнмөк эмес.
- Айтмакчы, абийир менен ар-намыс бир туугандар сыяктуу.
- Мени менен карындашымдайбы?
- Ооба.
- Намыс тууралуу мурда да айткансыз.
- Айттым беле?
- Ооба, айткансыз.
- Негедир эсимде жок.
- Намыстуу кишилердин байлыгы болот, бийлиги болот. Намыстуу кишилердин атак-даңкы болот дегенсиз.
- Ошондойбу? – таң кала сурады ата. Өзү унутуп калса да баласы унутпаптыр. Уулунун өзгөчө зээнине, зиректигине дагы бир жолу тан берди. Атанын көкүрөгү сыймыкка толуп чыкты.
Негизи бул баласы башкача өсүп келатат. Мурунку аялынан балдары мындай эмес эле. Акыл-эси да башкача, пейили да башкача. Кудум Жараткандын жарыгы, мээри түшкөндөй. Ошондуктан ата ары сулуу, ары жаш аялынан тапкан бул кенже уулуна өзгөчө ишенет, өзгөчө үмүт артат. Бар тилеги, бар үмүтү ушул балада. Төрт жашында шахматты үйрөндү. Азыр кадимки чоң кишилердей ойноп калды. Андан тышкары апасы музыкага, бийге алып барат. Атайын мугалим жалдап, үйдө эки тилди үйрөтүп жатат. Жубайы көбүнчө үйдө, балдары менен убара. Ал дагы тун уулунун дилгирлигин айтып, көп мактайт. Өзү сыяктуу эле келинчеги дагы ушул уулунан көптү күтөт окшойт. Тилекке каршы, уулу менен алек болгонго өзүнүн дайым эле убактысы жетише бербейт. Бирок ал ушул баласы үчүн жанын берүүгө да даяр эле.
- Балам, – деп кайрылды ата уулуна, үнүнөн ашкере толкунданганы сезилди. – Балам, намыс тууралуу айтып, көрсө мен анда катуу жаңылган экенмин. Намыстуу адам үчүн байлыктан да, бийликтен да, атак-даңктан да адамдын кадыр-баркы жогору турат. Ар-намыстуу киши эч кимге өзүн кордогонго жол бербейт жана өзү да башкаларды кордоп-кодулабайт. Башкача айтканда, абийирдүү киши сыяктуу эле ал дагы адамдын адамдыгын, адамгерчилигин баалайт.
- Ата, мен абийирдүү, ар-намыстуу адам болом! – деди баласы сыймыктуу.
- Атаңа убада бересиңби!
- Убада берем.
- Убада берем деп үч жолу айт.
Бала үч жолу кайталады.
- Балам, мен дагы сага ак батамды берем. Тилегиң орундалсын. Бирок бир нерсени билип кой, атаңа берген убадаңды бузсаң каргышка каласың!
- Каргыш деген эмне?
- Каргышка калсаӊ, жолуң болбойт, дайыма жамандыкка учурайсың.
- Убадамды бузбайм деп мен сизге сөз берем.
- Азаматсың! Мен сага ишенем, балам.
Атанын көңүлү жайланып, жеңилдей түштү. Бирок бир нерсе эсине келгендей кайра дароо унчукту:
- Айтмакчы, абийирдүү болуш үчүн кайраттуу да, эрктүү да болуш керек. Жүүнү бош, чабал кишилер абийирдүү да, ар-намыстуу да боло алышпайт.
- Ата, ишенип коюңуз, мен сөзсүз кайраттуу болом.
- Жарайсың, балам. Сендей балам болгону үчүн менин эми арманым жок.
Ата бир нерсеге таң калды, жанатан бери баласына айткан насааттардын баарын өзү эмес, анын ичине кирип алган бирөө айтып жаткансыды, кулагына кудум өзүнүн атасы өзүнө айтып жаткандай угулду. Анткени мындан тээ кырк-элүү жыл илгери, өзү бала кезинде атасы ушундай маанидеги кеп-кеңештерди, накыл сөздөрдү балдарына көп айтар эле. Алардын баарын унутуп калган экен. Эми эстеп отурат, эми баамы жетип, эми түшүнүп отурат. Жеке адам үчүн да, жалпы адамзат үчүн да азыр эле өзү баласына айткан сөздөрдөн зарыл, булардан керектүү, булардан маанилүү кеп болушу мүмкүнбү?! Карачы, ушул тууралуу балдарына бир да жолу айтпаптыр. Балдарына эле дейсиңби, бүт өмүрүндө бир тирүү жанга айтпаптыр. Жоро-жолдошторунун оозунан да мындайды эч качан уккан эмес эле. Ушул жөнүндө ойлогондо анын зардеси учту. Ал үчүн азыр мына-мына жаныңды алам деп, көз алдында сагалап турган ажал коркунучунан да бул жагы коркунучтуу болду. Андыктан ал өз турмушундагы ишмердиги, баскан жолу, кылган-эткени тууралуу андан ары ойлогондон заарканды.
Кызыгы, ушул көөдөй караңгылыкта, өзүн эки бүктөп салган ушул гөрдөй тар жерде да атасынын арбагы алардын жанында санаа чегип, айланчыктап жүргөндөй сезилди. Баласы менен небересинин өмүрү устаранын мизинде турганын көрүп-билип, атасынын руху жан алакетке түшүп, чый-пыйы чыгып жаткандай туюлду.
Күп этип, үстүнө дагы бир нерсе жемирилип түшкөндө, ата онтоп ийди, жан чыдатпаган оорудан бакырып ийбей, тиштенип араң калды. Омурткасы, арка сөөктөрү жанчылып кеткендей эле болду. Бирок ал чымырканып, бүт эркин топтоп, өзүн таштап ийбей чыдады. Чыдабаска амалы жок – астында өзүнө ишенген уулу жатат.
Алардын баш жагындагы бир жылчыктан жакшы эле аба кирип жаткан. Эми ошол жылчык да тосулуп, алар жаткан жер кычкылтек жетишпей дымып калды.
- Көрдүңбү, кара күчтөр дагы чабуул баштады, – деди ата, эптеп уулун алаксытыш үчүн. – Биз кичине эле боштук кылып койсок, алар күчтөнүп жатат.
- Мен эми боштук кылбайм, ата, – деди уулу ишенимдүү түрдө.
- Биз азыр ооруга да, ачкалыкка да, демибиз кыстыкканына да чыдашыбыз керек. Ошондо кара күчтөрдүн айласы куруйт. Айтмакчы, мен сага бир нерсени айтпай калган турбаймынбы!
- Эмнени, ата?
- Мындай учурларда эр жүрөк, кайраттуу, бар кыйынчылыкка чыдаган балдарга периштелер биринчи жардамга келет. Алар кара күчтөрдүн азабынан ошондой эрки күчтүү балдарды биринчи куткарып калат.
- Периштелер кимдер, ата?
- Периштелер – Кудайдын ишенген жардамчылары.
- Мындай караңгыда алар бизди кантип көрөт? Кокус таппай калышпайбы дейм да, – бала жүрөксүй сурады.
- Сөзсүз табат. Себеби алардын көзү көкүрөгүндө. Улуу Жараткан сыяктуу алар да жер жүзүндө эмне болуп жатканын бүт көрүп-билип турушат.
- Эмне, алар азыр бизди көрүп турабы?
- Ооба, көрүп турат.
- Анда эмне үчүн куткарганы келишпейт?
- Менимче, кара күчтөр аябай көбөйүп кеткен окшойт, а периштелер аларды талкалап бүтө албай жатышат.
- Ата, Кудай да бизге жардам береби?
- Сөзсүз жардам берет. Анүчүн биз Кудайга чын дилден ишенип, жалынып жардам сурашыбыз керек. Оболу күнөөлөрүбүздү кечирүүсүн өтүнгөнүбүз туура болот. Кел, андан көрө экөөбүз ичибизден Жаратканга жалбаралы. «О, Жараткан! Көп күнөө, аз айыбыбызды кечир, бүткүл пенделериңе, жалпы адамзатка акыл-эс, ыйман-топук бере көр, адашкандарды туура жолго сал, байлыгына, бийлигине эсирип, алсыздарга, кароосуз-коргоосуз калгандарга залимдик көрсөтүп жаткандарды эсине келтир, жетим-жесирге, карып-мискинге, биз сыяктуу айла-амалсыз калгандарга өзүң калка, өзүң жөлөк-тирек бол!» – деп жалынып, дуба кылалы.
Бала атасынын айткандарынан эсинде калган сөздөрдү улам кайталап, ичинен көпкө күбүрөндү. Жаратканга чын ыкластан табынды.
Ал эми ата үчүн ар бир көз ирмемдин өтүшү чыныгы мүшкүл болду. Жанын жеген ооруга кошумча эми бүт денеси уюп, талып калды. Ал бир жерин кыймылдата албайт, бир жеринин уюганын жаза албайт. Жансыз темирдей катып калган. Болгону башын, мойнун кыймылдатып, эки жакка бура алат. Калган бүт жери кыймылсыз.
Таңга жетишсе! Таңга жетишсе куткаруучулар келип, аман алып калышмак. Мүмкүн, башка шаарлардан да, өлкөлөрдөн да келишет. Өзү өлсө да мейли, баласы тирүү калса болду. Ушул баласы тирүү калса болду! Азыр атанын бар каалоосу, бар тилеги ошол.
***
Анын болжолунда, таңга чейин да аз калды. Мына-мына таң атууга тийиш. Бирок ар бир мүнөтү бир саатка созулгансып, дегеле таңдын атайын деген түрү жок. Баланын да чыдамы кете баштады. Бирде аба жетпей тумчугуп жатканын айтып, бирде суусаганын, бирде аркасы талып чыдатпай баратканын айтып, кыңкыстап чебелектей берди. Анткен менен ыйлаган жок, кежирленип катуу чыр да салган жок. Дагы жакшы, атасы жаңы бир нерсени ойлоп таап айтып жатканда муюп угат да, анан көпкө чейин тынчып калат. Айрыкча, периштелерге катуу ишенип алыптыр. Алардын келишин чыдамсыздык менен күтүп жатты. Кызыгы, өмүрүндө бир да кереметке, кайыпка ишенбеген (кээде Кудайдын барлыгынан да күмөнсүп кетчү) ата өзү да периштелер тууралуу айткан сөзүнө ишенип калды. «Атамдын арбагы айланчыктап жүргөндөн кийин, кудурети күчтүү Кудайдын периштелери да сөзсүз жардамга келет. Күнөөсүз баланы куткарып калуу үчүн келишет. Алар тууралуу жөн жерден оозума сала бербеди да, мунун аян экени анык», – деди анын ички туюму.
Акыры зарыктырып күттүргөн таң да атты. Ата таңдын атканын уулунун как маңдайына түшкөн темененин көзүндөй шооладан байкады. Алгач бозомук мунарык пайда болду да, саалдан кийин кадимки шоолага айланды. Жогортон кыйгач түшкөн шоола баланын маңдайын демейкидей жарык кылып турду.
- Балам, таң атты! Таң атты! – ата кыйкырып жиберди. Кубангандан көзүнөн жаш сызылды.
Баласы уктап кеткен экен. Чоочуп ойгонду. Абал уйкусурап эч нерсени түшүнбөдү. Качан атасынын сөзү мээсине жеткенде жана пешенесине түшкөн шооланы байкаганда ал дагы кыйкырып коё берди. «Ура-а!» – деди ордунан атып турчудай болуп обдулуп.
- Балам, кыймылдабай ордуңда жат! – деп эскертти атасы. – Азырынча сага да көп кыймылдаганга болбойт. Кокус бир жериңди окустатып алып жүрбө. Аз калды, буюрса, бул азаптан да кутула турган болдук.
- Эми периштелер келеби? – деп сурады бала катуу толкунданып.
- Албетте, келет, – эч ойлонбой жооп берди атасы. – Анткени сенин кандай баатыр, жакшы бала экениңди алардын баары билди да.
- Биз алар менен сүйлөшсөк болобу?
- Алар мененби? – ата буйдала түштү. – Болот, – деп жооп берди бир тынымдан кийин, – бирок алар өздөрү бошобой калып, бизди куткарыш үчүн жакшы адамдарды жибериши да мүмкүн.
Бала үндөбөй калды.
- Периштелер өздөрү эле келсе сонун болмок, – деди кыйладан соң шаабайы суугандай.
- Эгерде периштелер өздөрү келе албаса, биз аларга капа болбошубуз керек, – деди ата уулун жооткотуп, – себеби кара күчтөрдү дароо эле жеңе коюш оңой эмес. Азыр периштелердин баары ошолор менен аёосуз кармашып жаткан болушу мүмкүн. Бирок биз жакшы кишилер келсе да периштелер келгендей сүйүнүшүбүз лаазым. Анткени периштелер жакшы кишилерге өздөрүнө ишенгендей ишенет жана алар эч качан уят кылбай турганын билишет. Айтмакчы, эгерде сен чоңойгондо жакшы адам болсоң, сага да сөзсүз периштелер келет, сен да эртеби-кечпи өз периштеңе жолукпай койбойсуң.
Бала атасынын сөзүнө ынангандай ойлонуп калды.
- Ата, мен жакшы адам болом, – деди кийин. Ал муну өзгөчө сезим менен айтты.
- Бирок мен сага бир нерсени алдын ала эскертип коёюн, – деди атасы олуттуу, – бул дүйнөдө жакшы адам болуштан, абийирдүү адам болуштан өткөн азап жок, айрыкча азыркы заманда. Ошондуктан сен чын эле жакшы адам болом деп ниет кылсаң, муну биле жүргөнүң, буга дайыма даяр боло жүргөнүң оң.
- Ата, айтыңызчы, жакшы адам болуш эмне үчүн кыйын? – капилет сурады бала. Бүт ынтаасын коюн жооп күтүп калды.
- Сага кандай деп түшүндүрсөм... – ата дароо жооп бере албай күймөлө түштү. Мындай суроого жооп бериш оңой-олтоң эместей кыйлага ойлонуп калды.
- Билесиңби, балам, – деп кебин улады ата, – бу түбүң түшкүр турмуштун акча, мансап, атак-даңк сыяктуу азгырыктары өтө көп. Адамды жолдон чыгарган, адамды бузган, аны аңга түрткөн мына ошол каргыш тийгир азгырыктар. Эгерде бул нерселерге бир жолу дилиңди берсең, бир жолу жан дүйнөңдү сатсаң, бүттү – экинчи оңолушуң кыйын, экинчи адам болушуң кыйын. Экинчи туура жолго түшүшүң күмөн. Менин сага аталык осуятым, аталык насаат сөзүм – күн сайын, керек болсо саат сайын адам болоюн, адам болушум керек деп жашагын, макулбу? Сен үчүн өмүрдө мындан өткөн улуу максат, мындан өткөн зор тилек болбошу керек, түшүндүңбү, балам.
Ата дагы таң калды. Бул сөздөрдү да өзү эмес, кудум бирөө айтып жаткандай.
- Түшүндүм, ата! – бала атасынын айткандарын толук түшүнбөсө да анын ишеничин өлтүргүсү келбеди. Муну балалык зирек парасаты менен баамдады.
- Кана, “мен чоңоюп эр жеткенде сиз каалагандай адам болом, айткандарыңыздын бирин да калтырбай орундайм” деп дагы бир жолу убада берчи, – деп өтүндү ата дале санаасы тынбагандай.
- Ата, сиз каалагандай адам болом, сиз айткандардын баарын орундайм, – чын ыкластан убада берди бала. Анын убадасы чоң кишинин убадасындай бек чыкты.
Ата уулуна өзүнө ишенгендей ишенди. Көңүлү эми ордуна түшкөндөй үшкүрдү.
Атанын азабы барган сайын чыдатпай баратты. Териси шылынып, омуртка, карчыгасы ажырап, кабыргалары сөгүлө баштагандай катуу ооруй баштады. Эгерде ушул азыр баласы астында жатпаганда, ал оорунун азабынан ааламды башына көтөрүп айкырмак, мынча мүшкүлгө чыдаганча, урандыга көмүлүп өлүп алмак. Бирок өлөйүн десе да өлө албайт. Өзү өлсө, уулу да кошо өлөт. «Уулум үчүн акыркы демим калганча чыдайм, бүт денем ажырап, алка-шалка болуп кетсе да чыдайм» деди ичинен. Мурдагыдан да чымырканып, мурдагыдан да тиштенди.
Ал арада баланын маңдайына түшкөн шооланын ордуна эми кызгылтым нур төгүлө баштады. Төбөдөн куюлуп түшкөн нур баланын пешенесин эле эмес, бүт жүзүн жарык кылды. Демек, күн көтөрүлүп калыптыр. Түндөн бери конок үйүндө тозуп жаткан топурак менен чаң баланын бети-башына жукпаганына ата айран калды. Каш-кирпиги да эч нерсе болбогондой таптаза турат. Жаактарынан ылдый куюлуп түшкөн көз жашына гана топурак жуурулуп калыптыр. А өзүнүн мурдуна, чачына, каш-кирпигине чаң уюп калган, тамагына чейин кирип кеткен.
Ата уулунун сүйкүмдүү, назик жүзүнө көзү тойбой шүйшүнө тигилди. Кубарып, жүдөй түшкөнүнө карабай, баланын өң-келбети апасыныкындай сулуу эле, апасыныкындай ажарлуу эле. «Ушундай агедил баланы кантип өлүмгө кыясың, кантип ажалдын колуна карматып бересиң! Жок, өзүм миң өлүп, миң тирилсем да, уулумду сакташым керек», – деди атанын ою. Жарык нурга чагылышкан баланын көздөрү бажырайып, атасына өзгөчө ишеним, өзгөчө үмүт, урмат-сый менен телмирип турду. «О, Жараткан, өзүмдү, бар дүйнөмдү алсаң да ушул баланы сактай көр!» – ушул түнү бир да жолу көңүлүнөн чыкпаган Кудай Таалага ата дагы жалбарды, уулунун аманат жанын тилеп, дагы жалынды.
- Балам, жакшы элесиңби, кыйналган жоксуңбу? – деп сурады ата эбедени эзилип.
- Жакшымын, ата. Бирок катуу суусадым. Ичим кызып, аба да жетишпей жатат…
- Сабыр кыл, уулум. Жакшы адамдардын башынан далай мындай сыноолор өтөт. Балким, алдыда сени мындан да татаал, мындан да оор сыноолор күтүп турат. Бирок мен ишенем, сен баарына чыдайсың. Анткени… анткени сен өзгөчө жаралган баласың.
- Мен баарына чыдайм, ата! – атасынын сөзү баланы катуу шердентти, ал эрдемсий түштү. Ал эми атасынын көкүрөк-көөдөнү мактанычтан толуп-ташты. Ал ушул мүнөттө уулу үчүн чындап сыймыктанды. Ушундай баланын берген Жаратканга миң мертебе ыраазы болду.
***
Атанын эсебинде таң аткандан бери үч-төрт саат өттү. Бирок куткаруучулардан алигече дайын болбоду. Анын башына ар кандай кабатыр ойлор келип, тынчсыздана баштады. Опкоолжуп, жүрөгү уйгу-туйгу боло берди. «Кокус зилзала бул шаарда эле эмес, бүт өлкө боюнча жүз берген болсочу? Антпегенде эбак куткарып алышмак эле го… Деги мейманканадан тирүү чыгып кеткендер, аман калгандар болду бекен… А кокус… а кокус «Бейиштегилердин» баары өлдү, урандылардын астында калды, эми бекер эле убара болбойлу» деп, издебей коюшсачы? Жок, андай болушу мүмкүн эмес! Бизди сөзсүз куткарышы керек. Кантип эле ушинтип таштап коюшсун? Анда эмне үчүн мынча маалкатып жатышат дейм да». Ушундай калабалуу ойлор атанын башынан кетпей, санаасы такыр тынбады. «А кокус апаат бүт дүйнөдө, бүт жер жүзүндө болгон болсочу, а кокус кыямат кайым, акыр заман келген болсочу?» Мындай жүрөктүн үшүн алган ой атанын көңүлүндө кылт эткенде, коркунучтан азат бою калчылдап кетти, өз оюнан жан-тени үркүп, дароо унутканча шашты.
Убакыт өтүп жатты. Бирок сырттан эч кандай техниканын доошу, кишилердин уу-дуусу угулайын дебеди. Жада калса кымындай шарпа, табыш да эшитилбеди. Атаны ушул жагдай көбүрөөк кооптондурду. Ал канчалык кыйналса да, алсырап, улам барган сайын күч-кубаттан тайып баратса да, баланы унутпады. Бар көңүлү, бар назары балада болду. Уулу менен тынбай сүйлөшүп жатты. Эми ал уулуна жомок айтып бере баштады. Тайенесинен, чоң атасынан, өз атасынан, апасынан уккан, бала кезинде өзү окуган ары кызыктуу, ары тарбиялык мааниси чоң жомоктордон айтып берип жатты. Мындан тышкары ал дүйнөнү, адамзатты өзгөртүү үчүн келген пайгамбарлар тууралуу баян куруп берди. Жалпы адам баласы үчүн бүт өмүрүн сайып, не бир азапты, не бир киши чыдагыс мүшкүлдү башынан өткөргөн пайгамбарлардын, апостол, сахабалардын, олуя-машаяктардын тагдыры, баскан жолу, өмүр таржымалы тууралуу баян этти. Адамзаттын бактысы үчүн жанын курмандыкка чалган улуу инсандар жөнүндө да сүйлөп берди. Коперник, Бруно, Галилео Галилей, Жанна д Арк, Альберт Эйнштейн, Махатма Ганди ж.б. тууралуу сөз кылды. Каардуу кудайлардан отту уурдап, кишилерге тартуулаган Прометей жөнүндө да айтканды унутпады. Алардын адилеттиги, кара кылды как жарган калыстыгы, чынчылдыгы, өлүмгө тике караган кайраты, эрки баланы катуу таасирлентти. Анын көздөрү жайнап, мунун баарын өзгөчө эргүү, өзгөчө илхам менен укту. Өз кезегинде баланын өзү да таята-таенесинен, апасынан уккан, же алар китептен окуп берген жомокторду атасына айтып берди. Ата максатына жеткенине кубанып, терисине батпай сүйүндү. Күнүгө жыйырма төрт саат убактысы болуп туруп, эмне үчүн мурда уулуна эч болбоду дегенде жарым саат ушулар тууралуу айтып бербегенине катуу өкүндү. Анткени бала үчүн бул айтылгандардан зарыл, бул айтылгандардан маанилүү нерсе болушу мүмкүн эмес эле го!
Бирок кеч болсо да мындай өксүктү толтурганына атанын абдан көңүлү кушубак болду. Аны баарынан да уулунун ашкере ынтаалуулугу, астейдилдиги курсант кылды. Ошентип, мүнөт сайын ажал аңдып турган ушул урандынын астында ата-бала түшкө чейин тынбай баарлашты, атанын чери болуп көрбөгөндөй жазылды.
***
Чак түштө бир окуя жүз берди. Күн так төбөгө көтөрүлүп, нуру мурдагыдан да жарык тийди. Эми баланын жүзү ар бир түгүнө чейин даана көрүндү. Ата уулуна баштагыдай эле мээрими түшүп, баштагыдай эле шүйшүнүп карай берди. Баштагыдай эле ичи элжиреп, караңгыда балага көрүнбөгөн көз карашы менен бүт аталык сүйүүсүн арнап жатты. Ошол учурда ал бир нерсени байкап калды. Уулунун маңдайындагы кичинекей калды көрдү. Оң жак чекесинде бир мең жүрөт. Ата муну мурда эч качан байкаган эмес эле. Көрүп, катуу таң калды. Айран калып, көпкө чейин көз албай тигилди. Ачыгы, ата уулунун пешенесиндеги калды биринчи көрүп жатканына эле таң калган жок. Дал ушул сыяктуу калды, кайсы бир эркек кишинин дал ушул жеринде да көргөн эле. Ошого катуу таң калды. Анан эсине түшүрдү… Жок! Мындай болушу мүмкүн эмес! Мүмкүн эмес! Башы айлан-көчөк атып, атанын асманы көз ачып-жумганча жерге кулап түшкөндөй болду, деми буулуп, жашоо токтоп калгансыды. Бүт караңгылыкты башына көтөрүп өкүрүп ийбей араң калды.
Бала караңгыда атасына эмне болуп жатканын көрө албады, тек капилет ок жеген кишидей, «өх!» деп, катуу онтогонун гана укту. Бир жамандык жүз бергенин наристе дили менен сезди, бирок сурагандан айбыкты. А көзү канталап, бир заматта жүрөгүнө каар менен кек толгон ата өз көзүнө өзү ишенбей баланын жүзүнө дагы кадалды. Жок! Жаңылбаптыр! Маңдайы, каштары, мурду дал ошонун өзү. Көз карашы, атүгүл жылмайганы да ошол каргыш тийгирге окшойт экен. Ата эч ойлонбостон бир чечимге келди: ал мындай чыккынчылыкка, мындай шермендечиликке чыдай албайт. Арамдан бүткөн мобу немени азыр эле күм-жам кылат. Опаасыз катынынан да, анын шылуун ойношунан да ошентип өч алат. Көз ачып-жумганчалыкта жайлап салат. Ушинтип ойлогон ал үстүндөгү эбегейсиз оор жүк менен өзүн баланын үстүнө мына-мына таштап ийерде: «Токто! Эсиңе кел! Эсиңе кел!» – деп бирөө кулагына кыйкырды. Кыйкырык үч жолу кайталанды. Өз атасынын үнү. Ата не кыларын билбей, катты да калды. Көздөрүн чылк жумуп, кыйлага дейре үн-сөзсүз турду.
Жаш жубайы жаңы турмуш курган жылы бөлөмбү, классташымбы деп, өзү курдуу бир сымбаттуу жигитти ээрчитип келип жүрчү. Ал кийин да көп келип жүрдү. Аны менен бир-эки жолу ресторанда да чогуу тамактанышкан эле. Ошол жигит менен келинчеги киного, театрга көп барчу. Шыктуу бала, буюрса, мындан мыкты айкелчи чыгат деп, аны аялы көп мактаар эле. Ата андай майда-барат кишилер менен иши болчу эмес. Ачыгы, кечээ күнгө чейин андайларды киши ордуна саначу да эмес.
Ал бир-эки жылдан бери көрүнбөй калган. Өнөрүн өркүндөтүү үчүн чет өлкөгө кетти дегендей болгон жубайы.
Негизи ал аялды кызганганды жаман көрчү. Аялдын өзүнө ынсап бербесе, аны кызганган бекер дечү. Ал эми береги жаш келинчегин жаштыгына жана адемилигине карабай такыр кызганчу эмес. Себеби өзүндөгүдөй учу-кыйырга белгилүү атак-даңк, мансап, баймана менен аялы көзүнө чөп салат деген ой үч уктаса түшүнө кирген эмес. Байлыгына, бийлигине, атак-даңкына ишенген. Көрсө, катуу жаңылган экен. Аны күчтөп, мажбурлап үйлөнсө бир жөн. Өз эрки менен эле тийди эле го. Эч шек-шооратын билдирбеген куулугун карабайсыңбы! Аны бүт жан-дилин берип сүйчү. Аялынан эч нерсени аячу эмес. Жашоосун жомокко айландырып, алтын-күмүшкө көмүп салбады беле!
Ата акырын көзүн ачты. Бала аң-таң болуп карап туруптур. Тагыраагы, эч нерсени түшүнбөгөндөй суроолуу тигилет.
- Ата, эмне болду? – деп сурады бала, апкаарыган үн менен.
- Эч нерсе, – ата көңүлсүз жооп берди. Түнөрүп, баладан көзүн албай көпкө тигилди.
- Тобо! – деп жиберди бир кезде чочугандай. – Тобо!
Ал бир нече жолу көзүн ачып-жумуп дааналап карады. Бу саам да өз көзүнө өзү ишенбеди. Ушундай да болот экен ээ! Жок, бул бир табышмак, бул бир купуя сыр! Азыр эле өзү чанып, өзү жерип баш тарткан баланын жаактары, ээги, эриндери, кулактары өзүнө окшоп турат. Үнү да өзүнүн эле үнү. Бүт келбети биринчи аялынан төрөлгөн экинчи баласынын кичине кезине куюп койгондой окшошуп турду. Ал уулу да бала кезинде абдан сүйкүмдүү эле (жаштыгында ата өзү да келишкен жигит болчу). «Балаңыз сизге көбүрөөк окшойт» деп жубайы бекерге айтпаган экен.
Ата аялына, баласына күмөнсүгөн, бейкүнөө бир адамга жалаа жапкан жанагы осол кылыгына иренжип, өзүн жек көрүп кетти. Көңүлү жипкирип, ичинен өзүн ашата сөктү. «Накта акмаксың, акмак!» – деп кайталады ичинен. Аз жерден уулун набыт кыла жаздаганын ойлогондо үрөйү учту.
- Балам, ач да калгандырсың? – аталык камкордук менен сурады ал, күнөөсүн жуушка шашып.
- Ач калдым, бирок чыдайм, – сабырдуу жооп берди уулу.
- Азаматсың, балам! – уулунун жообу атанын өзүнө да дем берди. Баятан бери бошошо түшкөн жаны кайра чыйралды.
- Сыягы, карасанатай күчтөр өтө көбөйүп кеткен бейм, антпесе периштелер мынчалык кечикпеши керек эле... Бирок кечиксе да алар сөзсүз келет. Биз алардын келерине, жеңиш ошолор тарапта болоруна чын ыкластан ишенишибиз керек. Биздин ишеничибиз дагы аларга күч-кубат берет, алардын демине дем кошот, – деди ата уулуна карап.
- Мен аларга ишенем, ата! – уулу дароо жооп кайтарды.
Ата бир нерсеге дагы таң калды, аныгы, бир нерсеге түк акылы жетпеди. Эми эле өзүнө окшотуп жаткан уулунун жүзүнөн кайра баягы аялынын классташынын элесин көргөндөй болду. Бала эми ошого окшоп турду. Тагыраагы, бир караганда өзүнө (экинчи баласынын кичине кезине), бир караганда тиги жигитке окшоп жатты. Бир туруп таптакыр башка эркектерге да (аялы, өзү тааныган) окшошо баштады. «Акылдан адашып бараткан жокмунбу?» – деген ата кыйлага чейин өзүн тыңшап, өзүн байкады. Бүт денеси бычак менен кескилегендей ооруп жатканы менен, акыл-эси жайында эле көрүнөт.
Эми ал баланын минтип кубулганына анча маани бербеди –муну талдап, териштиргенге убакыт короткусу келбеди. «Кимге окшосо ошого окшосун, атасы ким болсо ошол болсун, эң башкысы, ушул тозоктон аман-эсен кутулуп чыкса болду», – деди ичинен. «Ушундай кысталышта, ушундай өзгөчө баланын тагдыры канжардын мизинде турганда менин же башканын аталыгын аныктап-тактоо кимге таңсык», – деп кошумчалады.
Ал балага дагы көп нерселер тууралуу айтты. Өзү эң зарыл, эң маанилүү деп эсептеген нерселер жөнүндө кеп салды.
***
Ал арада мезгил өз өкүмүн айныксыз жүргүзүп, күн кечтеп баратты. Баланын өңү кагаздай кубарып, шапая түштү. Суусагандан, ачкалыктан катуу алсырап, ал-күчтөн тая баштаганы билинди. Үнү да мурдагыдай дадил чыкпай калды.
Ал эми атанын дарманы такыр кетти. Буту-колу, бүт денеси калтырап, түртсө жыгылчудай абалга жетти. Оозунан өттүн ачкыл даамы келип, ичи күйгөндөй ачышты. Бир тамчы сууга зар болуп, бир тамчы суу көзүнөн учуп турду. Кана бир тамчы суу болсо! Бир эле тамчы суу! Аттиң, ал жайчылыкта суунун кадырын билген эмес экен. Суу – бул өмүр деген сөздүн мааниси ал эми чындап түшүндү. Оорунун азабынан да, ачкалыктын азабынан да суунун азабы өттү.
Түн кирип, ата-бала көмүлүп жаткан жерди көөдөй караңгылык каптаганда, бала ыйлап жиберди. Үнү араң чыгып, бышактай баштады. Баланын ыйы атанын каңырыгын түтөттү, анын да тамагы жашка буулду. Ушундайда уулуна жардамы тийбегенине ичинен кан өтүп турду. «О, Жараткан! Азыр жанымды алып, ушул күнөөсүз наристени азаптан куткар! Куткар азаптан!» – деп, Кудайга кайра-кайра жалбарып жиберди.
- Кагылайын, балам! Кагылайын, кулунум! Жаның кыйналды го, наристе жаның кыйналды! – деди ата үнү каргылданып, өзүнүн да көзүнө жаш толуп. – Берекем, дагы бир аз сабыр кыл. Мен жана эле аян алдым. Буюрса, таңга жетсек, бул азаптан кутуласың. Периштелер өздөрү аян беришти. Эртең сөзсүз келмей болушту… Андан көрө сен уктагын, балам. Мына көрөсүң, сен уктап ойгонгондо алар биздин жаныбызда болот. Укта, тай балам! Укта!
Бала көпкө бышактап барып унчукпай калды. Чын эле уктап кеттиби же такыр алсырап эси ооп калдыбы, ата биле алган жок. Үн чыгарып сурагандан коркту.
Түн жарымынан оогондо ата үчүн чыныгы тозок башталды. Денесинин ар бир мүчөсү жан чыдатпай ооруп, ичи от жутуп алгандай күйдү. «Суу! Суу» – деп шыбырады ал, кургап калган эриндерин жаланып. Бүт ою, бар эси-дарты сууда болду. Ал эми үстүндөгү жүк барган сайын оорлошуп, өпкө-жүрөгүн куушуруп баратты. Дем алганы да кыйындады. Кулактары чуулдап, башы айлана баштады. Омурткасы, колу-буту барчаланып кетейин эле деп калды. Түк магдыры калбады. «О Кудай, ушу бүгүн да таңга жеткир! Таңга жеткир!» – деп, Жаратканга кайра-кайра жалына берди. Дамамат эсинде Кудай турду. Күбүрөп, Жараткандын атын миң бир ирет кайталады.
***
Таңга жуук такыр дарманы куруду. Көздөрү мунарыктап, деми кыстыга баштады. Жүрөгү атып чыкчудай согуп, көңүлү караңгылашты. Башы катуу айланып, эс-учун жоготуп бараткан эле. Ошол көз ирмемде кимдир-бирөө: «Кайратыңа кел! Кайратыңа кел! Кайратыңа кел!» – деп, үч жолу тез-тез кыйкырып ийди. Ал атасынын үнүн тааныды. Көзүн ачып караса, бирөө баланын башын кармап отургансыйт. Кудум атасынын караанына окшойт. Көзүн кайра жумду. Саалдан кийин ачса, жанагы сөлөкөт көрүнбөйт. Бирок баланын маңдайына дал кечээги таңдагыдай шоола куюлуп түшүп турганын байкады.
- Барсыңбы, балам? – деп сурады ата, киркиреген алсыз үн менен.
- Бармын, ата, – бала араң эле унчукту.
Ошол мүнөттө сырттан бир нерсенин шоокуму угулду. Тагыраагы, бир нерсе кулап түшкөндөй болду. Техниканын, кишилердин да үнү эшитилгенсиди.
- Келишти… келишти, балам, – ата араң күбүрөдү. Башы айланып, эңги-деңги боло баштады. Акыл-эси да туманданганын сезди. Бирок ал акыркы кайратын жыйды. Уулу үчүн эң зарыл, эң маанилүү нерсе айта турган учур келгенин туйду. Убакыт тар, тек үлгүрүп калса болду.
- Уулум, – деди ал катуу энтиккен үн менен, – уулум, сага айтар соңку аталык керээзим – эч качан Кудайды унутпа! Эгерде сен Кудайга чын дилиңден ишенсең, ал сени кор кылбайт. Эскертип коёюн, Жаратканды унутканың – абийириңди унутканың, а абийириңди унутканың – адам болбой калганың, балам…
Ал үндөбөй калды, аныгы, деми кысылып, андан ары сүйлөй албады. Тыныгып күч топтоп, акылын да пештеп жаткан сыяктанды. Кийин оор күрсүндү да минтти:
- Балам, дагы бир нерсе тууралуу айтпасам болбойт. Муну башкалар да билиши, угушу керек. Бөлөк кишилерге да сөзсүз айткының. Жалпы эл, бүткүл адамзат уксун. Муну менин атам, бүгүн адам баласына кыргын алып келип жаткан учкучсуз учактардын ойлоп табуучусу өз оозу менен айтты дегин. «Согуш – бул каргыш!» – деп айтты дегин. «Согушту баштагандарга да, согуштук курал-жарактарды ойлоп тапкандарга да Кудайдын каргышы тийсин, аларды күн сайын набыт болуп жаткан бейкүнөө наристелердин убалы урсун!» – деп айтты дегин, уктуңбу? Дагы бир нерсе жөнүндө унутпа, балам. Кара күчүнө гана ишенип, өкүм зордук менен бийлик жүргүзгөн, калыстыктан тайып, өз элин шорлоткон залим падышалар менен аларды коштоп-колдоп жүргөндөргө да каргыш тийсин! Акыйкаттык издеген элдин үнү Жаратканга жетип, алардын тукуму курут болсун. Андайлардын ысымы түбөлүк наалатка калсын! Ушинтип айткының, түшүндүңбү?
- Түшүндүм, ата! – бир сутканын ичинде он-он беш жылга чоңоё түшкөндөй баланын үнү чыйрак жана чечкиндүү чыкты. Наристенин эмес, чоң эле кишинин үнүндөй угулду.
Атанын көңүлү эми чындап жайланды. Жан дүйнөсү кандайдыр ашкере оор жүктөн арылгандай жеңилдей түштү.
- Рахмат, уулум! Мен сага чексиз ыраазымын, – деди. Акыркы сөзү ушул болду. Ошол көз ирмемде өйдөдөн салмактуу бир нерсе күп этип үстүнө кулады. Атанын омурткасы эки-үч жерден үзүлүп кетти. Кабыргалары көкүрөгүн жара тээп чыкты. Бирок ал баланы басып жыгылбай, эми чыканактап туруп калды. Мурдунан атып чыккан кызыл кан баланын бети-башына жая берди. Эси чыккан бала катуу чыңырып ийди. Өнө-бою зиркилдеп, жан тартып жаткан ата уулуна бир нерсе айтайын деп айта албады. Акыркы деми чыкканча уулун калкалап, чыканактап турган боюнча акка моюн сунду.
- .02.2024
«Монпарнас» журналынын №9 саны