(Табият фрагменттери)
Темир тордо уланганга өмүрүм –
көздөн учат: Жер, Суу, Асман көк ирим.
* * *
Төрт мезгилди көрбөдүм,
төрт дубалда эрмегим.
Табиятты сүрөттөө...
Жаз, Жай, Күз, Кыш - жүрөктө.
Бүт кең Аалам чалкыган
карегимде калкыган...
* * *
(Талгар Жакшылыковго)
Досум өлдү. Укканда суук кабарды:
"Аманат бар сага,- дедим шамалды, -
топурак сал доско менин атымдан", -
деп жоктодум... Башка арга табамбы?..
* * *
Камерага нур шооласы төгүлгөн
мейманым - Күн. Ай, Жылдыз жок көрүнгөн.
Келген, кеткен мейманымдын даа бири
кээде шамал каттайт сырттан өрүлгөн.
* * *
Түрмөнүн түрмө экенин
сезесиң жамгыр маалында.
Айлана - бетон. Темир тор.
Кыртыш жок. Дубал баарында.
Дарак, чөп, гүлгө тар мында,
керемет жыт жок жамгырда.
* * *
Бурганактап шамал, куюн өйдө бир,
булуттардын быт-чыт айрып көйнөгүн:
Асман, жерге жашын төгүп көлдөдүң.
* * *
Шамалдын шооратын угасың,
шуулдабайт бул жакта дарактар.
Кулакты түрөсүң. Турасың –
абактын чатыры тарактайт.
Шамал эч бетиңден аймабайт,
түрмөнүн дубалы аскадай.
Шамал да, куюн да айдабайт.
Короо тар - төрт кадам баскыдай.
* * *
Шамалда бийлеп, желбиреп
жаш, назик көк чөп үлбүрөп,
жаракка салып жар ташка
өскөнгө кантип үлгүрөт?
Тоодо кыш эрте. Узакка
көктөм жаз уктайт үргүлөп.
* * *
Тар короо. Бук көп абакта.
Чыгабыз бир маал сейилге.
Куш учса көктө адатта –
жабышып сызмай канатка.
* * *
Абактан табам ык кандай?
Жаш көк чөп назик, үлбүрөп
жар ташты жарып чыккандай.
* * *
Интернетсиз, телефонсуз абактан:
шамал жана куш тынымсыз каттаган -
Жер, Асмандын ортосунда почтальон,
менден дубай салам ташып бараткан.
* * *
Алкыш терең: чөксөм таяп келдиңер
элесимде тоо, аскалар, мөңгүлөр.
* * *
Жерден бардык напси, ырыс жыйганбыз,
жерге бирок не жакшылык кылганбыз?
* * *
Жүргөнүмдө эркиндикте,
тоого канча желпиндик де...
Бирок аттиң, тоого-ташка,
табиятка ушунча күйдүм беле?
Абактагы күндөрдөй сүйдүм беле?
* * *
Айнекти ачып үрүл таң,
өзүмдү өзүм сүйүнтөм:
желаргы согуп тоолордон,
булбулдар сайрайт,
бакалар чардайт.
* * *
Абакта күндө жандырган
арчадан кенен алдыргам.
Ар убак жалгыз арга бул –
түтөтүп куса кандырган...
туулган жер, тоого зар кылган...
* * *
Тамандар тепсейт чөптөрдү,
а чөптөр ырдайт: "Көктөйлү".
Деспоттор бизди тепсесе,
сынбайлы мөгдөп, чөкпөйлү.
Май,2024.