Шабдан Сулайманов: Абакка кат

  • 22.07.2024
  • 507

Акын, жазуучу, публицист, "Рухэш" сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакирге

Уктум досум, камалды деп беш жылга...

Утур бир кез учур келет... Эч сынба.

Урааның бар Чындык деген урагыс,

Рухуң бар сен өзүңө эш кылган...

 

Камалды дейт...Мындан артык барбы кеп(?)

"Калем сабын курал кылып алды" деп...

Катыгүн оо! Кашкаясың кантип сен,

Капталыңда калптар турса жанды жеп...

 

Ушул кантип?.. Сыйбай турат акылга,

Улак беле басып кетчү такымга?..

Бийлик! Бийлик! Бийлик деген нерсенин,

Бир тыйын да кереги жок акынга...

 

Сөз жок... Сөз жок... Сөз калбады мендеги,

Сөз калса да кыйратмакмын эмнени?..

Амал кылыш оңой экен, а бирок,

Адам кылыш кыйын тура пендени...

 

Күндү көрбөй тоо башынан кылайган,

Күтүү менен көздөрүңөр муңайган.

Өз башыңар аман турса каниет,

Көз жашыңар жетер бир күн кудайдан.

 

Керек жерде дудук болуп үндөбөй,

Керек жерде жүзүбүздү түрдөп ээй.

Эркиндикте жүргөн менен биз деле,

Эң оболу жан-дүйнөбүз түрмөдөй...

 

Жарым... Бир жыл... Жашоо чиркин сабалап,

Жарытылуу жаза албадым сага кат...

Жакшы тилек тилеп жүрөм болгону,

Жаратканга сенин жаның аманат.

                   Шабдан Сулайманов 21.07.2024.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз