Кеңеш Жусупов: Рух – кудурети күчтүү адам менен коомдун ортосундагы кагылыш бардык кылымда кайталанып келген

  • 16.04.2024
  • 1223

Дүйнөнү интернет желелери каптап, илим,  техника өнүксө да  ар бир адам даанышман адамдардын нуска сөздөрүнө муктаж. Мындай сөздөр адамдын акылына акыл кошот, рухий жол көрсөткүч болот.

Кыргыз-акын жазуучуларынын чыгармаларын кунт коюп окуп жатып, алардын чыгармаларындагы  жылт эткен ойлорго, канаттуу сөздөргө  кептелдим, таасирлендим. Мындан улам ар бир жазуучунун чыгармаларындагы асыл ой берметтерин чыгарманын тулку боюнан сууруп чыгып, окурман журтуна санат ой санында жайылтуу салтын калыптандыргым келет.

Мына ошондуктан,  бул сапар Кыргыз эл жазуучусу, "Манас" орденинин ээси, агартуучу, тарыхчы, публицист Кеңеш Жусуповдун чыгармаларындагы нускалуу, ибарат сөздөрүн сунуштаймын. Жазуучунун ар бир нускалуу кеби сиздерди кайдыгер калтырбайт деген ойдомун.

Кеңеш Жусупов Нарын жериндеги Тянь-Шань районунун Эчки-Башы айылында 1937-жылы жарык дүйнөгө келген. Анын аңгеме, повесттери түрк, украин, өзбек, чех, орус, казак, татар, араб, француз тилдерине которулган.

АТА ЖУРТ

***

Ар бир адамдын айылы, Ата Журту эч бир элдикинен, кишиникинен кем эмес. Айылды, анан адамдарын таанып, сүйө албаган адамга Ата Журтту, улуу Мекенди баалап, сүйө алаарына шегим бар. Ошол айыл менен ата Журт дүйнөгө эң назик сөз менен айтууга татыктуу. Келгиле, ал сүйүүбүздү жашырбайлы, бир-бирибизге айтышалы. Ар бирибиздин сүйүүбүздөн Ата Журт, айылыбыз кооз болот, көркүнө келет, түрлөнөт, ажарланат, күчүнө толот.

***

“Эчки Башы” деген кокудагы жүз түтүндөн ашар-ашпас айыл. Анын узун бир көчөсү бар.

Менин биринчи бешигим, киндик каным тамган айылым. Ушул жерден менин ата журтум башталат.  Бул жерден бешиктин, эненин, бир ууч топурактын кадыр-баркын түшүндүм. Ошол жерден бой жетип, башка жакка жөнөрдө бир ууч топурак ала келгемин. Аны алып жүрөм. Карап коём. Андан тоонун шар суусун, шылдыр акканын, жазгы жамгырдын добушун, чагылгандын түшүшүн, алда кайдан тоонун жаңырыгын угамын, жол боюндагы чөптүн жытын сезем...

***

Ар адам киндик каны тамган айылын кантип аздектебесин. Деги ким эле болсун, тирүү пенде болгон соң, өз айылын эч сүрөткер таба элек боёк менен келиштирип кооздоп тарткысы, жүрөк жарган ыр арнагысы, булбул үнүндөй назик обон чыгаргысы келип, ага болгон ысык ыкыбалын өчүрбөй өтсөм дээр.

***

Айыл бизди мобул чоң дүйнөгө аманат алып келип, бөпөлөп чоңойткон жылуу уябыз. Ал уя эмне деген эл мээнетинен, көз жашынан, эмгек, сүйүүсүнөн жаралбады. Эмне деген намыс, сыймык менен курулбады.

***

Тууган жерди киши чанып таштап кете албайт. Жаман жер жок дүйнөдө...

***

Туулган жерди сагынган кумар көз өткөнчө таркабайт окшойт. Ал эч бир  сөз, үн, боёк, күү менен жеткире албаган адамды ээрчиткен аян – чакырык белем.

***

О, менин касиеттүү жерим! Мени мынча эмне сагынтасың? Мен сенден эч жакка качып деле кете албайм го! Менин мазар жерим, эне сыяктуу ак сүтүңдү бербедиңби, кантип аныңды унутайын!..

А, журт! Дүйнөдө мен эки гана жытты: эненин жыты менен жердин жытын жаземдебей билем. Менин карманаар туум, таянар тоом, чынар багым. Айткылачы, силердин акыбетиңиздерден качан кутуламын. Акыбетиңди кайтара алар бекенмин!..

О, менин жүрөгүм, чарчабас дулдул комузум! Эне менен жерди бийик көтөрүп, аны таза кармайлы, баркын билели!..

***

Өз айылың, сени улуу чоң дүйнөгө аманат учуруп чыгарган жылуу уяң эмеспи. Ал уя деген эне мээнетинен, көз жашынан, эмгек сүйүүсүнөн бүтпөдү! Ага эмне деген асыл каухар төшөлбөдү! Эмне деген намыс, сыймык менен жасалбады!

Эгерде биз ата журт мекендеп келген ыйык уябызды унутсак, аны уулу сыңары коргой албасак, бийик кармай албасак, качан биз аларга сүйүүбүздү билдире албасак, анда бизге адам болуп жашап жүргөнүбүз кайсы! Анда мээрман эненин эмгеги талаага кетпейби! Эне кургур диркиреп ийип агып берген ак сүтүнөн кечпей коёт го! Мындан артык кыргызга каргыш барбы?!

***

Акылымда, китепти куттуу үйгө салыштырдым. Ошо чакан, ыйык үйгө киргим, түнөгүм келет. Кайсы бирлери мени жашытат, жашартат. Жылуу, жыргал. Береке табам. Кайсы бирлери мени ичиркентет. Бетке суу себет. Кайсы бирлеринин төбөсү жыртык, аңгырап суу өтөт, кабыргаңды тешет.

***

Ысык – Көл сүт көл, эненин ак сүтүндөй, Ага акарат кылгандын жазасы – мерт.

***

Эне-атага жасаган жакшылыгың, эмгегиң, эрдигиңди сен соодалашпагандай, Мекенге да акыбетсиз милдетти өтөө керек. Акыры кайгы чегип, мээнет тартып, ак дил менен жасаган ишиң, кыйналган эмгегиң баркталат белем.

***

Бала кездеги кайгылуу жомок улгайсаң да эстен кетпейт окшойт.

ТАРЫХ

***

Тарых – жер астындагы уюган алтындай табылгыс, катылган кымбат мурас. Ал бир эле адамдын өмүрүн эмес, бир нече муундун эмгегин, өмүрүн талап кылары шексиз.

***

Ар бир муун коом алдында өз рухий ийгилигин жаратат. Муун ортосунда өтмөлүк болот. Эси бар атуул башына түшкөн, пешенесине жазылган парзын ойлонот. Муун алдындагы жоопкерчиликти сезет. Биз мурункулардын калтырган мурасын кандай асырадык, кандай урунуп-пайдаландык, керезин аткардыкпы? – дегендей суроолорго тирүү кезибизде Теңир, өткөн бабалардын арбагы алдында, коом алдында, журт алдында жооп берүүгө милдеттүүбүз.

***

Тарыхы жана рухий маданияты жок эл – эл боло албайт, ансыз айбанаттын кейпин кийип калат.

***

Чыныгы атуул өзүнөн мурда эң оболу элдин, улуттун тагдырына күйүп, намыс менен келечекти ойлош керек.

***

Эгерде бүгүнкүнүн жана эртеңкинин курамын коргоймун, бактылуу жашайм десең, кечээкини, өткөндү  билүүгө тийишсиң. Биз өткөндү канчалык мыкты билсек, ошончолук билимибиз артат, өзүбүздү түшүнөбүз, тарбиялайбыз, тереңдейбиз, күрөшө алабыз! Биз алардан кол жуусак куураган талдай серейебиз, тамырыбызга доо кетет. Чын тарыхты өзүң издеп тапсаң, билимиң жугумдуу, терең болот. Эсиңде болсун: “Эскини билсең, жаңыга умтуласың, өткөндү туйсаң эртеңкиге жолуң ачылат, азыркыдан артта калбайсың” деген эмеспи илгеркилер. Ушул накылдын учун уласак, биз: “Кыргыздар байыркы элбиз жана бай оозеки чыгармаларыбыз бар” – деп корстон болуп жүргөнүбүз менен, али да тарыхыбызды изилдеп, мурасыбызды асырап-жыйнап, басмадан ыраттуу чыгарып, илимий деңгээлде изилдеп, рухий дүйнөбүздүн куту катары асырай элекпиз.

***

Кайсы бирөөлөр башка элдин маданиятын олжолоо менен жасалма барк күтүүнү, бөлөктөргө байыркы маданияты бар эл сыяктуу көрүнгүсү келет окшойт. Анткенде элдин улуулугу, нарктуу маданияттуулугу же рухий зоболосу көрүнбөйт, кайрадан ошол элдин аброюна шек келтирерин, салака болорун тарых айдан ачык көрсөтүп коёт.

***

Тарыхка көз салсаң, кайсы доорду алба, кайсы өлкөнү эстебе күчтүүмүн деп турганда ордосу чабылган, адамдары кырылган дүйнөсү таланган. Ал эми маданияты аман калган. Кейпи адамдын рухий дүйнөсү, анын маданияты оттон да күчтүү жеңилбес касиет экен, түбөлүктүү экен. Маданият бир эле адамга же урууга, элге коюлган эстелик эмес, жалпы адамзатка коюлган мурас-керез турбайбы!

***

Эзелтеден элдик оозеки санжырадан, “түбүбүз түрктөн” деген сөздү укканбыз. Мындай сөз элдик оозеки чыгармаларда да кездешет. А тургай кытай жазмаларындагы аңызда түрктөр менен кыргыздар уялаш делет. Тарыхка чындап караганда, Түрк кагандыгына чейин эле, биздин заманга чейинки эле доордо кыргыздын мамлекети болгонун небакы кытай жазмалары дапдаана айтып отурбайбы! Баамыбызда, көчмөндөрдүн түрк деп аталышы кийин, эң эрте болгондо IV – V кылымдарды камтыйт. А кыргыздар түрктөргө чейин эле 755 жыл мурун аты аталып, тили сүйлөнүп, ханы шайланып келген. “Түрк” деген ат кытайлардын жазмасында 546- жылы гана эскерилет. Андай болсо, башка көчмөн элдердин түрк деп аталышы, тилдеринин түрк тили деп аталышы божомол, жаңылыштыкта келаткандай сезилет. Кейпи, Борбордук Азияда түрктөр бийликке кеч келсе да, далай жыл бийликте туруп, үстөмдүгүн жасап, башкалардын жакшылыгын ойрондоп, атын да, тилин да түбөлүккө калтыргысы келген окшойт. Ошол түрк ооматын көчмөн элдердин тарыхын жакшы билбеген саякатчылар, тарыхчылар жана изилдөөчүлөр колдоп кеткен сыяктуу. Совет доорунун окумуштуулары да ушул оңой жолго түшкөн белем. Мен бул жерде түрк тилинин ордуна кыргыз тилин атап коёюн деген жерим жок. Түрк элине, рухий маданиятына ызаатым бар. Мен тарыхчылар менен да, тилчилер менен да жаатташпайм да, талашпайм. Болгону, өз жеке оюмду айткым келди. Тарыхты тактап алсак, атаганат, ар бирибиздин парзыбыз эмеспи.

***

Эл – көл, жоголбойт. Арабдын тарыхчылары: “Кыргыздар Моголстан токоюнун арыстандары” деп бекеринен атаган эместир.

***

Кээде ар кайсы өлкөлөрдөн байыркы шаарлардын, архитектуралык эстеликтердин эң эски урандыларын көргөндө эмнегедир Энесайдагы биздин таланттуу бабалардын өмүрү, тагдыры эске түшөт. Алар биздин рухий дүйнөбүздү куруп кетти, а өздөрүнүн өмүрү кийин байыркы шаарлардын урандылары сыяктуу кыйракандап чачылып калды. Мезгилдин чаңына бастырып ийгенбиз.

***

Энесайдагы эзелки кыргыздардын таш эстелигиндеги мобул жазууну ким чеккени, же кимге арналганы белгисиз. А бирок бабалардын эң акылманы жолдон өткөн жолоочуга, өзүнүн кийинки тукумуна, урпактарга калтырган улуу чакырыгы, түбөлүккө кагып турган коңгуроосу болсо керек:

“Бирикпей өткөн тарыхты,

Бирдикте кыргыз билип ал.

Өскөнүңдү жөлөп ал,

Өлгөнүңдү төлөп ал!”

***

Жаныбек хан (XIV к.) жортуулдан олжо менен кайтып, конушуна көңүлдүү келатат. Эл ичинде Жээренче чечен бар экен. Аңгыча кабар келип калат. Жээренче чечендин аялы жайма-жай отуруп эле мүрт кетет. Муну аксакалдар Жээренче чеченге сөз менен жибитип угузалы дешет. Айылдын сөзмөр карысы Жээренче чеченге сөз катат:

- Чеченим, бизге сүйлөй отуруңуз, бул дүйнөдө үчөө: агымы катуу суу өлбөйт, аскасы бийик тоо өлбөйт, ыйык Күн өлбөйт дешет, ушу чынбы?

-  Алар да өлөт. Кычырап кыш келип, борошолоп кар жааса, тоонун башын ак басса, анда олбөгөндө не болду. Асманды кара булут басып, жерге жылуулук бербесе Күн өлбөгөндө не болду.

- Э, чеченим, адамдарга келсек, атасы өлгөн не болот?

- Атасы өлгөндүн аскар-зоосу кулаган менен тең. Сакалын жайкалтып, көңүл чөксө дем берип, нуска сөзүн жобуратып төрүңдө отурса, аскар-зоо эмеспи.

- Энеси өлгөн не болот?

- Энеси өлгөндүн элин жоо чапкан менен тең.

- Баласы өлгөн не болот?

- Өзөгүн өрт алган менен тең. Өзөгүң өрттөнгөнү, очогуңдун өчкөнү.

- Ал эми катын өлгөн не болот?

- Ат-та! Катыным өлгөн экен. Карыганда кууратып төрт баш, бир жаздыкка жатып калган экенбиз,- деп Жээренче чечен тунжурай тушүп, кайра чыйралат. Сөзүңө жооп айтайын, элде “катын өлсө камчы сап сынгандай” деген сөз бар. Катыны өлгөн адам ат үстүндө камчысын таянып өкүрсө сабы сыныптыр. Аял эрдин учса канаты, консо куйругу. Атасы өлсө жетим дейт, баласы өлсө как баш дейт, катыны өлсө жесир – дейт. Жесирликти эркекке карыганда бербесин.

Эл тунжурай түшөт.

Баягы карыя сөзгө келет.

- Чеченим, карыганда кууратып төрт баш бир жаздыкта жатып калган экенбиз дегениңизге түшүнбөдүк.

- Менин жашым бул, мага эми кыз алып бермек белеңер, эри өлгөн жесирди табасыңар. Мен өлгөн катынымды эстеп, тиги өлгөн эрин эстеп бир жаздыкта төрт баш жатпаганда не болдук.

***

Элдин маданиятын унутпаган улуттун келечеги кең, суру (духу) күчтүү, өмүрү узак болорун баба тарыхы какшап айтып турбайбы!

***

Тарых бир эле өткөндүн кабары, баяны гана эмес, урпактарга калган улуу нуска-ибарат. Тарых баяны арттан чыккан үн эмес, алдыдагы жаңырык, улам кийинкиге кайрылган чакырык.

***

Эскерүүнү адамдар картайганда жазышат деп айтышат. Мен Армения жөнүндөгү эскерүүмдү эскирткен жокмун. Армения, аны эскерүү мени кайра жашартты, кубат-дем берди.

***

Керез – бу тирүүлүктөн коштошуп бараткандагы адамдын эң акыркы улуу сөзү. Ошондо адам тирүүлүктүн соңку сөзүн сүйлөп калат.

***

Совет доорундагы эң жаңылыш саясат -  боордош элдерди бөлүп- жаргандыгы, алардын тарыхын бурмалагандыгы жана маданиятын басмырлаганы болду.

***

Бүгүнкү кундө өткөндөгү таланттарга жана алардын көркөм мурастарына кылдат, түз баа берип, акыйкаттыктын ажарын ачып алууга милдеттүүбүз.

***

Өзүн кем-кем урматтаган, өнүгүп-өсүп маданияттуумун деп дымак күткөн ар бир эл адеп түп тарыхын жакшы билет. Ата тарыхын кадырлабаган адамдын тагдыры армандуу, эли шорлуу, келечеги жок, канатынан айрылган куш сыяктуу.

***

Азыркы күндөгү табылып жаткан баалуу эски кол жазма менен китептер – элдин улуттук маданиятынын эстелиги экенин коомчулугубуз эми түшүнүп калды. Өткөн тарыхты билбеген, эскини сыйлабаган адам бүгүнкүнү жана келечекти баалай да албайт.

***

Ата-бабаларыбыздын ар биринде жазылбай калган канча арман-насааттар, кошок-керездер мезгил деңизине чөгүп кетти.

***

Ар бир айылда атагы небере-чөбөрөлөргө калчу кишилер болот го. Алар жөнүндө китептер жазылбайт. Алар жөнүндө жакшы сөз калат. Тарыхта аты чыкпаса да, ар бир адам пендечилигине ыйгарылган улуу тиричиликтеги кичинекей көз ачып жумганча жылт эткен өмүрүн, бир гана өзү жашап, бир гана керт башын ойлобой, көбүн башкалар үчүн, жалпы эле адамгерчиликке, тиричиликтин таза, сулуу болушуна жумшайт турбайбы!

***

“Колдо бар алтындын баркы жок”. Өз киши көрүп баалабайт турбайбызбы!

***

Бабалардын башынан өткөн кайгы- муңу баары бир эч качан унутулбайт экен. Урпактар аны унутууга акысы жок. Сен эстебесең да аны арбактар эскертип турат белем. Акыры өзүң улгайганда, досуң, тууганың, балаң менен ой бөлүшөт экенсиң.

***

Бабалардын тагдыры жана керээз сөздөрү улуу тоо башына түбөлүк илинген жылаажын-коңгуроо. Аны уккан ар бир кыргыз баласы эмне иш жасадым деп ойлонууга тийиш. Өткөн бабалардын тагдыры, тарыхы, накылы кийинкилерди түзөп – тарбиялайт, тазартат, намыстантат, ата уулу болууга үндөйт. Бабалардын тарыхын билбегендин тамыры үзүлгөн даракка окшош.

***

Тарыхтагы кара такты, өткөндү, чындыкты эч ким өчүрүп салууга  акысы жок, өчүрө да албайт.

***

Эл тарыхын, өткөндү билген адамдын акылы нускалуу, ою курч, өмүрү күрөшчүл болот экен.

***

Адам мезгилди тандап албайт, тескерисинче, мезгил адамды тандап, сынынан өткөрөт, тарбиялайт.

***

Тарых бир эле өткөндүн окуясы эмес, урпактарга калган улуу нуска- ибарат. Тарых баяны арттан чыккан үн эмес, алдыдагы жаңырык, улам кийинкиге жеткен чакырык.

***

Эстелик – ата мурас керемети, чеке тери, көз жашы. Ата Журттун дубалап калтырган өмүр – жашы. Артка калган керээзи.

***

Элдин тарыхы – деген санжыра, элдин намысы, маданияты, мурасы.

***

Жол тарыхы – эл тарыхы.

***

Өткөнү болбогон элдин өзү бечара.

***

Кечээги күн бүгүнкүгө сабак болгон сыңары, өткөн тарыхтын жоругу бүгүнкүгө таалими тиет, аны билүү керек деген сөзүндө калет жок. Бүгүнкү күндүн ташыган ырыскысын сезип, баалаш үчүн кечээги кайгылуу тарыхтын баянын сүрө билиш керек да. Өткөн күн ошол ачуу чындыгы, кара мүртөздүгү, зомбулугу менен кийинкилерге сабак болор.

***

Өзүбүздөн ой, идея чыкпаса эле башкалардыкын теңине албай, жактырбай, укмаксанга сала берип же башкача, теңирден тескери жоруйт окшойбуз. Өзүбүздүн мажестигибиз, маңыроочулугубуз ушунда жатабы дейм. Ой, идеяны кыйынсынып же пайда табыш үчүн айтпайсың, ал учурдун муктаждыгы, зарылдыгы. Кеп аткарышта, бийлик колдо барлар, улутка күйгөндөр калк үчүн пайдалуу ой экендигин билген соң, аны ишке ашырып коюш парзы, экинчиден маданияттуулугу, атуулдугу эмеспи. Эл дегенде тик тургандын башаты ушунда эмеспи.

***

Арман, насаат жана керээз ээн жерге, укпаганга айтылып калбаш керек. Арман тирүүлөргө чакырык. Анын колундагы коңгуроосу. Чакырык артта калбасын, анда биз өзүбүздү жоготобуз. Чакырык алдыда жүргөндө гана өмүрүбүз узарат, тирүүлүктүн баркын, өзүбүздүн ким экендигибизди сезебиз.

***

Эскерүү жазышка сөзсүз үлкөн окуя: коога, же тополоң баштан кечириш керекпи? Жашоодо ар бир күндүн, айдын, жылдын биз билип-билбеген, сезип-сезбеген ырыскысы, машакаты, купуя сыры, шааниси мол эмеспи. Кечеки күн оболкунун уландысы, бүгүнкү эртеңки тирүүлүктүн, окуянын, жашоонун уландысы. Ар бир күндө канчалык мээнет-мээрим, оомат, кубаныч-кайгы жымырылып өтөт.

***

Ичибизден ойлойбуз, кыргыз болгон соң, тилибиз жоголбой жашай берет деп токпейилбиз. А бирок кыргыз тилинин азыркы абалы суу жетпеген дарттуу даракка окшош.

ЖАШОО МАҢЫЗЫ

***

Мезгил сапарынан түк айныбайт тура. Анда улуу тирүүлүк алдында өмүрдү эмне менен өлчөсө болот? Өмүр баркы сааттын жебесинин кагышы менен өлчөнөбү же күндүн чыгып-батышы мененби? Же адамдын өмүрү, кайгысы, кубанычы менен же аң-сезимдүү, бактылуу жашоосунун кунубу? Эскерүү жылды жашартып турабы же эскерүүдөн улам жылдын өткөнүн билесиңби?..

***

Жеңил-желпи табылган ой сенин өмүрүңө жугуму жок болот, жүрөгүңө уюбай, жел сыяктуу эсиңден чыгып кетет. Ал эми өзүң тапкан чындык, аны жаңыча ачканың, жүрөгүңдөн айтып ага ынанганың – бул сенин турмушуңдагы табылган, алтын казынаң, олжоң, жашооңдун максаты. Мына ушул үчүн жашаса болот.

***

Өмүр – жеке кара башың үчүн жашап өтүүгө берилбейт. Сен бу жашоодо таза ойлоп, ак иштеп жана рухий эмгек, мурас калтырсаң, өмүрүң текке кетпейт экен.

***

Өмүр – дегениң сымап сымал жылт этме көз ирмем, колдон төгүлсө учу- кыйыры жок, үзүрү жок тура.

***

Өткөн өмүр – аккан суу.

***

Өмүр – булак. Өмүр – чагылган. Өмүр – аккан суу. Өмүр – осуят. Өмүр – акыл.

***

Чет жерде бир күн түнөсөң, ал  -сенин өмүрүң, өмүрүңдүн бир бүртүк үзүндүсү. Кээде кыска күндүн да айга, жылга тете узак өмүрү катылуу болот экен.

***

Жакшы картайып, аруу жашап өтүш – бул жыргал да, сынак да жана татаал экендигин сезип, баштан өткөрүп турган кезек.

***

Карылык бул үлгү, сабак жана тирүүлүк жолунун мурасы.

***

Улуу адамдар аккан сууну бекеринен өмүргө теңебеген чыгар.

***

Адамдын жашоосунун негизги максаты ушу – өзүн таанып – тарбиялоо жана рухий, дене жагынан тазалануу.

***

Тилексиз өмүр караңгы. Адал тилектин, чын ниеттин, ак батанын, терең сүкүттүн, чын сыйынуунун, тобокел каниеттин, а тургай кара каргыштын да карандай күчү болот.

***

Тирүүлүктө жашооңду жомоктогудай кооз жасаш, жашаш өзүңдөн.

***

Өзүңдү көзүң менен жашай, көрө билүүгө мажбурлоого тийишсиң.

***

... Бу тирүүлүктө, чыгармачылыктын узак жолунда  сапар тарткан куштарга окшоп бирге баратканда сырдаш, ынак курбу, достордон айырбасын.

***

Быйыл да эптеп жазга жеткен экемин дейм, далбас уруп...

Жаз менин өмүрүмдүн өлчөмү, чени, кыл чокусу.

 Бул дүйнөгө келгеним жаз. А дүйнө кетерим да жаз белем...

***

Деле өмүрдүн да, сулуулуктун да, өң – түстүн да, келме-кезектүүлөрдүн күлгүн кези, закымдап учкан мезгили биз үчүн сонун көрүнөт турбайбы!..

***

Бул дүйнөдө биз тирүүлүктү калтырабыз. Өлүктү кошо ала кетебиз. Биз бул дүйнөгө жарыкты ээрчите келип, аны жарыкка кошуп, караңгылыкты тиги дүйнөгө кошо ала кетебиз.

***

Тулпарлардын туягы адамдын башын чыркырата басса да, эч качан анын көңүлүн тепсеп кетпес. Кылычтар адамдардын башын сары чөптөй шыпырса да, жаанын учу жүрөктү тешсе да, адамдын сүйүүсүн, кыялын соолто чукуп салбас. Бул өрөөнгө адам курсагына жут түшөөр, жаш көңүлгө түк жут түшпөс. Оу, суу соолуп, тулпар туягы талыр, жаанын, кылычтын күчү кайтаар, акыры адам көңүлү карыбас, өлбөс!..

***

Жүрөгүндө от күйгөн адам ак жолдон адашпас. Канчалык кыйналса ошончолук адам турмуштун баркын билет.

***

Эртеңки күн эмне экенин билесиңби? Бүгүнкүдөн башка. Кайталанбайт. Кооз да, сулуу да... жашагың эле келет. Эртеңки күн үчүн өзүңдүн коркоктугуңду, жамандыгыңды жеңе бил. Эртеңки күн үчүн дилгир өзөгүңдү бил!

***

Адам башына оор күн түшкөндө өмүрүндөгү жакшылык кылган, ынак адамдарды эстеп, ошолор менен кээде оюңда сүйлөшөсүң да, ошого таяныч катары сезип өзүңдү, канат-бутак боло жашагың келет.

***

Деги чоң кишилер балдарга капа болгонун айта жүрүшпөйбү?! Өзүлөрү гана эмес, балдарды да беймазага салышканына акылы жетишпейби! Чоң кишилердин көңүлдөрү ачык турганда гана алардан мыкты киши жок, балдарга ушунчалык жылуу сөздөр менен жалынышат. Ал эми колдорунан келишсе, чоң кишилер капа болгонун, орой кыялдарын балдарга көрсөтпөй эле коюшса. Ушул, бир менен бирди кошкондой опоңой нерсе эмеспи...

***

Жалгыздыкты баштан кечирген адам чыйрак болуп, жашоо, турмуш, эрдик, эркиндик, өлүм, сүйүү жөнүндө ойлонот. Адам жалгыздыкты билбесе биримдикти кайдан сезмек? Айрыкча өнөр, адабияттын таржымалында адам бийиктикке жеке түйшүгү менен гана жете алат. Мен адамды коомдон бөлүп айткан жокмун.

Таланттуу адам өмүрдү бекер өткөрбөй, жеринен каражанына камчы уруп, бел бууп, мээнетти өз башынан кечирип, көксөгөнүн сая кууп, эмгек өтөйт, бийик ой - сезимге умтулат, жаңылыкты, сулуулукту ачат. Муну жалгыз өзүң гана жасайсың. Ушуну айтам.

***

Мезгил бизге улуу сабак, таалим берген устат деп коёбуз. Биз үчүн мезгилдин кымбаттыгы – адам өзүн таанып-туйгандыгында, ачкандыгында болуп жүрбөсүн?!

***

Береги менин жазылбай калган алты сап ырым:

Ар бир жаңы жаз, биринчи жана соңку, эски жаз. Ал ошол кооздугу, керемети менен экинчи кайталанбайт. Ар бир бүгүнкү жаш күн, биринчи жана акыркы картаң күн. Ар бир эмики саат, биринчи жана акыркы, житкен саат. Көз ачып жумганча өзгөрүп, жаңырып турат. Алардын бири – бирине окшобогон сулуулугу, кубулушу, сыры бар.

***

Адам мезгилди тандап албайт, тескерисинче, мезгил адамды тандап, сынынан өткөрөт, жышып тарбиялайт.

***

Жакшы адамдын өмүрү – чагылган сыяктуу, өзүн мерт кылып, жашоого, тирүүлүккө, адамдарга бир жарк этип алат.

АДАМ ЖАРАТУУЧУ

***

Саякатка чыккан адам, барган жагынын кооздугуна гана таңкалып кайтпастан, ал сабак алып кайтуу керек, деле бөлөк жерден жолоочу өзү үчүн жаңылык ачыш керек.

***

Менимче, ар элди, ар жерди, ар тагдырды, ар көз жашты адам өзүнүн акыл-эси менен ача алса керек. Сенин тагдырыңа тийген ырыскынын, үлүштүн, шыбаганын ачуу-татуусун сен гана билесиң.

***

“Жаман адам кайсы улуттан болсо да бүткүл адамзаттын үлүшүнө, кусуруна, бактысына кымындай болсо да шек келтирет, бактысын тайытат, бери жерин кемитет”.

Билбейм, бул сөздү Армяндардан уктумбу же окудумбу, эсимде жок. Бирөөлөрдүкү болсо кечирип койсун! Кантсе да, ар ким там бере турган ак сөз эмеспи!

***

Адам жараткан сулуулуктун теребелинде жандыктар да, чөп да, булут да ажайып, кереметтүү, ыйык көрүнүп кетет белем. Сулуулук кайра адамдын өзүн суктандырып, көңүлүн көккө желпип, күнөөсүнөн арылтып, дилиндеги карасын жууп, түйшүгүнөн куткарып, ниетин тазартат экен...

***

Өнүккөн элдин адамы адегенде элдин камын, намысын ойлонуп, керт башынын кызыкчылыгын кийинкиге калтырат экен.

***

Тирүү пенденин ырахаты, сар-санаасы, дити сулуулукта: суунун шарында, желдин шуулдашында. Өзүн улуу табияттын кыбыраган бир жандыгы сыңары адам сулуулуктун ажарын ачып, аны толуктап, көрк берип, кооздоп турат...

***

Акылы жеткен идиреги бар билимдүү адам өз элинин маданий байлыгын ардактап, дагы кооздоп, дагы да ачуу керек. Ошол элибиздин байлыгы эскирбесин, унутулбасын, кайрадан жаңы боёк менен жаңырсын.

***

А көрсө, чоң адамдын балача сүйлөгөнү анын апендилиги же акылсыздыгы эмес экен, чоң кишилерден дүйнөнү кооз көрө билгендиги, кечиримдүү болгондугу, акылмандыгы тура. Буга узак да, улуу жолго түйшүккө адам жалгыз өзү жете алат дешет.

***

Адам жан-жаныбарды, бир тал чөптү аяса, анда жалпы тирүүлүктү да, адамды да аяйт, жашоонун баркын билет. Андай адамдар дүйнөгө таза, адил, сезимтал, боорукер, акылман болот.

***

Жаш адамдын өмүрү – ошол муундун өмүрү. Бир адамдын тагдыры – журт тагдыры – деген сөз бар эл ичинде.

***

Магдырап, тынчып калган жерде өсүш болбойт. Азыркы жаш адамга өзүнүн кара курсагы үчүн кам көрүү, ошого чектелүү – биздин турмушка жат.

***

Адам деген чылкый акча, сөөлөт-даража, дүр-дүйнө менен бактылуу эмес. Адам чыныгы адил, жөнөкөй жашоосу, бар рухий дүйнөсү, таза сүйүүсү, эмгегинин үзүрү, үй-бүлөсү, коому, адамдар менен бактылуу, ошолордон баар табат, ырахат алат.

***

Кээде пенделик кылып адамзат тарыхынан да ойлоно кетсек: кайсы бир улуу адамдын чагылгандай жарк дей түшкөн өмүрү ошол элдин, мезгилдин баркын, маданиятын, акыл-эсин бир азга болсо да жогору көтөрүп даңазалап, жаңылык ачып таштайт экен, а кийинкилер ошол адам аркылуу мезгилге баа берип калат тура.

***

Пенде болгон соң өзүнүн задисинен, пейлин, нысабын, адебин тыйып, жеринен оңосо, анда, жаман адам болбойт. Төбөсүнөн уруп, ошолору алкын бузуп ийип атышпайбы! Жерге, элге жакын эле адамдын иши да, өзү да, алга жылат. Кеп өзүнөн.

***

Деле ишиңдин өтөсүнө чыгам, татына сулуулукту, жаңыны жаратам десең, жан жыргатаар рахаттын далайынан кечип өлөрмандана иштеш керек белем.

***

Табияттын бирөөлөр этибар албаган майда көрүнүшүнөн, кубулушунан үзбөй кубаныч таба алган, андай ырахатты узарткан, дайыма сүйүнүп жүргөн адам кандай бактылуу!

***

Акылмандар сөзүнө ишенсек: дити кара, дити бузук, ичи тар, дүйнөкор, ач көз, өзүмчүл адамдар табияттын сулуулугун ажыратып көрө албайт, кичинекей тамчынын кумарын сезе алышпайт, жамгыр шапатасынан сулуулукту көргөн, кубанычты туя биле алган адамды кайра мазактап күлүшөт, аны душманындай көршөт.

Мобул икая эсте болсун, тууган: жазгы тамчыга жетине албай сүйүнгөн адамдын душманы болбойт.

***

Кут, бак даарыган баба-тек ичинде ар мезгилде чынар терек сыяктуу тамыры жайылган касиеттүү инсандар болот окшойт. Алар өздөрүнүн акылмандыгын, кудурет-күчүн, касиеттерин кийинкилерге ыйгарып турат белем, мага чоң энем ошондой сезилет.

***

Адамдын зор жеңиши – өзүн –өзү жеңген эрдиги тура.

***

Жүрөгүндө калпы, таш боорлугу, өзүмчүлдүгү, кайдыгерлигибар, жан дүйнөсү таза эмес адамдар гана ички дүйнөсүн элден жашырат.

***

Арийне эски салтты бузуу жүрөгүндө оту, муңу, кайгысы бар, дили таза таланттуу, билимдүү адамдардын гана колунан келет. Кайсы доорду албайлы, чыныгы акылы тунук, көрөгөч адамдар качан болсо да замандын агымын, кемтигин элден мурун туюп, турмуштун каардуу толкунун көкүрөгү менен биринчи тозот, жапаны ошолор биринчи чегет.

***

Рух – кудурети күчтүү адам менен коомдун ортосундагы кагылыш бардык кылымда кайталанып келген.

***

Чыныгы талант рухий жагынан, чындык, сулуулук, улуу идея, идеалдар үчүн күрөшчүл, эмгекчил болгон менен жеке тиричилик жашоосу да сезимтал, көпөлөктөй назик, таарынчаак, морт келет. Мындай адамдар дүйнөлүк адабиятта, маданият дүйнөсүндө өтө көп. Талант деген элдин рухий байлыгы. Өнүккөн эл аларды учурунда аяп, бапестеп коргоп алат.

***

Эгерде биз рухий дүйнөбүздү азыктанткан таланттарды сыйласак, баалай алсак, эстеп турсак, анда кыргыздын маңдайы жарык, кемтиги толук, аброю жерге түшпөй бийик болмок.

***

Өмүр дегениң адамзатка бекер гана дуулдап, бейопа жашап өтүүгө берилиптирби?

***

Мекенге кызмат кылуу үчүн  жеке эле асыл ою менен максатты көзөмөлдөөдөн мурда, элдин кыял мүдөөсүн жаңылантуу, жаңыча жашоого, ойго, маданиятка, өзгөрүшкө үндөө жана мээнеткеч болуу керек.

***

Жакшы адамдын өмүрү – чагылган сыяктуу, өзүн мерт кылып жашоого, тирүүлүккө, адамдарга бир жарк этип жанып алат.

***

Адамдын жакшылыгы бир кыйын иш башыңа түшүп турган кезде калыстык сөзүн айтып, ишине карата баа берип, же жаманчылыктан куткарып чыгарса, бул жакшылык эч качан унутулбайт.

***

Акылман, дүнүйө капар, сергек адамдар ичине сыр, чыр, ой, жамандык катпайт. Анын жүрөгү таза, дили таза, тапталган куштай элпек болот.

***

Айрыкча адамдын эмгеги көзү өткөндөн кийин бааланат экен, бу жалпы адамзатка тиешелүү жорукпу же кыргыздардын бешенесине жазганбы, так айткандан айбыгамын.

***

Адам кыйынчылыкта сыналат белем. Анан да зээндүү адамды азап- тозок чыйралтат көрүнөт.

***

“Эй, кыргызбайлар, сөз тыңшабай, акылга кирбей, чамынганды качан коёсуңар! Кара курсак тоёр, акыл, билим, маданиятка умтул! Өзүңө ишен! Сенин оозуңа башкалар талкан салып бербейт! Ойлон!” деген Салижан Жигитовдун насааты жетишпей жаткансыйт.

***

Тирүү адам башкаларга зыян келтирбей, алдабай, акыл менен жол таап, эмгегин, өз күчүн, мүмкүнчүлүгүн колдон келишинче пайдалануу керек. Эмгегиңди ошондо гана кийинкилер баалайт.  Сага башкалар жолтоо кылууга, шылдындоого, коркутууга, уурдоого, басмырлоого акысы жок.

***

Адам баласы өмүр бою жаш – карысына карабай өзүн чыйралтып, тарбиялап, рухий жактан өстүрүп өтүү керек белем.

***

Адам баласы түбөлүктүү табияттын бир кыпыны. Ал жалаң дене тулкусу гана эмес, акыл туюмун иштеткен жандык. Ал кара курсак үчүн эмес, акылы, сезими менен жашайт.

***

Өзүн тааныган адам – кудайды да тааныйт дейт ыйык китептерде. Ал эми сага жол көрсөткөндөр болот, ал эми жолду өзүң басып өтүшүң керек.

***

Рухий дүйнөсү кенен кесир болгон адамдын алган арышы, сүйүүсү кенен болот.

***

Эрдик деген – адамдын ички жан дүйнөсүнүн нравалык адебинин жыйынтыгы. Анын тирүүчүлүккө болгон сүйүүсү.

***

Эрдик деген жөнөкөй болот. Ар бир улуу муундун өмүрүндө жомок, эрдик бар.

***

Уулуң жакшы болсо, көңүл чырагы.

***

Карылык башка келгенде көзү өткөн карыялардай нарктуу карып, салабаттуу, үлгү болор өмүр сүрүп жатабызбы деп өзүмчө убайым тартам.

Бакыт – өмүрүңдү, эмгегиңди элиңе арноо.

***

Тирүүлүктө кокусунан куру жолугушуу болбойт дегенге небактан бери ишенип келем.

***

Кыргыз интеллигенциясы али да башка өнүккөн элдердей адам баркын, эмгегин баалай келгенде  түркөйлүгүбүздөн али да арттабыз.

***

Жаш өткөн сайын достор, теңтуштар азаят экен. Ыраматылык жазуучум Түгөлбай Сыдыкбековдун: “Улгайганда досторум азайды” – деп кейигенин кийин түшүндүм.

ЭНЕ жана ТОО

***

Тирүүлүккө жан берип, дүйнөгө боорукерликти, жакшылыкты, мээрмандыкты, ыйыкты жараткан ушулар, энелер мээрими.

***

Кээде моминтип өкүнөмүн: мага сүрөтчүлүк кудурет бүтсө эмне?! Андай касиет шыбагама тийсе, эң оболу тоолорду эч ким көрө да элек, таба да элек боёктор менен тартаар элем. Бар эмеспи... тоолорду көтөрүп, эл алдынан өтмөкмүн. Сиздерге тоолор мобу болот, жыргалы-кууралы мобул, тоолорду сылап, таптап көргүлөчү деп карматпас белем?!

***

Тоолуктар “ак” деген сөздү жандарындай көрүшөт. Алар жеринен ак кийишкен: ак кемантай, ак калпак, ак олпок, бул дүйнөдөн көз жумган адамга да ак кепин орошот...

Комуздун капкагы да ак... Ичкени да ак...

Өмүрүн, жашоосун, дитин, ак тилегин ак кылгысы келишет бейм. Өмүр ак болсо дейт көрүнбөйбү ак пейилинде.

***

Жаштыгымды эстесем: бирден бир ырахатым – тоодон таш кулатуу экен. Мал-жан жок ээн коктучаларга барчубуз. Бет ылдый таштарды жарыштырчубуз. Таштар күүлөнгөндө чимирилип, көз кумарын кандырчу.

***

Тоо карамыктап жашашкан адамдар кыялкеч, таланттуу, ички дүйнөсү таза, ой – санаасы ачык, боорукер, намыскөй, сабырдуу, жоокер, кең пейил, ишенимдүү келишет.

***

Алыскы сапарда жүргөндө, сыркоолоп, канатын кырккан куштай болгондо эки нерсе мурда куса кылат:

АПАМ жана ТОО!

Менин эки кыбылам!

***

Отуруп ай-ааламга айран кала карайм.

Демим буулукту. Энтигем. Учуп кетчүдөй оп сором абаны. Улутунам...

Тоо толкуп жатат... Улуу аалам толкуну...

Чубалжыган зор көч...

Жердин канаты...

Улуу сулуулук – дүйнө декорациясы...

Мен өпкөлөп ыйлап жатамын...

Эмнеге шолоктоп ыйлаганымды билбеймин... Сулуулуккабы? Тоонун улуулугунабы? Же кибиреген адам экендигиңеби? Алсыздыгыңданбы?

Мынчалык жыргап ыйлаган эмесмин. Эч жыргалым чак келбес буга. Неге ыйлаганыңы өзүң билбей ырахат алганымды биринчи курдай сездим... Колдон келсе, ошол жашымды түбөлүккө катырып коёр элем. Бир ыраазычылыгым ошол жашыл тоо койнуна көз жашым тамбадыбы! Мейличи!..

***

Тоо укмуштай сезгич. Жер үстүндөгү кыпындай жаңырыкка дирт эте денесин жыя чочулайт.

***

Тоонун жүрөгү бар.

***

Кайберендерди камакканадан көрүп, жан - алы калбай сүйүнгөн, суктанган адамдар да бар. Аларга боорум ачыйт. Кайберендердин тоодон элирип чуркаганын көрүшпөйт алар. Кап, кандай кереметтүү сулуулукту көрүүдөн куру калышкан.

***

Тоолор – улуу сахна. Биз билбеген, көрбөгөн канча трагедиялар, комедиялар коюлду. Тоодогу улуу трагедиялардын бири, мен үчүн Прометей азабы.

***

Тоо дагы өзүнүн денесине кайсы бир адамдардын кебетелерин чегип алат.

***

Тоо жансыз, тилсиз, жаткан топурак - таштын үйүндүсү дешет.

О, кантип эле?!

Тоодо удургуган улуу күч, улуу тиричиликчи!..

***

Тоолордун тартылуу күчү - эненин тартылуу күчүнө барабар.

***

Тоонун кылда чокусунда туруп, алдыдагы көгөргөн адырлуу тоолорду – сулуулуктун падышасына көз чаптырганда өзүңөр кантип эле кыңылдап ырдагыңар келбесин!

***

Энени улам өзүң картайган сайын түшүнүп, сүйүп, өзү жокто да, акыбетиңен, ак сүтүңөн кантип кутулар экенмин деп алыстан убаралана берем. Дайыма эсимден кетпеген апамдын ак чачтарын өөп, аны карап отурам. Анын чачтарынын көбүн мен агарттым го деп күнөөлүү сезем.

***

Тоонун көркөм сулуулук күчү гана эмес, түпкүсүнө каткан кубаттуу мистикалык терең сыры бар.

***

Тоолор - улуу сахна. Биз билбеген, көрбөгөн канча трагедиялар, комедиялар коюлду.

РУХИЙ МАДАНИЯТ

***

Ар бир элдин башка элдерден айырмаланган духу, өңү, жүрөгү бар. Элдин тапкан байлыгы эч качан унутулбайт. (Кокус, аны жоготкон элдин тагдыры кайгылуу эмеспи). Өткөн элдин маданияты анын духун өксүтпөй, тынымсыз кыймылдатып, күчкө келтирип, өнүгүп-өсүп, байытып, жаңы сапатка өсүшкө ээ болуп турат. Элдин маданияты деген уюткуну түзөт. Бул ар бир элдин маданияты бүткүл дүйнөлүк маданият деген чынар теректи өстүрөт.

***

“Манас” эпосу баатырдык эпос деп аталганы менен, аны акылмандыктын да эпосу деп атасак жарашкыдай касиет сүрү, суру бар. Анын ичинде уюган улуттук рухий кут жатат.

***

Рухи дүйнөсү таза бала ажайып дүйнөгө суктанып, аяп, аны кооз көрөт, чынчыл болот. Алар турмушту астыртан таанып, барган сайын көзү ачылып, ачуу-таттууну биле баштайт.

***

Ар кимдин жашыл аралы бар. Аны коргоо керек.

***

Рухий маданияттын тамыр байлап өсүшүнө, анын калыптанышына далай мезгил жана ыңгай керек. Рухий маданият эшиктен аккан суудай чууруп кирип келбейт. Маданиятка ошол мезгил оболу оңтой болуп жол ачса, ага шарт түзсө, эл камын көрсө, ынтызар болсо, ыклас койсо, ошондо гана ажары ачылып, өсүп-өнүгөт.

***

Рухий маданияттын уюткусу эл. Ал элдин өзүнүн теңир жалгаган касиети, талант-идиреги жана калктын мээрими, ички ой-ниетинин тазалыгы жана бейпилдиги, жан ачыган мээнети талап кылынат.  Борпон бош жерде, жалкоо колдо, кайдигер жашоодо, ага суу жетпесе маданият салаалап тамыр байлабайт, чынар теректей бажырап бүрдөбөйт.

***

Маданияты жок эл болбойт. Эл маданиятсыз узакка жашай албайт. Маданият элдин өмүрүнө тете.

***

Улуттук дүйнө тааным – улуттук рухтун кайнар булагы.

***

Биз сейрек асыл таланттарды, жакшыбызды баалай албасак, рухий дүйнөнүн кадырын баалабасак, ынтаа койбосок, кайдыгерликке улам ашмалтай боло берсек, анда өз шорубуз, акыры түбү ышпалдабыз чыгат, бирөөлөргө тилемчи болуп, көз караган кемпай, кор болобуз. Анда биздин ураан чакырыгыбыз, акылыбыздын жеткени – күнүмдүк жашоо, дүнүйө табуу, мансап, манчыркоо, ач көздүк болуп калат да, пейилибиз бузулуп,  кунубуз качып, акыл, маданият, ыйман, билим жана сулуулукту тезектей тепсей беребиз.

***

Рух, дээр өлбөйт дешет. Акыл да жоголбойт, өчпөйт дешет.

***

Ар бир инсан өз дооруна милдеттүү. Кайсы доордо жашабайлы, улуттук тарыхты, рухий маданиятты, салтты, мурасты унутпоого тийишпиз, аларды ардактоо, сактоо, үйрөнүү жана изилдөө керек. Дил, тил оозеки мурас, ырым – жырым, акылмандык бардык доордо болуп келген. Өлкө буларсыз өнүкпөйт, канчалык байысак деле аныбыз чөлгө курулган ак сарайдай болуп калат. Ар адам кайда иштебесин, кайда жүрбөсүн, улуттук рухий кутту, маданиятты сыйлап, асырай албаса, салтын сактабаса адегенде өзүнө зыян жана жалпы элдин ырыскысы – аброюна залалы тиет.

***

Азыркы заманда маданият эски деген адамдын өзүнүн рухий дүйнөсүнүн өспөгөнүн, эскиргенин кабарлайт. Улуттун маданияты эч качан эскирбейт, эл менен чогуу жашайт, толукталат, жаңыланат. Элге дем, кубат берет, колдоочу күч болот.

***

Маданияты, рухий мурасы жок эл болбойт. Эл маданиятсыз узакка жашай албайт.

***

Адамзат урунган маданият кош тармактуу болот: биринчиси -  материалдык маданият, экинчиси – руханий маданият. Эгерде адамдар, өлкө жалаң эле материалдык маданият деп кашайып бир жакты көксөп калса, кара курсак менен куу кекиртектин камын эле ойлосок, анда өйдөлөй албайбыз, канчалык чамынганыбыз менен ордубузду кайра-кайра таптай беребиз, анда жашообуз жарды болот жана узакка кете албайбыз. Ошондуктан руханий маданиятсыз жашоо көрксүз, кызыксыз, ансыз өмүр кыска.

***

Жерден казып алган баалуу алтыныбыздын куну колдун салаасынан аккан суудай, бир күндүк, убактылуу байлык болор. Ал эми элибиздин оозеки мурасы – ыйык рухий кутубуз жана түбөлүктүү ата мурасы.

***

Башка элдердин жакшы жагын үйрөнүү – кыйкырык, коркуу же кайдыгерлик эмес. Ага чын дил менен дит коюу керек, ошондо гана бизге салт, идея, тажрыйба кургак жерде аккан суудай жымырылып ички дүйнөбүзгө сиңет.

***

Улуу элдердин рухий дүйнөсүнүн, алтын дарбазасын бирөөлөр келип, бизге боору ооруп ачып бербейт. Алардын маданиятына жан далбастап умтулуп, үлгүлүү жолун түшүнүп, сырдуу эшигин ачып кирүү – биздин милдет, өзүбүздүн кудуретибизге, деңгээлибизге, аракетибизге жараша.

***

Улуттук дүйнө тааным – улуттук рухтун кайнар булагы.

***

Китеп – биздин рухий байлыгыбыз, андан ашкан байлык, мурас аз дээр элем.

***

Туюм боюнча акыйкат баа берсек, сөз жоголбойт экен, ал ой – сезим, дил тазалыгына жана даярдыгына жараша ободон чууруп түшөт дешет адамга.

***

Кара ниет киши эл ичине батпайт.

***

Жеңиш оңой менен колго тийбейт. Адил адамдын өмүрү толгон-токой күрөштөн турат...

Суктук кылып жеке ойлоруң менен өмүрдү кыска өлчөсөң, чабал максат койсоң, күнүмдүккө алдансаң, аарыга окшоп ачкөздүктөн чыга албай, чырмалган кейпиңде кала бересиң. Антпеш үчүн жүрөгүңдү, дитиңди, ой – сезимиңди, акылыңды бийиктикке асырап жүрүшүң керек, ошондо таза, эркин, сергек болосуң!

***

Биз кандай күн башка түшсө да көзү өткөн бабалардын калтырган рухий эстеликтерине кайра-кайра кайрылууга, изилдөөгө, толуктоого, сактоого, Чынар Терекке суу куюп турууга милдеттүүбүз.

***

Улуттук осуят – адамдын кыска өмүрүнүн акылмандыгы жана жол көрсөткүчү.

СҮЙҮҮ ЖӨНҮНДӨ

***

Махабаттын таттуулугуна кабылган соң эмнегедир анын узак да, муңдуу болушун жактырар элем.

***

Сүйүүнү башынан өткөрбөй чыгарма жазыш- көлдү көрбөй туруп ыр жазганга тете.

***

Сүйүүнүн биринчи кадамы да кайгы дейт эмеспи ыйык китептерде.

***

Улуу, таза сезимди башына аздектеп узаткан адамдарга ыракмат. Непада ата – энени сыйлап, сүйө билбесек, жаштык махабатты билмек белек?! Непада жаштык махабатты билбесек, башка адамдарды же Кудайды сүйө билет белек?! Эгерде биз жаштык махабаттын кайгысын билбесек, анда кайдан, кантип сүйүү жөнүндө күйүп жаза алат элек?!

***

Жаштыктагы өткөн тунук сезим – менин байлыгым, тагдыр белегим эч ким тартып алалбайт.

***

Жаз айында өмүрүндө гүл тербеген, сүйүү өткөрбөгөн адам бар болду бекен?!

Тагдырымдан суранарым: андай адамды жолуктурбасын!

***

Сүйүү деген кут. Ошону качырбай, колдон келгенинче бапестеп ал... Ырыскыңды төгүп, учурсаң, өмүр бою кууралың... Ичиң ачышат кийин аттиң...

***

Сүйүү – адамдын эңсеген кумары. Сүйгүн. Башыңдан өткөр.

***

Сүйүүгө адам эңсөө менен бактылуу болбойт. Сүйүү адамдарды табыштырууга карата болгон улуу, ыйык чакырык! Ошолор табышканда сүйүү кумары жанар...

***

Адамдын жүрөгүн кара жесе, анда сүйүү болбойт.

ТАБИЯТ, ЖАЗ ЖӨНҮНДӨ

***

Табият адамды тарбиялап, таасир этет.

***

Таштар – уюган жүрөктөр.

***

Канчалык бийикте жашасаң, санаа-оюң табияттан бакубат тазаланып турат экен. Муну мен карыялардан үйрөндүм.

***

Кээде биз табиятты көрө албаганыбызды айтса, аябай арданабыз. “Койсоңчу, баарын эле көрүп турбаймынбы” дейбиз өзүмчүл жаныбыз. Жок. Биз көбүнчө табиятты көрө да, туя да албай, этибар албай калабыз. Биз көзүбүздү учурунда ача албайбыз.

***

Табият сулуулугун көрүп, кумарланып жашаган адам дилин тазарткысы келет. Табиятка кайдыгер, мерес болбой, анын кудуретине берилген, күүсүнө, илебине түшкөн адам бактылуу.

***

Табият, сулуулук – ыкшоо, жалкоо адамды күтпөйт, ага ажарын ачпай коёт.  Ушундан улам, мезгил деги шаа жетпеген алп, ал кайталанбас дабакөй – соргок, ойротто жок даанышман, улуу таразакеч экени эске түшөт.

***

Кыргыздар табияттын сулуулугун жүрөгүнө тартышкан. Эгерде элдин созгон обондорун, күүлөрүн тыңшасаңыз, ошондо гана табиятты сүйгөндөрүнө ишенебиз.

***

Табияттын адамга жакшылыктан  башка жасаган иши жок. Табият өзүбүздү таанууга, сүйүүгө жардам берет. Ал адамды назик, сергек, ыймандуу, боорукер кылат.

***

Билесизби, адамдын көзүнө караганда чөп бир канча эсе жарыкты эрте сезет.

Ал эми чөптөр үйгө кара ниет адам кирдиби же боорукер кирдиби, муну жаземдебей билет.  Ал түгүл киши өлтүргөнгө күбө болгон чөп бетпактын өзүн көрсөтүп берет дешет.

Жарадар болгон чөптүн “эти ысып” кетерин 19 – кылымда эле өлчөшкөн.

Ал эми кошуна өсүмдүктөр жылдыздары каршы болсо бир биринен качышат.

Мен буларды илимпоздордун айтуусу боюнча, чөп да биз сыяктуу сезип – туярын, досубуз экенин далилдемекке айтып атам.

***

Эгерде биз табиятты кордоп, чанып, аны душман катары көрсөк жазмыш жолу ушундай: биз өзүбүздөн да айрылабыз, ыйык табияттын каргышына калабыз.

***

Табийгат сулуулугуна көз тойгузуп, кумарды жазып алсаң, канчалык кубат аласың, не деген жыргал- ырахат!

***

Табият сулуулугун көрө албаган, жаза албаган, тарта албаган, баалай албаган айып, аны улутубуздун маданий байлыгынын көнүмүш салтына айланта албаган бечелдик өзүбүздө.

***

Табиятты сүйүү- дүйнөнү, турмушту, адамды, сулуулукту сүйүү дегендик.

***

Табиятты сүйүү- акылмандыкка, ой жүргүзүүгө үйрөнүүгө түрткү болот.

***

Күн Падыша созулуп ажарлуу, мукамдуу күү чалып, сыйкырдуу чыгат.

Күн ааламды түбөлүк сурайт. Ошонун амири күч. Күндөн бөлөккө бийлик жок.

***

Непада өмүрдү катуу ойлонуп калсаң жаз айынын жаркын элеси тартылат. Же жаз – жашоо, турмуш, табият, улуулук, өмүр, өлүм жөнүндө көбүрөөк ойлонтобу?!

***

Жаз – табияттын миң түркүн кубулуп ачылган ыраңы жана адамдын аруу сезимин бийикке көкөлөткөн учуру.

***

Ак кар жүрүп тамчы сууга айланат. Ааламда тамчы сууга зар болгон канча курт-кумурска, чөп, айбанат, адамдар бардыр. Жалгыз тамчыдан барып дарыя, көл, мухит жаралат. Мухит – бууланса булутка айланат. А булуттан жамгыр төгүлөт. Ушинтип тирүүлүктүн улуу айланпасы токтобойт. Баарысы бир-бири менен байланышкан. Тескегени барчылап бир-бирине күч, медер, канимет, кубат бергенин, аздектеп сулуулук, шайкештик түзүшкөнүн, тирүүлүктүн коломтосу өчпөгөнүн карабайсыңбы?! Табият улуу сүрөтчү гана болбостон, улуу куруучу, ченсиз чебер уста, даанышман түзүүчү экен.

***

“...таңкы желдей эркин, эми эле ачылган гүлдөй жапжаңы жана мөлтүр тамчыдай таза бала болуп өмүр сүрө алсаң, анда бактылуусуң...” (Чыгыштын бир акылманы)

***

Ар нерсени кезегинде, өз убактысында сезип, туюп, билип, ырахат алып калыш керек белем. Табият, сулуулук – ыкшоо, жалкоо адамды күтпөйт, ага ажарын ачпай коёт. Ушундан улам, мезгил деги шаа жетпеген алп, ал кайталанбас дабакөй – соргок, ойротто жок Даанышман, улуу Таразакеч экени эске түшөт.

***

Кээде биз табиятты көрө албаганыбызды айтса, аябай арданабыз. “Койсоңчу, баарын эле көрүп турбаймынбы” дейбиз өзүмчүл жаныбыз. Жок. Биз көбүнчө табиятты көрө да, туя да албай, этибар албай калабыз. Биз көзүбүздү кезинде ача албайбыз. Анткени дайыма токпейил журөбүз да. Биз өзүбүз тапкан же бирөөлөр айткан ой, кыялга толуп корсоюп алганбыз. Табиятты көргөндө көзүбүздү гана эмес, дитибизди, дилибизди, жүрөгүбүздү ынтаа коё ачышыбыз керек белем.

***

Табият сулуулугун көрүп, сезип жашаган адам дилин тазарткысы келет. Табиятка кайдигер, мерес болбой, анын кудуретине, күүсүнө, илебине түшкөн адам бактылуу.

***

Бир күнү капа болуп, жаман ой менен алаксып келатып, кара баскырдыкы, гүлдү тебелеп алыпмын.

Бирөө кыйкыргансып тык токтодум да, шарт артыма карадым.

Тебеленип үзүлгөн гүлдү атайлап колума алдым.

Мен гүлдү соолутуп алдым... Табият – эне алдында эмне демекчимин?

***

... А дегенде жер бетинде сары гүлдөр көбөйдү. Кызык, алардын тегерегинде тикенек өнүп чыкты. Ошол тикенектер гүлдү жат душмандан коргоп турат. Булардын биримдиги адамзатка үлгү болчудай...

***

... Таш арасынан кичине, ичке сары гүл көрүндү. Ташка өскөн гүл. Ушунчалык да жазды, жарыкчылыкты сүйгөн, кайраттуу, жашоого, тиричиликке шашкан, бу дүйнөнү көргүсү, адамга көрүнгүсү келген, өжөр гүл болорбу? Биз өмүрдү ушунча сүйүп, кадырына жете алабызбы?!

***

Менимче табият менен күрөшпөш керек. Бир кезде кайсы бирөөлөр табиятты жеңип алабыз деп, душман сыяктуу кесирлүү сүйлөгөнүн уккан элек. Жок, табиятты коргош, аяп – асырашыбыз керек. Табиятты адам өзүнөн коргойт. Табияттын адамга жакшылыктан башка жасаган иши жок. Табият өзүбүздү таанууга, сүйүүгө жардам берет. Ал адамды назик, сергек, ыймандуу, боорукер кылат. Ошон үчүн адам табият кереметин сезиши, сүйүшү керек. Табиятты сүйбөсөң, аны коргой албайсың. Табиятты сүйгөндө анын пайдасын ойлобостон, анын сулуулугун, жаркын, береке-марттыгын, жөнөкөйлүгүн, улуулугун, ыйыктыгын эстейм. Бекеринен акындар, жазуучулар табиятты энеге тете көрүп жүрүшпөйбү! Анан кантип табият менен күрөшүүгө, кол көтөрүүгө барсын!..

***

Жаз ыраңы – кыргыз шырдагынын оюгуна, боёгуна, түсүнө окшош.

***

Кыргыз баласы тамтуң баскандан гүл менен кошо чоңоёт. Ал миң түркүн кооз гүлдөрдү табияттан гана көрбөстөн, эне – атасы асемдеп жасаган улуттун оюктарынан, саймаларынан, кийимдеринен көрөт.

***

Бийикте жашасаң, санаа – оюң табияттан бакубат тазаланып турат экен. Муну мен карылардан үйрөндүм. Качан көңүлүм чөксө, капалансам, чоң энем айткандай дөңгө отуруп, жер – сууну кыркалай карайм.

***

Жаз – ашкере сулуу аял сымбатында, өмүрүмдө кала берди...

***

Табияттын бардыкка тете болгон өзүнүн даанышман, улуу тили бар: сүйүү деген!..

***

Сулуулук деген алдыда дапдаяр турбайт, жан- аракетин таштап мээнеттенген адамга гана ажайып ачылат.

***

Тынчтыкты, бейпилдикти уга билеликчи, анда ыйык музыка бар экенин, ошол бейпилдиктен сулуулук жараларын эстейличи!

ДИН ЖӨНҮНДӨ

***

Деле дүйнөдөгү эл азыр динге, руханий өсүүгө ынтаа коюшат. Тумтак дини жок эл болбойт. Динсиз эл эртели кеч жоголот. Диндин багыты – ыйыкты, кудайды табуу, ишенүү, тазалануу жана ошол жолго түшүү.

***

Дин деген сүйүү дегендик. Сүйүү гана адамды кайгы, азап – тозоктон, жокчулуктан, менменчиликтен сактап калат. Сүйүүнү билген адам кудайды да сүйө алат. Рухий жолго түшкөн адамга жашоодо алдыга жылдыра турган улуу күчтөр бар: Сүйүү, Акылмандык жана Эрк.

***

Шык – Теңирден. Жараткан ар адамдын ыйманы, рухий жана адеп – ахлак кудуретине жараша шыбагасын, идирек, бакыт берсе керек.

***

Кандай дин болсо да акыйкат чындыгы менен түпкү максаты, ошол аркылуу философиялык, адеп- ахлак, эстетикалык илимдери болору маалым. Башка диндер – адамды тигил дүйнөдөн көрүүчү азаптан коргоо болсо, Теңир дининин түпкү максаты – адамды бул дүйнөдөн жарпы жазылып, өмүрдү эстүү ыкыбалга башкара жана жумшай билүүгө чакыруу дээр элем. Кыргыз баласы Теңирге тынымсыз кулдук уруп, тиленип олтура бербейт: ал бардык кудурет күчүн Теңир берген касиетти бекер коротпой, кордобой пайдаланууга, өзүнө каниет алып жумшоого умтулат, өмүрүнүн ырахатын, мани-маңызын жер бетиндеги тиричиликке байланыштырат, жарык дүйнөдө көзүн ачууга, бардык мүмкүнчүлүгүн жумшаганга дилгирленет. Улуттук дүйнө тааным эл турмушун, адат –салтын, рухий маданиятын өстүрүп, иретке салып жетилтип, мезгил менен доорлордун элегинен өткөрүп алып өтөт.

***

Теңирим, сыймыктанары жок, эстери жок, эс тутуму жок болуп калган элден сактасын!

***

Теңирчилик динин азыркылар жаңы ойлоп тапкан жок, ал элибиздин, көчмөндөрдүн байыркы дүйнө таанымы, дин илими. Анын аңызы (мифологиясы), философиясы, сыйынуу тексттери эл оозундагы уламыштарда, ырларда, дастандарда, эпостордо, санжырада, макал – лакаптарда жана дүйнөнүн башка элдеринин жазмаларында сакталып калган.

***

Жөнөкөйлөтө айтканда, дин – адам баласынын жашоосунда кара жаны, өмүрү үчүн жана кайгысы менен өлүмдү жеңиш үчүн болгон узаакы күрөшү десе да жарашкыдай.

***

Дин десе эле Совет доорунда жедеп коркок-билиш болуп калган жайыбыз, чок баскандай: “Дин – апийим, дин – караңгылык, динди түбү менен жоготуш керек” деген кара союл доорду да жашап өттүк. Бизге эми диндин ак дарбазасы ачылды. Дин жалгыз бир кудайга эле кечке табынып жатып алуу эмес экендигин кеч да болсо түшүндүк. Ал биздин жашообузга кеңири жол ачат, эркин, таза жашоого, тирүүлүктүн ак жолуна үндөйт. Элибиздин рухий маданиятынын өзөгү –дин, ал дүйнө тааным илим катары, тарых, философия, аңыз, психология, теология, этнография, салт, культурология, археология ж.б толгон илимдерди ичине камтыйт эмеспи.

***

Дин десе эле кээ бирөөлөр чолок элестеткендей, кудайга эле баш көтөрбөй кулдук ура берүү эмес, жаны жай албаган адам өзүнүн бардык өмүрүн, эмгегин, күч-аракетин, ой-кыялын бир ыйык максатка, таза ниет-тилекке жумшоо, багыттоо жана андан каниет алуу. Мына ошол адамдын улуу жолунда, умтулуусуна сүрөө болгон, ага тирөөч болгон дин экен.

ЖОЛ ЖӨНҮНДӨ

***

Ар бир жолдун баяны узак, далай мезгилдин, тагдырдын күбөсү. Адамдар – биз ошол ар жолго кыбырап басып жүрөбүз, тиричилигибиз өтөт.

***

Деле өзүңдүн жолуң болгону жакшы экен. Бу өзүмчүлдүктөн чыккан кеп эмес. Жазгы гүлдөгөн бак ичиндеги көк чөп арасында, кара жер үстүндө өзүңдүн жолуң кашкайып калса, дүйнөдө сүйүнүч – өкүнүч, жыргал – кууралы аралаша жашаганыңа, тирүү жүргөнүңө күбө болгон изиң жатса, жакшы жорук эмей эмне?! Ушу сенден кийинки өткөн адам да, аны замандашы салганын, киши өткөнүн эскерип, деле тирүүлүктү, инсандык парсты ойлонуп калсын!

***

Мен өмүр, өлүм, сүйүү, жашоо, күнүмдүк жашоонун кымбаттыгын ойлоп, мазесин, шириндигин сездим. Көңүлгө бир ой түйүлдү: адамга өтө ашыкча жолдун, дүнүйөнүн, даңк – дөөлөттүн кереги жок экенин билдим. Кейпи, булар ачкөздүктөн чыгат белем.

Деле, жол – менин тагдырым. Өмүрүмдүн көбү, узун да, кыска да жолдо өттү. А береги оорукананын кыска жолу мага узак да, кымбат да болду.

***

Жол адамды тарбияларын билем. Жол боюнда көргөн-билгениң адамга сабак.

ЖАЗУУЧУЛУК ЖӨНҮНДӨ

***

Жазуучу, акындын чыгармасын түшүнүү, сүйүү үчүн анын жан-дүйнөсүн түшүнүп, ага кирүү керек.

***

...жазуучу ишине берилген ишмер киши болуу менен бирге ал намыскөй, өтө чыдамдуу, анан өтө көтөрүмдүү киши болушу керек. Ал дүйнөнү, турмушту, адамды, өмүрлөрдү, тагдырларды, адамдын ички дүйнөсүн, кулк-мүнөзүн, жалпы эле турмушту кылдат жана терең көргөн, абдан текшере билген баамчыл киши болушу керек.

***

Анын мойнунда жеке эле китеп жазуу эмес, мына ошол жазган китептери аркылуу өзүнүн замынын, озүнүн дүйнөсүн, өзүнүн мезгилин, ушул кездеги турмушту келечекке көркөм элес менен жеткирүү. Келечектин адамдарын дал азыркы дүйнөдө жашап тургандай көз алдына элететип көрө турган, анан ушул турмуштун жакшысынан да, кем-кетигинен да таалим-тарбия ала тургандай кылып бериш керек. Ошондо жазуучу жеке эле баягы китеп жазган киши эмес, ал таалимчил да, мугалим да, окумуштуу да.

***

... жазуучулук кесип, шык, талант адамга кошо төрөлгөн сапат, кошо төрөлгөн касиет деймин. Ал эми ошол кошо төрөлгөн сапатты, касиетти, талантты асырап багуу, аны өнүктүрүү, бул дагы өтө зор маселе.

***

Өзү жөнүндө чындыкты башкаларга айтып, анан калса жазып бериш өтө оор жана эрдик. Муну ар ким эле даа тутуп айта албайт. Ар кимдин гана колунан келе бербеси белгилүү. Өзүң жөнүндө калп айтсаң же апыртсаң качан болсо билимдүү, кыйды окурман дароо билип, түшүнүп коёт. Ошондуктан анчалык чыгынып жазганга барган соң карандай чындыкты кашкайта айтыш керек. Андайды ички рухий дүйнөсү адил, өзүнө сын көз менен, азил менен караган, таланттуу адам гана айта алат. Мындай ак сөздү кийинкилерге айтуу ар бир улуу муундун парзы эле.

***

Кайсы бир жазуучунун чыгармачылыкты, сулуулукту жаратуу түйшүгү куш балапан баскандай, эне толготкондой мээнеттүү да, ыйык да, сыймыктуу да деп айтканы эсиме түштү.

***

Байыркы гректерден бери талашып келаткан бир собол бар: зили жазуучунун акыбети кайттыбы? Акча мененби? Жок. Даңк алуу мененби? Жок. Анын эмгеги акча, дүйнө, даңк менен эсептелбейт. Эненин акыбетин бала эч качан кайтара албагандай кеп го. Жазуучунун күн- түн, айлап, жылдап иштеген эмгегин, сарп кылган кайгыруусун, эрдемин, сүйүүсүн, ой – сезимин, ыракатын, маңдай терин, көз жашын эмне менен өлчөп, эмне менен баалай аласыз?

***

Тил, сөз деген тирүүлүктүн ырыскысы.

***

Алгач чыгарма жазам деп дегдеген интеллектуалдуу жаш адамга эң биринчи оюн тазалап, сезимин байытуу милдети тургандай сезилет. Ойду тазалаш дайыма жакшылыкты ойлоп, маданияттуу деңгээлде жетиш аракети адамдын өзүнөн. Ою жакшы гана адам мыкты чыгарманы, эмгекти, сулуулукту жасай алат жана бакубат өмүр сүрөт.

***

Жазуучунун куралы биринчи сөз же тили жана усулу экендигине көз жетти. Жаш кезден  чал- кемпирлердин сөзүн уккан пайдалуу экен. Деле жазуучунун жеке сөздүгү болгону пайдалуу. Там курганга кыш керек болгондой, жазуучуга сөз керек. Тилдин тарыхын, сөздүн табитин, маани – маңызын, ыргагын, кудуретин билген биздин рухий дүйнөбүздө мыкты таланттуу инсандар жашап өттү.

***

Жазуучунун чыгармасы – анын өмүрү.

***

Жазуучулук чеберчилик жөнүндө суроо берген жаш калемгерлерге: жазмакерликке биротоло баш отуң менен кирсең,  анда жолуңдан тайба, биротоло бел байлап, көпкө кайыл болуп, азга тобо кылып, анын артынан сая түш. Өмүрдүн кыскалыгын унутпа. Китепти тандап, чаалыкпай окуп, көп иште. Алдамчы азгырыктарга чарпылба. Айрыкча белгилүү жазуучулардын, искусство адамдарынын чыгармаларынан башка күндөлүктөрүнө, каттарына жана өнөр, чеберчилик жөнүндө айткандарына өтө көңүл бур. Оюңду гана эмес, сезимиңди тазарт, байыт. Адамды, элиңди, табиятты сүй. Жашоодо  өжөр, күрөшчүл бол. Өткөн күн менен эмес, учур менен таза, кең пейил жаша! Өзүмчүл, ичиң  тар болбосун! Максатыңдан артта калба! Жашооңдо жазылып, ак жүрөк, сергек кубанып өмүр сүр...

***

Чыныгы талантуу жазуучунун өмүрү- алган багытынан айныбас, ачка- токко бел бууган, таза жашап, адил, сулуу, ой жүргүзгөн, бир максаттуу, майнаптуу болуу ажеп.

***

Айылдык адамдарды, алардын турмушун, тагдырын билбесең, алар менен аралашпасаң, шаарда кадалып отуруп, кантип чыгарма жаза аласың? Мүмкүн жазарсың деп эле коёлу, канткен менен аның көлөкөдө өскөн чөптөй алсыз, жансерек болуп калат да...

***

Эгерде чыгарма жазып койгонуңа манчыркасаң, анын кемчилигин байкабасаң, анда чыгармачылыктын, ички духтун өчө баштаганы...

***

Жазуучу окурманга өзүнүн ички дүйнөсүн ачат.

***

Чыгарманын күчү ар жактан сыпайы иштелгендигинде эмес, жазуучу ички драма кура алгандыгында...

***

Эмгектенген, улам алдыга озуп изилденген, окуган, чындыкты жазууга аракеттенген, өзүнүн граждандык абийирин жогору туткан, искусство менен адабиятка сүйүүсүнөн жанбаган, маданияты бар жазуучу өзүнүн кемчилигин башкалардан эрте, көбүрөөк сезет.

АКЫНДЫК ЖӨНҮНДӨ

***

Эки сөздүн башын уйкаштыра салган эле акын эмес да. Адамдын жан дүйнөсү – томуктай жүрөгү комуз кылындай чоюлуп, бу биз кыйбаган тиричиликтин илебине диртилдеп, кыябында күүгө келип чертилсе, ошол акын го.

***

Мен өзүмдү, “көлдө гана толкун болбостон, тынч делген жер үстүндө, жашоо – тиричилигибизде бизди айдаган да күчтүү толкун болот” деп акындарча кыялдана жооткотумуш болом.

***

Адам кабагындагы капалык сөз менен гана жибийт белем.

***

Ыр менен эриш-аркак жүргөн адамдын, өмүрүн ырга арнаган адамдын дили таза, ниети ак болот, ал сулуулукту, боорукерликти билет дешет чыгыш акындары.

***

Ыр деген табияттын сулуулугуна таң калганда жүрөктө от жанганда гана жанып чыгат. Чыныгы таза сезим гана ырга, күүгө, боёкко айланат.

***

Деле чыгармачылыкта улуу ой-максатка жетиш үчүн кара баштын көп, ашык баш жыргалынан кол жууш керек белем. Анткени көптү самасаң, ошончолук уттуруп, азга гана жетет эмессиңби!

***

Музыканы, табиятты түшүнбөгөн, Ата Журттун тарыхын билбеген, элдин салт-санаасын, психологиясын, философиясын билбеген, аны башка элдерден ажырата албаган акын жылдыздуу, поэзиянын кусурлуу, жадыраган ыр сабын жаза албайт.

***

Акылды, сезимди, ойду башкалардан тунук, ыйык кармабаган, нравалык адебин замандаштарынан таза сактай албаган акын кантип, оозу барып окурманды үндөп, насаат айтып, ичин жылытып, эстетикалык ырахат бере алат,?! Андайлар байыртадан келаткан искусствонун чындыгына моюн сунбай, ыр деп сөздү тизмектештирип курулай ур-сокмокко салып, эч көргөнү, сезгени жок, капыстан кайгырып жүрбөсүн?! Менимче мындайлар кыргыз поэзиясында, көбүнчө граждандык публицистика деген түшүнүккө жабышып жүрөт окшойт. Биз кез-кезде дүйнөлүк адабият менен искустствонун тарыхы, чындыгын сезбеген, билбеген эч бир көркөмдүк, идеялык ачылыштары жок, мурдагы чындыктарды, ойлорду обу жок кайталаган, этикалык жүрүш-турушу жазмасы менен шайкеш келбей, өзүнүн акылын, сезимин иреттүү топтобой туруп жазган акындардын ырларын али да окуп жүрбөйбүзбү?! Мындай акындардын чыгармачылыгында сулуулук, мезгилдин талабына жооп берерлик ой да, көркөм ойлонуу да, духтун тазаланышы да жок.

***

Сөз билген бул өнөр.

***

Накыл сөз кайсы тилде айтылса да, анын кудурети оттун, күндүн илебиндей, анын демине жылынасың.

***

Кыргыз баласы ыр менен төрөлөт. Наристе жарык дүйнөгө келгенде жарчы ыр менен калайыкка сүйүнчүлөйт. Баланы бешикке салганда ыр ырдалат. Эне бешиктеги баласын ыр менен бапестеп чоңойтот. Баланын тушоосун кескенде балакат кезден атка алгач мингенде, колуна биринчи курал кармаганда, асмандагы жылдызды биринчи көргөндө, тоого, сууга, мазар жерлерге ыр менен сыйынат. Бала оюну жалаң ыр менен өтөт. Адамдын ар курагына жараша түрдүү, салттуу ырлары айтылат. Эр жеткенде да, үйлөнүү тоюнда да, эр ортонуна толгондо да, үйлөнүү тоюнда да, эр ортонуна толгондо да, карыя болгондо да ыр менен жашашат. Ар кесиптин, ырым-жырымдын, эмгектин, арман, сүйүү, айтыш, өлөң, кошок ж.б. ырлары бар. Мына ушул жарык дүйнөгө келгенден баштап, а дүйнө кетээрдин ортосунда тирүүлүктүн баа жеткис, сөз менен айтып бүткүс узак жолу жатат. Ыр дүйнөсү адамга өмүрдү кооз көрсөтүп, ак жолго, сулуулукка, ыйыктыкка чакырып, шердентип жашатат. Кыргыз баласы а дүйнө кеткенде да ыр, кошок менен узайт...

***

Акын деген акыркы көз жумганча калемин колдон түшүрбөйт тура!

***

Акын дегениң адамдарды тирүүлүктү баалоого, аны сүйүүгө, дүйнөлүк гармонияга, тазалыкка, адамгерчиликке, сулуулукка, боорукерликке, өзүн тазартууга чакырат тура.

***

Сонун ырлар кайгы менен жалгыздыкта жаралат. Отко күйгөн адам гана ысыктын илебин ириде сезет. Эч качан кубанычта шапар тээп өткөн өмүр, дөөлөттүү акын кайгы менен жалгыздыктын  кумарын, кайгы- муңун, ырын жаза албайт. Жалгыздыкты башынан кечирген адам гана чыйрак болуп, жашоо, турмуш, эрдик, эркиндик, өлүм, сүйүү жөнүндө ойлонот. Айрыкча өнөр, адабият таржымалындагы адам бийиктикке жеке түйшүгү, мээнети менен өзү гана жете алат. Таланттуу адам өмүрдү бекер өткөрбөй, жеринен кара жанына камчы уруп, белди бууп, мээнетти өз башына үйүп, көксөгөнүн сая кууп эмгек өтөйт, бийик ой- сезимге умтулат, сулуулукту, жаңылыкты ачат. Муну жалгыз гана өзү жасай алат.

***

Акындын жападан жалгыз куралы, күчү – улуу сөз болот. Аны кылыч кылып майданга чабат, канат кылып куштай учат. Кээде акын  дөңгөчкө жан, балыкка тил бере алат.

***

Акындык кудурети күчтүү, жүрөк дили тазанын гана колунан келет.

***

Жазылган эмгек, кундуу сөз – мезгилди,  доорду жара тешкен акындын огу.

***

Поэзия жалаң гана кайгы, муң эместир. Анда сулуулуктун, акылмандыктын, эрдиктин даңазасы, чакырыгы болгону абзел.

***

Кайгы болбогон жерде кубаныч болмок беле?! Жалгыз эле кубанычты, бакытты көкөлөтүп ырдаган акындын ички дүйнөсү тайыз рухий дүйнөсү татаал эмес, анын ыры ак баракка ак сыя менен ыр жазылганга тете.

***

Акылман сөз, улуу сөз алтын аяктан шарап ичип отурганда, же кан тактысында отурганда чыкпайт. Ыр кайгы менен келер. Кайгы – ырдын уюткусу.

КЫЯЛ ЖӨНҮНДӨ

***

Кыял деген адамдын сезимталдыгын, эңсөөсүн, ыклас-ниетин, жүрүм-турумун аныктайт. Кыялы күчтүү болсо,  ошончолук сүйүүң бийик, ошончолук адамдагы поэзияны сезесиң, сулуулукту сезесиң. Алдагыч, ыпыр-чыпырдан бийик болосуң. Кыял толкундоонун канаты, чыгарманын, сезимдин канаты. Бир максаттын артынан сая тушүү, бир нерсеге ынануу, адашуу, сезим табуу дегениң- кыялдануу менен ачылат да, кыял аркылуу биз, адамдар боорукерликти, сулуулукту, акылмандыкты түзөбүз, башкалардан аны үйрөнөбүз. Максатыбызды билебиз. Дүйнөгө мамилебиз ачылат. Кыял бизди үмүткөр кылып изденүүгө түртөт, оюбуздун, ишибиздин тирөөч баканы болот.  Ыраазычылык, токпейил, көңүл коштук уюган жерде кыял жок. А кыялсыз ачылыш жок, ансыз дүйнөгө кенен карай албайбыз, чындыкты кабыл алуусу пасаң болот, чындыкты даана ачпайбыз, тааныбайбыз, өзүбүзбү, төгөрөгүбүздү тегиз тарбиялай албайбыз, ансыз адам өзгөрбөйт, өспөйт.

***

Ар бир адамдын ичине купуя каткан, бир айтса ынак досуна чыгарган кыялы болот эмеспи.

***

Музыка жүрөктү элжиретип козгогон, аны жандандырган кут. Ал биздин көңүлүбүздү эргитип, дүйнөбүздү өзүбүзгө ачып, сезимибизди назик, сергек жаратат.

***

Досум, бу дүйнөңдү, өз табиятыңды, тиричилигиңди, жашооңду таанып – билип жаша, ага өзүң дилиңди, назарыңды, ниетиңди, ыкыбалыңды бер, андан сабак алып жаша. Ар бир көз ирмемде жаңы дүйнө ошо жаңыны көрө, таба, тааный, сезе, сүйө бил.

Досум, эгерде сен ар бир көз ирмемдеги көргөнүңдү биринчи жана акыркы деп сезсең, ошондо гана анын сулуулугун, кереметин, ыйыктыгын, сырын ала аласың! Көзүң көргөнгө эле умтулба, ачкөздөнбө!

Досум, эсиңде болсун, мен дагы, сен дагы биринчи жана акыркы болуп жүрбөйлү!..

***

Чыгыштын акылмандары айткандай, чыныгы сулуулукту адам ой – кыялы менен толуктап жете алат. Сулуулук деген алдыда дапдаяр турбайт, жан – аракетин таштап мээнеттенген адамга гана  ажайып ачылат.

***

Кыялданбаган адам жок. Кыялсыз адам, жансыз адам. Кыял адамды азгырбайт. Кыял адамдын көзүн ачат. Ал адамды үндөйт, чакырат.

УСТАТ, МУГАЛИМ ЖӨНҮНДӨ

***

Мезгил бизге улуу сабак, таалим берген устат деп коёбуз. Биз үчүн мезгилдин кымбаттыгы – адам өзүн таанып- туйгандыгында, ачкандыгында болуп жүрбөсүн?!

***

Мугалимдин руханий деңгээлине, эмгегине жараша ар айылдын, а тургай Ата  Журттун экономикасы, маданияты, өнөрү жана жашоо- тиричилиги оңолуп-өсөт.

***

Жаш адамды жакшылап тарбиялоо өтө оор жүк экен. Мындай аземдүү кесипти адам эптеп эле жан багыш үчүн тандабайт.  Андай жанкечти адам акыл, кесип, өнөр үйрөтүп, анын келечегине жол көрсөтүп, билбегенди билгизип, жокту бар кылып эмгектенип, мээнет менен, түйшүк менен өмүрүн өткөрөт экен.

***

Ар бир жаштын жаркын, келечекте кандай адам болорун бир гана мугалим адеп байкай алат. Башка жакта тиричилик өткөрүп, кайра айылга келгениңде мугалим менен жолугуп калганда, алар, “сен мени уятка калтырган жоксуңбу?” деген суроо берип жаткандай сезилер эле.

***

Адамдын кыялкеч, кичинекей кезинен билимге, акылга, таза, кооз жашоого үндөгөн, ак жолго багыт берип агарткан жана көзүн ачкан рухий багбан мугалим эмеспи.

***

Элибиздин башына түшкөн оор тагдырлар бизге улуу сабак – насаат.

КР ЭЛ ЖАЗУУЧУСУ КЕҢЕШ ЖУСУПОВ ЧЫГАРМАЛАРЫНДА КОЛДОНГОН ДААНЫШМАН АДАМДАРДЫН ОЙ БЕРМЕТТЕРИ

***

Ата Журттун өткөнүн сыйлабоо, кадырлабоо – анын артта калгандыгы жана адепсиз караңгылыгы. (А.С.Пушкин)

***

Жер – элдики, жанын багары, көрөр күнү. Аны берүүгө кантип ооз барат?! (Хуннулардын ханы Модэ)

***

Акылдуудан башчың болсо адашпайсың. (Эл макалы)

***

Жазуучу мезгилдин акылманы. Киши дүйнөсүн, турмушун, жаратылышты, жан-жаныбарларды, ар кандай кубулуштарды, тагдырларды ойлоп, санаа чеккен адам. Ал акыл, баам менен чабыттап, кылымдардын катмарында сакталган байыркыдан берки өмүр-тиричидикти көз алдына келтирип, андан жыйынтык чыгарып, анын оң-тескерисинен сабак алып, өз рухий дүйнөсүн байытуу менен алдыңкы өмүрлөрдүн чабытын сезүүгө милдеттүү.

...Ошондой эле жазуучу болочокко ой жүгүртүп: алдыңкы болуучу коомду, турмушту көз алдына келтирүүдө, илимий- техникалык жаңы ачылыштарды баамдоодо, алдыңкы кишилердин рухий дүйнөлөрүн туюнууда, жаратылыш кубулуштарынын өзгөрүүлөрүн сезүүдө а тек кыялга ээрчип кеткен “саякатчы” эмес, алдыңкыны көрө билген көрөгөч, төп, чынчыл, көзү ачык адам. (Крг.мад.1978,10август. (Т.Сыдыкбеков)

***

Жазуучу – ошол мезгилиндеги адамдардын дүйнөсүн издей билген, алардын жакшы жана терс иштерин салмактап баалай билген көрөгөч жана бетке айтар калыс сүрөтчү. Ал турмушта болгон эчен албан окуяларды өз элегинен өткөрүп, замандын унутулгус элесин тартат.

... Баскан жолун, бугүнкү өтөлгөн иштердипн, алдыңкы милдеттердин адам баласына насаат-үлгү, сабак болор бардык асыл учуктарын улам чыгарма жаратууу – жазуучу үчүн эң башкы маселе. (Т.Сыдыкбеков, Ленинчил жаш, 1971,13-май)

***

Улус хандын суроосу:

- Дүйнөдө ким күчтүү? –

Дүйнөдө учкул кайсы?

Баатыр деген эмне?

Коркок деген эмне?

Жакшы деген эмне?

Жаман деген эмне?

Жаманга дабаа кайсы?

Улус ханга кызы Салыймандын жообу:

- Дүйнөдө кутман падыша күчтүү болот. Ага эси бар эли баш иет, кыбыр эткен жандуу, жер-суу багынат.

Дүйнөдө учкул – даанышмандын касиеттүү сөзү болот. Даанышман сөзү өлбөйт. Эл ичинде куштай, булуттай учат, жетилет.

Баатыр деген – хандын чапса оң колу, таянса тоосу болот жана караламан элдин бакты-таалайы болот.

Коркок деген – эки көзү көр, бактысы шор, барары ор, көөдөнү сокур, кулагы керең, тили дудук, суу алгыс кудук, иши бузук, элге пайдасы жок эптеп жүргөн пенде.

Жакшы деген – даанышмандыктын булагынан суу ичкендерди айтат. Сүйлөсө сөзү эп болот, жамы журтка бак конот.

Жаман – деген өпкөсүн колуна кармап, көккө ыргыткан шыпыр, жүрсө көйрөң, бетинде жылдызы жок, сөзүндө чындыгы жок, жүрөгү тетир, кылганы кесир болот.

Жаманга дабаа жок, алдайын дейт алдай албайт, коркутам дейт дарманы келбейт. Карманарга ырысы жок, айтарга сөзү жок, куураган даракка окшош.

***

Туура сөз кылычтан өткүр. (эл макалы)

***

Адамдын өмүрү тартылган сүрөттөгү боёкко окшойт. Ушунча кыска  өмүрүн неге баёо, бейпил, назик жашай албайт. (Абу Насыр Ал-Фараби (IX к.)

***

Адабият, тарыхсыз эл-журт катарында саналбастан, адам айбанынан эсептелип, эл болуп жашай албайт, демек, жүрө-жүрө жок болот. (Кыргыз акындарынын тарыхынан. Белек Солтоноев)

***

Менин көргөң тажрыйбамда бүткүл жан-жаныбар, канаттуу, бөйөн-чаян, төрт аяктуудан адам баласынан коркокту көрө албадым. (Белек Солтоноев)

***

Чаалыгып аз окуган жолдо калар. (Белек Солтоноев)

***

Чыныгы аалым тарыхчы – ар түркүн илим билген, дүйнөнү тааныган, мекенди сүйгөн, тагдырына күйгөн адам гана боло алат. (Белек Солтоноев)

***

Билими, маданияты жок, чала сабат манаптар – көзү, акылы жок, көңүлү туюк, көөдөнү чирик, арамза, дымагы бийик айбан. (Белек Солтоноев)

***

Акылмандыкка жана насаатка дит кой, даанышмандардын сөзүнө түшүн. (алгачкы армянча жазылган сөз)

***

“...Адам бул дүйнөдөн кара курсагынын эле камы же эмнени ала кетүүнү ойлобостон, башканы, дүйнөгө эмнени калтырууну ойлош парс. А калганы болсо, беймаза көр оокат да...”. (Армяндын таланттуу акыны Аветик Исаакяндын Маштоцко арнаган сөзү. Армяндар он алты кылымдан бери Маштоцтун тамгасын колдонушат)

***

Сулуулукка, кереметке жүгүнүү керек. (япондордун сөзү)

***

Эгерде сен адам болсоң, адамдарга жакшылык жаса, жамандыкты баары эле жасайт. (М.Аветикян)

***

Адамга асыл, кут нерсе мээнет менен табылса, же болбосо такыр таппай калганың деле оң, анда адамдын кыялы узак жашайт. Кыялды ээрчигениң деле олжо эмеспи! (Э.Пиаф)

***

Элдердин терс мамилелери окшош болсо керек. Жакшы жагынан айырмаланып турат. (Гагик)

***

Акын болуп туруп, өз улутунун ажарын билгизе албаса, анда жарыктын нуру болуп туруп, сууга чагыла албагандай, кеп эмеспи. (Паруйр Севак)

***

Биз тарыхтын поэздинен калып калууга акыбыз жок. (Паруйр Севак)

***

Жазуучу милдетти алдыга койбойт, а милдет өзүнүн жазуучусун алдыга коёт. (Паруйр Севак)

***

Мезгилдин акыны болуш деген, кайсарлык же токпейилдик эмес, өзүңдүн ички дүйнөнө кайрылуу. (Паруйр Севак)

***

Бирөөлөр салган даяр, даңгыр жол менен жүрбө, жолуңду өзүң чап. (Паруйр Севак)

***

Акын – суу түбүнөн бермет таап алып чыккан суучулга окшош. (Паруйр Севак)

***

Акын деген күндө тапталган тулпардай өзүн бапестеп, даярдап жүрүш керек. (Басе)

***

Чыгармаң жазылып сап бүткөндө карасаң, ал бир актай барактай. (Басе)

***

Акылсыз адам арам дүйнөнү көп жыйнап, ошонун түйшүгү менен алек. Өнөрдүн (искусствонун) шарапатынан жан баккан адамдын жүрөгү да ачкөздүккө берилип, арыктагы кир сууга чөгүп калат, алар өздөрү өнөрдү (искуссовну) ыйык сактап күтүшкө кудурети жетпейт. (Басе)

***

Сулуулук дегендин мазеси, сулуулук жөнүндө эле айтып коюшта эмес. (Басе)

***

Өзүңдү жеңе албасаң, тазарбасаң чындыкка жете албайсың. Үйрөнүү деген көздөгөн нерсеңдин көзүн билүү, анын кудуретин, маңызын түшүнүү, сезе билүү дегендик, ошондо гана ыр жаралат. (Басе)

***

Канчалык жалгыз өмүр сүрсөң да, анын кызыгы жок. (Басе)

***

Искусствонун чыгармасы – сүрөтчүнүн жүрөгүн чагылдырган күзгү... (Гоген)

***

Абага, күнгө, ден соолукка шылтоо кылган алсыз акын. (А.Осмонов)

***

... Байыркылардын чыгармасын билбеген адам, сулуулук дегенди билбей өтөт. (Европалык бир философ)

***

Бүгүнкүнү ким унутса, аны эртеңки күн унутат. (Гёте)

***

Адам эмгек, өжөрлүк, эрк менен гана максатка жетет эмеспи! (Алыкул)

***

Ар дайым ойлогонуң жакшылык болуш керек. (Т.Сыдыкбеков)

***

Адамды өзүнө салыштыра билбеген адам, башкаларды терең түшүнө албайт. (Н.Г.Чернышевский)

***

Пайдасыз жашоо  мезгилсиз өлүмгө тете. (Гёте)

***

Күрөшсүз турмуштун кызыгы жок. (М.Ю.Лермонтов)

***

Ф. Тютчев: “Табиятты бөлүп, аны бөтөнсүүгө же багынтууга болбойт, адам андан үйрөнүп, ырахат алуу керек”.

***

Рамис Рыскулов: “Тар көз караш табиятка жарашпайт!”.

***

К. Паустовский: “Табиятка суктансаң, аны сүйгөндүк эмеспи. Ал эми табиятты сүйүү- улуу Мекенди чыныгы сүйгөндүктүн жана ага өтө берилгендиктин белгиси”.

***

Л. Толстой: “...искусствонун бүткүл мааниси- поэзия”

***

М. Пришвин: “Мен табият жөнүндө жазам да, өзүм адамдар жөнүндө гана ойлоном”.

***

С. Антонов: “Жазуучу канчалык билимдүү болбосун, канчалык  чеберчиликтин ыкмаларын өздөштүрбөсүн, эгерде анын байлыгы жансерек, коркок болсо, анда ал жакшы аңгеме жаза албайт”.

***

Чыгыш акылмандарынан: “Жылдызы туура келбеген адамдар эч качан бири-бири менен жолугушушпайт”.

***

Ж. Тынымсейитова: “Элдин тагдыры, мезгил, доор, келечек жөнүндө ойлонбогон, ал үчүн күрөшпөгөн акын болмок беле!”, “”...Поэзия дегенибиз өзү убакыт, доор жүрөгүнүн кагышы жана анын тиричилик деми эмеспи”.

***

Демокрит: “Адамдын эрдиги тагдыр дегенди мыш кылып коёт”.

***

Жаман ойлобогон, көптү эңсебеген адам жашын катат. (Чыгыш акылмандарынын накылы)

***

Т. Сыдыкбеков : “...Чыгармачылык берген жыргал – дүйнөдөгү жыргалдын эң сонуну, асылы, бийиги, кызыктуусу дээр элем. Ошондуктан, чыгармачылыктын сага берген жыргалын башка эч нерсе бере албайт...”

***

Кыйындык жанды чыйратат, бейкорлук муун бошотот. Адам күнү өлүм менен бүтпөйт. (Алыкул Осмонов)

***

Поэзия – бул адамдын жаны. (Алыкул Осмонов)

***

Бараандуу эмгек жаратууга кудурети жетпеген ал акын эмес. (Алыкул Осмонов)

***

Адам бекер жаралбайт. Ал тирүүлүктөн бир милдетти аткарганы туулат. (Алыкул Осмонов)

***

Мен өмүрүмө ыраазымын. Ыр деген жакшы курбум бар. (Алыкул Осмонов)

***

Адабият – бул баарыдан мурда турмуштун нукура чындыгы, элдин көкүрөгүндөгү ыйманы. (Шатман Садыбакасов)

***

Гүлдүн да өз өмүр баяны бар. Гүл кучактап жаз келет. Бизге тааныш эмес жаңылыктарды жаштар ала келет. (Рамис Рыскулов)

***

Саадабай Сырдыбаев досу Кеңеш Жусуповго жазган катынан мисалдар. Ал жазуучунун эң жакын досу болгон.

“Сага айтарым, өтүнөрүм – ыгына жараша берешен, кишичиликтүү бол, кара мүртөз, алдамчы, эки жүздүүдөн кач, элди сүйгөн намыскөй, чексиз жөнөкөй, карапайым киши бол. Турмуш жашоо, эл – журт сенден ушуларды талап кылат.” (1955-жыл)

***

“...Ошондуктан жашоодо бир нерсеге үйрөнүп, билгенибизди өзүбүз таратып өтүшүбүз керек...”

***

Айрыкча керектүү китептерди сүй. Керексиз китептер көп, ал эми адам баласына керектүүсүн таап үйрөнүшүбүз керек, толуктап салымыбызды кошушубуз керек”. (1956-жыл)

***

“Баарына өзүбүз жетишишибиз керек.  Өзүңдү эркин карма. Ар дайым өзүңү өзүң белгисиз күч менен, атуучу таң менен, келүүчү бакыт менен, болуучу сүйүүң менен кубант”.

***

“Биз өтө кичинебиз, көп нерселерге жаш баладай мамиле жасайбыз, бирок бу жоруктун зыяны болбой койбойт. Көп убакыт ак калпакты, суусар тебетейди, кең шымды, күлүк атты, шаңшыган кушту, болгону кыргыздардын жакшы жактарын басмырдуулук, сүрдүк, кемирдик эле эмне чыкты. Жаңылганыбызды мойнубузга албадыкпы?!”

***

“Кыргыздардан кийинки эле жылдары чыккан казак туугандар озуп кетти. Эмне үчүн? Себеби тигилерде жеткире, терең, тунук түшүнүү бар, бизде барпаңдоо, аңкоолук, өз баасын билбөө бар”. (1958 - жыл)

***

“Адамгерчиликтүү киши бойдон эле калсак болду. Эч качан өз кызыкчылыгыңды коомдуку менен айырбаштабайлы. Коомду түшүнөлү, сыйлайлы, ошонун шарын, келечегин көрө билели”. (1959- жыл)

***

“Угуп турчу, биз баарыдан мурун кимбиз, ким болуп калдык? Биз бала кыял утопистпиз. Бизге көп нерселер өөн учурайт. Ал турмак  жамандын аркасынан жакшылап көрө билбеспиз. Бизге бар нерселер анчейин, жок нерселер арсырлык эмес, боло тургандар шектүү. Анткени утурумдук кыялдын кулу болуп да калганбыз...

         Айрыкча акылмандар бул дүйнөгө ар түрдүүчө келип ар түрдүүчө из калтырган. Баарыбыз эле ошенте алабызбы? Жок.

         Кыскасы, мен момундай ойго келдим: мындан ары өз изибизди кайталап баспайлычы, жылалычы”. (1959- жыл)

***

“Ой, тилек кандай кереметтүү сөздөр деги. Ой жана тилек кимдердин жолдошу болбоду экен?!

Эр жетип, эл – журтуңа ажат ачарлык кызмат өтөөнү самагандар жардамчың ушу ой эмес беле. Мекениңдин, элиңин чыпчыргасын артык сүйүп, дүйнө элине, шериктешкенде жуучуң ой эмес беле. Кара менен акты, жаман  менен жакшыны, адил менен залимди, сүйүү жүзү каралыкты ажыратканыңда оңду – солду көрсөтүп турган ошо даанышман оюң эмеспи.

...Ар бирибиз ушу күнгө чейин кандай пайда келтиргенибизди эсептеп көрөлүчү. Мүмкүн, өкүнүчтүүдүр. Өз бактыңа өзүң ээсиң. Өз тагдырыңа өзүң кожоюнсуң. Колуңан эмнелер келбейт, дос.

Өзүңү элиңе, жериңе, досуңа, сүйгөнүңө, ата – энеңе “керекмин” деп сезүүңдөн чоң, ыйык нерсе барбы?!” (1959 - жыл)

***

 “...Өзүмчүлдүк күч алган элде биримдик жоголот, алдым – жуттум өкүм сүрүп, улуттук ар – намыс унутулат. Андай эл барып – барып, акыры эл болуудан калат”. (Б.Жакиев)

***

Чыныгы атуул элге жасаган жакшылыгын милдет, доомат кылбайт. (Ашым Жакыпбеков)

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз