О’Шакир: Зэктин баяны

  • 02.04.2024
  • 986

(аңгеме)

2100-жыл. Чоң ата менен небересинин аңгемеси.

- Чоң ата, эмне болуп түрмөгө отургансыз?

- Йе кагылайын, мен көргөн ал тагдыр курусун. Өлкөнүн өткөөл доорунда мен кабылбаган эмне шор калбады...

- Айтып бериңизчи.

- Жок! Айта албайм... Оор ал...

- Чоң ата-а, айтып бериңизчи! – ыйлаактаган сүйүктүү небереси кыстаганын койбоду улам. Аргасын кетирди чоң атасынын. “Айтып бере албайм” дегенине көнбөдү.

- Болуптур, айтса айтып берейин... Абакта конвой элем...

- Өзүңүз конвой болуп, кантип кесилдиңиз?

- Баңгизат карматышкан колума.

- Өзүңүз милийса болсоңуз кантип?..

- Абактарда “смотрящий”, “положенец” дегендери бар эле. Алардан милийсалар өздөрү коркчу.

- Сиз дагыбы?

- Мен ошо коркпогонумдан шорлободумбу... Коркпойм деп жүрүп, түрмө атамандарын өзүмө душман кылып алыптырмын.

- Кантип?

- Арестанттарды сот залына жеткирер элек. Ал жерде соттук процесстер 4-5 саат создукчу. Арестанттардын арасындагы абак атамандары бизди киши ордуна көрчү эмес. Курсактары ачса, конвойлорду тамак-аш сатып келгиле деп кыйнашчу. Тамекиден өйдө таптырып келишчү. Буйруктай аткарылчу айткандары.

- Сиз да буйрук аткаргансызбы?

- Ошол аткарбаганымдын азабанынан болду да баары.

- “Положенецтер” баарына буйрук бере алчу беле?

- Кимге болбосун.

- Колуңарга автомат, тапанча берилчүбү?

- Хе... Ок чыгарчу куралдан да сүрдүү курал түрмөдөгүлөрдө эле.

- Эмне курал?

- Ок чыгарчу курал эмес ал. Ооздун гана жели.

- Ооздун жели кантип коркунучтуу?..

- Укпайсыңбы эми сөздү бөлбөй... Милийсаларды коркутуп көнгөн алардын эч бир тапшырмасын аткарганым жок. Ошонун азабы өз башыма тийди. Мага тиш кайрыгандардын ооз жели менен өзүмдү каматышты акыры. “Пахан” дегендерине жетиптир менин тоң моюндугум. Ал заманда “пахандардан” генералдарыбыз, ал тургай бүтүндөй мамлекеттик түзүмдөр чочулашчу. Түрмө атамандарынын бир ооз сөзү сыртка чыкса, алардын айткандарын эки кылган киши болчу эмес. Аткарбагандардын көздөрү тазаланчу.

- Атамандардын көздөрүн мамлекет эмнеге тазалаган эмес.

- Кантип тазаласын... Кылмыштуу топтордун укуругу ал кезде мамлекеттин укуругунан да узун болчу.

- Эмнеге?

- Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги деген чоң саясый уюм болгон... СССР өлкөсүнөн тараган баары.

- Тарыхтан окуганым, СССР курамында 15 республика болгонун.

- Ошончо мамлекеттердин түрмөлөрүндө зэктердин шериктештиги өтө бекем да, күчтүү да болгон. Күчтүү болгон үчүн Батукаев аттуу атактуу кылмышкерди өлкөбүздүн расмий бийлиги самолётко ардактап отургузуп узатышкан ал заманда. “Вор закон” деген түрдүүчө кылмыштуу топтордон мамлекеттик күч түзүмдөрү коркуп, кызматташып турушкан.

- Ал кандай кызматташтык эле?

- Бир өлкөдөн бир өлкөгө баңгизат ташып сатуу, жеткирүүдө мамлекеттин күч түзүмдөрү менен кылмышкерлер чырмашкан байланышта эле...

- Баңгизат менен өзүңүз кандай кармалгансыз?

- Милийса генералдарынын бири Кавказга, Москвага баңгизат ташытмак болду. А мен баш тарттым андан. Тынч оокат кылуу үчүн өз ыктыярыма таянып, жумуштан биротоло бошондум да, өз алдымча тирилик баштадым. Бирок түрмөдөгү зэктер бир кездеги тоң моюндугумду кечиришпептир. Кандай болбосун жазамды бермек болушуптур...

- Демек сизди генерал аркылуу... кантип жазалашты?

- Үйүмдү тинтип, бангизат таап чыгышты.

- Бар беле үйүңүздө?

- Баңгизат тапкылары келсе, кимдин болбосун чөнтөгүнөн же үйүнөн таап чыгышчу. Андай иштерди милийса оперлери кынтыксыз аткарган амалдар көп болгон... Баңгизатты өмүрү көрбөгөндөрдүн да жанынан таап чыгуу оперлерге тапшырылган.

- Генералдын айтканын аткарбагандар болду беле?

- Болгон... анын баары мен көргөн тагдырга кабылгандар! Андай көргүлүктү пенде баласы көрбөсүн да, укпасын...

- Ал заманда милийсалар кылмышкер болуптур да?..

- Ал заман көпчүлүк милийсаларды кылмышка мажбурлаган... Кылмышка аргасыздан аралаштырган...

- Сизде түрмөгө барбай калуунун жолу бар беле, чоң ата?

- Бар болбой анан. Эки жолу бар эле.

- Кандай?

- Бири – атынып өлүү.

- А экинчиси?

- Экинчиси – башка кесиптештеримдей түрмө атамандарынын буйругун кыңк этпей аткаруу. Ошондо гана түрмө бетин көрбөйт элем, уулум... бирок ага погонум, ар-намысым жол бербеди...

Күрсүнгөн карыя сөз тизгинин жыйды.

31.01.24.

 

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз