О’Шакир: Куру дүрмөт

  • 02.04.2024
  • 357

(аңгеме)

(Белгилүү журналист, коомдук ишмер Аскер Сакыбаевага  арнайм)

I

- “Баң!” деген катуу үндү укканда, артыңа карабай качтың ээ? – деди көптү көргөн карышкыр жаш бөлтүрүккө.

- Ооба, “баң” деген катуу үндөн абыдан коркутум, - жаш бөлтүрүк туш-тушту каранып тынсызданды.

Оозундагы ысык канды жаланган дөбөт алдында тырпырап жаткан койдун сулп этинен шалп-шалп сугунуп, “эми жей бер” дегендей олжодон оолактады. Дөбөттөн арткан ырыскыны шам-шум сугунган жаш бөлтүрүк бөрү тоют[1] бойдон кала берди.

- Куру дүрмөттүн үнү катуу угуларын ажыратпасаң, ушинтип чала тоют болуп жүрүп өтөсүң, -деди карт бөрү, куру дүрмөттүн үнү кулак жаңырткандан башка зыяны жогун жаш бөлтүрүктүн кулагына куюп. -  Коркунуч – үнү акырын угулган мылтыкта. Үнү катуу жаңырбаган ок-жаныңды сууруп алат, - деген карт бөрү жаш бөлтүрүккө эң биринчи таалимин көрсөттү.

II

- Мына балам, куру дүрмөт ушул. Мындан ок чыкпайт, бирок үнү тоо жаңыртып катуу угуларын туйдуңбу? – деди уулуна кой кайтарганды үйрөткөн чабан. – Карышкыр койго кол салбасын десең, саат-сааттын аралыгында мылтыктан куру дүрмөттүн үнүн угузуп койгон оң. Кана эми, өзүң атып көрчү.

Баласы дүрмөттөлгөн мылтыкты колуна алды.

- Мээлейинби? – деди өмүрүндө мылтыкты биринчи жолу колуна алган уулу.

- Куру дүрмөттүү мылтыкты мээлегенден пайда жок, ичинен ок чыкпайт дедим го. Тоо жаңырткан үнү гана бар мунун.

Уулу куру дүрмөттү “баң” эттирди. Катуу үн тоолорду жаңыртты, өз кулагы тунуп калды үндөн...

Ал колоттун тээ алыскы ылдыйында койлордун бирин коколоп жыгылган карт бөрү булоолонгон ысык канга жаш бөлтүрүктү кынык алдырып, аң уулоону үйрөтүп атты.

                                                                                     14.02.24

 

 

[1] Бөрү тоют – чала тойгондогу абал.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз