О'Шакир: Метафора: дзэн жана мен

  • 25.03.2024
  • 573

 (УКМК төрагасы К.К.Ташиевге жана кол алдындагы жалпы кызматкерлерине арнайм)

***

Кыйын болду мен өзүмдү тапмагым,

коомдо дайым бир багытта акпадым.

 

 Күрп-шарп толкун жол издеген дайрадай

 күргүштөдүм көлчүк болуп жайлабай.

 

Тосмолорго жээктерге урундум,

чекти сүзүп,багытымдан бурулдум.

 

Чыйырымдан кездешкен көп тосмону

 жарып өттүм алды жакка озгону.

 

 Өз нугумда шарылдадым, тынбадым,

өзөн суулар кошулду көп, тунбадым.

 

Ылай,баткак,чаң сууларды ылгабай,

аралаштым не кезиксе жылгадан.

 

Мөңгүлөрдөн ылдый карай шыр аккан,

мөлтүр тунук кошулушту булактар.

 

Кезиктирдим далай өзөн сууларын,

күч топтолуп ага бердим,буулбадым.

 

Ташкындаймын улам күчөп шаркырап,

таштан ташка мейли денем жанчылат.

 

Акыйкатта андан башка чамам жок,

ал анткени: аккан сууда арам жок.

 

 Аккан суудай булганам да,тазарам,

качпаганым ошол менин жазадан.

 

Кыйын,кыйын адам өзүн тапмагы,

шон үчүн көп акылмандан акмагы.

 

Жинди суудай токтоналбай о такыр,

Мен өзүмдү издеп келдим О'Шакир.

 

Жинди суудай жиндилигим калтырбай:

жик калышы керек өчпөс артымда...

 

Токтоткондой платина дайраны-

токтоп турар азыр абак жайдамын...

 

Туш тарабым дубал,тосмо куушурган,

тунган кезим платина суусундай.

 

Чексиз эми менин күчүм,кубатым,

чекти билбес ушул болчу муратым! 22.02.24.

 

 

[1] Дзен – будда философиясынын жогорку мейкиндиги, аң-сезим мектеби

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз