Бактысыз
Жамандыктын жүзү жок дешет. Чынында эле, анын жүзүнөн эч кандай сезимдин издери жок эле. Ал боор ооруган жок, а чынында оору адам чыдагыс эле. Ал эмне, менин көзүмдөгү коркунучту, жүзүмдөгү дүрбөлөңдү көргөн жокпу? Шашпай, ыплас ишин чеберчилик менен аткарды да, акырында: «Оозуңузду чайкаңызчы, суранам» деп сылык суранды. Дэн Эндрюс
Жолугушуу
Телефон шыңгырады.
- Алло, деп шыбырады ал.
- Виктория, бул менмин. Түн жарымында пирстен жолугалы.
- Макул кымбаттуум.
- Унутпай бир бөтөлкө шампан ала кел.
- Унутпайм, жаным. Мен бүгүн кечинде сени менен болгум келет.
- Тезирээк, күтүүгө убактым жок! – деди да ал трубканы койду.
Ал үшкүрүнүп, анан жылмайып койду.
"Кызык, бул ким болду экен". Николь Уеддл
Шайтан эмнени каалайт
Эки бала Шайтандын акырын басып кетип бара жатканын карап турушту. Анын гипноздуу көздөрүнүн жалтылдаганы дагы эле алардын башын айлантып жаткан.
- Уксаң, ал сенден эмнени сурады?
- Жаныңды сат деди. А сенденчи?
- Телефон-автоматка деп тыйын сурады. Ал шашылыш чалышы керек экен.
- Тамак ичип албайлыбы.
- Ичсек жакшы болмок, бирок азыр акчам жок.
- Ойлонбой эле кой. Менде толтура. Брайан Ньюэлл
Тагдыр
Абалдан чыгуунун бир гана жолу бар болчу, анткени биздин жашообуз ачуунун да таттуунун да өтө чырмалышкан түйүнүнө чырмалышкандыктан, башка жол менен чече албай калдык. Кел тыйын ыргыталык: бети менен түшсө үйлөнөбүз, арткы бети менен түшсө - түбөлүккө коштошолу.
Тыйын ыргытылды. Ал шыңгыр этип, айланып барып токтоп калды. Алдынкы бети менен түшүптүр.
Биз аны таң калып карап калдык.
Анан бир ооздон кыйкырып жибердик: «Кайра ыргытпайлыкпы?. Джей Рип
Ыраазычылык
Жакында эле кайрымдуулук уюмунан берилген жүндөн токулган жууркан далысын жылытып, бүгүн эле таштандыдан таап кийген өтүгү бутун кыскан жок.
Көчөдө жагылган от ушунчалык муздак караңгылыктан кийин жан-дүйнөсүн ушунчалык жагымдуу жылуулукту таратып жатты...
Бакчадагы отургучтун ийри жөлөнгүчү анын чарчаган кары белине абдан ыңгайлуу эле.
Жаратканга шүгүр, — деп ойлоду ал, — жашоо кандай керемет! Эндрю Э. Хант
Жогорку билим
"Университетте жөн эле шымыбызды жыртып олтурчубуз" деди Дженнингс кир колдорун жууп жатып. "Бюджетти ушунча кыскартышкандыктан, бизди окутуп деле жарытышкан жок, алар жөн гана баа коюшуп, убакыт өткөзүп жатышты."
- Анда кантип окудуңуз?
- Биз окуган деле жокпуз. Кааласаңыз сиз менин кандай иштегенимди көрө аласыз.
Эшикти ачып медайым баш бакты:
— Доктор Дженнингс, сизди операция күтүп жатат. (Рон Баст)
Чечүүчү учур
Ал кулагынын учу менен түрмөнүн эшигинин тарс жабылганын эшитти.
Эркиндик менен биротоло коштошту, азыр анын тагдыры башка бирөөнүн колунда, мындан ары ал эч качан эркин боло албайт.
Анын башына кайдадыр бир алыс жактарга учуп кетсем кандай жакшы болор эле деген жинди ой келе калды. Бирок ал качууга мүмкүн эмес экенин билчү.
Ал жылмайып: "Ооба, макулмун" деп күйөөсүнүн айтканын кайталады. Тина Милберн
Жашынмак
- Токсон тогуз, жүз! Даярсыңбы же жокпу, ким жашынганга үлгүрбөсө, өзүнөн көрсүн!
Мен машине айдаганды жек көрөм, бирок мен үчүн бул жашынмакка караганда алда канча жеңил. Караңгы бөлмөгө кирип, жашынгандарга шыбырайм: «Тапсам—ишиңердин бүткөнү!».
Узун коридордо менин артымдан ээрчий карашат, дубалдарда илинген күзгүдө менин кара кемселди чүмкөнө кийген, колуна чалгы кармаган элесим чагылышат. Курт Хоман
Төшөк окуясы
- Абайла, жаным алдагы октолуу – деди ал кайрадан уктоочу бөлмөсүнө кирип келе жатып.
Кыз керебеттин баш жагында жөлөнүп олтурган.
- Аялыңды өлтүрөйүн дедиң беле?
- Жок. Бул кооптуу болмок. Мен киллер жалдайм.
- А эгер киллер мен болсомчу?
Ал жылмайып койду.
- Эркекти өлтүрүш үчүн аялды жалдоо кимдин акылына келет дейсиң?
Ал эриндерин жалап, тапанчаны аны көздөй сунду.
- Сенин аялыңдын... Джеффри Уитмор
Ооруканада
Ал машинасын катуу ылдамдыкта айдап бара жатты. Оо, Жараткан үлгүрүп калсам экен...
Бирок реанимациядагы дарыгердин жүзүнөн ал баарын түшүндү.
Ыйлай баштады.
— Ал акыл-эси менен кеттиби?
- Миссис Аллертон, - деди дарыгер акырын, - сиз бактылуу экенсиз. Анын акыркы сөзү: "Мен сени сүйөм, Мэри" – деген сөз болду.
- Рахмат – деди да Жудит догдурдан жүзүн буруп кетти. Барнаби Конрадеше
Терезе
Рита мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн бери Картер терезенин жанында отурат. Телевизор, окуу, кат алышуу деген жок. Анын жашоосу пардоо аркылуу көрүнүп турат. Тамак-ашты ким алып келип, ким төлөп жатканы ага баары бир, бөлмөдөн чыкпайт. Анын жашоосу көчөдө өтүп бара жаткан спортчуларды, мезгилдердин алмашуусунан, өтүп бараткан машиналарды кароо, Ританын арбагын эстөөдөн турат.
Картер бөлмөлөрдүн терезелери кийиз менен капталып турганын түшүнбөйт... Джейн Орви
Бакчада
Ал бакчада туруп анын өзүн карай чуркап келе жатканын көрдү.
- Тина! Менин кичинекей гүлүм! Менин жашоомдогу сүйүүм!
Ал акыры анын күткөн сөзүн айтты.
- О Том!
- Тина, менин гүлүм!
- О, Том, мен да сени сүйөм!
Том ага жакындап, чөгөлөй калды да, шашкалактап аны түртүп жиберди.
- Менин гүлүм! Сен менин сүйүктүү розамды тебелеп таштадың! Hope Hey Торрес
Чындыкты издөө
Акыры бул алыскы ээн кыштакта өзүнүн издегенин тапты. Чындык бузулган кепеде оттун жанында отурган экен.
Ал эч качан буга окшогон карыган, кебетеси кеткен аялды көргөн эмес.
- Сен Чындыксыңбы?
Жүзүн бырыш баскан карыган кемпир башын ийкеди.
- Айтчы, дүйнөдөгү элге эмне деп айтайын? Аларга сенин мындай экениңди кантип айтам?
Кемпир отко түкүрдү да:
- Менин жаш жана сулуу экенимди айт! Роберт Томпкинс
Которгон Абийрбек Абыкаев